Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ТОГОЛОК МОЛДО. КУШТАРДЫН АНГЕМЕСИ (поема)

Сөз айтамын билдирип,
Уккандарды күлдүрүп.
Айткан сөздүн аягын,
Жегичтерге тийдирип.

Өткөн заман өзүндө,
Күйгөн сөз кетпейт эсимде.
Бары куштун жоругу,
Мааниси болот сөзүндө.

Куш экиге бөлүнөт,
Ирети менен келинет,
Жол-жобосу айтылып,
Анык көзгө көрүнөт.

Бирин айтат боз куш деп,
Бирин айтат суу куш деп,
Боз кушунан сөз келет,
–Кысылды биздин турмуш–деп.

Булбул сайрап кеп айтат,
Кеп айтканда бек айтат:
Кеңеш кылып кеп салам,
Кебимди ук журтум–деп айтат.

Жыргап жатат суу кушу,
Көлгө барып ойноду.
Суудан болду коргону,
Буга эч жамандык болбоду.

Кырсык бизди торгоду
Жырткычтар бизди койбоду,
Четке чыккан жан болсо,
Бири да аман болбоду.

Жагалмай менен турумтай,
Чакмак алып ойноду.
Кыргый деген кыйратып,
Кыйла чымчык сойлоду.

Өрттөнгөн кыргый өксөтүп,
Өмүрүнчө тойбоду.
Ушул турган боз кушка,
Убал жок деп ойлоду.

Ителги менен ылаачын,
Канча жанды кыйратты.
Катын менен баланы,
Кан какшатып ыйлатты.

Карчыга деген кушу бар,
Кадиксиз мерген ушу бар.
Калктыи баарын кыйратып,
Каныңды төккөн ушулар.

Бүркүт деген зору бар,
Биз үчүн жайган тору бар.
Азабы көп боз куштун,
Арылбай турган шору бар.

Таз кара менен жору бар,
Ал дагы бизге душмандар.
Баары боз куш баш коштуң,
Ынтымактуу болуңар.

Көк жору менен ак жору,
Көрүнөө бизге зордукчу.
Четинен серпип жеп кетет,
Мындан да көрдүк кордукту.

Ак сары менен бөктөргү,
Аңдыганы балапан,
Аман-эсен төл кирбей,
Кырылды мындан кыйла жан.

Бүркүттүн зору буудайык,
Күн көрбөй мындан куурадык.
Кулак угуп, көз көргөн,
Ушул иш кимге ылайык.

Куш төрөсүн туйгун дейт,
Туйгундан кийин тунжур дейт.
Атак берип өзүнө,
Катылсаң бизге курдуң дейт.

Ителгинин улугун,
Илеси артык шумкар дейт.
Кыргыйдын зорун шумпай дейт,
Турумтай зорун кумпай дейт.

Ылаачын чоңун барчын дейт,
Барчын төксө каарын дейт,
Тумшугу жок боз кушу,
Аман калбайт жаның–дейт,
Акпай койбойт каның дейт.
Четтен келсе кыйратат,
Карчыга деген залим дейт.
Күйкөнүн чоңу таканак,
Аңдып жүрөт бакалап.
Акырын жүрүп жеп кетет,
Ал дагы бизди такалап.

Тоодон жеди уларды,
Тоздуруп койду буларды.
Каргашалуу бүркүттүн,
Кара жан тынчып турабы.

Боздон жеди тоодакты,
Боздотуп кырды оолакты.
Кара боор кекилик,
Кача албай жүрөт бекинип.

Өтөбүз ыйлап өкүнүп,
Карчыга жүрөт сактанып,
Үкүгө жүрөт актанып,
Карчыганы балам–деп,
Үкү жүрөт мактанып.

Карчыга коркот үкүнүн,
Балбылдаган көзүнөн,
Үкүнүн сырын уксам дейт,
Айттырып көрүп сөзүнөн.

Карчыга туруп кеп айтат,
Кеп айтканда көп айтат.
–Калтырбай сырың айтып бер,
Кайратың кандай–деп айтат.

Үкү аке сенде көз мындай,
Үү деген кайрат сөз мындай.
Жан казандай баш мындай,
Көзүңдү жабат каш мындай.

