Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жеңижок менен Наркүлбүбүнүн (Рыскүл) айтышы

НАРКҮЛБҮБҮ:
Көрдүң бекен, Жеңижок,
Наркүлбүбү жеңеңди?
Эми кайним, көрөсүң,
Ыр жагынан тереңди.
Жеңең  кесер демиңди,
Оозуңдан үзөр кебиңди.
Кечээ, Эсенаман таппаптыр,
Мен табайын эбиңди.
Сендей далай ырчынын,
Сексени катар жеңилди!
Тойго минген тору атым,
Токтой калса куйругу,
Томугуна оролот.
Тобума келген экенсиң,
Тоотпой койсом, не болот?
Токтоп тур, кайним, ашыкпай,
Тогонек берсем не болот?!..
Калаага минген кара атым,
Кайра тартсам куйругу,
Карчытына оролот.
Калкыма келген экенсиң,
Карабай койсом, не болот?
Карап тур, чыдап Жеңижок,
Каяша айтсам не болот?!
Эми, кайним, Жеңижок,
Өзүмдөн кабар берейин.
Өзүмдөй акын сен болсоң,
Өнөрүм менен жеңейин!..
Ата-энеден туулдум,
Адамзат болуп кубулдум.
Бир муштумдай кызыл эт,
Бул жалганга бурулдум.
Бешикте жаткан кезимде,
Белги берген өзүмө,
Береке кирген сөзүмө.
Беш периште биригип,
Көрүнүп кеткен көзүмө!
Кундакта жаткан кезимде,
Кудайым берген өзүмө,
Кум куюлган сөзүмө.
Кубулушуп бир далай,
Көрүнүп кеткен көзүмө.
Санап берген колума,
Салып кеткен оозума!..
Бешке жашым келгенде:
Белгиси жок ырдапмын,
Белсенип комуз тырмапмын.
Жетиге жашым жеткенде,
Жобурап кирди тилибиз.
Жөндөтүптүр ошондо,
Асан шайыр пирибиз.
Пирдин алып өрнөгүн,
Билгенге сайрап жүрүбүз.
Бүгүн сага учурап,
Бет келишкен күнүбүз.
Сегизге кирген жашымда,
Кызым жакшы болот деп,
Апам ак бермет таккан башыма.
Тогузумда толгонуп,
Тойго ырдасам ырчылар,
Салам айткан кашыма.
Жеңең  онго чыгып октолгон,
Он биринде токтолгон.
Он экиге келгенде,
Бет келер ырчы жок болгон.
Он төрт жашка киргенде,
Ого бетер күчөдүм,
Оң менен Солдон жыгылбас,
Кайним, менден экен мүчөлүң!..
Он алтыга киргенде,
Ойкуштанып жүргөндө,
Куда түшүп, курчалып,
Куп сүйүнүп, тынч алып.
Алар эрим Алымбай,
Күйөө болуп койкоюп,
Тойчугуна кой союп.
Амалым жок, дүнүйө,
Алып кетти үйүнө!
Такыямды түшүрүп,
Ак жоолук салды башыма.
Имерилип ал урган,
Отурду келип кашыма.
Молдолорун жыйдырып,
Ак никесин кыйдырып,
Бул байлады багымды!..
Мырза күйөө табылбай,
Ичим күйдү жалындай.
Жаш күнүнөн жеңеңдин,
Көргөн күнү мамындай
Баштан өткөн окуям,
Баарын уккун, таарынбай.
Күйөөм жаман болгон соң
Кантем анан зарылбай!..
Күйөөм жаман болду деп,
Күйүтүм ичке толду деп,
Арыз бердим Курман бийине
Арзымды Курман уккан жок,
Армандан башым чыккан жок.
Алганың жаман болгондо,
Жаман эрдей душман жок!..
Анткенимдин себеби:
Эл аралап чыга албай,
Эстүүдөн бир сөз уга албай,
Эки жыл үйдө олтурдум.
Эңшерилип ичиме,
Эригиз кайгы толтурдум.
Жыйырмага жык толуп,
Ок жыландай октолуп,
Калкыма ырдап чыктым керилип,
Келин ырчы дедирип.
Кушчу  Сарыбайдын ашында.
Келин ырчы келди деп,
Казак, кыргыз кашымда!
Каздай үнүм каркылдап,
Келеңкер чачпак, ак күмүш,
Кең соорумда жаркылдап.
Жалындаган жаш кезим,
Жок эле менде тартынмак.
Алган эрим Алымбай,
Ак куржунун бөктөрүп,
Ээрчип жүрөт салпылдап!
Кызыганда кызыл тил кетет балкылдап.
Кыргыз, казак акынын,
Кыйласын жыктым алкымдап!..
Ошо Суранбайдын ашында,
Казак, кыргыз кашымда.
Анжыяндык Муса ырчы,
Аркасынан чуулдап,
Айтышып калды үч ырчы.
Ошол төртөөлөп алы жетпеген!
Асылышкан ырчылар,
Жеңеңден аман кетпеген,
Акындыгын көрсөтүп,
Акыл менен эптеген!..
Аксыдагы Нурмолдо,
Шарыят менен сенчилеп,
Айтышып көргөн бир жолдо.
Жеңеңдей акын кайда бар,
Абайлап көрсөң  Оң, Солдо?..
Төрт дубанга жеткирбес,
Төрт аягы тең жорго.
Тиктегеним, сен, элең,
Тийдиң кайним, оң колго!..
Сайраса сайрап жүрсүн деп,
Санатыңды билсин деп,
Сартбай ырчы жол берген
Эсенаман, Чонду ырчы,
Ээрчишип келип кол берген.
Ай-Тамгалуу Солтодон,
Найманбай чыккан ортодон.
Аларда мага бет келген,
Айтышамын деп келген.
Жеңеңдин ырын билген соң,
Айтыша албай тен берген!..
Жеңең жаактууга жай бербес,
Жамакчы ырчы пай келбес.
Ээктүүгө эс бербес,
Астына акын тең келбес,
Эки күн, түн ырдаса,
Жеңең  бир жолунан кебелбес!.
Сен, Жеңижок өзүмө,
Жакын кайним, экенсиң.
Азык кылып бербесем,
Ачка кетер бекенсиң?
Азыгыңды камдайын,
Арманы жок кетерсиң!
Олуя-Ата базарым,
От жакма кара казаным,
Кара мурчтан көп кошуп,
Кумарыңды жазамын.
Ширин болсун күрүчү,
Түбүнө култуйтуп сабиз басамын!
Кыпкызыл майын чыгартып,
Палоо басып берейин.
Касаптар сойгон ирикти,
Түбүнө басып келейин,
Чүкөлүү жото жиликти!..
Осмонбек болуш мүлжүсүн,
Мүлжүгөн менен тойбосун.
Башындагы чүкөсүн,
Ажынын уулу Сулайман,
Өкчөмөк кылып ойносун!..
Бышырган ушул палоону,
Бышкаран, Чартак, Наманган,
Шаары жесе тойбосун.
Кары, жашы аралаш,
Баары жесе тойбосун.
Бийлеп турган Осмонбек,
Нары жесе тойбосун.
Алибектин Шайдылда,
Дагы жесе тойбосун!..

