Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жер соорусу Аксы экен

Саруу, кытай элим бар,
Самашкан жерде сайраган
Сары алтын кымбат кебим бар.
Санаадан чыккан ырымды
Санаты менен ким айтат?
Сар-санаа болгон жөнүм бар!

Көп кытай, саруу элим бар,
Көксөп келсе айтууга
Көмөкөйдө кеним бар.
Көңүлдөн чыккан кебимди,
Көөдөнгө сактап ким айтат?
Көп санаа болгон жөнүм бар.

Аргымак атта барк болбойт,
Алыстан чуркап чыкпаса.
Эр жигитке даңк конбойт,
Эшикке келген душмандан,
Элеңдеп коркуп ыктаса.

Эр жигит бүлө бага албайт,
Эринчээк болуп уктаса.

Алтын казык Аксымды,
Азыраак айтып берейин,
Айтканым эстен чыкпаса!
Балтыркан деген кандай жер?
Башынан бери кыдыртып,
Байкатып, Өтө, айтып бер.
Байтереги шуулдап,
Барендеси чуулдап.
Баш жагы жайлоо салкын төр.
Байлыгы суудай ташыган,
Байлуу менен үкүсү,
Байырлап кетпейт ташынан.
Байкаштырып барып көр,
Башаттан булак шаркырап,
Бал татыган тунук мөл.
Күнгөйү толгон карагат,
Күнчүлүк жол арасы,
Күнүгө келсең аралап.
Күрпүлдөйт сайда суулары,
Күмүштөнүп шар агат.
Кочуштап ичсең бал татып,
Көңүлүң кубат ала алат.
Күйүшөр жарын таба албай,
Күкүгү жүрөт сабалап.
Күрөң аюу капталда,
Күржүйүп кетпей пааналап.
Күчүнөн танып келгенди,
Күчтөнтүп коёт дабалап.
Ышкындан калың бадалы,
Ыргай, шилби, кара март,
Ырда деп турат а дагы.
Ышкыбоз элим турганда,
Ыргагын бузбай табалы.
Ырдап көнгөн Өтөңдүн,
Ылайык түркүн жамагы!..

Жолоочу киши токойдон,
Жолун араң таба алат.
Жолтоо болгон жаңгактан,
Жоготуп үйүн чамалап.
Жүдөп баспай ат келсе,
Жети эле күндө жал алат.
Жүзүм, алма, алмурут,
Жемиши жүздөп саналат.
Жер соорусу Аксы деп,
Жердеген кылат канагат!..

Алма-Конуш, Кыз-Коргон,
Ак калпак кыргыз элиме,
Абалтан бери туш болгон.
Ак мөңгү кетпей кышын-жай,
Абыдан суук кыш болгон.
Аскасы күнгө чагылып,
Айланасы муз тоңгон.
Аруу кыз сайма сайгандай,
Атайлап уста койгондой,
Айтасың уста түз койгон!

Кыр тоосу  кайың, бүт арча,
Кыдыртып карап отурса.
Кызыл алма, сары алча.
Куушуп ойнойт илбээсин,
Курунда барчын таранса.
Күңгүрөп сүйлөйт үңкүрү,
Кишини коштоп адамча.
Көрпө тебетей сууга агат,
Көз кырың зоого кадалса.
Көркү эле болмок жеримдин,
Көп жерлер мындай жаралса!..

Кууганды, Бачки биздин жер,
Кыраңдан соккон муздак жел.
Кымыздык, чүкүр, ышкынын,
Кызыгып жесең мында кел!
Кубантып көргөн адамды,
Кулпуруп турат артуу бел.
Көбөйткөн малды жазында,
Кой менен эчки берген төл.
Кыз-келин казып эндигнн,
Кызыгып мындан терген жер.