Каңшардуу мурдуң порумдуу,
Көрбөдүм мындай сонунду.
Үү деген үнүң баспайсың,
Жумган көзүң ачпайсың,
Кайратын кабат көрүнөт,
Жандан коркуп качпайсың.
Салтанатың башкача,
Эч алдырып шашпайсың.

Сыпатың көрктүү балбандай,
Тырмагың болот канжардай,
Сырыңды ата угайын,
Өзүң мындай ал кандай.

Анда үкү сыр айтат,
Анык сырын чын айтат.
Үксүйүп туруп үкү акең,
Карчыгага муну айтат:

–Үкү акеңде дарман жок,
Үү деген үнү болбосо.
Үксүйгөн жүнү болбосо.

Үкүнүн сырын уккан соң,
Карчыга карап турабы?
Кан соргучтун тукуму,
Жемин жебей турабы.
Тойбогурдун тукуму,
“Тойдум”–деп тоопук кылабы?
Ээн жеп көнгөн карчыга,
Жемишин жебей турабы.

Карчыга басып үкүнүн,
Оюп кирди төшүнөн,
Үкү акеңден сөз келет;
–Угуп байка сөзүнөн.
Үкү аке анда кеп айтат,
Өткөрүп сөзүн эми айтат.
–Бала эмес экен балакет,
Башымды жутту — деп айтат.

Канатың кайкы тууганда ботом,
Кан менен бутуң жууганда, ботом,
Тумшугуң ийри тууганда ботом,
Түңүлдүм эле карчыга ботом.
Ак сүтүмдү кечпеймин ботом,
Тилегиңе жетпейсиң ботом.

Үкүнүн арка жагынан,
Кеңешин кылып жаңыдан
Бөдөнө, чил бөлүндү,
Күзгү салкын болгондо,
Кыйратат келсе кыргый деп,
Ойлоп жүрөт өлүмдү.

Кыргоол жүрөт токойдо,
Кара башын катынып,
Мунун да арбын шору бар.
Карчыгадан жашынып.

Торгой менен булбулду,
Тоздуруп салды кургурду.
Жандын баарын бүлдүрүп,
Жамандык кылса бул кылды,
Каргашалуу карчыга,
Качан жанды тындырды.

Сасык үпү, күкүктү,
Айдап жүрүп үркүттү.
Тамтыгыңды кетирип,
Таалайыңды туздап сүрсүттү.

Чабалекей, карлыгач,
Учуп жүрөт зыпылдап,
Кооп кылып булар да,
Коркуп жүрөт кыпылдап.

Алар да аман калган жок,
Арзан бүлүк салган жок.
Булбул чечен сайрады,
Бул сөзүндө жалган жок.
II
Чымчыктын баары чыркырап,
Кулак тунуп чуркурап,
Илбесиндин баарысы,
Ыйлап жүрөт буркурап.

Көк моюн таан көгүчкөн,
Кайра тартпайт өлүштөн.
Ала карга, сагызган,
Араң жүрөт намыстан.

Коңкулдап ыйлап чар келди,
Чардын сөзү шар келди.
Кайрат кылып кайран чар,
Боз кушуна жар берди.

Ала дунган, көк тамак,
Айтылып өтсүн бир сабак.
Койчу кара, таталбек,
Козголуп өтсүн далай кеп.

Тоодак менен кара кур,
Болуп өткөн нечен чыр.
Боз кушунун күйгөнүн,
Баштан аяк угуп тур:
Куркулдай менен короолу,
Бурбай жечү коногу.
Кан ичердин ар канча,
Болуп жатат домогу.
Боз таркылдак, таранчы,
Кыргыйектин азыгы.
Эжеке, бээ саа, жарганат,
Эч кимге жок жазыгы.

Жылкычы кучкач жымыйып,
Кубанып турду кымыйып.
Чакылдаган чакчыгай,
Күлүп турду муну угуп.
Боз кушу келип болгон соң,
Булбул чечен сайрады,
Баштан аяк уктуруп,
Баарынын көөнүн жайлады.

–Турбайлык мындай чууга–дейт,
Кылалык кеңеш буга–дейт.
Кара жанды калкалап,
Кетелик көчүп сууга дейт.

Суу кушунун баарысын,
Көп жашаган карысын,
Талапка кудай жеткирсе,
Табайын дейт дарысын.

