Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

ТЕЛИБАЙ ТЕНТЕК (Жомок)

Мурунку өткөн заманда
Дадаңбай деген бай-болгон,
Баласынын жогунан,
Бала деп тилеп зар болгон.
«Куубаш Дадаң» деген сөз,
Дадаңбайга ар, болгон
Ыйлап жүрүп бала деп
Арман менен күн, өтүп,
Арасынан бир, катар,
Алда канча жыл өтүп,
Капалык бар сөзүңдө,
Карып кеткен кезинде,
Бала көрдү Дадаңбай.
Арманы калбай өзүндө.
“Балам аман жүрсүн деп,
Аман жүрсө балам–деп,
Баладан тынды санаам”–деп.
Эр жеткенде Телибай,
Акылы жок жан болду.
Балам жинди болду деп,
Дадаңбай буга дал болду.
Балдары малга ээ болду.
Баарынан Телибай дөө болду.
Эс-акылы жогунан,
Дөө болгону кээ болду.
Эки агасын Телибай,
Малга-жанга ээ кылбай
Малым бар деп ойлобой
Бир айткан кебин эки айтат,
Дадаңбайды мээ кылат,
Малдын, жандын баарына,
Жалгыз өзүн ээ кылат.
Түк жебестен этинен
Түгөтүп кирди четинен.
Аз күн өтүп арадан,
Малдын баарын түгөттү,
Тоого алып барып бир далай,
Бөрү, жору тойсун деп,
Балакетти баштады,
Малдан жарып таштады.
Арадан канча күн өттү,
Күнгө аралаш түн өттү.
Акмактык кылып Телибай,
Агаларын жүдөттү.
Баштагыдан беш бетер,
Акыл-эстен айрылды.
Талатып малын түгөтүп,
Акыры өзүн кар кылды.
Капа болуп атасы,
Камыгып ыйлап кайгырды.
Кармаар малдан түк калбай,
Телибай такыр айрылды.
“Балам жинди чыкты”–деп,
Күйүп жүрүп чок болуп,
“Багуучу балам жииди”–деп
“Шайтанга болду минги”–деп
Жалгыз эмес Телибай,
Жана бар эки агасы.
Телибай тентек шок болду,
Эс-акылы жок болду.
“Оңолуп кетер балам”–деп,
“Баладан тынбайт санаам”–деп,
“Кудуреттин ишине,
Барбы менин чарам”–деп.
Молдого берип окутсам,
Жиндилиги калар–деп,
Тентектиги жоголсо,
Анан тилимди алар–деп,
Атасы менен энеси,
Баласын алып ортого,
Телибайды жетелеп,
Алып барды молдого.
Атасы Дадаң кеп айтат:
— Ай, молдоке! деп айтат,–
Балам тентек болду,–деп,
Бир айтпастан көп айтат
Оң айткан сөзгө тил албайт,
Иштин жөнүн биле албайт.
Бузулду балам жоругу,
Бузуктук кылбай жүрө албайт.
Бүткөн ишти бүлдүрөт.
Элдин баарын күлдүрөт.
Өзү билбейт кумсарып,
Отурбайт үйгө тынч алып.
Айланайын молдоке,
Жалгыз балам ушу эле,
Жалгыз деп жазып айтпаймын,
Улуусу мындан кыз эле
Кызымды бердим күйөөгө,
Айлымда жакын бирөөгө,
Тентек болду бул балам,
Бала үчүн менин убарам.
Бул баланы окутуп,
Тентектигин тыйып бер,
Айткан тилиң албаса,
Аябай мыктап уруп бкр!–
Телибайды тапшырып,
Молдонун берди колуна.
Катынын Дадаң ээрчитип,
Кайта басты жолуна.
Молдо туруп кат жазып,
Кат жазганда бат жазып.
Алды калем колуна,
Алиппе деп ат жазып,
Телибай тентек баласын,
Табайын деп чарасын,
Телибайдын колуна
Берди окутчу кагазын.
Молдого Телибай тил албайт,
Тентек кылбай жүрө албайт,
Молдо ойлойуп баланы,
Не кыларын биле албайт
Молдо айтса, терс айтып,
Молдонун жанын күйдүрдү,
Айрып, жыртып бир канча
Дептерин да бүлдүрдү.
Зерикти молдо Телибайдан,
— “Кеткин,–деди,–бу жайдан!”..