Кызыктуу Ак-Жар, Шүдүгөр,
Кыйла жер болсо буга тел*.
Жерим деп билем Аксыны,
Желкенде турат жарашып,
Жетиген, Алтын казыгы,
Жеринде бышкан мөмөсү,
Жергелүү журттун азыгы.
Жети күн айтса түгөнбөйт,
Жеткилең Өтө басыгы.
Жеринен, элден айырган,
Жеңижок акын абаңдын,
Жез таңдай тили, жазыгы!..
Коңур-Дөбө, Боогачы,
Корумду, Чатыр жергесин,
Комузум коштоп ырдасын.
Конуштап жердейт биздин эл,
Коктусу менен жылгасын.
Кошуп айтып кетейин,
Кожогат өскөн Жар-Ташын,
Көзүмө ысык көрүнгөн,
Кеп кошпой айтсам ырасын.
Көтөрүп баккан энемдей,
Көңүлдү бөлүп турасың.
Курбудан улар ышкырса,
Кулагың салып угасың.
Канаты  шамал шуулдайт,
Качырса көктөн ылаачын!..
Көпчүлүк укса ырымды,
Көбөйтөм, анык талбасым.

Кийизден уя илишип,
Куркулдай ээлейт шак башын.
Күүгүмдө чыгып жарганат,
Кыдырып учат жар башын.
Көпчүлүк, ырым уга бер,
Күкүгүң акын Жеңижок,
Күчүңө келип тура бер.
Капканы чапса өлүмдүн,
Кармаса болбойт кара Жер!
Кара жаак акын болупмун,
Какшансам ырым  жамгыр сел!.

Керемет Аксы аймагы,
Көрөмүн десең келе бер.
Айтып көр, тилим, сен байкап,
Асылы жердин бааласак.
Ашуу-Төр менен Ак-Тайлак,
Агызып айран, кымызын,
Ак жайдын күнү эл жайлап.
Алты жүз боз үй тигилип,
Аш, тою болсо мен сайрап.
Адыры, түзү бетеге,
Акырын айдап, бээ байлап.
Адамдын ачат көңүлүн,
Атырдай жели бетти аймат!..

Ой-Алма деген биздин жер,
Оюна жайлайт калың эл.
Көзүңдүн канбайт кумары,
Көчкөн эл менен көрүп кел.
Ак чечекке барышып,
Аргамжы тандап алышып.
Селкинчекти салышып,
Сейил куруп алышып.
Ак чечекке селкинчек,
Алалы деп эркиндеп.
Чакыр-Ташка койчулар,
Чакырталы келсин деп.
«Ой-Алманын» түзүнөн,
Ойнубузду көрсүн деп.
Түнкүсүн ойноп дүмпүлдөк,
Түрүнө чуркап ак чөлмөк,
Жоолугун таштап бекитип,
Жонуна чапса дүңкүлдөп.
Келин-кыз күлсө шарактап,
Кемпир-чал үйдөн күңкүлдөп!

Жаралгандай атайлап,
Жаштары ойноп жүрсүн деп.
Жаңшанып айткан себебим:
Жаз гүлүндөй гүл өмүр,
Жарашыгын билсин деп!..

Өзгөчө көрктүү Ой-Алма,
Өзүңдү жакшы көрөм бек.
Өткүндөй жазгы нөшөрлөп,
Өтө ырчы болсоң  ырың төк!.

Кукулуктаса улары,
Кулактын канбайт кумары.
Кыр ташта ойнойт сүзүшүп,
Кийиктин эгиз улагы.
Кыздардын туурайт күлкүсүн,
Кыядан аккан булагы.
Көңүлдү көккө эргитет,
Көк ала майсаң тулаңы.
Кыйла эле жерден артыкча,
Кыргыздын жери бу дагы.
Кызыктуу өмүр жаш кезде,
Кызыгып Өтө ырдады.
Кымызын ичип, шерне жеп,
Кыюусу келсе жыргады.
Кыргыек канат жаштык кез,
Коё тур десем болбостон,
Кыр ашып кеткен  турабы!?.

Айтканым болор тараза,
Алаң-Башат, Баба-Ата.
Айылдаш кондук жанаша,
Алтындай жаштык бар кезде,
Айлуу түндө ойнодук,
Ак чөлмөгүн талаша.
Аксыга келип токтолгон,
А дагы бакка жараша.
Жетим келип тоюндум,
Жергемде ырдап кат таанып,
Жеңижок атка коюлдум.
Таркады тагы бул кезде,
Таластан жеген союлдун.
Элден бөлгөн Ташкара,
Эки эле көзүң оюлсун!..
Ала оору элем оңолдум,
Айлансам аздыр Аксыга,
Араңда өсүп торолдум.
Кагынгам элем оңолдум,
Кагылбай калкым, не кылам,
Катарыңда торолдум!..
Жайлоосу бирге жанаша,
Талас менен Аксынын.
Эки элге аты дапдайын,
Элден чыккан жакшынын!
Жайлоого малын жайлатып,
Жакага айдайт аштыгын.
Акын болчу балдарым,
Айтып көн сөздүн бар чынын!.