Суунун кушун конокко,
Жан калтырбай чакырды,
Башчысы кууну келтирди,
Кара кунас баатыры.

Боз куштан суу куш аз келди,
Өрдөк, Чүрөк, каз келди.
Жер жарылып чөп чыгып,
Бул мезгилде жаз келди.

Аңыр келди аңкылдап,
Айтып сөзүн даңкылдап.
Анын арка жагынан,
Тартар келди такымдап,
Эчки маарак, кашкалдак,
Ызгыт менен ак чардак,
Канаты жаман кара каз,
Көлдүн четин булгаган.
Куунун кылган жарлыгын,
Бул дагы эки кылбаган.

Ызгыт келди ырсылдап,
Баарынын арка жагынан,
Боз куш менен суу кушу,
Кеңешип кылды абыдан.
Булбул чечен кеп айтат,
Муңун-зарын эми айтат:
–Кел мында баатыр куу төрө,
Арзымды уккун–деп айтат.
Бүлүнгөнү кеп болду,
Бизге кыйын эп болду.
Азапты таштай катырып,
Карчыга бизди жеп койду
Ынтымакка келсеңер,
Суудан орун берсеңер.
Туугандыктын жөнүнөн,
Ушу сөзгө көнсөңөр.

Ийри тумшук курч тырмак,
Душманыбыз көбөйдү.
Суу болбосо жан калбайт,
Көрсөттү далай өнөрдү.
Суу жалгыз сенин сууңбу,
Көпчүлүктүн суусу–дейт.
Кеңешип бизге орун бер,
Суу кушунун куусу–дейт.

Куу туруп анда кеп айтат:
–Кутурбаңар–деп айтат.
Аз деп бизди кордобо,
Өзүңдү-өзүң зордобо.
Чырпык өзүн талмын дейт,
Чымчык өзүн жанмын дейт.
Каадаланып өзүнчө,
Короолу өзүн ханмын дейт.
Булак өзүн көлмүн дейт,
Көл турсун аккан селмин дейт.
Даражасын көтөрүп,
Ташбака өзүн элмин дейт.
Үңкүр өзүн үймүн дейт,
Чымын өзүн биймин дейт.
Жаман журтка туш болуп,
Чымын жүрөт чыңылдап,
Чиркей жүрөт кыңылдап.
Мунун баары жансынып,
Өз-өзүнө бармын деп.

Кузгун турат карыңар,
Буга кеңеш салыңар,
Суу менен бйрлик орунду,
Ынтымак менен алыңар.
Булбул турат чеченден,
Торгой турат эшенден,
Элге журтка эп айтып,
Куунун сөзү басылды,
Адилдик менен айтты деп,
Калктын чери жазылды.

Кузгунга жалгыз кеп калды,
Карыя кузгун деп калды.
Булбул чечен сайрады,
Калктын жөнүн жайлады.
Айтпаган кеби калбады,
Кебин журту танбады.
Кары кузгун калыс деп,
Калыстыкка алышты.
Кеп-кеңештин баарысын.
Карт кузгунга салышты.

Кузгун калды жымыйып,
“Кудай мага берди”–деп,
Элдин баары ишенип,
Иши мага келди–деп.

Булбул турат шаңкылдап,
Кузгун аба сүйлө–деп,
Бузган, бурган бузуктун,
Бузганына кирбе деп
Качып жүрүп бекинип,
Кара кунас, көк кытан,
Илегилек, чөкөтаан,
Кызыталак жырткычтан,
Кырылып кетти канча жан.

Белен жеми безбелдек,
Качпаган жеми кашкалдак,
Карап койгон жан барбы,
Биздин башты тең кармап?

Ак сакалың кузгунду,
Айдап жүрүп мыш кылды.
Кандайча бизди жаратып,
Бул мээнетке туш кылды?

Көгүчкөн менен бабырган.
Кутулбады жабырдан.

Үкү деген ыйык бар,
Тил билбеген кыйык бар.
Күндүз көзү көрбөгөн,
Өз билгенин бербеген,
Ырысы жок мына ушу,
Ынтымакка көнбөгөн.
Баласын таштап бул үкү,
Карчыганы багыптыр.

