Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. СОКРАТ МЕНЕН

Өңүм тургай, түшүмдө да көрбөгөн,
Такыр чоочун бирөөнү,
Көз алдыма койду апкелип элесим.
Бирок анын тышкы түрү-түсүнөн
Бир оңтойсуз шартта турдум мен өзүм.
Батыналбай туруп, анан сурадым:
–Ким болосуз?
Кай тараптан келесиз?
А дегенде үшкүрүнүп алды да,
Да бир кадам жылды менин алдыма.
–Ээ, садага,
Сократмын мен эң эски,
Балким уккан чыгарсың,
Тарых деген илим болот эмеспи,
Музей окшоп, өткөндүн баарын сактаган?
А мен келем, кулак угуп, көз көрбөгөн жактардан,
Тагдырым сүйрөп алпарган
А дегенде, кадимки эле түрмөдөн,
Анан… тигил дүйнөдөн.
Жердин үстүн барып байкап келчи деп,
Мүрзөм мени аз убакка жиберди.
Тобоо кылам, арадан миң жыл өткөндө,
Көргөнүмө кайра айланып Күн, Жерди.–

Менин аң-таң болгонумду сезди да
Кайра сөзүн улады:
–Кээде турмуш байлайт акыл-эсти да,
Мен бир кезде адамдарга алдаткам,
Азыр эле моюндашып өбүшүп,
Анан союп кетүүчү,
Караңгыда чыга калып ар жактан.

“Аттиң ай, дейм ичимен,
Сан кылымга дүңгүрөгөн атагы,
Ушунчалык жаны көрктүү адамдын
Тышкы түрүн жаратууда табият,
Неге мынча кетирди экен катаны:
Мурду кетик,
Түйрүк эки эрини,
Толук жана сүмбө-сүйрү денеси,
Чабылбай да жонулбай,
Чала-була бүткөн өңдүү элеси.
Анан дагы аз келгенсип башкасы,
Башынын айт, ай тийгендей кашкасы…

Эски плаш, үстүндөгү кийгени,
А бутунда, жамаачылуу тапочка.
Баарынан көп таң калтырган бир жери–
Азыр мени тиктеп турган көздөрдүн
Талаадагы жаккан оттой күйгөнү.
“Ошолор,–деп ойлодум,
Глобустай тегереткен дүйнөнү!”.

Ошол кезде селт эткендей болду да,
Менин оюм тапкан өңдүү сүйлөдү:
–Сиз анчалык кысталбаңыз түрүмдөн,
Таң калбаңыз үстүмдөгү кийимиме.
Мен турмушта болгом дайым ушундай,
Жүрө берип эмне түшсө ийиниме.
Чындыгында анча деле жакшы эмас,
Ыңтайлуубу, жокпу билбей өзүнө,
Кийим кийген башкалардын көзүнө.

Тирүү кезде жашоо сырын көп билдик,
Кийим деген–убактылуу көрк гана,
Сулуулук да–
Падышалык беш күндүк.
Кошорум бул дагы кийим жөнүндө:
Кээ адамдар жакшы киет атайы,
Жашырууга арамдыгын көңүлдө,–

–Билсем, деймин шарты келип турганда,
Дүйнөдөгү философдун баарынан
Акылман деп жалаң Сизди айтышат,
Аны дешип, бийик тагдыр даарыган…
Сиз өзүңүз буга кандай карайсыз?–
Сылык-сыпаа жооп берди ал буга:
–Ишенбеңиз,
Анын баары натуура,
Акылман деп бир гана
Мезгилди болот айтууга.–

Алдыртадан байкап турам мен аны,
Ойлуу, токтоо карашы.
Жанагы айткан сөзүндө
Турат канча кылым менен жарашуу!
Ал аңгыча окшоп кетти көзүмө,
Тапочкасы–
Бутундагы туягы,
Келген изин замандарга түшүрүп…
“Жүрөгүндө жалы барго, сыягы
Уя жасап алган бардык түшүнүк,
Бардык болгон чындыктын анык жарчысы,
Акылмандык соодагери Сократ!!”

