Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЖОГОЛГОН ДҮЙНӨ

Катуу кейип кайттым бүгүн форумдан.
Көз алдымда адамзаттын тукуму–
Жашоонун асыл дастаны,
Табияттын улуу, бийик ойлору,
Жердин бизге энелик ыйык сезими,
Баары-баары жаткансыды кордолуп,
Тебеленип-тепселип,
Адамды жек көрчүлөрдүн
Аягынын астында…
Жан далбастуу чыркырашы алардын,
Кулагымда туруп алды жаңырып.
Ар бир жолу чок баскансып таманым,
Ыргып турам, куурула түшүп заманым…

Анткен менен,
Жашоодогу жаңырууну, кыймылды,
Же андагы адам табиятынын
Кандайча болуп өнүгүп,
Кай багытта кетип бара жатканын
Байкай албай, аларга баа бералбас,
Же болбосо, ой менен чалгын чалалбас,
Сезими сенек жан эмесмин мен бирок.
Ошондуктан, булардын да сөзүнөн
Акыйкаттык табам мен:

Бизге түтпөй, көзөлдү асман түптөрү,
Анда оюлуп калган “Кара тешиктен”,
Коркунучтуу да бир өлүм тиктеди.
Ядро кышы калганыбы жакындап,
Карга көктө көп айланат каңкылдап?…
Жүрүп жаткан ар бир атом сыноосу,
Асманга учуп, тонналаган чаңды алып,
Аны менен күндүн көзүн чылк чүмкөп,
Ал аңгыча куюн ойноп, от бүркөт,
Анткен сайын “солк” дей түшүп жер шары,
Да канчага ал түтөт?!.

Барган сайын соолуп, калбай бараткан,
Кара тиги Байкал менен Аралды.
Же болбосо Ысык-Көддү береги?
Алар үчүн болгон ким бар аралжы?
Адамзатка жок беле же кереги?!
Кайда барба, кайсы жерге токтобо,
“Ай адамым, аячы, жан соога?” деп,
Кулагыңда боздоп турган жер үнү…

Кээлер санап Хеопса пирамидасын–
Таштан бүткөн библия менен байыркы
Түшүнтүшөт жерде турмуш кыйрашын.
А башкалар Волдбен же Мерлинди
Барк-кадырга алып эки миңинчи
Жылды айтышат, жок болот деп Жер, Күндү.
Айтор азбы “Асанкайгы” дегендер
Аш ордуна жалаң санаа жегендер…

Бирок менин келише албай турганым;
Боло туруп өзү адам,
Адам аттуу боордош бир тууганын
Өлүмгө ыраа кыйганын,
Калбагандай такыр эле ыйманы?
Макул дейли, анда жерде ким калат?
Же болбосо кайдан келет кишилер,
Алар жана “адилет”, “калыс” атаган?
“Келет,–дешет,–башка планетадан”.
Кайдагы планетадан?

Талашында ойлордун,
Качан көзүм илингени жок эсте.
Баары жарк-журк,
Баары тарс-күрс бир кезде,
Жаңырыкты жаңырыктар сүрөдү,
Асман кулап бир тийип,
Үзүлгөнгө окшоду жер жүрөгү.
Дүйнө түгөл кыйрады да,
Бүт пейзаждан калды жалгыз түн эле.
Аңгыча өрт,
Аалам өрт.
Чөп, суу, дарак, таш-кум атын алгандар,
Кыштак менен калаалар,
Кастык жана ач көздүк,
Арамдык, жүзү каралык
Баары аралаш күйүп жатты шатырап.
Жалаң өлүк, өрттүн гана дүйнөсү,
Крематрий дүйнөсү!
Жарыгынан айрылып,
Тозок отко куйкаланган куу дүйнө!
Трагедия маршы жатты жаңырып…
Өрттүн соңу жалын болду кып-кызыл,
Өзүн карай оп тарткан.
Жеткенсиди кечиккен бир ой арттан:
“Бул–Чернобыль!”
“Жок, бул–атом согушу!”
“Ядролук омницид!”
Болмок эле, болгон экен акыры.

Ал аңгыча жаап түшө баштады,
Айрык-айрык, үзүк- үзүк денелер,
Адамдардын колу, буту, көздөрү,
Жиликтердин сыныгы.
Аңгыча бир лыптама,
Да бир нерсе кулап түштү күрс этип,
Карай салсам, кыздын бир жак колу экен,
Жумуру, ак, назиктигин айтпагын!
“Ай аттиң ай бул кимдики болду экен?
Балким, менин сүйгөнүмкү болбосун?”
Билейин деп, сылап көрсөм акырын,
Муз менен таш жөн эле,
Чоочуп, кайра тартып алам колумду.

