Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КЕДЕЙКАН

Илгерки өткөн заманда кыргыз эли катуу ачарчылыкка учурап, алдуусу тентип-тентип оокат таап, алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимишип, эл жардылыктан итке минип, азып-тозот. Ошондо кыргыздан Курама, Сары деген эки бир тууган киши түркмен элине тентип барган. Баргандан кийин Сарысы ачкадан өлүп калат. Курама өнөрлүү, колунан иш келген, өнөрүнүн аркасында ар кимге батымдуу болгондуктан түркмен элине эки жылы оокат кылып жан сактап туруп, үчүнчү жылга айланганда өлөт. Катынынын боюнда эркек бала калат. Арадан көп убакыт өтпөстөн катыны төрөп, баласынин атын Керээз коёт. Керээз үч жашка чыкканда энеси өлүп, тумалай жетим калат. Кийимсиз жылаңач, жылаңбаш, тамаксыз курсаги ач, кышкысын суукка үшүп, жатса итче бүрүшүп, көргөндөр шылдыңдап күлүшүп, Керээз жетим көрбөгөн жамандык калбады. Керээз аты калып, Кедей жетим атка конду. Бечерага кайрымдуу бир сопу киши бар деп угуп, Кедей жетим сүйрөлүп, сүлдүрөп, сүйлөй албай үлдүрөп сопуга барып кайыр сурады. Сопу: “балам, менде эч оокат жок, эгер болсо берер элем. Өнөрүм сопу, атым Саалы, Саалыда сары чака жок. Сопуңдун солуп турган маалы. Балам “Кедей жетим, мен сага бир жакшылык кылайын: бүгүн мында конуп, эртең менен Гүлсаана деген бир кемпир бар, атасы жокту асырайт, жылаңач барса кийгизет. Сен, балам, ошол Гүлсаанага баргын, жалбарып жалынып жаштыгыңды, жетимдигиңди зарлап бир айтып көргүн. Сени Гүлсаанадан башка киши батырбайт, батырмак тургай тамагынан таттырбайт! –деди.
Жетим кемпирди издеп тапты да кемпирдин үйүндө кызматын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына каралашып, отун суусуна аралашып турду.
Кедей жетим жакшы көрүнүү үчүн түндөн туруп уйку
сун бөлүп, жаман сөз айтпас бекен, жаш көңүл кайтпас бекен деп, кемпирге жагынып жүрдү. Баланы кемпир жактырды. Бирок кемпир балага сыр чыгарбады. Кедей жетим бир күнү кемпирге энекелеп бир жалынайын, эгер менин муңумду укса жана мусапыр экениме көзү жетсе мени мындан ары да багып калар. Көзү жетпесе күнүмдүк оокатыма жарар деп Гүлсаананын маңдайына барып эки колун бооруна алып калтаарып, жүзү жалтанып, зарлап айтып турганы:

Айланайын энеке,
Мен болоюн көлөкө.
Мен мусапыр жетимди
Жалдыратпа белөккө.
Түңүлбөсөң энеке,
Түбүндө жарайм керекке.

Көпчүлүктүн Кедейканга берген жообу.

Таксыр, Кедей ханыбыз,
Багындык сизге баарыбыз,
Азимкандын мүнөзүн
Айталык кулак салыңыз.
Арбак уруп Азимкан
Ай сайын салык салыптыр.
Агар алтын, ак күмүш
Эчтеме койбой алыптыр.
Өлөрүнө көрүнүп,
Бир жолу бейли тарыптыр.
Азимкан такты талашса,
Кедейкан, сизге өтөбүз.
Сизди шайлап кетебиз,
Азимканга алдырып,
Ай сайын чыгым салдырып,
Ысыбаптыр чекебиз.
Азимкан такты талашса,
Кедейкан, сизди шайлайбыз.
Азимканды бозортуп
Жолго салып айдайбыз.
Жооп берсең ошондо,
Таксыр, өлтүрүүдөн тайбайбыз.
Таксыр Кедей каныбыз,
Сизге өтөбүз баарыбыз.
Арылбаптыр билбеппиз
Муңубуз менен зарыбыз.
Томаякты тоздуруп,
Доңуздан бетер кошкуруп,
Жок жардыга жолобой,
Жакырларга жанашпай,
Жакшылар өзү бир бирин
Жамандыкка каалашпай,
Кемириптир кедейди,
Жакыр кылып жардыны.
Өз боюна тартыптыр
Өрүш толгон малдууну.
Байга кара санабай,
Жардыны ченеп талабай,
Ойронуң чыккан Азимкан,
Оокатынан айрыптыр, |
Оңолсун деп санабай.

Кедейкан бир күнү өзүнүн жетим убагынан беркини ойлнуп отуруп, башынан өткөн жетимдик, карыпчылык турмушунун баары күз алдына келип, баккан энеси Гүлсаана оюна түштү да жашып кетти. Мен эми энемди, төрт жолдошумду алдырайын деп, кырк жигитин чакырып жумшап турган жери:

Кырк жигитим келгиле, ,
Келип салам бергиле!
Алыскы жолго жумшаймын
Кызматыңды билгиле!
Кырк жигитим камынгын,
Кылычыңды тагынгын. I
Кызыл чаар жолборстой
Кыркышар жоого чамынгын.
Такалансын аттарың,
Сүрүңден корксун жаттарың.
Бир айлык жолго барасың,
Аттарыңды таптагын.
Эринип бир күн жатпагын,
Өзүңдү өзүң сактагын.
Өз элиме жиберем
Өнөрүмдү мактагын.
Кыркыңар эки бөлүнбө,
Залимканга көрүнбө,
Түркмендердин байлары
Залимкандын жөнүндө.
Залимканга көрүнсөң,
Каласыңдар өлүмгө.
Ушул сөздү кырк жигит,
Бек сактагын көңүлгө.
Саалы деген сопу бар,
Өзү молдо окумал.
Дабырабай кырк жигит,
Акырын издеп таап ал.
Балапан тууп жетилген,
Байгамбарга жашы тең,
Кантип кабар албайын
Хан болгондо энемден.
Энемдин аты Гүлсаана,
Бар тууганы бир бала.
Ошо бала мен Кедей
Энемди Көрөр күн гана
Төрт жолдошум дагы бар,
Саалыны тапсаң–табылар,
Энемди эстеп, аларды
Унутуп койсом тарынар.
Жатындаштан жакыным,
Жашымдан бирге акылым,
Адал, арам тең жеген,
Ардактаган сырдашым.
Төртөө тең курдашым,
Ошолордон өйдө эмес,
Хан болсом да бул башым.

Кырк жигит түркмөн элинен Кедейкандын энесин, төрт жолдошун таап келишет.
Кедейкан кырк жигитке ыразы болуп, сыйлыктар берип, энесинин жана төрт жолдошунун келгенине кубанат.
Көңүлү жайланып Хиваны жердей бере, элге тынч, бейбечерага кайрымдуу, калыс жана камкор жетекчи болот.


Кыргыз