Карчыганы асырап,
Бала кылып алыптыр.
Бузганына кирбе деп,
Кузгун кирдн кеп баштап,
Кеп баштаса деп баштап:

–Миңге чыккан карыңмын,
Улууңармын баарыңын.
Бий болуучу мырзаңдын,
Мен билбеймнн аныгын.
Анык жерден уктуруп,
Айтып берсем тарыхын.

Турнаны биз бий кылсак,
Жөн жүргөндө чуусу көп,
Кырсык баштан кетпейт го,
Кууну каалап бий кылсак,
Сууга кетет чөмүлүп.
Жалгыз жанга көрүнбөй,
Жатып калат көмүлүп.
Тоодакты шайлап бий кылсак,
Бозго кетет бөлүнүп.
Көпчүлүктүн ичинен,
Бир да келбейт көрүнүп,
Мурду оңколуу сулууча,
Кара жигит ким деген?
Сурадым жөнүн силерден.
Айлыбыз жакын жүрбөгөн,
Ушу кимдин баласы?
Бар сыпатын карачы.
Бир бий болсо бул жигит,
Бий болуучу бала экен.
Сурадым жөнүн силерден.
Мен карыган билбеген,
Тааныбаймыи шону–дейт.
Укканым жок сөзүн–дейт,
Аңдап көрсөм артыкча,
Акыл-эси даана экен,
Аңдап көрчү балдарым,
Айлачыл болор бала экен.

Элге-журтка эп болсо,
Мен бийлеген кеп болсо,
Бий кылсаңар канетет?
Бийлик берип балага,
Сый кылсаңар канетет?

Кары кузгун кеп айтты,
Как ушундай деп айтты.
Өз баласын көрсөтүп,
Өрнөгү бузук кеп айтты.

Теңдикке кузгун келбеди,
Баласын сүйлөп өлбөдү.
Баласынан башканы,
Жан ордуна көрбөдү.

Кузгун курусун кеп эмес,
Бул айтканы эп эмес,
Башка кеңеш кылалы,
Жайланып жакшы тыналы.

Кузгун болсо жыйындын,
Чыгып калды четине.
Пейли бузук каткан чал,
Баласын кармап бетине.
Мунун баары жанмын дейт,
Өз үйүндө ханмын дейт.

Зордугуна көнбөйбүз,
Залимге орун бербейбиз.
Көпмүн деп бизди кордосоң,
Кепке-сөзгө келбейбиз.
Абалкы кепти өткөрүп,
Армандуу болуп өлбөйбүз.

Айыкпаган чыр турат,
Айтып өлчөөр сыр турат.
Ортобузда талашкан,
Бийлик менен суу турат.
Үмүт кылып бийликтен,
Тоодак менен куу турат.
III
–Суунун сайып башына,
Бийликти коюп кашына,
Ат жарышты салалы,
Армансыз болуп калалы.
Талашпай сууну, бийликти,
Чыкканыбыз алалы.
Учкан куштан тандайлы,
Армандуу болуп калбайлы.
Болом деген боз кушу,
Ушул сөздөн танбайлы.
Булбул чечен шаңкылдап,
Сайрап турду элине.
Эми ишенип кебине,
Келтирди ишин жөнүнө.
Суу кушунан тандалып,
Кыл куйрук чыкты камданып.
Боз кушунан кара боор,
Бу да чыкты тандалып.
Чыкканы байге алышка,
Калганы куру калышка.
Карлыгач чыкты калыска,
Айдады атты алыска.
Бузулбасын бул иш деп,
Бул иш болду дурус деп,
Албан түрдүү кеп айтып,
Булбул чечен сайрады,
Булбулдун кылган чегине.

Учкулдугу жанда жок,
Карлыгач атты айдады.
Болжогон жерге жеткирип,
Кайтарды атты алыстан,
Учкучуңар чыгыңар,
Ушу бүгүн жарыштан.
Кайра тарткан жеринде,
Кара боор капылдап:
Жел көтөрүп канатын,
Жеткирбеди зыпылдап.

