Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ

Эзелтеден элибизде «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол», -деп, айтылып келе жаткан канаттуу лакапты чечмелей келсек, Токтогул да, Толубай да XIV кылымда жашап өтүптүр. Экөө тең бир уруудан тараган жакын туугандардан экен. Уламага айланган Токтогул Сайдали уулу түштүктүн Баткен аймагында болжол менен айтканда 1320-жылдары Самаркантка чейин аты чыккан соодагердин үйбүлөсүндө туулуптур. Токтогул боорун жерден көтөргөндөн Сайдали «Атаң барда эл тааны» деп эл аралатып, жер кыдыртып, кесибин үйрөтүүгө, үндөөгө алыптыр. Улуу төкмө жан жазгыч акын Тоголок Молдонун сөзү менен айтканда, эр жеткенде Токтогул ырчы кара аттын кашкасындай, буурул аттын тамгасындай, аткан таңдай, күйгөн шамдай болгон, даңкы далайга угулган акындын тунжуру, дулдулу, булбулу экен. Бир эле мезгилде «Манастагы» Ырамандын Ырчы Уулунун өнөрүн улаган жомоктун ачкычы аталган манасчыдан, обончудан, чертмечиден да болуптур. Токтогулдун күлгүн курагы 1340-57-жылдарда казак, кыргыздарды кыңк эттирбей бийлеп турган өзүмчүл, ырайымсыз, канкор Жаныбек хандын заманында өтүптүр. Тарыхчы Абулгазинин маалыматына таянсак, Жаныбек хан ордосуна таңдайынан чаң чыккан чечендерди, актаңдай ырчыларды, кара кылды как жарган калыстарды, акылмандарды, ойчул аалымдарды топтоптур. Алардын арасында Токтогул ырчы, Жээренче чечен, Толубай сынчы, Алдаркөсөө да болуптур. Токтогул жарык дүйнөгө келгенден эле ачык айтып, ак сүйлөгөн, көргөнүн көргөндөй ырдаган, карапайым калктын таламын талашкан элдик ырчыдан экен. Ал нечен жолу каардуу Жаныбектин хандыгына карабай, калың топтун алдында, “Жаныбек басты белимди, калмактыгы билинди» деп калк арасында ооз ачырбай койгонун, Толубай сынчынын эки көзүн ойдуруп таштаганын, ал өлгөндө топурак салалбай жер сыйпалап калганын, зили душман калмактан көрбөгөндү көрүп, тартпаган азапты тартканын, Жаныбектен кордук көрбөгөн түрк баласы калбаганын, зулумдугун, ачкөздүгүн, карапайым калктын канын митедей соргонун ташка тамга баскандай так, ачык айта ырдаптыр. Акындын мурчтуу, куйкумдуу ырларына какталган Жаныбек хан айласы кетип, аргасы түгөнгөндө Токтогулдун мойнуна зоолу салдырып, сүргүнгө айдатыптыр. Андай жүрөгүн тызылдатып, жүлүнүн сыздаткан армандуу күндөрүн акын: «Аз Жаныбек соттодуң, айтып ырым чача албай, армандуу болуп боздодум»,-деп, жалпы журт көргөн жабырды айта, ак жерден торго чалынганын муңкана ырдаптыр. 1357-жылы Жаныбек хан өз баласы (бирде иниси) Бердибек колдуу болуп өлөт. Көпчүлүк, өзбекке бектикти, казакка төрөлүктү, ногойго баатырлык белгини, кыпчак кыргызга хандыкты берели дешип Бердибекти хан көтөрүшөт. Ошондо Токтогул: «Бердибек болду ханыбыз, берен түрктүн балдары, тынчыды эми жаныбыз»,-деп шаттана ырдаптыр. Бирок, ал кубаныч көпкө созулбай, суу сепкендей деми сууптур. Бийликке Кудаян келет. Анын такка отурушу, бийликке жетиши жөнүндө эл арасында ар кандай уламалар айтылат. 1368-1405-жылдары Аксак Темир Орто Азияны бийлеп, Түштүк Кыргызстандын айрым чөлкөмдөрүн басып алат, ал турсун Ысыккөлдүн элине да бүлүк салат. Темир кыргыздарга оор салыктарды салуу, алуу менен көчмөн, сабатсыз, кудайы от болгон «кыргыздарды ким мусулмандыкка үндөйт»,- деп жарыя салганда, катаган уруусунан чыккан Мажит уулу Кудаян: «Мен мусулман кылам» дегенде, Темир Кудаянды Өзгөнгө алып келип, ордо курдуруп, хандык тактага отургузуптур. Темирдин бийлигинин арасында калган кыргыздардын арасында Токтогул ырчы да болуптур. Токтогул, Токтогул атанып, атагы ай чапчып турган курагында атактуу Аксак Темирдин Кожо-Илгар (азыркы Бужун) айлынан ай тамактуу Акмырза аттуу сулууга көзү түшүп калат. Экөө бирин бири жактырышып, бирок тилекке каршы, Акмырзаны колунда бийлиги, байлыгы бар Аксак Темир алып, Токтогулдун күйбөгөн жаны күл болот. Бүтүндөй муңканган муңун, какшаткан зарын, ашынган кусасын «Акмырзам» аттуу ырында:
-Ырымдан башка дүйнөм жок,
Ырдасам жүрөк күйгөн чок.
Алаарда сени Акмырзам
Артымдан келип тийди ок.
Сазымдан башка дүйнөм жок,
Сагынып жүрөк күйгөн чок.
Жетерде сага Акмырзам
Жарадар кылды тийген ок… –деп муңкана келип, акырында:

-Ширинин тартпай дүйнөнүн,
Чырактай бир күн өчөбүз.
Тузакка түштүк экөөбүз,
Кол жетпей зарлап өтөбүз.
Жазыгын көрбөй жашоонун
Турмуштан бир күн көчөбүз,- дептир. Андан бери канчалаган жылдар, доорлор өтсө да Токтогулдун «Акмырзасынын» мааниси өчөлек. Темирдин колуна кол, бутуна бут болгон кара мүртөз Кудаян мусулман динин үйрөналбагандарды Самаркантка сүргүнгө айдатып, кирип чыккандарды каардуу Темирдин ордосуна алып барып, калың калктын алдына дарга астырып, өлүгүн талаага таштатыптыр. Ушундай пендечиликте жок таш боорлукту, мыкаачылыкты өз көзү менен көргөн Токтогул «Кудаяндын тушунда куурап, куургуч баштуу кожону туурап, айыпсыз элди кырып, динине Мухамеддин киргизем» деп, кыйнап жатканын ырдап келип, акырында: «Кудаян кыргыз хандарынан арбагы сени ураар», -дептир. Ырды угары менен Кудаян Токтогулду зынданга салдырат. Ошондо залкар ырчы элин, жерин эстей, сүйгөнү Акмырзага: «Ак булут, аппак булут, айта бар кабарымды»,- деп, гүлгө окшоп соолуп турганын муңдана ырдайт. Кудаян Токтогулду мусулман динине ачык каршы чыккан адам катары айыптайт, Темирге айдаттырып барат. Айтканынан кайтпаган, кайратынан танбаган хандан, бектен кайра тартпаган Токтогулдарга асылардын алдында калкка:
- Өлтүрсөң өлөрүң бар,
Өлбөчү өнөрүм бар.
Астырсаң денем калар,
Ырларым оттой жанар, – деп, эл менен коштошуптур. Темир «Токтогулдун сөөгүн ит-куш жесин деп», – талаага таштаттырат. Ушундай кайгылуу катаал тагдырда жашап, калк үчүн кара жанын кыйган, өмүр бою эркиндикти, теңдикти эңсеген улуу ырчы Токтогул бүгүнкү күнгө чейин адабиятыбыздын, элдик музыкабыздын тарыхынан өз ордун, баасын ала албай, терең иликтенбей, өмүрү, чыгармачылыгы мектептерде, жогорку окуу жайларда окутулбай келатканы өкүндүрөт.


Кыргыз