Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЖОЛДО

Калтырып Чернобылды, келем качып,
Качкандай жан алгычтан, мени жечү.
Калды деп, кылчактабайм, жаным ачып,
Аттиңай, бул не деген аша кечүү?!

Түн болуп түнөрдү да калды калаа,
Бир жан жок, аңгырап бош үйлөр, көчө.
О чиркин, анын даңкы–калкы кана,
Дүңгүрөп, ага сыйбай жатчу кечээ?

Кайдадыр калды калаа улутунуп,
Жүрөгү, жаткан азыр алдас уруп
Тып этип кокус токтоп калган өңдүү,
Же бирөө алган окшоп андан сууруп.

Ээн жай…
Жалгыз шашып келем жолдо,
Чоочулап жалбырак, суу жана желден:
“А кокус, жашырынып жаткан болбо,
Ажал сен, Чернобылдан качып келген?”

Ал түнкү ажал менен кармаштарда,
Турмушта, бар болгону бир берилген
Жанды да АЭС менен алмашканга
Кебелбей, көздү жумуп бара билген.

Уландар уктап жаткан мүрзөлөрдүн
Үстүндө бирден таш бар атын жазган:
Акырын, былк этпестен туруп көргүн?”–
Деп сенден сурангансыйт жакын барсаң.

Айлана, туш-тараптын баары дарак,
Алар да аза күткөн өңдөнүшүп
Турушат, баш көтөрбөй, жерди карап,
Ан сайын зырп деп сенде жүрөк үшүп.

Күн аптап, келем суусап, каным катып,
Жанымда тең жарыша аккан дайра,
Кангыча жутсам деймин, кулап жатып:
“А кокус, ажал болсо?”–Качам кайра.

Ар жагым, бер жагымда алча батпайт,
Тизилип сабагында мөмөлөрү.
Алар–уу. Аларды эми адам татпайт,
Ачык иш, жылда бышып, жөн өлөрү.

Анан да гүлдөр батпайт–жашыл, кызыл,
Уккансыйм: “Кел, кайрыла кет?” дешкенин,
Же күлө карашканын, көзүн кысып,
А мага күнөө өңдөнөт–беттешкеним.

Жададым… Кагылайын о тууган жер,
Мен эми сенден безип барам кайда?
Мейли эле жылдыздан жер табылса эгер,
Бирок жок… Барбы башка табар айла?!


Кыргыз