Телибай кайтты үйүнө,
Жини арбыды күнүгө.
Телибай деги чыдабайт,
Тентектик кылбай жүрүүгө.
Келе жатса жолунда,
Келтеги бар колунда.
Телибайдын сөзүнө
Кулагың тунат сонунга.
Бир топ бала ойношуп,
Жүрүптүр музоо кайтарып,
Телибайдын өзүндө
Коркуу жок жандан жалтанып,
Байкап басып озунду,
Балдарга келип кошулду.
Мал кайтарган балдарга,
Көрсөтмөк болду жосунду1.
Мен Телибай тентек деп,
Балдарды уруп келтектеп,
Балдарды уруп кыйратты,
Баштан аяк ыйлатты.
Айдап алды музоосун,
Ал балдарга бербестен,
Бул музоо меники–деп,
Теңдикке Телибай келбестен,
Музоону салып алдына,
Телибай келди үйүнө,
Музоону баккан балдардын,
Жооп айтпайт бирине,
Музоону Телибай жыйнады,
Токмоктоп уруп кыйнады.
Бул кордукка чыдабай,
Кайтарган балдар ыйлады.
Телибай тентек музоону,
Токмоктоп уруп сойду деп,
Музоонун баарын алып барып,
Туюкка камап койду деп,
Ыйлап барды үйүнө.
Балдардын баары чуркурап,
Энесине барган соң,
Жаңырып ыйлайт буркурап.
Атасы буга кайгырып,
Музоосун берди балдарга.
Телибай тентек ызалап,
Ыйлап келген жандарга,
Музоодон калган түңүлүп,
Балдар кайтты сүйүнүп.
Айдап алып музоосун,
Айлына барды жүгүрүп.
Бир топ жоон күн өтүп,
Күнгө аралаш түн өтүп,
Ал-аңгыча болбоду,
Дадаңды ажал торгоду.
Кесел болуп нечен күн,
Акыретке жөнөдү.
Телибай тентек тескери,
Айткан сөзгө көнбөдү.
Көптөн бери Дадаңдын
Өз колунда малы жок,
Баласы жинди жаны жок.
Мал табарга алы жок.

Кембагал Дадаң өлгөн соң,
Кепин кылар бөзү жок.
Телибайдын энеси,
“Балам”–деп буга кеп айтат,
“Атаң өлдү келбейт”–деп,
“Айласын кылгын”–деп айтат.
“Кайрылып келбейт атаң жок,
Кепин кылар матаң жок.
Кантип муну көмөбүз?
Мындан башка капам жок.
Эчтеме менен оюң жок,
Конокко соёр коюң жок,
Салпайган жинди кунуң жок,
Сатып алар булуң жок.
Кантип жерге жашырам,
Кара жанда тыным жок,
Эч болбосо үйүндө,
Челпек1 кылар унуң жок.
Элеңдебей жүгүрүп,
Эжең жакын, барып кел,
Кепин берсе, кечикпей,
Ылдам барып алып кел.
Акыл салып кеп айтып,
Атаң өлдү деп айтып,
Эжеңе кабар салып кел,
Эки агаң мында көр казсын,
Кантип булар тим жатсын.
Ылдамыраак барып кел.
Эмне берсе алып кел! —
–Энеке макул болот деп,
Телибай кетти жүгүрүп,
Эрте өлгөн бир жан деп,
Атасынан түңүлүп.
Эжесине барды далдаңдап,
Телибай тентек кеп айтат,
–“Арманың барбы эжеке?
Атаң өлдү”,– деп айтат.
Эжеси туруп ыйлады,
Элинин баарын жыйнады.
Атаң өлдү дегенде,
Ыйлабай чыдап турабы.
–“Мен келдим эже өзүңө,
Кулак салгын сөзүмө.
Энем сага жиберди,
Алып кел деп силерди,
Конокко соёр кой сурап,
Челпек кылар ун сурап.
Кеңеш кылып кеп сурап,
Кепин кылар бөз сурап,
Энем мени жиберди,
Берсин деди силерди.
Берериңди камдагын,
Бүгүн түштөн калбагын.”
Айтып сөзүн угузуп,
Телибай турду темселеп,
Бачымыраак, кетсек деп,
Айтып турду энтелеп.
Эжеси анда кеп айтат,
– Азыраак токто–деп айтат–
Сарамжалын бүтүрүп,
Санжап1 кылып күтүнүп.
