Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Асыл таш

Асыл таш

Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын ээлеп жанаша жашаган эки байдын толгон малы бар экен. Байлар бирин бири жакшы көрбөй: “Ушунун малын мен ээлеп калсам” деп, экөө тең өз ичинен ойлоп жүрдү.
Арадан көп жыл өтүп, эки байдын бирөө өлдү, Анын артынан зайбы да өлдү. Алардын жалгыз уулу он эки жашка чыккан кезинде тоголок жетим калды. Жанаша турган экинчи бай ушундан пайдаланып, жетимдин малы менен мүлкүн бүт бойдон алмакчы болуп, жетимге:
- Сен, балам, жарык дүйнөдө жалгыз досумдан калган жалгыз жетимсиң. Ал эми жалгыз уулум болсо, чоң кербенчилер менен бирге алыскы сапарга кетип, ошол бойдон, кайтпады, балам өлгөн окшойт. Ошондуктан сен менин уулум бол. Өз атандан кем бакпасмын,-деди.
Мына ушинтип, “жетимди бала кылып алдым” деп, бай бүт айлына жар чакыртты. Жетимдин малы менен мүлкүн өзүнө бүт бойдон кошуп алды. Ушуну менен бул байдын байлыгы эки эсе көбөйдү, анан бай жетимден кантип кутулуунул жолун издей баштады.
Бөлөк байдын балдары менен бирге жетим молдонун колунда окуп жүрдү. Бир жолу окуудан келатып, жолдо буту сынып калган баканы көрөт. Бала аны колуна алып, үйүнө алып кетмекчи болду.
Бир аз баса түшкөндөн кийин алды жагында баткакка тыгылып калган арабаны көрдү. Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал ушул араба го деп ойлоду. Бала арабанын жанына келип, анын ээсине:
- Сен эмне, сокур болуп калгансыңбы? Мына бул байкуштун бутун неге сындырып кеттиң?-деди.
- Мына кызык! Баканы жактай турган киши табылган турбайбы! Мунун сага эмне кереги бар?-деп, арабанын ээси баланы катуу каарып, камчысы менен жондон ары тартып жиберди. Бала ыйлаган жок, баканы өзүнүн үйүнө көтөрүп келип, бутун таңып, тойгузуп, короонун ичинен кичинекей чуңкур казып, ал чуңкурга суу толтуруп, бакасын ошол сууга кое берди. Андан кийин күн сайын баканы жакшылап карап, курсагын ачырган жок.
Кийин бай асыранды баласынын короонун ичиндеги көлчүккө күн сайын эки маал жүгүрүп барып жүргөнүн байкап, бул бала эмне үчүн минтип жүргөнүн билмекчи болот. Бир күнү бала окууга кеткенден кийин, бай акырын басып барып, көлчүктө эмне бар экенин караса, бака аркы-терки сүзүп жүргөн экен. “Бул бака мында кайдан келди? Муну менин асыранды балам алып келдиби?”-деп ойлоду бай.
Кечке жуук бала окуусунан келип, короонун ичиндеги көлчүккө дагы барды. Анын артынан бай кошо аңдып чыкты. Акырын гана карап турса, көлчүктөн бака чыга келип, баланын берген азыгын жеп, кайра чулп этип сууга кирип кетти.
Бай буга аябай ачууланып, асыранды баласына;
-Мен сени бала кылып бактым эле, сени киши болобу деп ойлогом. Бирок сен менин кызматымды барктаган жоксуң. Өзүмө жакшылык кылбай, мына бул жаман бакага жакшылык кылып, күн сайын эки маал тойгузуп жүргөн экенсиң. “Мал арыгын сактасаң – ооз майлайт, киши арыгын сактасаң – төбө каңдайт” деген ушул. Сен эми менден таптакыр кеткин. Бакаңды көтөргүн да, көзүмө көрүнбөй жогол!-деди бай каарданып.
Бала баканы колуна алып башы оогон жакка кете берди. Ал ээн талаа, эрме чөлдө жүрүп отуруп, жолдо бир көлгө жолукту.
