Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эки улак

Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп жан-жагын карап секирет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикен, эч кандай кой-эчки көрүнбөйт.

- Сен ак улаксың, тил укпаган акмаксың! Мени ары бери сүйрөп жүрүп акыры адаштырдың, жаның барында койду таап бергин,-деп ак улакка кара улак айтат.

Кара улак бир күн мурун туулган. Денеси чымыр, маңдайында жумуру эки мүйүзү бар. Ак улакты боорум экен деп, жан тартчу эмес. Кичине эле кылт этсе: “Ак улаксың, акылы жок акмаксың”,-деп шылдыңдап, ачууланса мүйүз матап, бөйрөккө сүзүп жиберчү. Кара улак өзү жалакор, ак улак жакын келсе эле: “Мына жердин чөбүн жеп койду, ба-а – ба-а!” деп бакылдачу. Эми адашкандан кийин айласыз “ак улак” деп гана турат. “Ай, ак улак, акмак! Жаның барда түш деймин, бас деймин” деп, кара улак секирди. Ак улак ары ойлонуп, бери ойлонуп, зирек неменин жүргөн-турган жерлери эсине түшүп, беркиге кайрылды:

- Узап кеткен койду кантип табабыз, тоону ашып жайлоого барып калган чыгар. Жайлоого жол таап баруу эң кыйын болсо да, жол издеп көрөйүн. Сага айтайын дегеним, эчки менен эрегишпегин, менин айтканымды иштегин. Муну орундатпасаң адашып өлөбүз. Ак улактын “өлөбүз” деген сөзүн кара улак укканда үрөйү учуп коркуп кетет.

Кара улак канча тентек болгону менен, ак улактын тилин алууга убада берет. Ак улак жол баштап алдыга түшөт, калың чөптү жапырып, алдынан аң, таш жолукса секирип өтүп, жүрүп отурат.

Ошентип ак улак, кара улак экөө тоонун этегине келип жетет. Эки жагын караса көрүнгөн эч нерсе жок, жымжырт.

Капысынан алдыларынан бир түлкү чыга калат.

-Өзүң аппак, сулуу улак экенсиң, агаң дагы келишкен неме тура! Чарчап калган чыгарсыңар, биздин үйгө барып даам татып кеткиле. Менин дагы силердей эки балам бар, бирге ойноп, кумарыңарды жазып эс аларсыңар, -деп, түлкү ичинен “ак улак кичинекей экен, капысынан эбин таап жеп алайын” деп ниети бузулат.

Айта турганын мурунтадан ойлоп койгон ак улак:

- Түкө, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди карышкыр күтүп турат. Ал кара улак экөөбүздү конокко чакырган. Сизди ээрчип кеткенибизди көрсө, ачуусу келет го, кашакеңдин каары катуу эмеспи. Эми өзүңүз деле биз менен кошо жүрүңүз.

- Анда эмесе жарайт, силер кете бергиле, мен артыңардан барармын,-деп түлкү куулук кылып калып калат.

Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Карышкырды көргөн түлкү сайга кире качат. Карышкыр дароо жара тартпай сөзгө келет:

- Кардым ачып куркулдап калдым эле, мындай жакшы болорбу, мен силерди жеймин,-дейт. Анда Ак улак дагы чыңылдайт:

- Кашаке, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди арыстан күтүүдө. Ал тоодогу жортуп жүргөн кайберендерге, учкан куш, айбанаттарга падыша болуп келүү күнү келиптир. Эртең мененки тамагына эки музоону, түшкү тамагына эки улакты, кечкисине эки козу жейт экен. Сиздин бул кылыгыңызды байкаса, буркан-шаркан болуп ачууланып өзүңүз жаздым болбоңуз, мейли жей бериңиз! Аңгыча болбой:

- Ме-ке-кээ, карышкыр, арстанды карагын! Бака-ка! Чакырып жатат,-деп кара улак тикчилиндеп бакырып жиберди.

Карышкыр шаштысы кетип:

-Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан – деп качып жөнөйт. Эки улак жүгүргөн боюнча бир тоонун башына чыгышат. Эки жакты карашса, тоону бөксөлөп бир короо кой жайылып жатат. Койдун артында астында аты бар, кашында ити бар койчу келе жатат. Койду көргөндө кубанганынан эки улак “мака-каа” деп маарап кое беришет.

Чолпон ата жол баштап, мурун келген ак улакты жерден көтөрүп ала коет да:

-Мен силерди ой-кыр койбой издеп таба албай койдум эле. Өзүңөрдүн таап келгениңерди карачы, жарайсың, ак улагым, ап-пагым: “Ак улак акмак” деп мазактагандардын өздөрү акмак – деди да ак улакты кучактап бооруна кысты.


Кыргыз