Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЗОНАДАН КӨЧҮРГӨНДӨ

Чернобылдан көп чакырым ыраакта
Кыштактар бүт көчүрүлүп, бирок да
Көчпөй, жалгыз кала берген кемпирди,
Келишти издеп, өткөн кезде бир апта.

Селт дей түштү кыштак эпкин ургандай,
Бул келишти жакшылыкка жоруган.
Жалбарганы үйлөр араң тургандай,
Ар кимисин “Кир!” деп тартып колунан.

Ал гана эмес, айланада турушкан,
Талаа, чөп, бак сагынычтан бир башка,
Белен өңдүү “Кетпе?” деп баш урушка
Же жөн эле аягыңа кулашка.

Ар бир үйдө ар бөлөкчө чектелүү
Айрылуунун аянычтуу кайгысы.
Кээ бирөөнүн огороддо кетмени,
Же чөбүндө калып сайган айрысы.

Жайган кирлер калган жипте, тартылуу…
“Не болду?” деп, түңүлбөй да түңүлүп,
Каректери–терезелер аркылуу,
Үйлөр ээсин издегенсийт, үңүлүп.

Карбаластап шашып колдон түшүргөн,
Жол четинде жоолук жатат бир бүктөм,
Саймаларын тиктеп туруп түшүнөм,
Бир жароокер жан аркылуу бул бүткөн.

Майдын жаркын майрамына атайы
Даярдаган кыштак, чаңы-кири жок…
Ит, мышыктар боло түшкөн жапайы,
Көчөлөрдө каңгып барар жери жок.

Кемпир да жок мейли тышта мейли үйдө,
Эч ким билбейт өлүүсүн же тирүүсүн.
Чөпкө түшкөн ийне мисал, кең дүйнө,
Жоготконбу тирүүлүгүн бир үзүм?

“Тапкыла!” деп буйрук катуу жазылган…
Табышты анан чак-чарчашып бүткөндө.
Көрсө, кирип жер кепеге жашынган,
Бурчка барып, өңдөнүп бир бүктөмгө.

“Өлсөм өлөм, бирок барбайм эч кайда!”
Туруп алды кемпир таза көшөрүп.
Айтты бири, бүткөн үчүн башка айла:
“Жеткирели машинага көтөрүп!”

Кемпир эми боздоп кое бергени:
“Мен бул жерде жетимиш жыл жашагам.
“Пелагея”–деп чакырып Жер мени,–
Кетпе, биздин тагдырды бир жасаган!”

Ай аттиң ай, жанга кандай жараттуу,
Тууган жерден минтип күчтөп көчүргөн,
Тирүүлүктүн тизмесинен Жер аттуу,
Окшоп сени түбөлүккө өчүргөн!

Ар бир ууч топурагы ал жердин,
Аталардын кан, терине жуурулган.
Сен көктөгөн тамырды да ал берген,
Эмне болмок эгер болсо суурулган?!

Көчүү болбос мынча муңдуу-кайгылуу,
Тагдыр өзү ар бирөөгө бөлүнгөн
Тапса ылайык тууган жерден айрууну,
Ал оболу–сакташ үчүн өлүмдөн.

Чаң-тополоң, мындай апат чактарда,
Шашып калып адамдардын акылы,

Көп соктугат өйдө-төмөн жактарга…
Пелагея макул болду акыры.

Берилбесин билип убак көп буга,
Боздоп ыйлап үйүн чыкты айланып.
Жетип барып, маңдайынан өптү да,
Агытты итин, турган ары байланып…

Кайда көчөт: жакын жерге? Алыска?
Кайра экинчи кайрылбасын түшүнөт.
Болбойт үйдөн буюм-тайым алышка,
Короо-жайга жүгүндү да үч ирет,

Жөнөй берди… Үй-бүлөдөн өзү эле,
Бир жыл ашкан, абышкадан айрылган.
Эки бирдей уулу–кара көзү эле,
Жоого аттанып, жок кайтара кайрылган.

Жол келатып көзүн албайт айлынан,
Аппак тамдуу, дүкүйгөн бак-дарактуу.
Күкүк окшоп, Зейнебинен айрылган,
Ыйлап-сыктап, какшап-сайрап баратты:

“Балдар, көрчү, бак-дарактар гүл ачып,
Каяктадыр куштар сайрап безилдейт.
Ан үстүнө асман тунук, күн ачык,
Жерде деле кырсык бары сезилбейт.

Силер эле кыйнап-кыстап көчүүгө…
Барам эми жанымды алып мен качып.
Күрөң уюм ким саайт эми кечинде,
Тоокторго ким суу берет, жем чачып?

Калып барат токой, талаам шиберлүү,
Коштошподум, бет алдынан бир өтүп.
Кагылайын короо жайым, силерди
Сагынганым мени сорор түгөтүп!

Дүйнө неге мынча таш боор курулган,
Кээде ыйлайсың тагдырыңа өпкөлөп.
Тамырларым, тууган жерден суурулган,
Тынбай сыздап ооруп жаным жеп келет.

Азыр мезгил атом менен жан алек,
Бул бир бүтпөс азап болду дүйнөлүк.
А биз эмне? Жай бир жаткан эл элек,
Эгин эгип, соко менен күн көрүп…”


Кыргыз