Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Абылай жетим

Абылай жетим

Илгери бир заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү энесинен:
- Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?-деп сурайт.
-О, балакетинди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен.
Бала катуу ичи күйсө да экинчи атасын көрө албай турганына көзү жетти.
- Энекебай, менин атам эмне кесип кылуучу эле?
- Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу.
- Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип, мүнүшкөрлөргө сатып, көп алтын табат элем.
- Макул,-деп энеси тоого жиберди. Бала бир карга кармап алып сүйүнүп келди.
- Бул куш эмес, балам, куш кармоо колуңан келбейт го,-деди энеси.
- Анда атам башка эмне кесип кылуучу эле?
-Дарыядан балык кармоочу. Кемпир чалынын торун балага алып берди. Дарыя балыкка бай экен. Кемпир балыкты кандай кармоону баласына үйрөтүп, көп олжо менен үйлөрүнө келишти. Бала күндө балыкты көп кармап базарга сата берип, үй-оокаттарын ондоп, дасыккан балыкчы болуп калды..
Күндөрдүн биринде бала дагы көп балык кармап келип, энеси сүйүнүп балыктарды көрүп жатса, арасында эң кооз бир балык жүрүптүр. Ала коюп чакадагы сууга салды эле, өлө элек экен, жан кирип сууга ойной баштады.
-Абылай балам, бул укмуш алтын балык биздин багыбызга торго түшкөн экен, муну канга тартуу кылсак чоң олжого батабыз,-деди кемпир.
Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып, канга тартуулаганга барды. Кан вазири экөө тең катуу кубанып, балага жүз дилде берип жөнөттү. Абылай өмүрү мынча дилдени тапмак тургай, көргөн да эмес. Өтө-сүйүнүп энесине келди. Базарга барып көп буюм, мал сатып алышты. Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары Абылайдын төрүнөн кетпес болду.
Арадан көп өтпөй эле Абылай жетимди баягы кандын жигиттери издеп келип, канга айдап кетти. Кан адилеттүү болсо да анын вазири каардуу, башкесер кара мүртөз эле. Ал канга:
-Алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт экең, ошол балыктын түгөйүн таптыруу керек, ал ошол гана баланын колунан келет,-дейт.
Кан вазиринин тилинен чыкпайт. Бир ай мөөнөт беришти.
-Эгер таап келе албасаң башың алынат,-деди.
Бала аргасыз макул болду да, болгон окуяны айтып энесине келди. Эртеси тобокел деп дарыяга чыгышты, айтылган мөөнөтү да бүттү, бала саргайып өңдөн азды. Канга барчу таң да атты. Эң акыркы үмүтүн үзбөй торун көтөрсө алтын балыктын элеси көрүндү. Кубарган түсү, алактаган жүрөгү ордуна келди. Тартуу канга алынып келинди, бала эки жүз дилде алып үйүнө кайтты.
Кан, вазири, үй-бүлөсү менен балыкты кубалашып ойногонуна катуу ыраахаттануучу болду.
Күндөрдүн биринде вазир канга кедди:
-Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Алтын-Көл чыгыш тарапта перилердин колунда болот деп уккам. Чоңдугу тай казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Бул кереметтүү көлдү эч уста жасай албайт, барып алып келүү Абылай жетимдин гана колунан келет. Анда кан:
- Ушул эле дөөлөт жетет, жөн нерсеге бирөөнүн жетимин кыйнаганда эмне чыкмак эле, тим эле койгонубуз оң го,-деди.
Канга кадыры көп өткөн каардуу вазир, канды акыры макул кылды.
Абылай жетимди чакыртышып, бир жыл сүлүк берип, Алтын-Көлгө жөнөтүштү. Аргасыз жетим энесине акылга келди. Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Туура алты ай жол жүрдү. Жолунан нечен укмуш жырткычтар, жылан, бөйөн-чаян кезикти, акыры алар жолун бөгөп, өтө албай турганда бир ак сакал чал пайда болду. Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту. Карыя балага боору ооруп, колундагы сыйкырдуу таягын берди.
- Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды. Мелтиреген талаада бир гана жашыл дөбө кезигет, жанында шаркырап аккан булак бар, ошол дөбө перилердин жыйын курчу жайы, айына бир гана келишет. Сен ошол дөбөдөн чуңкур казып алып жатсаң, а дегенде көгүчкөн болуп учуп келишет, жерге түшсө адам сөөлөттүү болот. Ошондо бирин эптеп жакадан алып кармап алсаң болду- жогуңду табасың. Эгер кармай албай көрүнүп койсоң, анда дагы бир жыл күтөсүң.
