Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Достук

Достук

Илгери-илгери бир кашкулак менен бир үпүп экөө кыйышпас дос болушуп, бири-бирине касташпоого убада кылышып, ант беришип, дайым бир жүрүшөт.
Канаттуулар үпүптү убадага бек, сөзгө туруктуу дешип, өздөрүнө бий шайлап алышат.
Үпүп ар күнү арызданып келген канаттуулардын арыз-датын угуп, аларга калыс туруп, эч кимисине жаман айтпай, көңүлдөрүн калтырбайт. Туура жүрүп, кадыр-баркы артып, атак-даңкы чыгып, токойдогу бүткүл жан-жаныбар, канаттууларга угулат. Үпүптүн алдынан чыккан айбанаттар ийилип салам берип урматташып, мындай сый-урматка манчыркап көбө баштап, кыял-мүнөзү өзгөрүп толкундап турган учурда баягы кашкулак досу эсине түшөт. Ал досун алдырып-алып, ага:
-Экөөбүздүн достугубуз чын болсо, семизибизди соёлу, эт-майына тоелу,-дейт.
Кашкулак үпүптүн көпкөнүн билет да:
-Үпүп дос, экөөбүз кыйышпас жан элек. Канаттуулардын калыс бийи элек, сөзүң эки болбосун, сенден семизмин, тамагың таза болсун, тумшугуңду сууга жууп, тазалап туруп, союп жегин,-дейт.
Үпүп досунун айтканына кубанып тумшугун жууш үчүн сууга учуп барат да:
-Дарыя, дарыя, мага сууңдан бергин, тумшугумду жууп тазалайын, досум кашкулак этин бермек болду, семиз экен этин жейин,-дейт.
Дарыя бул досун жейин деген кандай келесоо неме деп жана кашкулакка боору ачып, ары-бери толкуп чайкалат да:
-Суу берейин, бирок идишим жок, карапачыларга баргында идиш алып келгин,-дейт.
Үпүп карапачыларга барып:
-Бир карапа бергиле, ага суу алайын, сууга тумшугумду малайын, кашкулак досум семиз экен, этин жейин,-дейт.
Карапачы өзүнүн досун жейин дегенге ачуусу келип:
-Сен талаага бар да, топурак алып кел, мен сага карапа жасап берейин,-дейт.
Үпүп талаага учуп барып:
-Талаа, Талаа! Топурагыңдан берчи. Мен аны карапачыга алып барайын, ал мага карапа жасап берсин! Карапага суу алып, тумшугумду малып тазалайын да кашкулак достун этин жейин,-дейт.
Талаа:
-Топуракты каса турган күрөгүм жок, сен тоодогу кийикке баргын да мүйүзүн сура. Ошол мүйүз менен топурагымды касып алгын,-дейт.
Үпүп учуп жүрүп олтуруп улуу тоого чыгат, кырды кыдырып, сырды сыдырып жүрүп, арсак-терсек аскада оттоп жаткан тоо текени көрөт.
-Мага мүйүзүңдү бергин, мүйүзүң менен топурак касып алайын, топуракты карапачыга берейин, ал карапа жасап берсин, ал карапага суу алайын, сууга тумшугумду малайын да, жууп-тазалап кашкулак досумдун этин жейин,-дейт.
Тоо теке ачуусу келип:
-Мүйүзүмдү бербеймин, кыйын болсоң, ит алып келип тиштетип алгын,-дейт.
Үпүп кайра түстөгү жашап жаткан элге учуп келип, айылдан ит карайт. Кыдырып жүрүп бир итти көрөт, ага кайрылат:
-Ой, ит, кеттик. Тоодо бир теке оттоп жүрөт. Ошону барып тиштегин, этине тойгун. Мен болсом мүйүзүн алайын, ал мүйүз менен топурак казайын, топуракты карапачыга берейин, карапачы карапа жасап берсин, мен анан ага суу алайын, тумшугумду малайын да, таза жуунуп, кашкулак досумдун этин жейин,-дейт.
Ит:
-Кийикти кууп тиштөөгө күч-кубатым жок, курсагым ач, мага сүт алып келип бергин да тойгузгун, анан текени тиштеп берейин,-дейт.
Үпүп малдын жайытын көздөй учуп жөнөйт. Жайыттан эрменди сыдырып жеген, тоо тулаңын кыдырып жеген бир эчкиге жолугат, ага:
-Сүтүндөн бер, мен итимди тойгузайын, ал анан тоо текени тиштесин, мен мүйүзүн алайын да, топурак казайын, аны алып барып карапачыга берейин, ал мага карапа жасап берсин, ошол карапа менен суу алып, сууга тумшукту малып тазаланайын да, кашкулак досумдун этин жейин,-дейт.
Эчки үпүпкө ачуусу келип:
-Карыдым, улагымды да тойгуза албаймыи, же тоонун тулаңына жетпеймин. Сен тулаң алып келсек, мен дырдыйып тоюп, анан сага сүт бербейминби,-деп тетирленди.
Үпүп жүткунүп учуп, тоонун тулаңына жетти:
-Эй, Тулаң, чөбүңдөн кайрылыш, мен эчкиге берейин, ал жеп тоюп, сүт берсин! Аны итке берейин, ит тоюнуп, тоо текени тиштесин, мен мүйүзүн алайын да, топурак казайын, аны карапачыга берем, ал мага карапа жасап берсин, ага суу алайын, тумшугумду малайын, анан тазаланып, досумдун этин жейин.
Тулаң “өзүнүн, досунун этин жейин деген мында уят да, намыс да, досчулук да жок турбайбы” деп ачуусу келет:
-Баргын да орок менен оруп ал.
Үпүп түстөгү айылга келет. Издеп жүрүп устаны табат. Темир уста өзүнүн досун жеймин деген мыкаачыны жоготоюн дейт да, үпүпкө:
- Тетиги кампада көмүр бар, ошол көмүрдү алып келгин, орок жасап берейин,-дейт.
- Үпүп кампага кирет. Уста эшикти жаба салат. Үпүп кампада камалып жатып өлөт. Ошондон улам элде “бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүндүн чыгарыңа жакшы” деген макал айтылып калган экен.


Кыргыз