“Ушул көлгө баканы кое берейинчи, бул байкуш, да эптеп оокат кылсын”, деп ойлоп, бала баканы көлгө кое берди. Бака көлгө түшүп, бала менен коштошуп:
- Сен мени ажалдан куткарып калдың. Мен дагы сага ошончолук жакшылык кылышым керек. Мына бул асыл ташты алгын. Эмнени кааласаң, бул таш ошол тилегиңе жеткирет,-деп адамча сүйлөдү. Ушинтип айтып бака кусуп жибергенде, оозунан кичинекей көк-жашыл таш ыргып кетти.
- Ал эми сенин мындан ары жолуңду айтсам, мына мындай болот: көп күн жол жүргөндөн кийин, жолдун айрылышына кезигесиң: эгер андагы чоң жолго түшсөң, алты ай бою басышың керек, бирок ал жол тынч жана сага зыян кылган эч нерсе болбойт! Анын жанындагы тар жолго түшсөң, үч ай басасың, бирок ал жол эң эле коркунучтуу. Тар жолдон коркпогун. Сенин колуңда көк-жашыл асыл таш бар эмеспи. Бул таш бар кезинде, сен эч нерседен кор болбойсуң,-деди бака.
Бала бака менен жакшылап коштошуп, тынбай жүрүп отуруп, баягы жолдун эки айрылышына барды. Ырас эле бири чоң, экинчиси тар жол экен. Баканын айтканын эске алып, тар жолго түштү. Жолунан ар кыл жырткыч айбандар чыгып, баланы качырып келип, бирок эч кандай зыян кылбастан кайра кайтып турушту. Ошентип бала узак жол жүрдү. Анан бир жерге барып, бир аз тынмакчы болду. Дал ошол жерден жыландын сыйрылып калган кабыгын көрдү.
“Колумдагы асыл таштын күчү канчалык экен, ушуну бир сынап көрөйүнчү”,-деп бала колундагы көк жашыл ташты жыландын кабыгына тийгизди. Жылан ошол замат тирилип чыга келди. Анан балага карап:
-Сен мени тирилтип алдың. Дал ушул күндөн тартып мен сага түбөлүк дос болом. Менин айткан сөзүмдү көкүрөгүңө түйүп ал, качан мен керек болсом: “кел, жыланым”, дейсиң, ошондо мен сага жетип келем,-деди.
Мына ошентип, жылан өз сырын балага бүт бойдон айтып берип, жолдон алыс сойлоп кетти. Бала өз жолун улантты. Жолдо баратса, өлүп калган аары жатыптыр. Бала өзүнүн асыл ташын ошол аарыга тийгизип, аны да тирилтип алды. Аары мурутунан бирди үзүп берип, балага:
-Эгер башыңа кыйын иш түшсө, мурутумдун учун отко күйгүзгүн, ошол замат сага жардам бериш үчүн учуп жетем,-деди.
Бала дагы көп күн жол жүрдү. Жолдун боюнда адамдын куурап калган башы жатыптыр. Бала ага өзүнүн асыл ташын тийгизди эле, ал куу баш татынакай мырза жигит болуп тура келди. Өзүнүн асыл ташынын күчү аркылуу адамды да тирилтип алганы үчүн бала аябай кубанып, аны өз агасындай көрүп дагы жүрүп отурду.
Бир күнү:
-Сен мени кантип тирилтип алдың?-деп сурады мырза жигит, жолдо келе жатып баладан. Бала баканы кандай кылып бакканын, ал бака буга көк жашыл асыл ташты бергенин, ошол асыл таш колунда жүргөнүн чыпчыргасын коротпой, айтып берди.
Жигит да атасы аябаган чоң бай болгонун, атасынын баланы алыс жолго кербенчилер менен кошо соода кылып келүүгө жибергенин, жолдо каракчылар кол салып, кербенчилердин малы-мүлкүн бүт бойдон тартып алып, өздөрүн өлтүрүп, ошол бойдон кайтып кетишкенин айтып берди. Ушул сөздөрдү айткандан кийин жигит балага өзүнүн ыразылыгын билдирип, мындан ары бала менен түбөлүк дос болууга убадасын берди.
Экөө дагы узак жол жүрдү. Бир түнү тыныгып жатканда мырза жигит балага:
-Сен мага чыныгы дос экенинди аныктап көрсөт: койнуңдагы асыл ташты менин колума бер, эртең кайра өзүңө берем,-деди.
