Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КАНЫКЕЙДИН КӨЗ ЖАШЫ

…Төгүлгөн кара чачы бар,
Гүл төгүлөт колунан –
Бактысы элге ачылар…
Кылып өткөн кызматы
Кылымга чейин жазылар…
(“Манаста” Каныкей тууралу)

Таласта жер-суулардын аттары көп,
Эрлердин ысмы менен байланышкан.
Мезгилде, досторунан кастары көп,
Апкелип элин мында жайгарышкан.

Окко учуп кагылышта чоролору,
Алмамбет, Чубак, Сыргак каза болуп,
Табылбай эми алардын толор орду,
Кыргызга кылым бүткүс аза болуп…

Анан да Манас катуу жараланып
Кайтканда кайра бери Бээжин жактан,
Каныкей суук-жаман кабар алып,
Жол тосуп, бир өрүшкө келип жаткан…

Таластын берки чети, түп тарабы
Жер болот Талды Булак, Арал деген.
Ал кезде токой экен түнт дарагы,
Ичинде бугу ойногон марал менен.

Керилген жашыл сазды Аралдагы
Каныкей кубанган дейт көрүп алып.
Эзрчиген күчү-колу, сарамжалы
Калган дейт анда токтоп, өрүү алып.

Токтолгон бир себеби мында жетип:
“Жер экен ысыгы жок мээ кайнаткан.
Эрте кеч тыным албай леп-леп этип,
Билбейсиң, жетип турат жел каяктан…”

Баатырды тосуп алып жерден ушу,
Айтышат, баккан дешип кыйын дарттан…
Аралда азыр да бар ал конушу,
Анан да желе-боосу анда тарткан.

Чоролор чыгып барып кароол карап
Турчу деп, аңыз кылат бир дөбөнү:
Дүкүлдөп добулбастын үнү тарап,
Сан колдун угулгансыйт дүрбүгөнү…

Каныкей күн уктабай, түн уктабай,
Баатырын такай туруп баккан экен.
Аш келсе, кээде калып бир ууртабай,
Саргайтып күндөрү жай аккан экен.

Жаралуу эчен мындай эр тирилген
Ал кездин не бир укмуш дарылары
Берилип, анан мында келтирилген
Элдеги табыптардын дагы баары.

А бирок алгач жараат жазылбады,
А кайра ырбап кетип барат бүтпөй.
Кыйналды эр Манастын асыл жаны,
Кыйналды Каныкей да карап түтпөй.

Арстандын кайра бери кайрылбасын
Ал гана ачык-даана билип турду.
Андыктан, кайгырсын же кайгырбасын,
Алдыда үмүт бош да, үмүт куру.

Антсе да сыр билдирбей башкаларга
Жякшыдай жай мааниси Манасынын,
Көз салып ички-тышкы ал-абалга,
Бузган жок ал өзүнүн каада-сынын.

Келди эле отуз эки жашка жаңы,
Жылдыздай жаркып турган жаш жамалы.
Толгондой жакшылыкка, адамдыкка,
Аялга эмне керек башка дагы?!

Бир сырдуу, оор басмырт мүнөзүндө
Байкалат акыл ойдун тунуктугу.
Андыктан, бүт эл актап бир өзүнө,
Эмне айтса, “эжекелеп” угуп туру…

Эжеңдин самсып учкан санаасы бар,
Тетиги тоо артында жаткан жоонун
“Өлдү” деп укса канар табаасы бар,
Бул жакка кайра баштап кандуу жолун…

Аталаш Абыкеси, Көбөштөрү
Элди да ичтен бөлөр бөлөк-бөлөк:
“Келтирер кезегиңди!” деп өздөрү
Баатырга жүрөр эле көп өпкөлөп.

Аз беле алардан да башкалары!
Элди эми төкпөй-чачпай ким башкарат?
Абакең Бакай болсо–ашкан кары,
Семетей–жетилбеген бир жаш канат…

Жалп этип өчкөнсүдү бир шам чырак–
Кайтканда жерге берип Алмамбетти.
Калсачы, эч болбосо Сыргак, Чубак!
Ай, аттиң кимге айтасың арман кепти?!

Деп эжең айыл-журттан барып башка,
Өбөктөп колун таяп курга бекем,
Буркурап бетин чайып ысык жашка
Бир түнү таң аткыча турган экен…

…Күч алып жаңы келген жыл жазынан
Сызылып төмөн түшүп сазды имерип
Агылат, жалгыз булак жалгасынан–
Андагы “Каныкейдин жашы” делип.

Эл-журтка эже болгон эстүү-жөндүү,
Окшойт ал Каныкейдин эстелиги.
Тыңшасаң сага сүйлөп берген үндүү
Сыр кылып ошол кыйын кездегини…


Кыргыз