Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Туулган жерим

Сайрачы, тилим, талыкпай
Комузун кошуп көрөйүн.
Алып калгын, жаш балдар
Токоңдун айткан өнөрүн.
Шакка конгон булбулдай
Сагынган элге төгөйүн.
Кыябын таап келтирип
Кызыл тилдин чеберин.
Таралсын калкка ырларым
Ташыркап калдым дебейин,
Колума комуз алганда
Кошулуп добуш жөнөгүн.
Туулган жерим айтайын
Жаштарга тиер керегиң.
Жамгырдай төгүп ырымды
Жамактап айтып берейин
Коного чапкан буудандай,
Козгоюн ырдын түнөгүн.

Киндик кесип, кир жууган
Төрөлгөн жерим айтпасам,
Сыр бешик чаап кастарлап
Бөлөнгөн жерим айтпасам,
Акындыгым не керек!
Качырбасам касымды
Калкаласам башымды
Баатырдыгым не керек!
Агып жаткан деңиздей
Терең сөздөн баштасам,
Эл кумары таркабайт
Ырдын кенин ачпасам.
Күрдөлдүү сарттар элимден

Күкүк болуп туулдум.
Ак жеринен айдалып
Айнектей көзүм чачырап,
Эки кол бекем байланып
Азабын тарткам зулумдун.
Кузгундардын зарпынан,
Бир кезде, кедей кырылдың
Калың сарттар араңдан
Кармалып алыс куулдум.
Элсиз жерде жөө басып,
Кыйласын көрдүм кылымдын.
Кеңеш өкмөт жыргалым.
Кетирдиң ойдон бардыгын
Камалган кайгы-муңумдун,
Ала-Тоо салкын, атыр жел
Кой семирчү бийик бел
Арасында туулдум.
Ак калпак кыргыз калың эл.
Кара-Күңгөй, Беш-Ташта
Алма, өрүк бышып төгүлгөн,
Атыр жыттуу кең жайлоо
Алда кандай көрүнгөн.
Кузгундар алган энчиктеп,
Куу чокой байкуш кедейлер
Ченине басып барбаган.
Жан алгычтай ошолор
Жакындап барсаң кармаган.
Жайлоосун байга тарттырып,
Көп болчу мендей зарлаган,
Рыскулбек датка балдары
Кедейлерди келтектеп
Далайдын башын кандады.
Алсыздарга тийчү эмес
Ийне, жиптей жардамы.
Жалгыз уюн тарттырып,

ЗКетим, жесир байкуштар:
«Желмогуз!» — деп каргады.
Кетмен-Төбө жеримден
Көкүмбайдын Байгазы,
Жоготмокко кедейди
Көп болгон мунун айласы.
Кузгундардын кылыгын
Калтырбай, тилим сайрачы
Калың журтка кузгундун
Тийген эмес пайдасы.
Тишине кокус илинсең,
Кышында кирген буурадай
Кырчылдата чайначу.
«Ажы болуп Зулпукор
Мекеге барып келдим,— дейт.
Адамдын акын жебеймин
Кудайдын үйүн көрдүм» — дейт
Казандай селде чалынып
Калктын баарын алдаган.
Кара жиндүү калпасы
«Эшенмин» деп жандаган.
Аялга бала берем деп,
Шыбырап эшен арбаган.
Ат баштап кунан, тай алып,
Кедейден козу, кой алып
Кылбаганы калбаган.
Алдырып, алы жетпестен
Далай катын каргаган.
«Жалгыз уйдун торпогун
Алып койду ажы» деп
Алсыз кедей зарлаган.
Алымбек менен Жыланжан
Керимбайды жандаган.
Көрүнөө өкүм көрсөтүп
Кедейди малдай айдаган.