Бала баарын толук билди. Карыя болсо кош айтышты да көздөн кайым болду.
Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды. Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришти. Абылай айлакер байкатпай туруп жакын өтүп бара жатканын жакадан адды эле, көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлдү, коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөштү. Абылайды бир аз көккө көтөрдү, алп урушуп келип жерге түшүштү, колу карышкан Абылай көгүчкөн кандай аракет кылса да кое берген жок. Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап алды. Акыры экөө сөзгө келишти. Абылай эмне каалаганын айтты.
Аны орундатса өмүрү каларын билген пери Абылайга жарты айдай алтын берди. Жерге коюп чертип койсо, ойдо жок сонун көл болду.
Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетти. Мөөнөтү бүтө электе кандын каалаганы даяр болду. Абылай жарым миң дилде, сый алып кубаныч менен үйүнө келди. Алтын көлгө алтын балыктар жарашып, ыракатын падыша, вазир көрдү. Абылай жетимдин кубанычы көпкө созулган жок, каардуу вазир дагы бир укмушту ойлоп тапты.
- Падышам -деди вазир,-күн батышта Күлдүркан деген бар, анын Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот, бир шаар жөн эле жаңырып турат. Айсулуу падышам сага гана жарашат. Алтын көлүң болсо, алтын балыгың болсо, эми Айсулуудай жарың болсо, ааламда эмне арманың бар? Акыры иш жамандык менен бүтөрүн сезген кан көпкө макул болбоду. Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн сөз менен канды эритип, буга да макул кылды. Бул иш да Абылай жетимге жүктөлдү. Күл азыгын камдап, Күлдүркандын шаарын бет алып, Айсулууну кантип алам деген ой менен жолго чыкты. Амалсыз байбиче арыбаган азаптын көлүндө калды. Бул жолу жолуң катуу болот деп энеси Абылайга бал жана таруу кошкон бир карын май берди.
- Эгер бирөө сени менен кошо жешсе жана эмне деп сураса буга энемдин эмчегинин сүтү кошулган дегин, ошондо ишиң онунан чыгат,-дейт энеси.
Бала бул сөздү көңүлгө түйүп, батышты көздөй жүрүп олтурду. Көп жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады. Алсырап калган кезде алдынан бир чубалган чаң көрүндү. Абайлап турса ааламда жок алп-дөө экен. Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун өтүндү. Абылай жанынан чындап үмүт үздү. Дөө:
-Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм,-деди.
Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Дөө майды былчылдата чайнап жутуп жиберип, тамшанып туруп:
-Бул эмне тамак?- деди Абылай:
-Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле.
Дөө муну укканда айран калды.
-Эми кызык болгон турбайбы, мен сени менен эмчектеш болуп калган экемин. Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек. Ме, мобуну түтөтсөң мен дароо даяр боломун,-деп узун мурутун жулуп берип, көздөн кайым болду.
Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип алыстан көрүп, ушул болсо керек деп жоромолдоду. Шаардан эмес жерден көк өгүз минген, он чакты эчки, коюн жайган чалга жолукту. Саламдашкандан кийин:
- Жетиммин, багар-көрөрүм жок, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм,-деген тилегин айтты.
Чал сүйүнгөн бойдон баланы ээрчитип кемпирине жөнөдү, кемпир дагы сүйүндү, бир эчкисин союп өзүлөрүнчө той кылып, баланы бала кылып алышты. Бала чөп алачыкты ондоп, шыбактап там салды. Абышка-кемпир уулдуу болуп, муунуна муун кирди. Ал жылкы жай өттү, күз өттү, кыш өтүп жаз келди. Бир күнү келин алууга сөз болду. Ошондо Абылай жетим өз максатында ишти эми баштады.
-Эгер мен аял алсам Күлдүркандын кызы Күнсулууну же Айсулууну аламын, болбосо дүйнөдөн так өтөмүн,-деди.
Чал катуу чочуду.
- Ал кан-падыша болсо, мен жакын бара албаган жаман чал болсом, балам, падыша мени бучкагына теңеп койбойт го, өзүң ойлочу. Анын үстүнө “шылдың кылганын кара” деп, башымды сөзгө келбей кесип жүрбөсүн?
