Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Арман ай

Арман ай

Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле “арман ай” деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:
-Сен дайыма эле “арман ай” деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай,-деген экен.
Ошондо карыя:
-Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам,-дейт.
Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:
-Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч-узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.
Мен эми: “Жырткычтар жеп кетеби?”-деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.
Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:
- Үңкүрдөгү адам бери чык!-деди.
- Жылаңачмын, уялып турам, баатыр,-дедим мен.
- Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим алып келип берем,-деп ал чапкан бойдон кайра кетти.
Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:
-Сен эмне болуп жүргөн адамсын?-деп ал-жайымды сурады. Мен төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып алып, бир байдыкына алып барды да, байга:
-Бул сенин үйүңдө он күн турат, он күндөн кийин алып кетемин,-деп чу коюп жөнөп кетти.
Баягы жигит он күндөн кийин, келип, мени учкаштырып бир жерге алып келди. Келсек, бир кара кашка аттын жанында эки көзү толтура жык толгон бир куржун турат. Ал куржунду экөөлөп атка салдык, анан:
- Атка мин!-деди. Атка миндим.
- Эй, жигит, мен кызмын, кыз “экенимди ата-энемден башка эч ким билбейт. Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын, менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе. – деди.
Жүрүп кеттик. “Бул кантип эле кыз болсун, кыз да болуш болуп эл башкармак беле. Эми мунун кыз экенин кантип билемин?”-деп кете бердим.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир дарыяга туш келдик. Ушул жигиттин кыз экенин анык билейин деген максат менен:
-Мен ысып кеттим, мына бул дарыяга киринип алалы,-дедим.
Жигит:
-Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет,-деди. Мен болбой:
- Киринели дей бердим.
-Мейли,мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат,-деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.
Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.
Азап-тозоктон ажыраткан ошол кыз менен бирге олтуруп чай ичпегениме, бир сырдашып сүйлөшпөгөнүмө армандуумун, бул арманбы, жокпу? Арман, ай!-деп сөзүн аяктады.


Кыргыз