Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жеңижок менен Нурмолдо

Өтө жаңыдан ырдап чыкканда өзүнүн бир топ жолдоштору менен Аксынын Кербен базарына базарлап келсе, ал жерде Таш-Көмүрдүн үстундөгү Ак-Суу жеринен келген атактуу чоң ырчы Нурмолдо ырдап атыры дейт.

НУРМОЛДО:
Ак шарият колунда,
Ак пайгамбар жолунда.
Кудай деген пенденин,
Касиети соңунда.
Алла деген кар болбос,
А дүйнөдө зор болбос.
Кудай деген кар болбос,
Көрүстөнү тар болбос
Пайгамбарга дос болор,
Бар сааба чалыяр.
Буйругунда ошонун,
Бүт макулук жаныбар
Периштелер башкарган,
Бейиш деген жайы бар.
Ажал жетип өлүш бар,
Кара көргө көмүш бар.
Шейит болгон кишиге,
Акыретте бейиш бар.
Бейиш толгон жемиш бар,
Жейин десең тегиз бар!..
Кожолорго кол берсең,
Зекет пулду мол берсең,
Колдоп кетер сооп бар,
Кудай жүзүн көрүш бар,
Нурдун кызын өбүш бар.
Айткан сөзгө кирбеген,
Зекет, пулун бербеген,
Күнөөлүүнү өткөрбөй,
Кыл көпүрөдөн иргеген,
Кереметин мындан көр,
Күнөкөр пенде билбеген.
Тозок деген от болот,
Күйүп турган чок болот.
Казып койгон ор болот,
Киши чыккыс тор болот.
Тарткан шоруң чоң болот,
Зекет, пулдун пайдасы,
А дүйнөдө чоң болот!
Каза жетип өлгөндө,
Казып көргө көмгөндө.
Сурак кылчу периште,
Сурданышып келгенде.
Манкүр-Нанкүр өзү бар,
Миң бир аяс сөзү бар.
Чекесинде жапжалгыз,
Чоктой кызыл көзү бар.
Колдорунда көтөргөн,
Оттон соккон күрсү бар,
Күнөөсү көп кишини,
«Күрс» дедире бир салар,
Күлдөй сөөгүн талкалар.
Көп бергенди кечирип,
Кыл көпүрөдөн өткөрүп,
Көп азаптан калкалар!..

деп, Нурмолдо ырдап токтолгондо, Өтө жанына жакын бастырып барып, атынын башын кейкейте тартып, комузун күүлөп, биринчиден учурашып, экинчиден суроо салып ырдап жиберет:

ӨТӨ:
Ассалоому алейкум,
Ак селдечен алдаяр!
Ак шарият жөнүнөн,
Айттың сөздү дапдаяр.
Анык жолун исламдын,
Ачкан дейсиң пайгамбар.
Пайгамбарга дос бекен,
Бар сааба, Чалыяр?
Буйругунда деп айттын,
Бүт макулук жаныбар.
Барсаң орун кең бекен,
Периштелер башкарган,
«Бейиш» деген жайыңар?
Каза болгон кишиге,
Казган көрдүн ичинде,
Кайсыл жыргал, шаани бар?
Опсуз айткан сөзүңдө,
Орою суук маани бар.
Ак эшенге кол берген,
Акча, пулду мол берген,
Көрөт бекен кудайды,
Көп дүнүйө, малдуулар,
Көпкөн көпөс алдуулар.
Салтанаттап мактаба,
Сатып алсаң акчага!
Биздин жердей эмес го,
Бейиш деген жайыңар?..
Асемдикке кийгениң,
Анжыяндын баркыты.
Ыкылас, куран, шарият,
Ырларыңдын жартысы.
Тозок менен периште,
Сөздөрүңдүн арткысы.
Эң жаманы адаттын, -
Ушак айткан калпычы.
Эл жактырса айтканын,
Өнөрпоздун баркы ушу.
Жапыраңдап ырдайсың,
Тозок менен бейиштин,
Колуңда окшоп ачкычы.
Анык өзүң окшойсуң,
А дүйнөнүн «жарчысы!»
Жарык дүйнө  бейишим,
О дүйнөңдө бар бекен,
Ушунун бир тамчысы?
Билип туруп чын сүйлө,
Бейиш мына бул  дүйнө!
Жер астына барганда,
Ушул турган жыргалдын,
Жетпейт сага саркыты!
Кыйын болсоң жооп бер:
Ай, Күн, жылдыз, Асман, Жер,
Айтчы, кайдан жаралды?
Ай, Ааламдын жүзүнө,
Адам кантип таралды?
Айдан жылдыз чексиз көп,
Түн эмине караңгы?
Ажыратып айтып бер,
Адал менен арамды?
Акыретке барганда,
Кара көргө салганда,
Отко жагып өлүгүн,
Өрттөйт дейсиң адамды!
Адам үчүн нээти,
Анча неге карайды?!
Өзүң өлүп көрбөсөң,
Кайдан билдиң аларды?
Жаныңды жеп айтасың,
Жалган ушак кабарды.
Бул сөзүңө ишенип,
Бургум келбейт санаамды.
Отко салып өрттөсө,
Опсуз кыйнап жектесе,
Ошончолук адамдан,
Көргөн бекен залалды?
Өткөндөрдүн чеги жок,
Өзгөрүлгөн шеги жок,
Бир да кабар деги жок,
Ой жүгүртүп ченесек,
Байкап көрсөк алдагы,
Пайгамбардан калганбы,
Башыңдагы элечек?
Эркек кийбейт биз жакта,
Ээси мунун келинчек?
Ыксыз жалган ырдабай,
Ырдын наамын булгабай,
Элдин башын маң кылбай,
Эл ичинен чыгып кет,
Же дубана болуп ак ургун,
Минип алып көк эшек!..
Акын болсоң элди ырда,
Берекелүү колу ачык,
Өнүп-өскөн жерди ырда!
Калка болгон калкына,
Элди баккан эрди ырда!
Угуп туруп ырыңды,
Ачуум кайнап келдим да!
Адилет ким, кара ким?
Айтышалы, кел мында?
Акын болсоң  тарыхты айт,
Жалганды айтпай аныкты айт!
Акын десем  молдодой,
Молдо десем акындай.
Кайран ырды кордобой,
Адебиң менен нары кайт!
Же, жакын болсоң кудайга,
Жардам кылып кедейге,
Суракчыга жооп берер,
Бой тумарын жазып бер,
Бал китебиң ачып бер?
Даана сүйлөп чындыкты,
Далил менен айтып бер?
Көзүң менен көрбөсөң,
Кеп периште чогулган,
Кеңешинде жүрбөсөң,
Кереги жок жалгандын,
Кезегимди кайтып бер?!..

