Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. БҮРКҮТТҮН КАНАТЫ

Ак булут асманында ойноп турган,
Үп чыгып капчыгайда аккан суудан.
Жел жүрүп көңүлүңдү эркелеткен,
Жер ушул баатыр кыргыз мекен кылган.

Жашыл чөп–жарашыгы салкын жайдын,
Жайкалып, суу башына басып бардым.
Уюган ак мөңгүнүн этегинен,
Бүркүттүн бир канатын таап алдым.

Айланып учуп жүргөн эркин тоодо,
Эргиген эр берендин канаты го.
Асемдүү жаркыраган ачык күндө,
Акындын толкуй турган адаты го.

Ташыган дарыядай кыял чиркин,
Олтуруп ойго кеттим түркүн-түркүн.
Канатты оң колума кармап алып,
Кадимки Лермонтовчо сөзгө кирдим:

Сен канат, кайсы аскада туулгансың?
Кайсы тоо, кайсы адырды кыдыргансып?
Не себеп, эмнеликтен өзүң жалгыз,
Ажырап үйүрүңдөн жулунгансып?

Кыш күнү жемиңди издеп кыдырдыңбы?
Сермейм деп каардуу кырга урундуңбу?
Дүркүрөп бийик тоодон көчкү жүрсө,
Ошондо эпкинине жулундуңбу?

Болбосо карышкырды алдың беле?
Катуулап тырмагыңды салдың беле?
Чапчылап карышкырды жатканыңда
Илинип караганда калдың беле?

Кылкылдап тоо башынан батар күндө,
Чабытта кыраан бүркүт кезергенде,
Ачуулуу айбат менен илип алып,
Аркарды асмандатып көтөргөндө.

Канатты кайрат кылып сермегенде.
Кайрылып капчыгайды өрдөгөндө.
Туйлаган төрт туяктын бири тийип,
Калкылдап түштүң беле учуп жерге?

Айт, канат, айтып берчи, сырың кандай?
Жүрчү элең көкөлөнүп мурун кандай?
Канаты кулаалынын эмессиңго,
Шыбактан чычкан аңдып жулунгандай.

Кармалып турганыңча башка колдо,
Аралап ак булутту жүрсөң боло,
Карарган калың жаан, шамал менен
Качырып карышкырды кирсең боло!
1939-ж.


Кыргыз