Жарамазан
Ассалому алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келчү орозо жан.
Орозоң кабыл болсун кармаган жан.
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип мен келдим.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Будур-будур тоолордон,
Бука минип мен келдим.
Бука мурдун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Ушул үйдүн үзүгү,
Ак кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Азыраак уктап, тыңдачы!
Ушул үйдүн үзүгү,
Көк кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Көп уктабай, тыңдачы.
Курут алып жатат бейм?
Курут болсо алып чык,
Катыр-кутур чайнайлы.
Курут берип кубантпа,
Куру сөзгө жубатпа!
Таруу берип тамшантпа,
Таң аткыча какшатпа!
Улак берсең албаймын,
Караңгыда бакыртып,
Ушул үйдүн үзүгү,
Үзүлүңкү көрүнөт.
Ушул үйдө жеңейим.
Сүзүлүңкү көрүнөт.
Төбөдөгү төрт жылдыз.
Батайын деп баратат.
Мингеним жаман тай эле,
Жатайын деп баратат.
Шалдыр-шулдур шакек чык,
Саймалама жоолук чык!
Жоолукту белге чалабыз,
Шакекти колго салабыз.
Чымы-чымыр-чымыр чык,
Буудай майлап кууруп чык!
Бычак учу жылтырайт,
Май томуруп жатат бейм?
Майың болсо алып чык,
Сака, мурут майлайлы.
Казан-аяк калдырайт,
Убалына калбаймын.
Эртең-бүгүн деп коет,
Катыным жаман киши эле,
Карышкыр, бөрү жеп коет,
Бука берсең шайлап бер,
Мурунтугун байлап бер.
Мурунтугун үзбөсүн,
Какылдаган ырчыңдын,
Кардын жара сүзбөсүн.
- Аюу менен чиркей
- Бостон уруусу
- Сура Аль-Фатх
- ТӨШТҮК КУМУРСКАГА ЖОЛУГУП ЖОЛДОШ БОЛГОНУ
- АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
- Арстан күчүгүн асыраган мышык
- Семетейдин жараланышы. Айчүрөктүн ок аттаганы
- Пулатчы
- Кыргыз эл оюндары. Карышкыр оюн, Койчу жана карышкыр, Кол кармашышып жүгүрүшүү
- Кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий түзүлүшү
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КЫРГЫЗ ТООЛОРУ
- Абдылас Малдыбаев
- СУУ
- Үй ээси ким?
- Кыргыз эл оюндары. Кубалап жетмей, Куу түлкү, Кызыл байрак, ак байрак
- Бирин-бири уруп ойноосу
- Cолто маймылдын өлтүрүлгөнү
- Кремация
- БЕШИК ЫРЫ
- Чыгыш Түрк кагандыгы
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ЫРДЕСТЕ
- Асылкечтик
- Каныкей
- Майкана көрбөй бала оңолбойт
- Байыркы түрк жазма эстеликтери
- Жээренченин баласы
- Айкөл Манас. 6-китеп
- Ж. Бөкөнбаев – Курбум
- Санга кылчылбыр салуу
- Булбул
- «Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер»
- «СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР СЕМЕТЕЙДИН САРЫ ТАЗГА ЖОЛУГУШУ
- ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. АЛЫМКАН
- Сүткө түшкен күчүктөй болуу
- ТУМАН
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. АРЧА КӨРСӨН
- Өлгөн адилеттик
- ТИЛЕГИБИЗ БИР
- Калпа
- Солто уруусу
- Тообо кылуу
- КОКОН ХАНДЫГЫ МЕНЕН КЫРГЫЗ АРАСЫ
- Экинчи согуш. Төрөгелдинин колго түшкөнү
- Шырдакбек – Байыркы ордо-шаар Кажингарбашы
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АЛА-ТОО КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ, ЭЛ БОЛБОСО
- Кыргыз эл оюндары. Так орун, Тушоо кесмей, Чикилдек
- Булардын кайсынысы чоң
- Кай убакта кой кысыр калат?
- Каңдылар байыркы кыргыз уруусу
- ЭНЕ ТИЛ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
- Айрым ата-энелердин терс тарбия-таалими
- Тамактануу
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЖАРМА
- Ферганалык кыргыздын колонизатордон мизи кайтканы
- Шакар кайнатуу
- Тарыхый топонимдер жана эстеликтер
- Баланы тосуу
- МИДИН АЛЫБАЕВ. КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВГЕ
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. КАДЫБАЙДЫН КАРГАСЫ
- Жанат түрүндөгү ит жанат түрүндөгү ит
- Ийик ийиртүү
- «Бакыр киши паанада»
- Аксакалдар бийлиги
- Кызыл карышкыр
- Этносту аныктоочу белги жок
- Кыргыз Атанын касиетин качыруу
- МИДИН АЛЫБАЕВ. КОШОМАТЧЫ
- Чоор
- Өзү алдамчы адам башкаларга ишенбейт
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КЕСИР ИНСАН