деп Нурмолдодон жооп күтүп калат. Нурмолдо: «Бул окумал бала экен, мен женилдим!» дейт. Эки жеңи карысынан чолок күрмө кийип ырдаган Өтөнү биринчи көргөн эл: «Атаңдын көрү  оой! Бул жалмаңдаган ыраса жени жок эме экен го! Жеңижок бала жеңди, Жеңижок! дешет. Ушул айтыштан кийимине карата Жеңижок атыккан Өтө  жолдоштору менен базардан чыгып кетишет. Ушул эле пикирди атактуу Калык Акыев да өзүнүн «Мени Жеңижок чакыртыптыр» деген эскерүүсүндө дагы жазып калтырган.
Бул кабар Кербендин чайканасында палоо бастырып, жеп отурган Авлетимдик Сулайманкул даткага угулат. Ал жигитине Жеңижокту таап кел деп буюрат. Ал
Жеңижокту таап келет. Учурашкандан кийин, Сулайманкул датка Жеңижокту ырда дейт. Жеңижок бир эт бышымдай убакыт ырдайт! Акындын талантына тен берген, баа берген Сулайманкул Жеңижоктун Кара-Суудан бирге келген жолдошторуна карап: Жеңижоктун атын Кара-Сууга үйүнө алып кете бергиле! Мен Жеңижокко башка тандап ат мингиземин Баялы бий менен Садырга менден салам айт» деп жөнөтүп иет экен.
Ошентип, Сулайманкул датка өзүнүн айылы Авлетимде бир жумадай ырдатып жүрүп, айткан экен, Жеңижокко: «Бали, Жеңижок, балам, каалаганыңды айт? Алакандай
Аксы ачсам алаканымда, жумсам уучумда, келинби, кызбы, калыңы менден үйлөп коёюн!» дептир. Ошондо Жеңижок: «Аркыттан Көксулуу деген кыз менен сөзүм
бүтүшүп калды эле» аркыттык Артыкбай дүнүйө, күч, бийликке салып менден тартып келиндикке баласына алып берди, ошону алып берсеңиз» дептир. Сулайманкул датка сөзүнө туруп, Көксулууну Жеңижокко тартып алып берип коёт, айтканындай Артыкбайдын баласына башка бир байдын кызын тандап алып берип, калыңын өзү төлөгөн экен. Ошентип, Жеңижок көптөн көксөп жүргөн Көксулуусуна жетип, Кара-Сууда туруп калат. Жергиликтүү Баялы бий өзүнүн жеринен жер бөлүп берип (коңшу болуп) там салдырып, бак тиктирип бериптир. Ал жерди азыр да «Өтөнүн ыраваты» дешет, азыр ал жерде Жеңижок атындагы орто мектеп салынган.


Кыргыз