Акшыңдаган Алымбек
Үй башына бир койдон
Салбаганы калбаган.
Касымбек менен Мамбетжан
Калың сарттар элимдин
Кыштоосун ээлеп бербеген.
Жалдыраган кедейдин
Айтканына көнбөгөн.
Туулуп-өскөн жеримди
Зулумдар ээлеп жердеген.
Сопунун уулу Кайназар
Кудай болуп көрүнгөн.
«Куу аяк кедей сенсиң» — деп
Тартынчу эмес сөгүүдөн.
Керимбайга жүгүнгөн
Алкыш айтып көңүлдөн
Кезектүү жерде тартынбай
Токоңдун ыры төгүлгөн.
Акындыктын ар сөзүн
Укпаган адам сагынат.
Ак карды теше тиктесе,
Айнектей көзүң карыгат.
Сайраган булбул акындар
Калдайган топко чабылат.
Чакырыптыр Керимбай
«Миң-Дөбөгө келсин» деп,
Касиеттүү эшен бар,
Кадырлап ырдап берсин деп,
Ажысы бар ак курдуу
Алардын пейлин көрсүн — деп
Аттанып бардым айлына,
Барганда карап турбадым,
Эшендей коркпой, мен ага
Көңүлүмдү бурбадым.
Эшендин элден алганын

Өткөрүп ойдон ырдадым.
Кара жиндүү жанында
Калпаларды сындадым.
«Алганымды айттың» — деп
Айыпкер кылды байлатып
Керимбай, Акмат баш болуп,
Кесири тийди Токоңо
Келбес жерге айдатып,
Ак-Чийден солдат чыгарып,
Айнектей көзүм жайнатып

Кол-бутумду күндөлөп

Кишен салып байлатып.
Алмадай башка бир өлүм,
Керимбай менен эшенге
Кошомат ырды айтпагам.
Жан алгыч болуп кетсе да,
Жаңшаган тилим тартпагам.
Сибирден келген кезимде,
Кушчу-Сууга чыгарбай,
Сарттарды кармап сабаган.
Урбаганы калган жок
Катын менен баладан.
Кеңеш өкмөт болбосо,
Кедейлер тентип жадаган.
Кушчу-Суунун боюнда,
Айдаган малча кедейди
Жалгыз тамга камаган.
Кедейлергё кеп тийбей.
Кеңеш, акыл — бардыгы
Керимбайдан тараган.
Мен Сибирден келгиче,
Көп жылдар өттү арадан.
Таң атканча сайрасам

Уктачу эмес бир адам.
Жаштарга калсын казалым,
Даңкы кеткен далайга
Чолпон-Ата мазарым.
Керимбай бүтүн ээлеген
Кетмен-Төбө базарын.
«Эки ооз жаман айттың» — деп,
Эшендин тарткам азабын.
Кетмен-Төбө, Жерге-Тал
Кең сайдын башы муздак төр.
Керүүсүндө жаткан мал,
Кашкайган тунук суулары
Атырылып аккан шар.
Ала-Тоонун башынан
Жай-кышы кетпейт аппак кар.
Сагызган менен Мазар-Сай
Сүлөөсүн жойлоп кетпеген
Аркар менен кулжасы
Жайылып оттойт бөксөдөн
Жайкалган шибер ыраңы
Гүл ачып бүрдөп көктөгөн.
Ар бир сонун жайлоосун
Уккан адам дегдеген
Карасакал1 калың эл
Күңгөй жагын жердеген
Кара кыяк бетеге
Карасаң, гүлдөр ыргалат
Атыр жыттуу жел менен,
Көк адыр менен Буурадан
Кекилик, чили кетпеген.
Куш салуучу жер болчу,
Жайлоосу малга жагыштуу
Баш жагы салкын төр болчу,