Койду саап алайын,
Сураганың берейин,
Койду саап болгон соң,
Өзүң менен жөнөйүн.
Азыраак сабыр кылгын деп,
Баланы ала тургун деп,
Баласын берди колуна.
Байкагын сөздүн соңуна.
Эмчектеги жаш бала,
Алар замат ыйлады,
Токтобостон көп ыйлап
Телибайды кыйнады.
Ыйлаганы арбыды
Телибайды мээнет чырмады,
–Басыл-басыл бөбөк деп,
Баланын башын сылады.
Сылап көрсө баланын,
Былкылдап турат эмгеги,
Башка сөзгө келбеди,
“Ыйлабаптыр бекер”–деп,
“Ириңдеп калган экен”–деп,
“Аман болсо бөбөгүм,
Мындан айгып кетер”–деп,
Телибай тентек шашпады
Балакетти баштады.
Баланын мээсин “ириң” деп,
Алып жерге таштады.
Мээсин чукуп алган соң.
Өлүп калды баласы.
Акылы жок Телибайдын,
Акмактыгын карачы,
Тынчып уктап калды деп,
Ойлоп калды санаасы.
“Санжап–тактап деген сөз.
Өлбөй бала калабы?
Өлөр жерде жарасы.
Ал аңгыча эжеси
Малын саап бүтүрдү.
Малын саап болгон соң
Бармак болуп күтүндү.
Телибай тентек кеп айтат:
Эжесине эми айтат:
–Ириңдеп башы калыптыр,
Ириңин алдым –деп айтат,
Акылсыз эже билбейсиң,
Жарасын байкап жүрбөпсүң.
Жаман эже билбепсиң,
Жакшылап байкап жүрбөпсүң.
Мына береги жара –деп,
Жарасын эже кара–деп,
Ириңин алып салган соң,
Уктап калды бала–деп.
Эжеси алса баланы,
Эчак өлгөн жаны жок.
Жаны кеткен балада,
Бетинде кызыл каны жок.
Телибай түпкө жеттиң! деп,
Тентек ит турбай кеткин–деп,
Убалыма калдың–деп,
Уят кылып салдың–деп,
Эжеси ыйлап бакырып.
Эли-журтун чакырып,
Телибайды кудай урду деп,
Темтейип карап турду деп.
Түбүмө Телибай жетти деп,
Жетпегенде нетти?–деп,
Түрү суук түгөнгүр
Түгөтүп таштап кетти–деп,
Балама кылды кесир–деп.
Балакетти кетир–деп,
Жаш баламды өлтүрүп,
Барбеле менде өчүң?–деп.
Кейип ыйлап сөз айтып,
Кепин кылар бөз берип,
Челпек кылар ун берип,
Конокко соер кой берип,–
“Буларды берип колуна,
Телибайды салды жолуна.
Теитек Телибай не кылат?
Байкаңар сөздүн соңуна.
Жетелеп кою колунда,
Келе жатса жолунда,
Алдынан бөрү жолукту,
Акмак Телибей оолукту.
“Чубалжык куйрук, көк чунак,
Бул кудайдын ити”–деп,
“Ити менен кудайдын
Эч кимдин болбойт иши”–деп,
“Жолумдан тосуп жүрүптүр,
Келеримди билиптир,
Кудайдын ити күлүкпү?
Менин коюм күлүкпү?
Билейин койдун чамасын,
Табайын иттин чарасын.
Көрөйүн койдун өнөрүн,
Жарыштырып көрөмүн.
Коюмдан бул өтпөйт–деп,
“Өтмөк турсун жетпейт»–деп,
Бөрүгө коюн жиберди,
“Сынайын” деп “силерди”,
Кою кетти колунан,
Бөрү кууду соңунан.
Каргашалуу Телибайдын.
Келеби иши оңунан?
Жеткен жерде карышкыр.
Койду басып жеп алды,
“Бүгүн жолум болду”–деп,
Тоого барып дем алды.
Жана Телибай жүгүрүп,
Азыраак жолго барганда
Айылына жакындап,
Арасы жакын калганда,
Казандай кара кудукту,
Көрө салды көз менен,
Сүйлөп турду сөз менен:
“Кудайымдын казаны,
Куру кайнап туруптур,
Көргөн, билген адам жок,
Көптөн бери куруптур.