Бала эч шек алган жок, көк жашыл ташты койнунан сууруп, жигиттин колуна кармата салды. Эртесинде бала ташты кайра сурады, жигит ташты бермек түгүл, жылмайып гана күлүп койду.
Бул экөө дагы узак жол жүрдү, акыры ээн талаа, эрме чөлгө жетишти. Аябай суусап, каны катып баратканда, асманда учуп жүргөн карганы көрүштү.
- Суу жок жерде карга да жашабайт, жакын эле жерде суу болушу керек!-деп бала кубанычтуу кыйкырып жиберди. Ырас эле бир аздан кийин терең кудукка жетип барышты. Кудуктун жанында узун аркан жатыптыр, чака жок экен. Жигит балага:
- Сен менден кичүү эмессиңби жана жеңилсиң, кудукка түшүп, калпагыңа толтура суу сузуп чыкккын! Мен сени белиңен арканга байлап түшүрүп жиберип, кайра тартып алам,-деди.
- Менин калпагымдагы суу экөөбүзгө жетеби?-деп сурады бала.
- Жетет, андан көп суунун кереги деле жок,-деп жигит бырс күлүп койду. Бала оюна эч жамандык албай, ошол замат макул болуп кудукка түшүп кетти. Анын калпакка толтуруп алып чыккаң суусун жигит ала коюп, арканды кое берди, бала чулп этип кайра кудукка түштү.
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер келишти. Кербенчилер да суусаган экен. Кудукка чаканы салып суу алмакчы болгондо, кудуктун түбүндө жаткан баланы көрүп калышты.
“Бул кандай бала?”-деп кербенчилер аң-таң болуп турган кезде, алардын башчысы:
-Бул баланы кудуктун ичинен алып чыккыла. Буга кимдир бирөө кастык кылып, кудуктун ичине таштап кеткен окшойт,-деди.
Кербенчилер баланы кудуктан чыгарышып, тамак беришип, көңүлүн ачып жүктүү төөнү мингизип өздөрү менен ала кетишти.
Жүрүп отурушуп, кербенчилер бир чоң шаарга жетишип, соодасын кылып жүргөн кезде, бала шаардын ичин көрүп чыкмакчы болуп адашып кетти. Кербенчилер ошол бойдон аны таппай, өз жерине кайтышып, бала чоң шаарда тентип, жалгыз калды.
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап отурса, бет алдынан аргымак ат минген, сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит бастырып өтүп баратат. Бала карай салса, ал жигит баягы өзү тирилтип алган досу экен. Бала сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы уруп, чү деген боюнча кетти.
Баягы жигит асыл ташты алгандан кийин ушул шаарга келип, ташты ханга берип, вазир болуп алыптыр. Жанагы жерде атына камчы басып, чапкан бойдон кеткен жигит кайра өзүнүн ханына келип:
- Биздин шаарга балакеттүү бала пайда болду. Аны сиз кандай да болсо жоготушуңуз керек. Ал баладан эч кандай жакшылык чыкпайт,-деди.
- Баланы зындандын түбүнө таштагыла,-деп хан буйрук берди.
Мына ошентип бала зындандын түбүнө жатып калды. Бала зынданда жатып, баягы жыландын айткан кеби эсине түштү. Бала:
“Кел, жыланым” деди эле, бир заматта жылан соймоңдоп келип, баладан эмне үчүн чакырганын сурады.
- Мен зындандын түбүнө түшүп калдым. Ушундан куткарбайсынбы?-деп сурады бала.
- Бир кезде мени сен өлгөн жеримден тирилтип албадың беле. Эми мен да сага жардам кылайын. Хандын кызы катуу ооруп жатканын уккандырсын. Менин айткан дубамды эсиңе тутуп койгун. Ошол дуба менен сен хандын кызын айыктырасың. Ал кызды сенден бөлөк эч ким айыктыра албайт. Анын үстүнө мен азыр барып, ал кызды чагып алам. Ошону менен ал кыз өлмөк болот. Так ошондо сенин пайдаң тиет. “Бул кызды мен айыктырам!” деп ушул зындандын ичинде кыйкыра бергин. Ошондо сени мындан чыгарып алып, хандын кызын көрсөтүшөт,-деп дубасын үйрөтүп, жылан зындандан чыгып кетти.