Карасакал — жердин аты

Жазга маал көктөмдө
Жабыла көчүп эл кончу.
Сибирден келген кезимде
Эшмамбет менен көрүшүп,
Учурашкан жер болчу.
Ал кезекте кедейге
Кузгундар кыян сел болчу.
Козгогондо казалды.
Кошуп айтып кетпесем
Коргон-Ата, Мазарды
Кетмен-Төбө, Таласты
Келиндери түнөйм деп,
Келип турчу жаз алды.
Барганда бала берчүдөй
Көтөрүп алып келчүдөй
Эчки, улагын союшуп,
Ээн талаа жайларга
Калышуучу конушуп.
Кол менен жасап койгондой,
Тегерек сонун аскасы,
Сайрап тилим, талыкпай
Кызыктуусун баштачы.
Алыска чапкан буудандай
Арышың керип таштачы.
Асманга тийип тургансып
Аска зоонун бийиги
Айдаган малдай жайылат
Аркар, кулжа кийиги.
Баш жагы бадал Чая-Таш
Карышкырлар кабышкан,
Кабылан менен илбирси,
Каршы чыкса, алышкан.
Жердин баарын айдаган,
Өгүздөй болгон каманы
Өтү толуп кайнаган,

Кылычтан курч кыл кыйма
Кайсаганын жайлаган.
Ар бир түркүн жандарды
Аңчылар атып алышкан.
Көрүнөө ичин аралап
Көзгө атары барышкан
Карагай, арча ичинде
Кара кулак шери бар.
Качырганын куткарбас
Кадимки жолборс эри бар.
Айбанаттын айбаны —
Жолборс менен арстан,
Ачуусу келсе куткарбайт
Кандайда болсо алыстан.
Булбул Токоң талыкпай
Жаш кезимде чыкчу элем
Далай кыйын жарыштан.
Туулуп өскөн жериме,
Айдалып жүрүп нечен жыл,
Аман келгем алыстан.
Бардыгын айтып кетейин
Бала-Чычкан, Жети-Суу
Куюп жатат Чычканга
Жети-Суудан эки суу.
Бер жагы Кең-Сай, Чоң-Чычкан,
Аралап барсаң ызы-чуу.
Үн алышып сайраган
Канаттуунун баары бар,
Итак менен сүтактын
Канчалары дагы бар.
Адамзат пенде көрбөгөн
Ак карда туулуп төлдөгөн
Ак кайберен малы бар
Караган, шилби, четинден
Кайың, терек, талы бар.

Сырдап койгон эмедей
Тобулгусу дагы бар.
Кожогат менен карагат
Бүлдүркөнү табылар.
Адам көрүп тааныгыс
Ар жыгачтын баары бар.
Баш жагы айры эки өзөн:
Жагарт менен Ит-Агар
Ара конуп жетесиң.
Арасы алыс итабар
Кой-Таш, Ата, Каракаш
Чычкандыктар мазар деп
Мал союшуп түлөгөн
Катындары түнөгөн.
Кара оокаттын айынан
Эт жейбиз деп кедейлер
Калбай барчу бүлөдөн.
Кожо, молдо үгүттөп
Арыласың деп айткан,
Мойнуңцагы күнөөдөн.
Ойлончу эмес ал кезде

Мазар деп союп кыйратып,
Билчү эмес малдын убалын.
Ак-Чий менен Кара-Суу
Токоңдун көзү барында,
Район болуп орногон,
Мындай сонун теңчилик
Кылымда мурун болбогон
Курулуш ак там салдырып
Кеңеш өкмөт оңдогон.
Тунуке менен жаптырып,
Балдарга мектеп салынган.