- О, жарыктык,-деди Абылай,-кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, канга барып кел, ата. Эгер балалыкка сана-басаң өзүң билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го,-деди.
Чал бир көзүнө жаш алып, бир көзүнө кан алып, көк өгүздү токуп, канга жөнөп, кандын жигиттерине дайнын айтып, кабыл алчу ордосуна келди. Бир күн конок кылгандан кийин кан чалды өзүнө чакыртты. Таазим менен салам айтып, канга эмнеге келгенин баяндады. Кан ачуусу келген жок.
- Уулуңдун чоң Таламы бар экен, биринчиден мага уулуңду көргөз, уулуңду сынап көрөмүн, көңүлүмө жакса, үч мөөрөй беремин, аткарып кетсе кыз сеники, менин шартым ошо, аткара албаса башын кесемин.
Ошентип Абылай жетимдин башы эки кылычтын ортосунда калды. Муну толук уккан Абылай жетим Күлдүркандын кылычына барып бергенден башка айла жок экенине көзү жетти. Болжогон күнү падышага келди. Баланы көрүп жактырды, Айсулуу менен Күнсулууну да балага көргөздү.
-Кааласаң үч мөөрөй берем, жеңип кетсең кыз сеники, болбосо башың кесилет,-деп кайталады падыша.
Бала макул болду, атасы кантсин “Кандай болот?” деп көзүнүн жашын куюлтуп карап турду. Көрүп турган эл:
-Ажал айдаган бечара, ишиң бүттү,-деди.
Мөөрөй башталды. Биринчиси кырк өгүз союлду, эти казанга салынды.
-Үч күндүн ичинде жалгыз өзүң жеп бересиң,-деди.
Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүндү. Баланын айтканы орундатылды. Караңгы киргенде Абылай жетим баягы досунун мурутун түтөттү. Көз ачып жумганча үйгө кырк дөө кирип келди. Бардыгын бала түшүндүрдү эле жарым саатта кырк өгүздүн эти жок бодду. Бала бир кабыргасын алып эртең менен мүлжүп олтурду. Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калыптыр. Бир кабырганын калганына кан чатак кылды. Анда бала:
-Адал малыңыздын этинен ооз тийсин деп калтырдым, болбосо сугунуп деле жиберем,-деди.
Хан сөзгө жыгылды. Ыза болгон кан:
-Мына бу агып жаткан дарыяга ары бери жүктүү унаа өткөндөй муз тоңдурасың,-деди.
Бала кыйшаюусуз макул болду. Досунун мурутун дарыяга салды эле кычыраган кыш түшүп, калдайган муз тоң дарыя буулду. Муну сынашып, калыстар каршы-терши өтүп көрүштү, бирок музда эч шек жок. Мөрөй дагы баланыкы болду. Падышанын ачуусу чындап келди.
-Мынабу тоонун ары жагында Ала-Көлдө отуз кулач ажыдаар бар. Ар бир кырк күндө бирден адам, ар бир жумада бирден бодо жейт аны бербесең элиңди соруп жок кылам дейт. Мына ошого эртең бир адам керек. Аны өлтүрсөң аман каласың, болбосо ажыдаарга жем болосуң.
Бала буга да макул болуп, эки жагы тең миздүу эки болот кылыч сурады. Усталар эртең мененге чейин согуп даяр кылып, бала куралды алып ажыдаарга жөнөдү. Ажыдаардын ачуусун келтирип, болжогон убактан кечигип барды. “Бул эмне болду?” деп ачуусу келген ажыдаар жөнөгөнү калган экен. Баланы көргөн ажыдаар ичи катуу ачынгандыктан алыстан эле оп тартты. Абылай ажыдаардын оозуна аба менен учуп жөнөдү. Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй болжоду. Күү менен тийген Абылай ажыдаарды жара тилип, колунан албарс кылычы түшпөгөн калыбында куйругунун учунан чыкты. Жырткыч эч нерсеге чамасы келбей жайын тапты. Эсин жыйган Абылай жонунан кайыш тилип алып канга келди. Убадага бекем падыша шартты бузбай, нечен күнү той жасап Айсулууну Абылайга берди. Ажыдаардан кутулган эл алкыш айткандын гана үстүндө болду. Абышка-кемпирди көчүрүп Абылай жетим өзүнүн шаарына жөнөдү. Нечен айдан кийин келсе кара мүртөз вазир дүйнөдөн кайтыптыр.
Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап калыптыр.


Кыргыз