Жылан хандын ордосуна сойлоп барып, төшөктө ооруп жаткан кызды чагып, ого бетер катуу оорутту. Хандын кызы эми өлгүдөй онтой баштады. Эл туш-туштан чуркап келип, хандын кызынын оорусу катуулап калганын байкашып, аны сактап калыш үчүн дарыгерлерди издөөгө киришти. Дарыгерлер баары келип, ар кимиси өз билген аракетин кылышты, хандын кызы уламдан улам оор онтоп, өлүүгө жакындап калды. Ошондо хандын айласы кетип, элин чогултуп:
-Менин кызымды ким айыктырчу болсо, ошол кишиге дал ушул ооруп жаткан кызымды сөзсүз берем!-деди хан.
Бул кабар элдин баарына угулду, ошонун ичинде кабарды койчу да укту, ал өзүнүн койлорун зындандын жанынан жайып өтүп баратып, хандын кызын айыктыра ала турган киши табылар бекен деп ойлоду. Ошентип кетип бара жатса, зындандагы бала:
- Хандын кызын мен айыктырам!-деп кыйкырып жатыптыр. Койчу токтой калып, зынданга аркан салып, баланы сыртка чыгарып алды да:
- Сенин аны айыктыра аларың чынбы?-деп сурады. Бала айыктыра ала тургандыгын айтты.
Ошондо баланы хандын ордосуна алып келип, ханга:
-Бул бала сиздин кызыңызды айыктырам деп жатат,-деди.
Хан:
-Сен менин кызымды айыктыра аласыңбы?-деп сурады баладан.
- Айыктыра алам,-деди бала.
- Эгер айыктырчу болсоң, мен сага так ушул кызымды берем,-деп хан баланы ооруп жаткан кызынын үстүнө алып кирди.
Бала өлгөнү жаткан кызды көрүп, ага жыландын үйрөткөн дубасын окуду эле, ошол замат кыз төшөктөн баш көтөрүп, айыгып чыга келди.
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду.
Бул кабар хандын вазири болуп калган жигитке жетти. Ал ханга келип, даттанган түрдө минтип айтты:
- Таксыр ханым, сиз өзүңүздүн кызыңызды тентип келген балага бересизби? Бала дайыны жок кайырчынын бири эмеспи?
- Мен өзүмдүн кызымды ким айыктырса, ошого бермек эмес белем. Бул убадам элдин баарына белгилүү. Ушул бала айыктырды, эми ушуга беришим керек,-деп хан терең күрсүнүп койду.
-Мунун айласын дагы эле болсо табабыз,-деди жигит. Ошондой айланы тапкандан кийин, сиз өз кызыңызды өзүңүз каалаган бөлөк кишиге бересиз. Ал эми менин оюм мындай: бул шаардан сиздин кызыңызга окшогон үч кыз таап, анан төрт кыздын үстүнө чүмбөт жаап, төртөөн төрт арабага отургузуп коюңуз. Арабаларда, кыздардын үстүнө жабылган чүмбөттөр да, ал түгүл чегилген аттар да бирине бири окшош болсун. Мына ошондо жанагы балакеттүү бала төрт арабанын ичинен сиздин кызыңызды таап алсын,эгер таба албай калса, сиздин убадаңыз кайра кайткан болот да,кызыңызды өзү каалаган кишиңизге бересиз.
Митайым вазирдин бул ою ханга өтө жагып, ошол замат макул болуп, эмесе ушундай болсун деп айтты.
Булардын минтип ойлогон ою балага жетип, ал өзүнүн досторун чакырды. Оболу аарыны эстеп, анын берген кылын отко жакты эле, аары учуп келди. Бала ага өзүнүн ал-абалын айтты эле, ал:
- Кыздарды арабага түшүрүп, көчөгө алып чыккандан кийин, мени байкап тургун, мен хандын кызынын үстүнөн учам, ошондо ызылдап сага үн берем. Сен түптүз басып келип, хандын кызынын арабасын токтот. Ошону менен хандын кызы сеники болот,-деди. Мына ошентип, көчөгө төрт араба чыкты. Баланы жаңылтыш үчүн бир арабаны дагы кошушту. Кыздарды арабага түшүрүп, үстүнө чүмбөт жаап, орто ченде хандын кызын жөнөтүштү. Аары ызылдап так ортоңку арабанын үстүндө учуп бара жатты. Бала токтолбостон жүгүрүп барып, ортоңку арабаны кармап, арабанын үстүнө секирип түшүп, кыздар менен бирге жол жүрүп, анан хандын ордосуна барып токтоду.