Эмгекчинин балдары:
Эркек дебей, кыз дебей
Окууга бүтүн алынган,
Жыргалдуу жаштын талабы
Күн сайын өсүп артылган.
Жаңырган бийик үн чыгып,
Жыргал күүсү тартылган,
Эски тамдар бузулуп,
Түпсүз болуп жоголгон.
Түбүнө көкташ орнотуп,
Түбөлүк болуп оңолгон.
Кетмен-Төбө базары
Кенен тартып чоңойгон.
Келин-кыздын баарысы
Эркин өсүп торолгон.
Шаттык ырын ырдашат
Бак аралап бир басат.
Куткарган бизди большевик
Кан соруучу зулумдан.
Айдоодон аман кутулгам
Кайгы тарткан муңумдан.
Сайрап чыккам жашымдан
Сарттар, саяк уруудан
Сайра тилим, талыкпа
Санатым калсын тарыхта.
Эзилип жүргөн элимди
Чыгардың, Кеңеш, жарыкка.
Көз менен көрүп кубандым
Бузуктардын тамырын
Кеңеш өкмөт үзгөнүн
Каршы чыкчу душмандар
Кармалып торго түшкөнүн
Орундайт, элим талабың
Барган сайын узарат
Ырыстуу жаштар кадамың

Ылайыктуу болсун деп
Ыр менен кошуп жамадым.
Алты жыл айтсам түгөнбөйт,
Кызыл тилде жамагым.
Өмүрүн тилейм өзгөчө
Артымда жалгыз баламын.
Көңүлүм ачып сайрадым
Катын менен балага,
Кузгундардын зарпынан
Жыгылгам жалган жалаага.
Барып келгем айдалып,
Эл көрбөгөн талаага.
Эрмек болуп берейин,
Кулак салгын, жаштарым,
Картайган Токоң абаңа.
Айтайын бир аз, айтайын
Туулуп өскөн жеримди.
Жамак ырга көп түшпөй,
Оңдочу, тилим, жөнүңдү.
Катары менен калбасын
Кара тектир көрүнгөн,
Какшатып кедей-карыпты,
Кузгундар кууган жериңден.
Кармалган Токоң мен элем,
Калың сарттар элимден.
Жердин баарын бүт ээлеп,
Желмогуздар семирген.
Ал бузуктун баарысы
Арабыздан бөлүнгөн.
Бирин-серин калганы
Арабыздан терилген.
Кызыганда козгодум,
Туулуп өскөн жеримден.
Алардын кылган кылыгы
Ажыдаардай көрүнгөн.

Бу жактан кабар алайын
Шамшыкал ата кенимден.
Кетпес ырыс табылган,
Кеңеш өкмөт, демиңден.
Бир тоонун баары — бүтүн түз,
Кайберендер кемирген.
Эчки, теке, кийиктер
Эсеби жок семирген.
Айнектей тунук Шамшыкал
Адамдын жүзү көрүнтөн.
Тотудай Токоң талыкпай,
Топ жыйында элирген.
Туура чаап түшүрсөң,
Тунук чыгат кызылып,
Барына жетип жатпайбы,
Бардык малга чачылып.
Ак калпак кыргыз тоосунан
Алтындын кени ачылып.
Айтылбай бекер калбасын,
Нар жагы Торкен жашынып.
Сокулук, саяк калың эл
Жайлоосу сонун малга жай,
Жайлатчу коюн ашырып,
Карандай ырга калганда
Калгамын, балдар машыгып,
Өөрчүп чыккан өнөрдү,
Таштайын тарых жаштарга
Каман жатпай жашырып
Эриктүү күнгө жеткирди
Эмгекчи элдин баласын.
Сайраган кызыл тилим сен,
Кызыктуу ырдан табасың.
Эң бир жыргал турмушка
Эмдиги жаштар барасың.
Кыргызда кыйла ырчынын

