Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ

Буулугуп жээкке урунуп, кемер кылып,
Жаш төгүп соолуккандай кээде тынып;
Томсоруп колго түшкөн айыпкердей
Рейн агып калат кээде жылып.
Кимдерден, эмнеликтен, улуу өзөндүн
Кандайча калды экен шагы сынып?

Болбосо жетпегенге кол сунабы,
Мүчүлүш чала серпип умсунабы,
Көздөгөн максатына жетпеген соң
Тиштенип ызаланып тумчугабы,
Кыжыры кайнап кетип кээ жерлерде
Чамынган арыстандай жулкунабы?

Журтунун бири өкүм, көбү жалтак,
Турмуш жок өтүп жаткан эриш, аркак.
Бирөөнүн байышы үчүн миңдегени,
Же ажал, же болбосо айып тартат.
Калың эл ачарчылык тырмагында
Картайган Рейн суусун кайгылантат.

Миңи ыйлап, буга маашыр бири күлөт,
Миңдердин өңү азып тирүү сүрөт…
Бул күндө Рейндик катын-балдар,
Кельнанын көчөсүндө тентип жүрөт.
Алардын арасынан бир кайраттуу,
Берлинге кабак бүркөп, муштум түйөт.

“Балам…” деп кээ карылар жашып төгөт,
Кээлери дайнын билбей көөнү чөгөт.
Көчөдө кайырчылар толуп кеткен,
Мундирчен: “жолдон чык!..” деп шалпып сөгөт.
Ачкадан ар бурчтарда өлгөндөр көп,
Аларга кайыр кылып, кимдер көмөт?!

Булар бир, Фрида бир, көргөн күн бир,
Ичте бук, жүрөк сыздап, көкүрөк кир.
Мукурап кечке сынык нан таба албай,
Отурду кашатында Рейндин.
Жаш бала муун, жүүн жок, эне нан!..” дейт,
Буларга тоюнар күн болобу бир?

Пааналап Фридага Макс мунжу,
Үшкүрүп терең кайгы ойдо отурду.
Жанына жалгыз жолдош–жыгач балдак,
Ажырап эки буттан калган тулку.
Жалдырайт, карашында бир кайрат жок.
Бүтүндөй кеткен окшойт көздүн курчу.

Эне нан!.. Эне нан!..” деп курган бала,
Каруу жок солуп ыйлайт араң гана.
Үлдүрөп Фридага карап алып,
Жср чукуп болбогон соң кылар чара,
Тунжурап Макс башын жерге салат,
Тилинип эт жүрөгү пара, пара.

“Атаке!.. Энекебай!..” деген бойдон,
Уйкуга кетти бала эси ооган соң.
Көзүндө Фриданын жаш мөлтүлдөп,
Кубарган бетин жууду болуп жол, жол.
Эненин кыйналганын кайдан билсин,
Баланын жоругуна жетпес болжол.

Үшкүрүп шордууларды карап алып,
Бук болуп уйгу-туйгу күйүп-жанып,
Макстын көз алдында жер көчкөндөй,
Жыйрылды заманага көөнү тарып.
Жалгыз ок аянычтуу көз карашы,
Жардамга чамасы жок, өзү карып.

Ичи өрт, каны качты, жаш акпады,
Сооротор Фриданы жөн таппады.
Алдында улуу Рейн акпагандай,
Табият өлүү өңдүү жан-жактагы.
Элестеп бир окуя болуп өткөн,
Дүркүрөп бүткөн бою сөз баштады:

–Фрида, айлаң канча, сабыр кылгын,
Курган жан ыйласа да өлүп тынчыр.
Өлкөнү талоончулар бийлеп турса,
Тынч алып немец жашын кайдан тыйсын.
Көз жеткис Россия талаасында
Немецтер миллиондоп тапты кыргын.

Ушул сен сенин жарың Ганс менен,
Өрт кечип кан майданда болдум эчен.
Кокустап жаралуулар колго түшсө,
Сындырып сөөк-саагын ого бетер,
Өлтүрүп көчөлөргө сүйрөп барып,
Тепкилеп өлүккө да кылдык кекээр!..

Орустун огуна учтук, талаада өлдүк,
Көңүлдү сооротуучу нени көрдүк?!..
Уруштун бир опасын көрдүкпү биз,
Не үчүн дарыя кылып кандар төктүк.
Жалгыз ок, мас болгончо ичип алып,
Таладык тынч кыштакты, олжо бөлдүк!

Бир күнү бир орусту туткунга алдык,
Штабга уруп-согуп айдап бардык.
Чаргытып суракка жооп бербеген соң,
Ишара менен гана болду жарлык.
Көчөгө эл көзүнө алып чыгып,
Кыйнадык, анан кийин атып салдык.