Бозбунун тоосун карачы,
Борумун карап отурсаң,
Боз үйгө окшош карасы.
Боз салкын түшүп күзүндө,
Бозорот адыр, талаасы.
Баа берип келген убакта,
Байкалбайт эч бир чаласы.
Борошо уруп, кар турбайт,
Боз шыбакта торгойдун,
Болгонсуп ою, санаасы!..

Кара-Токо, Кулданбес,
Кабарын айтып кетейин,
Каттоосу жакын бир белес.
Көбүргөнүн салынып,
Көк асманын жамынып,
Кайтарып коюң ой, кырда,
Какшанып өткөн жаштык кез.
Артыш, Жыртыш, Боз-Тектир,
Ал жерлер эстен кетпейт эч.
Упалуу-Үңкүр, Ак-Чечек,
Убайым тартып жүргөндө,
Убакыт өттү желдей тез!..

Шаңшыса көктөн бүркүтү,
Шаштысы кетип жашынат,
Шардана* жорткон түлкүсү.
Агарат тоонун баштары,
Ай чыкса тоодон түнкүсү.
Саксынган менен улары,
Сайылып тепсе ителги,
Анык иш кардын чубары…
Көкөлөп учкан түгөнгүр,
Көркү экен тоонун бу дагы!..

Жайылган зоодон текени,
Жайынча айтып кетели.
Жалама аска, зоо болот,
Жайдыр-кыштыр мекени.
Жүрөктүү киши барбаса,
Жөн киши ага жетеби?
Чагарак куйрук илбирси,
Чап салса анык жетеери.

Айтылсын ойдун тереңи,
Ак таңдай акын болбосом,
Арзып элим келеби?
Алтын башым шылк этсе,
Алган кудай береби?
Ар дубанга чабылган,
Ак таңдай Өтө өнөрү.

Ар адам билбейт жазмышын,
Ар нерсени көрөрү.
Акын Өтө маш болгон,
Айтышса түшсө ар элде,
Анык эле жеңери.

Ак калпак кыргыз элимде,
Акындын болом чебери.
Арзычу, балдар, алып кал,
Араңда болсо бирери.
Арманым ушул жалганда,
Артымда калган туяк жок,
Атымды алып жүрөрү.
Арбагым козгоп кеп салсын,
Акындык жолго түшөрү.
Алган жарым Көксулуу,
Астына алып сооротуп,
Алдейлеп бала сүйбөдү.
Аттиң ай!.. мынча жараткан,
Армандуу кылдың дүйнөнү!..

Көк-Жаңгак, Туюк, Дарбаза,
Катиренки*, мисте өсөт.
Алма, жийде, бадамы,
Айыл ичи түздө өсөт.
Акылы бар азамат,
Ар кылбастан иштешет.
Акылы жок ургандар,
Аңги аттардай тиштешет.
Алтындай жаштык өмүрүң,
Айланып келбейт турбайбы,
Агып өтсө бир кезек!..
Аксымды айтам кубанып,
Ак мөңгү жатат төрүндө,
Ак тайлак болуп суналып.
Адырдан чууруйт кой-эчки,
Ала аркан болуп чубалып.
Ак булак чертет комузун,
Аземдүү күүсүн чыгарып.
Ак көйнөк кийген жаш келин,
Акырын кайтат суу алып.
Ак куудай көлдө көрүнөт,
Ай беттүү жүзүн нур чайып.
Муңканган шакта булбулу,
Ырчысы болуп жар салып.
Ырына көөшүп калгандай,
Айлана турат тынч алып!..