-Тагдыр ушул экен,-деди хан. Менин кызымды ушул балага буйруптур, бөлөк эч айла жок.
Ошону менен хан балага атайы жаңы үй тиктирип, аны ошондо кийрип койду.
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты. Хан вазирди өзүнө чакырып:
-Сен менин күйөө балама эмне деп жалындың?-деп сурады.
- Сиздин күйөө балаңыз мен сизге берген асыл ташты “мени-ки” деп чатак чыгарып жатат, ошол себептүү аны менен айтыша кеттим,-деп вазир жооп берди.
- Эмесе аны менен өзүм сүйлөшүп көрөйүнчү,-деп хан баланы чакыртты.
Бала хандын аддына келип баканы аман алып калганың, ал бака көк жашыл кичинекей асыл ташты бергенин, ошол таштын күчү менен капкачан өлүп, куураган башы калган жигитти тирилтип алганын, анан ошол тирилген жигит бул баланы кудуктун түбүнө таштап кеткенин, андан кийин дагы эмнелер болгонун калтырбастан бүт бойдон баяндап өттү. Бул сөздөрдү айтып бергенден кийин вазир чыдап тура албай:
- Мунун баары калп! Бул бала жеткен митайым!-деп кыйкырды. Ошондо хан асыл ташты койнунан сууруп чыгып, вазирге:
- Сөмөйүңдү ушул ташка тийгиз,-деп буйрук кылды. Вазир сөөмөйүн ташка тийгизгенде, анын сөөмөйү капкара көмүр болуп күйүп калды.
-Эми сен тийгиз бала,-деди хан балага карап. Эгер сенин колуң көмүр болуп күйүп кетпесе, анда бул таш сеники. Ошондо мына бул вазирдин колу кайра өз калыбына келет.
Бала колун ташка тийгизер замат, вазирдин капкара көмүр болуп калган сөөмөйү кайра өз калыбына келди. Ал эми баланын колу болсо, өзүнүн мурдагы калыбында турду. Ошондо хан вазирдин калп айтканын түшүнүп, аны зындандын түбүнө салдырып койду. Балага өзүнүн кызын берди.

Бала менен сыйкырчы

Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты. Баланы алууга эч ким чыккан жок. Ошентип арадан бир топ күн өттү.
Күндөрдүн биринде абышка аябай чарчап, жол боюндагы төрт бурчтуу кара таштын үстүнө отуруп:
- Үф!-деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып:
- Мени эмне чакырдың?-деди.
- Мен сени чакырган жокмун, чарчаганыман жөн гана үшкүрдүм,-деп абышка жооп берди.
- Эмесе менин атым Өкүш… Бул балаңды жетелеп кайда барасың?-деди чал.
- Оокатым өтпөй, баламды бирөөгө күчүн берейин деп эл кыдырып жүрөм.
- Эмесе балаңды мага бергин, мен окутайын, келерки жылы дал ушул убакта келип аласын.
Ошентип абышкага бир дилде берип, баланы жетелээр замат көздөн кайым болду.
Бала Өкүш чалда окуп жүрүп, анын кызы менен таанышып калды. Кыз баланы ээн чакырып алып:
-Атам сыйкырчы, бирок менин бир өнөрүм андан артык. Бул жерден сени эч кайда кетирбейт. Түбөлүк кул болуп жүрө бересиң. Мен сага ошол өнөрүмдү үйрөтөйүн,-деди да, атасына билгизбей балага өнөр үйрөтүп жүрдү.
Бир жыл өткөндөн кийин абышка сыйкырчы чалга келип:
-Убакыт өттү, баламды бергин,-деди.