Ал элде адамдардын ашкан көгү
Сүрдөнүп алда эмнедей болуп өңү,
Биздерди жалгыз кайсап жиберчүдөй
Жалындап оттой кайнап эки көзү,
Тайманбай ажалга да тике карап,
Адамды титиреткен айткан сөзү:

Каракчы, мыкачылар–киши жегич,
“Канга–кан!” көтөрүлдү элим тегиз.
СССР чалкып жаткан көлдөй болуп,
Айбандар, оюңарда оңой жемиш.
Денеңер ар кай жерде чирип калар,
Берлинге кыйын болор кайтып кетиш!

Көйкөлгөн ырыс кени жерим үчүн,
Жаш баладай таалайлуу элим үчүн,
Күрөшүп силер менен жан беремин,
Антпесем кантип актайм эне сүтүн,
Сыр айтпайм, колдон келсе сырың тартам
Мынакей өлтүрмөктөн кылгын күкүм!..

Кор болбой өмүр сүрүп кемпир, чалдар,
Кул болбой эркин өсүп жапжаш балдар,
Өлкөмдө жыргал ашып-ташысын деп,–
Күрөштө өлдүм, менде кандай арман,
Силерди кары тарых суракка алат,
Сел болуп каптап келип аккан кандар”!

Ушинтип кымындай сыр айтканы жок,
Жазганып, тилин такыр тартканы жок.
Акыры кыйнагандан биз кыйналып,
Укмуштуу бул адамга чыгардык ок.
Көчөгө таштадык да басып кеттик,
Тим эле Российди жеңгенге окшоп”.

Деп Макс башын салды жерди карап,
Кыйнады көңүлүнө түшкөн жараат.
Өмүрүнүн өткөндөрү талоончулук,
Алдыңкы күнү улам–караңгыраак.
Оор ой басканына чыдай албай,
Үшкүрүп кайта кирди сөзүн улап.

–Үч жылы удаа жүрдүм салгылашып,
Ойнодум суу ордуна кандар чачып.
Гитлерге кокус бирөө сөз тийгизсе,
Койчу элем ит аткаидай ордунда атып.
“СС” катарында мен бир арстан,
Курман деп жоого кирдим каным кашык.

Кана мен сыйлык көрүп эмне алдым?
Ажырар эки буттан ажырадым.
Ачкадан катын-балам кырылыптыр,
Каңгырап, шүмшүк болуп жалгыз калдым.
Гитлер деп ок аралап жүргөндөгү
Көрөрү ушул беле курган жандын?..

Сүнгөн жар, татынакай балам кана,
(Мунжуга кайрылуучу адам кана?)
Ишенген азазилдин тилине ээрчип,
Таптаттуу жыргайм деген санаам кана?
Шылдыңдап алдамчылар карап өтөт,
“СС” тин арстаны мына сага!

Чын болсо жан-жөөкөрдүн айткан сөзү,
Гитлердин бирдей болсо эшик, төрү,
Эмне үчүн батышта да, чыгышта да
Көмүлбөй кала берди немец сөөгү,
Каргынга чар тараптан учурадык,
Ойлонгун Германия, кимдин көөнү!

Кечикпей Германия кезиң келди,
Сындырды Россия биздин белди.
Бир атсаң үстү-үстүнө жооп берген,
Көрбөдүм орустардай өжөр элди,
Чыгышка кеткендердин көбү кайда,
Ойлонгун, бул укмуштуу кандай белги?

Ганс дагы аяган жок канын-жанын,
Майданда өлсө дагы көргөнү анын,
Баласы ачарчылык тырмагында,
Ыргалып араң сүлдөр сенин алың,
Дегенде купкуу ээрдин кыбыратып,
Фрида деди Макска: болду, айтпагын!..”

Көп күнү туш-тушунан жатып камап,
Орустун бир кыштагын кирдик талап.
Бул жерден марыйбыз деп Ганс экөөбүз,
Үй-үйгө кире бердик олжо карап;
Түшүрүп отко, сууга эрки бардай,
Адамды чиркин напси кайда алып барат.

Бир үйгө жөөлөп эле кирип барсак,
Дүнүйө, пальто… туфлий… жибек байпак!
Энчилүү өзүбүздүн мүлкүбүздөй,
Четинен тандап, тандап алып жатсак,
Бир аял биз киргенде толгоо кирип,
Жатты эле, тура келип каяша айтат:

Тим эле “алба” десе эмне кеппи,
Титиреп айткан сөзү сөөккө жетти.
“Каракчы… талоончулар…” дей берген соң
Ачуубуз биздики да келип кетти.
Бейиши болгур Ганс курч эле го
Чыдабай тупа-туура ичке тепти.

–“Токто Ганс!..” деп чыңырып тура калса,
Шалактайт колундагы жаткан бала.
Каны сууп, дени муздап, жүрөк сокпой,
Ачкалык алган экен эчак гана!
Түн түштү ушул жерде күн өлгөндөй,
Кайырчы… Рейи кызы Фридага…

–Кайырчы, мунжу, азаптуу Германия!
Кызыңдын көргөн күнүн байка мына.
Өлүмгө башыңды тос, же көтөрүл,
Гитлерден күткөн жыргал ушул тура!
Деп кургур өзөн бойлоп бара жатат,
Каракчы башкарса эгер иш ушу да!..


Кыргыз