деп Наркүлбүбү ырын токтотуптур. Ошондо Эшенкул болуш Наркүлбүбү бир айтса бир, эки айтса эки каткырып күлүп, коштоп, кубаттап отурду дейт.* Эшенкул болуш: «Жеңижок, иним, жеңең менен айтышар алың калдыбы? Же калган жокпу?» дептир.
Анда Жеңижок: «Болуш, айтайын, коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт деген эмеспи. Кызыл тилим сүйлөп турганда айтайын» дептир.
Жеңижок ойлондум дейт: «Бу катындын күрүчүн олтурган ушул элге тартып, «батасын алып кайтайын» деп баштап турган жери:

ЖЕҢИЖОК:
Ой, Эшенкул, болушум,
Ордо болду конушуң.
Ойго келбес иш болор,
Ойлонуп, айтпай коюшум!
Арстан ажы, датка атаң,
Ак калпактуу кыргыздан,
Арбагын азыр мактасам.
Алты уруу Солду башкарып,
Казы болгон датка атаң.
Алты кур барып, Мекеге,
Ажы болгон датка атаң!..
Белгилүү ажы датка атаң,
Береним, кыргыз элимде,
Бел болгон жайын айтпасам.
Беш уруу Солду башкарып,
Казы болгон датка атаң.
Беш курдай барып, Мекеге,
Ажы болгон датка атаң!..
Чойгулаган кеп эмес,
Чоң датканын баласы.
Чолпондой болгон Эшенкул,
Чоюлган журттун Манасы!
Береги  чокчоңдогон жалаптын,
Болуш, чогоолдугун карачы!..
Караламан киши эмес,
Кан ажынын баласы.
Кара тоодой Эшенкул,
Калдайган Солдун Манасы!
Кары, жаштан уялбайт,
Болуш, карабетти карачы?!.
Кулак салгын, Эшенкул,
Жеңижоктун кебине.
Калкына катын ырдаса,
Касиет калбайт бегине.
Караламан журт болуп,
Кырсык болор тегине.
Бир касиет кеткен соң,
Болуш, келмеги кыйын эбине!..
Булкулдатпай чыгаргын,
Бул карабет жалапты.
Бул кыялын койбосо,
Бекем кармап бир жерден,
Бизден да кылар талапты.
«Белди» ырдатып жүрөт деп,
Билгендин баары күлөт деп,
Булгайт го сендей манапты?!..
Алкылдатпай айдагын,
Абийири жок жалапты.
Ал кыялын койбосо,
Абийириңди кетирип,
Ар кимге коёр талапты,
«А» ны ырдатып жүрөт деп,
Аңдагандар күлөт деп,
Ардантаар сендей манапты!..
Ар ким укса күлөт деп,
Артынып алып «ошону»,
Дагы ырдатып жүрөт деп,
Арстаным, сага, уят иш,
«А» ны ырдатып жүрөт! деп.
Айттырба, болуш, аныңды,
Ал сындырар шагыңды.
Ар теңтушуң кеп кылса,
«А» байлаар сенин багыңды.
Ал кетирер, болушум,
Аркырап турган чагыңды.
«А» ны айтып ар жерде,
Ар кимге болгон ашына.
Абийириңди кетирет,
Апкелбе, болуш, кашыңа?!.
Көпчүлүк укса күлөт деп,
Көтөрүлүп ошону,
Көп ырдатып жүрөт деп,
Көк жалым, сага, уят иш,
Эшенкул  көт ырдатып жүрөт деп!.
Кеп кылба, болуш, аныңды,
Көт сындырар шагыңды.
Көп теңтушуң кеп кылса,
Кетирер баштан багыңды.
Куп кетирер болушум,
Сенин күркүрөп турган чагыңды!
Көпчүлүккө мактанып,
Көбүнө болгон ашына.
Келтирбе, болуш, кашыңа,
Кесири тиет башыңа!..
Кызыл бетин алынган,
Каңтарып жоолук салынган.