Капчыгай ичин карасаң:
Кашкайып тунук дайрасы,
Кадимден бийик даңазаң,
Катарлаш өсүп алма өрүк,
Калкыма тийген пайдасы.
Какшанып тилим булбулдай,
Калтырбай баарын сайрачы.
Күрпүлдөп дайра киргенде,
Көпүрө издеп айланып,
Көп кеткен адам айласы.
Көк сайып көктү тиреген,
Көк мунарык чокусу.
Кишидей болуп сүйлөгөн,
Көркөмдүү кооз тотусу.
Карайган тиги аскага,
Карчыга ээлеп конуучу.
Көгүчкөн учуп өткөндө,
Көкөлөп келип бийиктен,
Көңтөрө тээп коюучу!
Коктусу сайын кекилик,
Көк кушту көктөн көргөндө,
Кобулга качат бекинип.
Көк ирим дайра көлүнөн,
Козудай болгон балыгы,
Көрүнөт көзгө секирип.
Карагай, арча, тогорок,
Кылымдап өсүп жетилип.
Караган, тикен ичинде,
Камышы желге желпинип.
Кишини тиктеп, таныркап,
Кайыбы качпай шекинип.
Коктудан аккан булактан,
Комуздун күүсү чертилип.
Кыймылдайт кайын бутагы,
Көк кашка сууга серпилип!
Карачы, толгон карагай,
Капталдан төмөн шаркырап,
Кашкаят суусу аралай.
Камышы желге ыргалат,
Катарлаш өскөн салаадай.
Кайгыны билбейт булагы,
Каткырып күлөт баладай.
Күкүгү сайрайт таң менен,
Күн чыгып келсе чарадай.
Көк саят зоонун учтары,
Көк болот тиштүү арадай.
Таз кара, кара жоорулар,
Так чокуда айланып.
Сагызган менен чулдугу,
Сай бойлоп кетпей жайланып.
Абайлап учуп чардагы,
Ак чабакка байланып.
Чабалакей, карлыгач,
Чамдап учат шайланып.
Кызыктырат көргөндү,
Кыналып өскөн кайыңы.
Күз болгондо атайлап,
Керене гүлдүү сарала,
Кийгендей көйнөк шайыны.
Кылгырып турат бирөөсү,
Кыз болуп калбай айыбы.
Көз жоосун алып жайында,
Көбөйгөн мында кайыбы.
Кыз пери жүрчү кетпестен,
Керемет жомок жайы бу!..

Аккан дайра Итагар,
Аңыры учуп аңкылдап.
Акырын салып көз кырын,
Ак шумкар көктө шаңкылдап.
Суу бүркүтү баркылдап,
Суу жээктейт салпылдап.
Эчки маарек, ызгыты,
Эсепсиз жүрөт жаркылдап.
Карап коюп, жайылган,
Кара боор таркылдак!
Куулары көлбүп көлүндө,
Кароолчу чымчык жай алган,
Караган шактын өзүндө.
Кузгундары куркулдайт,
Кундузу кумда бултулдайт.
Кара карга какылдайт,
Кабар берип алыстан,
Куу сагызган шакылдайт!
Суусары суусун бойлогон,
Суудан издеп өз жемин,
Суучул кара ойногон.
Сүлөөсүнү ташында,
Сугу түшүп жойлогон.
Камандары киргенде,
Качыра берип аюуну,
Калдаңдатып койбогон.
Карышкыры топтолуп,
Каптап келип кышында,
Кароосуз малды мойсогон!..
Боз куш менен таранчы,
Бактек менен борбашы.
Кара кунас, көк кытан,
Кучкач жүрөт, карачы.
Канча жанга жай болгон,
Капчыгайдын арасы.
Өрдөк, чүрөк, куусу бар,
Өргүгөн нечен паренде,
Өзөн толо чуусу бар.
Каркылдашып каздары,
Көктө таңшып торгою,
Көрүнүшү жаздагы.
Булуңунда көл болгон,
Булут кетпес тоолору,
Бугу жүрчү төр болгон.
Абалтадан бер жака,
Арстан, жолборс, шер болгон.
Аркар менен кийиги,
Алдынан чыкса жем болгон.
Атыша берип мергендер,
Азайып азыр кем болгон!..