Сыйкырчы өзүнчө кобурап койгондо, жети кара мышык даяр болду.
- Мына ушунун ичинен балаңды таанып ал,-деди сыйкырчы.
- Абышка тааный албай, көз жашын көл кылган бойдон жолуна түштү.
Келерки жылы дагы келди. Сыйкырчы дагы кобурап койгондо эле, жети кызыл түлкү даяр болду. Абышка баласын тааный албай дагы кетти.
Ошентип арадан беш жыл өттү. Абышка баласын тааный албады. Сыйкырчы абышкага:
-Алты жылдан бери баланды тааный албадың. Эгер эмдиги жылы тааныбасаң балаң баш-оту менен меники,-деди.
Абышка ыйлап жолдо келе жатса, аркасынан кара аргымак жете келип токтотуп:
-Сенин балаң менмин. Эмки жыпы бизди жети кара ат кылып чыгарат. Бизди азыр ошого үйрөтүп жатат. Оң жактан санаганда үчүнчү болуп мен турам, жаңылбай карма,-деди да, сызган бойдон кетти.
Айткан маалыңда атасы сыйкырчыга келди. Сыйкырчы оозун бүлкүлдөтүп койду эле, жети кара аргымак тизилип тура калды. Абышка ары карап, бери карап, оң жактан санаганда үчүнчү кара аргымакты тизгинден кармап:
-Менин балам ушул,-деди.
Сыйкырчынын амалы кетип, баланы абышкага берди. Үйүнө келгенден кийин бала атасына:
-Мен ат болуп кубулайын, сен базарга саткын. Бирок жүгөнүмдү бербегин,-деди.
Абышка, атты бир шаарга алып келип, көп акчага сатты, да, жүгөнүн белине курчанып, үйүнө кайтты. Бала кубулуп куш болуп, атасынан мурда үйүнө келди.
Абышка баланы базарга экинчи жолу алып барды. Баасына эч ким чыдай алган жок. Бир убакта чоң соодагер чал келип, атты миң дилдеге сатып алып, жүгөнүн кошо сатасын деп жабышты. Абышка ары-бери карап туруп, миң дилдеге жүгөндү кошо сатып, үйүнө кетти.
Көрсө, атты сатып алган Өкүш сыйкырчы экен. Ал үйүнө келип, кызына:
- Атты сарайга аса байлап кой,-деп тапшырды. Кыз макул болуп, жетелеп жөнөгөндө бала:
- Эми дагы бир жардамыңды тийгизип, мени кое бер,-деди. Кыз аргымакты кое берип, атасына келип:
- Ат колумдан чыгып качып кетти,-деди.
Сыйкырчы Өкүш кара аргымак болуп, баланын артынан жетип барганда, бала илбирс болуп кубулду. Өкүш жолборс болуп кууп жеткенде, бала суу жээгинде колун жууп отурган эки кыздын алдына шакек болуп түшүп калды. Кыздын бирөө шакекти көрө коюп, колуна салып алды да, үйлөрүнө келишти. Өкүш сыйкырчы жигит болуп кубулуп, алардын артынан байдын үйүнө келди. Бай Өкүш сыйкырчыдан:
- Жол болсун, балам, кайдан жүргөн эмесиң?-деп сурады.
- Ушул жактан келе жатам, сууга киринип жатып, шакегимди чыгарып койдум эле, унутуп кете, берипмин. Сиздин кызыңыздын колундагы шакек меники, алып берсеңиз,-деди.
- Кана, кызым, шакекти алсаң, ээсине бер,-деди бай.
Кыз шакекти чыгарып, Өкүш сыйкырчыга бермек болгондо шакек буудай болуп чачылып кетти. Өкүш сыйкырчы тоок болуп терип кирди. Тоок бутунун алдында калган жалгыз данды жемекчи болгондо, ал кубулуп таруу болду. Өкүш сыйкырчы таранчы болуп терип кирди. Байдын кепичинин ичине түшкөн таруу кыргый болуп учту да, айланып келип таранчынын башын жара тепти.
Ошентип бала сыйкырчыдан кутулуп, Өкүш сыйкырчынын кызын алып, өз үйүндө аябаган чоң той өткөрүп, бейпил турмушта жашап калган экен.


Кыргыз