–Кечириңиз, Сизден дагы бир суроо:
Сизге чейин философдор жүрүштү,
Айланчыктап жылдыздарды–обону.
Алга сүйрөп Сиз алардын илимин,
Апкелдиңиз жер бетине, оболу,
А дегенде адамды,
Адамдагы көз карашты, мүнөздү,
Табиятты, анын ички дүйнөсүн,
Ар тараптан Сиз изилдеп бердиңиз.
Кандай болду тапкан башкы белгиңиз?

–Түбөлкүлөр
Көз ирмемге сыйгандай,
Бүт адамзат
топтолгон бир адамга,
Ар бир адам өзүнчө
Дүйнөнүн бир кичиртилген нускасы.
Бирок чексиз,
Кудум окшоп ааламга.
Ал чексиздик адамдын
Акылында–оюнда.
Ойлор жарайт,
Жер шарын
Алаканга азыр салып коюуга,
Андыктан ой,
Кетпөө керек жалкоо тартып, үргүлөп,
Ойгот аны,
Койбо такыр эркине,
Ар бир күнкү турмуш менен тур бүлөп,
Ал ошондо чыгат бардык көркүнө.
Берип дайым эркиндик
Ою менен сезимге,
Аларды тек семиз баккан адамдын
Калат жалаң өз денеси эсинде.
Анан дагы эске алыңыз Сиз муну,
Ар адамдын ич дүйнөсү, мазмуну
Ачылмакчы өз дилинен өзүнө
Берген суроо-жооптору аркылуу.
“Жаман” десе, тилде өзүңдү, жазала,
”Жакшы” десе, алкагын да сыйлагын.
Бирок берген жообуңдун
Актыгына калыс турсун ыйманың.
Бул тууралу минтип айтат Киркегор:
“Өзүм сүйгөн достор менен курдаштан,
Эң кызыгы–өзүм экем, байкасам.
Таап чыгам жалаң гана чындыкты,
Өзүм менен өзүм жеке сырдашсам…”

–Коркосузбу бир нерседен Сиз дагы?–
–Өлүмдөн эмес,
Бир гана,
Ойлорумду догма кылып алыштан,
Өзүмдөн же шекший албай калыштан.–

Муну укканда кылт дей түштү эсиме,
Догма менен азыктанган түшүнүк,
Акыл курчун дайым колдон түшүрүп,
Жетелеткен эскиге
Сокур окшоп каларын,
Анда жалаң жанга тынчтык кааларын
Ачкан үчүн,
Сократты өлүмгө
Кыйган болчу билген замандаштары,
Жек көргөндөр,
Ал кездеги акыл-эстен, мезгилден,
Ою менен алга бир аз ашканды…
Ал догманын аяк жагын, учугун
Көрөм бүгүн бюрократ аттуудан,
Кайра куруу, айкындатуу учурун
Тартынбаган артка атайын тартуудан…

–Кастык менен ач көздүктүн айынан,
Жарык дүйнө коркунучта калды азыр,
Жер бүт кыйрап, адамзаттын уругу
Калбоочудай тап-такыр.
Буга кандай демексиз?–

–Анда такыр айрымаңар жок болмок,
Өз тукумун өзү жеген айбандан!..–
Мени тиктеп, үнсүз бир аз турду да,
–Аттиң,–деди Сократ,–
Адамдарда кастык менен ач көздүк,
Биз менен бир кетерине ишенип,
Аны жерден жок кылуунун жолдорун
Философдор, бекер биз,
Изилдебей, жаңылышкаы экенбиз.
А мен жүргөм: дүйнө алардан арылган.
Бирок балам ойлоп көр,
Жер тагдырын жеке силер чечкидей,
Жерде жалаң силер эмес, тирүүлөр.
Биз да барбыз, өлгөндөр.
Демек, такыр унутууга жарабас,
Акысын да, энчисин да арбактын!
Сурооңузга жооп катар мен эми
Сократтын гимнин эске салмакмын:
“Биз дүйнөгө келебиз,
Түйүп эки муштумду,
Бүт баарысы меники,
Мен эч кимге бербейм!” деп,
Чаңырып ыйлап, чаң салып…
Биз дүйнөдөн кетебиз,
Айыптуудан беш бетер,
Алаканды кең ачып,
Карагыла, алганым жок эч нерсе,
Эч нерсенин кереги жок мага” деп…
Баары-баары эсине ала жүрүшсүн:
Берген эмес энчисине эч кимдин,
Бул дүйнөнү, жер үстүн!


Кыргыз