Байкадым далай чамасын.
Торгойдой болгон Токоңду
Тузак салып бир күнү
Тозоктуу дүйнө аласың.
Тартипке салып өкмөт
Аныктап ылгап жатпайбы
Адамдын адал-карасын.
Айткан ырым жаштарга
Нуска болуп каласың.
Тотудай тилим, сайрагын
Топ жыйындан тартынбай
Туулган жердин далайы
Калбасын кокус айтылбай
Торкендин наркы катары
Кызыл жазы жер болот,
Кыштоодон түшүп келгенде
Жакасына эл конот.
Казган менен түгөнбөйт
Бер жагы туз кен болот.
Ада-Жийде, Капчыгай,
Койду бакчу жер эле.
Ар бир сайы ар башка
Атыр жыттуу кең эле.
Барганда көңүл сергиткен
Баш жагы муздак төр эле.
Коңур-Өгүз, Ничке-Сай
Ашта, тойдо кыдырып
Арасын көрдүм бир нече ай.
Чарбанын малы жай алган,
Арык мал түлөп жал алган
Жагыштуу малга нечен сай
Катарында калбасын,
Кашкайган тунук булагы
Карасаң гүлдөр ачылып
Көйкөлүп шибер ыраңы.

Асмандан булут бүркөлсө,
Көк чөпкө түшөт бубагы.
Үн алышып сайрашат
Ала-Тоонун улары.
Эрбеңдешет алыстан
Эликтин теке кураны.
Толугу менен айтпасам,
Таркабайт элдин кумары,
Оролу келбес сөздөрдү
Оңоп Токоң улады.
Токтогулдун айлынын
Арасы алыс канчалык.
Куш салып жүрчү кузгундар
Колуна күмүш камчы алып.
Кедейлер жүрчү ал кезде
Кенен жатпай тынч алып,
Кан соруучу кузгундун
Капканына кармалып,
Кайгыга батып карыптыр
Ал кезде жүрчү зарланып
Теңдик күнгө жетпестен
Текебер байга кармалып,
Кесирлүү байлар турчу эле,
Белине кызыл курчанып,
Кержейип жумуш кылчу эмес,
Көпкөнүн көр мынчалык.
Таңшыгын, тилим талыкпай
Тамга-Терек, Сөгөттөн
Асыл булбул Токоңо
Айдоонун даты көп өткөн.
Ар бир сонун жайлоосун
Сарттар, Багыш, көп Саяк
Салкындап жайлап эл өткөн.
Келбес жайга Токоңду
Керимбай айдап жөнөткөн.

Эл кыдырып келгемин
Үйрөнгөн өнөр себептен.
Адашып жүрүп ачкадан,
Жүрөккө кайгы чер өткөн.
Тескей жакта Балыгурт
Баш жагы малга жай болот.
Салкын жыты жыпардай
Ар төрү кенен сай болот.
Адамдын мээри кангандай
Адыр-адыр бел болот.
Көйкөлгөн шибер сазына
Катар тартып эл конот.
Кетмен-Төбө жеримдин
Өзөндөрү кең болот.
Кыргыздын Ала-Тоолору
Кызыл алтын кен болот.
Туулган жерим бул кезде
Колхоз болуп камынып
Эпкиндүүлөр пахтага
Шыманып кирди жабылып.
Эркек, аял эмгекчи эл
Эңсеген ишин сагынып
Курулуштар оңолуп,
Жаштар өсүп торолуп
Айнектүү ак там салынып,
Тентектер тезге түзөлдү.
Айласы кетип багынып,
Балыгы сууда чалкыган.
Куулары көлдө калкыган.
Кийиги тоодон тынч алган,
Элиги черде бакырган
Жайлоосу жашыл жибектей
Жери жумшак балкыган.
Токою жашыл бүр алып,
Булбулдары таңшыган.

Кеңештин жарык күнүндө
Териме батпай семирдим.
Сибирде жүрүп айдалып,
Өткөрдүм жармын өмүрдүн.
Алып калгын балдарым,
Токоңдун айткан ырларын.
Иретин бузбай кебимдин,
Аралашып аз жылы,
Жыргалын көрдүм элимдин.
Картайсам да калтырбай
Капасын ачтым көңүлдүн.
Узагын сура, жаш балдар
Алтындай башта өмүрдүн
Колхоздун малын өстүрүп
Жыргалын көр жериңдин!


Кыргыз