Кайда болсо учуп жүргөн далбактап,
Өлүмдүн кара канаты.
Жеңишин сезип ал бүгүн
Салтанаттуу өтө эле.
А мен мында куйкаланып баратам,
Ичте, тышта болгонумдун баарысы,
Күйүп бүтүп, кулап жатат күрс этип.
Кум ичинде токтогон тамчы суу окшоп,
Анда-санда жылт эте калат ойлорум:
“Тийген күндүн көзүн чукуп алдык да
Турмуш менен бир кошуп,
Сугундук элек, кулап кетти бүлк этип,
Өмүрү тоюп көрбөгөн биздин кулкунга…
Баягы Хиросимада,
Адамдарды атом жерден көтөрүп
Кеткен кезде булуттардан өткөрүп,
Эң акыркы жан далбасы алардын,
Калаадагы асфальттарда, дубалда
Мөөр болуп басылып калган дешчү эле,
Биз да ошондой болдукко?!”

Бир оокумда мезгил чарт деп үзүлүп,
Томуктай бир жер минип,
Зымырап кулап бараттым.
“Алпаратат мени тигил дүйнөгө?
Андай болсо, мен эмне үчүн тирүүмүн?
Капырай я, биз жек көргөн өлүмдүн
Колу кандай жумшак жана жагымдуу,
Анча деле кыйнабайт алат турбайбы?!
А каякта менден башка өлгөндөр?
Же бул жакта жүрөт бекен жалгыздан?

“Бейиш” болот, “Тозок”, болот дечү эле,
Каяктамын мен азыр?
Атаң көрү, табият,
Адамына өмүрдү кандай аз берген,
Ортосунда башка эч нерсе жок сындуу,
Билем жалаң төрөлгөндү, өлгөндү.
Тирүүлүгүң болбогон бир дүйнө экен,
Алдамчы да, жалганчы,
Баарынан чоң арманым,
Үмүт алып келип турчу дайыма
Күндөрдү көрбөй калганым…
Эч болбосо жарык дүйнө менен да
Кош айтыша албадым,
Алааматта бул жалпы,
Эч ким ага,
Үлгүргөн да эместир?..

Көрсө, баары күтүлбөй келет турбайбы!
Муну ойлосом, каңырыгым түтөйт да,
Ичим жаман туз куйгандай ачышат.
Кайран дүйнө,
Кайран жарык,
Кайран жер!
Кыштактары, калаасы,
Жолдору менен дүңгүрөп,
Асмандагы Ай, Күнү,
Жылдызы менен шаңданчу!
Кайда суулар,
Күр-шар түшүп, жээгин чайып жатуучу?!
Кайда жана гүл жамынган талаалар?!
Биз, адамдар, кенебей, сезбей олтуруп,
Бул өлүмгө жылып келген экенбиз.
Жашадык деп, бирок уктап жүрүпбүз,
Сезимди майга бастырып…”
Ал аңгыча аркамдан,
Кулагыма шаңк дей түштү ачуу үн.
“Эмине болуп кетти” деп,
Жалт бурулсам, о тобо,
Мүрзөлөрдөн тура-тура калышып,
Ач арбактар,
Жалаң сөөк денелүүлөр жыйналып,
Мени көздөй келатышат кезенип,
Шагырап сөөк колдор, сөөк буттар,
Көздөрү жок, көз ордунда оңурайган тешиктер,
Кагыраган куу баштар…

Ызы-чуудан араң угам сөздөрүн:
“Биз болсо, өлдүк ажалдан,
А силерге не болду?
Жер канакей, биз силерге калтырган?
Турмуш кана, биз силерге ишенген?”
Келатышат мени тытып жегени…
Качар жер жок,
Коргонууга арга жок,
Жалдырап кое беремин,
“Аягыла?”,
“Өлтүрбөгүлө?!”
“Жан соога!”

Бир оокумда арасынан алардын,
Көрөм тааныш Сократты баягы,
Жан соогалап аны көздөй умтулам
Ал суз карап, жактырбастан мындай дейт:
“Мен силерге атайылап эскерткем,
Напсиңерди тыйгыла,
Сак болгула өзүңөргө, жерге” деп,
Бирок такыр албапсыңар аны эске…
Тартмакчыбыз ошондуктан биз сени
Каалагандай жазага!
Кана эмесе, кармагыла, алгыла!”

Жабалактап мени беттеп келаткан
Арбактардан коркконума чыдабай,
Эки көздү чылк жумуп,
Эңгиреп ыйлап киремин
Ага берет, ага берет көз жашым.
Бир убакта карасам,
Дүйнө жүзү жалаң сууга айланган.
Эске кылт дейт:
Бул баягы “Акыр заман!”, “Топон-суу!”
Мына эми сууга чөгө баштаймын,
Улам-улам төмөндөп.
Мойнумдан ашып, башыма жетип барат суу.
Энтигем,
Жан далбастайм,
Энтелейм…
“Өлдүм, кокуй!”


Кыргыз