Кара бет кимдин жесири?
Калкына катын ырдаса,
Канына тиет кесири!..
Эки бетин алынган,
Ээгин ачык салынган.
Эри жок кимдин жесири?
Ээлигип катын ырдаса,
Элине тиет кесири.
Эл башкарган өзүңдөй,
Бегине тиет кесири!
Алган эри бар болсо;
Желке чачын жулбайбы.
Желип баскан жалапты,
Жети күн байлап урбайбы.
Жергелүү кытай калың Сол,
Элинде намыс турбайбы.
Жеткилеңи Эшенкул,
Бегинде намыс турбайбы.
Мен дагы Солдун баласы,
Бир аял менен бет кылдың,
Болуш, Сол арбагы урбайбы?!.
Алган эри бар болсо,
Арка чачын жулбайбы.
Ар жүргөн сойкуну,
Алты күнү урбайбы.
Ал ырчыңдын барында,
Артында намыс турбайбы.
Атактуу ырчы Жеңижок,
Акынын кошо булгайбы?!..
Ак куурайдын башына,
Ак соно келип конобу?
Арстанынын алдына,
Алдын тарткан оңобу?
Көк куурайдын башына,
Көк соно келип конобу?
Көк жалынан уялбай,
Көтүн тарткан оңобу?!.
Олуя-Ата базарың,
От жакма кара казаның.
Мен мурунтан билгемин,
Түбүнө  кулдуйтуп сабиз басарын!
Аксыда күрүч көп болот,
Аксакал, кары, жашыңа,
Тартып кетсем эп болот.
Жеңижок ооз тийгизбей кетти деп,
Ошонуку эппи деп,
Аркамдан ушак кеп болот,
Ата салтын куубасам,
Арылбаган кек болот!..
Ушагына калганча,
Ушунун кылган күрүчүн,
Уялбай жүктөп барганча.
Колуңарга суу куюп,
Дасторконду жаяйын.
Табак тартып баарыңдан,
«Батаңарды» алайын.
Батасын баары берди деп,
Мактанып элге барайын!..
Түбүнөн майын чыгарган,
Түзүк күрүч болуптур.
Туйгунум, болуш, жегенге,
Кызык күрүч болуптур!
Көчүктөгү кытайга,
Көк табакка салып кой,
Көк жалым, болуш, алып кой!
Ташкаранын элине,
Табактарга жасап кой.
Арт жагында аз калат,
Арстаным, болуш, ашап кой?!..
Жергелүү Талас журтуна,
Жетпей калып жүрбөсүн?
Жетиген менен Кушчуга,
Өтпөй калып жүрбөсүн?
Беш беренге алып кой,
Беш жилигин салып кой!
Акбай менен Бабырга,
Ал экөөнө кошуп кон,
Кар жилик менен кабырга!
Калганын жеткир, таарынат,
Кудаа-сөөк, тамырга.
Алакчын менен Тубайга,
Артканын жеткир таарынат,
Ай-Тамга, Солто, Тынайга!
Айлыма кайра тартты деп,
Арстаным, болуш, муңайба?!..
Бузбагын элдин үлгүсүн,
Түбүндөгү жиликти,
Болушуң өзү мүлжүсүн!
Башындагы чүкөсүн!
Эшенкулдун баласы,
Мурзакул ойноп, өкчөсүн!
Тишине жумшак чайнатпай,
Карыңа бергин өпкөсүн!
Калың кытай казандын,
Калтырбай түбүн көптөсүн!
Кара беттин палоосу,
Кең Аксыга өтпөсүн?!

деп Жеңижок жооп ырын аяктаганда, Эшенкул болуш: «Жигиттер, барсыңарбы? Тиги кара бетти тартып үйдөн чыкпайсыңарбы?! дегенде эки жигит Наркүлбүбүнү колунан тартып эшикке алып чыгып кетишти дейт. Эшенкул: «Жеңижок, балам, колуңдан келсе, кечир! Кур намысты талашып, бир элди экиге бөлүп, биз ит болдук!» деген экен.


Кыргыз