Бул кара боор чыгат деп,
Чыккан сууну жыгат деп,
Кара боор чыкты деп,
Калктын баары угат деп,
Кара боордон калат деп,
Байгени боз куш алат деп,
Суу кушунун убалы,
Мойнумда кантип калат деп,
Кыл куйрук шумдук ойлонду,
Кара боорду торгоду,
–Тамак жебей карыштың,
Алыс жерден жарыштың.
Жарышам деп алыстан,
Чаңкап суусап чөлдөдүң,
Учуп жүрүп асманда,
Уйку бетин көрбөдүң.
Сен кумга конуп салкында,
Таранып жүнүң жалтылда,
Азыраак конуп дем алып,
Анан учуп шартылда.
Мен көлгө барып коноюн,
Көлдөп жыргап оңоюн,
Талыкпастан таранып,
Тамакка мыктап тоеюн.
Ага чейин артыңдан,
Карлыгач келет калыстап,
Карын тойбой жарышып,
Каржалып калдык алыстап.

Кыл куйруктун бул сөзү,
Кара боорго эп болду,
Алдатып салды куйрукка,
Аңгемелүү кеп болду.

Куйрук конду көлүнө,
Чөмүлө турган жерине,
Ойлонбой куйрук шумуна,
Кара боор конду кумуна.
Ашып-шашып кара боор,
Кумда оонап таранды,
Кандай иш кылып жатат деп,
Куйрукту суудан карады.
Караса сууда куйрук жок,
Мындан кыйын шумдук жок.
Көрүнбөстөн бөгүнтүп,
Суу түбүнө чүмүптүр,
Какеңди алдап салыптыр,
Эчак кетип калыптыр.
–Алдатып салдым итке–дейт,
Капалык түштү ичке–дейт.
Какайып учуп зыпылдап,
Кара боор барат кыпылдап,
Армандуу болуп калыптыр,
Артынан жетип барыптыр.
Байгеге жакын барганда,
Караса жакын калганда,
Кужурлуу1 жаны кашайып
Кубалап жаңдап калыптыр.
Кара боор калып калды деп,
Калыстар айтып салыптыр.
Бийлик менен сууну бүт,
Суу куштары алыптыр.
Кара боордун калганын,
Тоодак айтат арманын:
–Куу төрө бизден сууну алды.
Арылбай турган чуу салды.
Кошуп алдың бийликти,
Кылбадың оокат тирликти.

Кыйналбай мындай барышка,
Кыйын элем жарышка,
Акмактык кылып кара боор,
Алдатып ийдиң куйрукка.
Кара боор оңбоссуң,
Кайгырттың биздин жүрөктү,
Карчыга куштан кутулбай,
Канчалык кылдың дүмөктү.

Ат жарыштык арман жок,
Ал сөздө арман калган жок.
Кубанып турган кезиң бул,
Куу төрө бийлик кут болсун,
Боз куш менен суу кушу,
Ынтымак кылып журт болсун!
Ким ойлобойт айланы,
Журтка келчүү пайданы.
Буюрган ишке айла жок,
Куу төрө алдың байгени.

Таңдайы таңшып жарылган,
Чечендин баары менде эле,
Таң аткыча сайраган,
Нечендин баары менде эле,
Үнүн баспай уу деген,
Эшендин баары менде эле.
Аярлык менен алдаган,
Түлүктүн баары менде эле.
Кыргый кууса жеткирбес,
Күлүктүн баары меннде эле.
Ыгы менен сүйлөгөн,
Жүйрүктүн баары менде эле.
Сары атан салкын шамал жок,
Буйрук ишке амал жок.
Өткөн иш өтүп кетүүчү,
Өткөн иш келер заман жок.
Өзүм барбай жарышка,
Мага бул иш чала дейт.
Дагдырга барба чара дейт.
Бийлеттим кууга башымды,
Алдырдым өлөң сазымды.
Карчыга менен ылаачын,
Сурамак болду жашымды,
Калтырып кеттиң бийликтен,
Турна деген тазымды.
Бир иш өтүп кеткен соң,
Куу максатка жеткен соң,
Көөнүң келсе бий кылгын,
Каркылдап жүргөн казыңды.
Арманын, муңун калтырбай,
Айтып тоодак басылды.
Кара жаны калбады,
Кара боорду каргады:
Кара боор оңбогун,
Катсын таштай бооруң.
Жарышка салган башыңда,
Арбын го менин да шорум.
–Айыкпасын ооруң–дейт,
Карарып калсын бооруң–дейт.
Кыска болсун күнүң–дейт,
Кызыл кум болсун жериң дейт.


Кыргыз