Антсе дагы айталы,
Ашууда жайлайт аркары.
Айланып суудан кетпеген,
Ак каз менен тартары.
Адамга жүрөт көрүнбөй,
Абайлап басып калтары.
Айланып мында келгендин,
Анык го мактап айтары.
Куш салып чыкса кышында,
Кумары анык таркары!..
Капчыгайдан чыгайын,
Кабактын Дөңүн, жайыгын,
Калтырбай бир аз ырдайын.
Кайрылып эми келейин,
Калтырбай айтып берейин:
Ат менен жүргөн кишиге,
Айланып жүрүп олтурса,
Алты күндүк арасы.
Жайылып жатат саргайып,
Кабактын Дөңү, талаасы.
Таруу, буудай эккендин,
Тынгандай чыны санаасы.
Тоодактары томпоңдойт,
Коёну качып койкоңдойт.
Ташбакасы тарбаңдайт,
Чакчарылып чаяны,
Кырк аягы арбаңдайт.
Сөксөөлу саксаңдайт,
Камгактары калдаңдайт.
Чиркейлери бармактай,
Чымындары жаңгактай.
Куушуп ойнойт куланы,
Баш көтөрүп ышкырат,
Аргамжыдай жыланы!..

Күз мезгили бул Дөңдө,
Кыйкырып улак чабышат,
Күчтүүлөрү алсын деп,
Торпокту союп салышат
Кыжылдаган жыйынга,
Аттардын аты барышат.
Күүсүнө келип күлүктөр,
Күжүлдөп учуп жарышат.
Ат чабуучу баланын,
Чыйрагынан табышат,
Ээликсе күлүк баш бербей,
Атты чапкан баланын,
Тизгинде колу карышат!..

Башталса оюн «Кыз куумай»,
Мулуңдайт чалдар, жаш тургай.
Кыйкырып чууну салышат,
Калба деп бекер уттурбай.
Кыргыздын укмуш оюну,
Кызыктуу болот укмуш ай!

Кайкыдан туруп карасаң:
Кара-Бото кандай жер?
Тулупка, Кара-Ботого,
Түштөнүп өтөт биздин эл.
Түнөрөт күндү көргөзбөй,
Карагай, арча, кайың, чер.
Кашка суу сайда күрпүлдөп,
Карасам таппайм андай жер!..

Жар-Башы менен Көкүрөк,
Жайкалып чөбү жетилет.
Обут менен Товарда,
Оргонго жарайт экилеп.
Эңиштеп атчан бастырсаң,
Элиги качып бекинет.
Капыстан чыгып жолуңдан,
Каманы шашты кетирет.
Баба-Ата деген мазары,
Итагардын башында.
Мечит менен Жайлакты,
Көп көрдүм эле жашымда.
Булуңунда бугу оттоп,
Кийиги жүрчү ташында.
Андан кийин баргамын,
Ажыкемдин ашында.
Ар санаттан айткамын,
Ал жыйындын кашында.
Байкап туруп кайткамын,
Жер соорусу Аксы экен,
Жетилип өсүп байкадым.
Авлетим менен Итагар,
Коңур салкын күзу бар.
Короосунда алма, өрүк,
Кол менен мөмө үзүп ал.
Жүз жылдап өсүп көбөйгөн,
Жүзүмү менен өрүкзар.
Быткылы сайын кекилик,
Бир түнөбөйт жааган кар!

Каргасын менен Тегерек,
Кайсы жер буга тең келет?
Кур таштуу бийик аскасын,
Кургандай уста чегелеп.
Аяктай булут топтолсо,
Асмандан жамгыр себелеп.
Жан-жаныбар, тоо-ташың,
Жаралган кандай керемет.
Жүгүрүп чуркап балаңдай,
Жүрөбүз сени тебелеп!..
Абышкалар кеп салат:
Алтымыш кулач ажыдаар,
Жүргөн дешет муну ээлеп.
Кожожаштай бир мерген,
Көзгө аткан дешет түз мээлеп.

Өмүрүм сага байланган,
Өскөн жерим айланам.
Сыпаттай берсем түгөнбөйт,
Сыныңды айтып кайрадан.
Түрдүү-түркүн жаныбар,
Түнөктөгөн жер ушул.
Абалтан жердеп жашаган,
Айтылуу Саруу эли ушул.
Торгойдой таңшып үн катып,
Тамаша менен таң атып,
Булбулдай буруп тил менен,
Муютуп элди жыргатып,
Муну, булбулуң Өтө сайраган!.


Кыргыз