Унду буга салыш–деп,
Чалгыч менен чалыш–деп,
Ашты кылып бүтүрүп,
Анан үйгө барыш”–деп,
Эчтемесин калтырбай,
Кудукка унду салыптыр.
Агаласын кетирип, ‘
Чалгыч менен чалыптыр.
Азыраак болуп калды деп,
Армандуу болуп калыптыр
Андан өтүп Телибай,
Көп камышка барыптыр,
Шамал тийсе камыштар,
Нары бери ыргалат.
Алгандын баарын жоготуп,
Акмак Телибай кур калат.
“Мен көрбөпмүн башынан
Өтүүчү элем кашынан.
Кур жүгүнүп туруптур,
Кудайымдын келини.
Алып келе жатканым–
Атамды ороор кепини.
Келинге кылып бүркөнчөк1.
Табайын мунун эбини2
Буга байлап өтөм–деп.
Тартынганым бекер–деп.
“Бүркөнчөк байлап өтпөсөм,
Таарынып келин кетер”–деп
Айрып алып бир баштан,
Байлап жатат камышка,
Телибайдын ою жок,
Тартынып мындан калышка.
Баарын байлап бүткөн соң,
“Жарашып калды келин”–деп,
“Ушу кылган жумушум,
Кеткени жок тегин”–деп.
Акылсыз, акмак Телибай,
Акмактыгы билинип.
Атасынын кепини
Камышка калды илинип.
Адамда мындай заң болбойт
Телибайдай акмак жан болбойт.
Энесине барбастан,
Эч кимдин тилин албастан,
Жакшы айткан сөзгө көнбөстөн,
Атасын келип көмбөстөн,
Телибай жинди темтейип,
Талаадан качып жоголду.
Минтип жургөн Телибайдын,
Иши кайдан оңолду.
Акылы жок ордунда,
Атанын акы мойнунда.
Агалары күтүнүп,
Көрдү казып бүтүрүп,
Карап турган кезинде
Уят жок Телибай бетинде
Эчтемени ойлобой,
Жетип барды кечинде.
Туруму болбойт сөзүндө,
Уяты жок өзүндө.
Анын арка жагынан,
Эжеси барды алсырап,
Атасынын үстүнө,
Баласы өлүп кансырап.
Эл жыйналып келишти,
Кошумча жардам беришти.
“Тапканыбыз ушу”–деп,
Дадаңбайды көмүштү.
“Бул Телибай оңбойт”–деп,
“Дегеле адам болбойт”–деп,
“Акыры бизди жок кылат,
Анан бизди койбойт”–деп,
Телибайды алышты,
Алыс жерге барышты,
Кийимин дырдай чечтирип,
Жылаңачтап салышты.
Агалары мындай дейт:
“Тоого чыгып барабыз,
Томкоруп алтын алабыз,
Бай болуп жыргап калабыз,
Алтын алып кулатсак,
Алтын келет жаркырап,
Кучактап кал алтынды,
Карап турбай алсырап.
Карап тургун көргөндө,
Кучактап кал келгенде.
Байкап тургун көргөндө,
Басып калган келгенде
Телибай буга ынады,
Келгенде карап турабы,
Агалары барышты,
Отунду арбын алышты.
Казандай ташты чок кылып,
Аябай отту жагышты.
Өлтүрүүгө Телибайды,
Кептери бүтүп калышты.
Кызарып таш ысыды,
Жаккан отун көп болуп,
Төбөңдөн тийген Телибай,
Өз тууганга жек болду.
Таш кызарып болгон соң,
Көңүлүнө толгон соң,
Телибай деп чакырды,
Токтобостон бакырды.
–Акылы жок ит элең,
Аянып мындан калба–деп,
Таш барып түзгө барганда,
Басып калды кучактап,
Акмактыгын мындан бил,
Аяныч жок кылчактап,
Териси ташка жабышты.
Тентектин эбин табышты.
Анда Телибай кеп айтат:
Аянбаймын деп айтат–
“Эки акем мында келгинче,
Эрдигимди көргөнчө,
Ыркырасаң, ыркыра,
Шыркырасаң, шыркыра,
“–Эрдик кылар салтым”–деп,
“Коё бербейм алтын”–деп,
Күйүп жатып жан берди,
Акмакты мындай ким көрдү!


Кыргыз