Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЧЕРНОБЫЛЬ

Адамдар түн жамынып, уйку оронуп,
Көлкүлдөп эриген бир дүйнө болуп,
Жатканда карпа-курпа кырсык басты,
Тарса-күрс, күлдүр-шалдыр асман асты,
Окшоду жер огунан айрылганга.
А менен бир убакта түшкөнсүдү,
Асмандан кулап канча чагылган да.
Алгач чаң,
Анан бурк деп көгүш түтүн,
Аңгыча өрткө айланды баары бүтүн.
Атылып чыккан жалын, айлананы
Ажыдаар оп тарткансып аймалады.
Заматта түшүнүшкө кайда баарын,
Адамдар сыйрып салып уйкуларын,
Олтуруп өз-өзүнчө ой жорушту:
“Аттиң ай, бул эмине, бул согушпу?!”
“Же бул бир учуп чыккан жанар тообу?!”
“А деги жер аманбы, асман сообу?!”
Түкшүмөл түкшүмөлдү сүрөп-коштоп,
Ой кетти коркунучка түркүн-түрлүү.
АЭСтен агытылган жырткыч окшоп,
Ал кезде сайран салып АТОМ жүрдү.

Кези эле жаздын жерге жаңы келген,
Жакшылык жышаан берип соккон желден.
А менен адамзатты сүйүнчүлөп,
Жер шары салт аттууга окшоп желген.
Тынч дагы,
Жылуу дагы,
Жумшак дагы,
Бири эле жаздын жаркын күндөрүнүн.
Бүркүлө, жалпы ачылып калган чагы,
Бакчада алма шактын бүрлөрүнүн.
Мөмөгө мөөрүн басты мезгил каары:
“Татпайсың муну эч качан мындан ары!”
“Тийдиң” деп, бышып турган алма бакка,
Айыптап Адам-Ата, Ева-Энени
Бейиштен айдагандай башка жакка.

Чернобыль!
Баягыда сага бардым,
Аз жүрүп, жакшы элесиң алдым арбын.
“Кантти?” деп бүгүн ойлоп тынчым кетет,
Кетерде сенде калган жандын жармын.
Борборуң,
Чакан, кооз, жаш да калаа,
Койну бак, жан-жакасы жашыл талаа.
Ортодо көйрөң, эрке Припять,
Ийнедей тепчип өтүп эгин жайды,
Түз эле Днепрге кирип тынат.

Чернобыль
Аны биздин тилге бурсак,
Бир сөздөн толбосо да ырга бир сап,
Бурк этип эрмен жыты, шыбак жыты,
Жытынан боло түшөт жаның курсант.
Негедир уулуу, ачуу азыр ал жыт,
Чернобыль түш көргөнсүп, калган алжып.

“АЭСте авария!”
Дүңк дей түшүп,
Таралган бул кабардан жүрөк үшүп,
Адамдар эс тангыча коркуп алган.
Бул түнү дежур болуп анда калган
Кулунун энеси эстеп, чыгат жаны,
Алдастап андан бетер алган жары.
Ойлошпойт, а өздөрү эмне болот,
Жетсе эгер жылып жүргөн атом чаңы?!
Табият качан болсо адамзаттан
Жашырып алды жакты ары каткан.

“АЭСте авария!”
“Мүмкүн эмес!”
Ар кандай ойлорго жэл берчү, бербес,
Кагышты түшүнүктөр, жорумалдар.
А бирок атом күчүн колуна алган
Азыркы адамдарда: “Кайдыгерлик”,
“Түркөйлүк” деген эски ооруу калган.
Чернобыль дагы эскертти: “Жашайм десең,
Адам сен ылдамыраак арыл андан!”

Таң сүрүп, талаа уйкудан турганынча,
Эрдиктин ыктыярдуу курманынча,
Уландар респиратор кийинишкен,
Күтпөгөн бул кырсыкка күйүп ичтен,
Өң, жыты, өзү да жок жоого каршы,
Жүрүштү салгылашып жанды сабап,
Турса да тынбай ойноп өлүм маршы
Турмуштун кыйчалыштуу убагында,
Доорунун көзү дагы, кулагы да
Болалган жап жаш, жаңы азаматтар,
Кадимки Чолпонбай же Матросов,
ДЗОТту тулку менен жапкан окшоп,
Түз зле жалынга жалп кулады да,
Билген жок кызуусунда кармаштардын,
Атак даңк аларга өзү жармашканын.

Мында тек төгүлбөйт кан, атылбайт ок,
Бетме-бет келип турган душман да жок.
Сен аны жерден күтсөң, көктө жүрөт,
Сен аны тыштан күтсөң, үйгө кирет.
Ал–өлүм, сиңип алган соккон желге,
Ал чөптө, сууда, ташта–бардык жерде.

Чыдабай салгылашуу кубатына,
Чеп кыйрап мейкиндикте, убактыда,
Робот, компьютерлер эстен танды,
Ажалда адам уулу өзү калды,
Алгандай “запаска” деп бирден жанды.
Тирелтип күчкө каршы койду күчтү,
Кара жок жүрөгүндө, жан кечтилер.
Ким билет, асман жерге кулап түштү,

Же түтпөй, астын-үстүн алмашты жер!
Белгисиз жүгүнтөрү кимдер кимди,
Ойнолду өмүр гимни, өлүм гимни.
Күн дагы коркуп, чыкпай турду апкаарып.
Акыры адам уулу көмдү алпарып,
АЭСтен качып чыккан кара жинди.
Жырткычты кууп кайра кийригендей,
Баштагы өз ордуна, тынч жайына.
Аз жерден аман калды, аман калды
Ата-Журт,
Алтын өлкө–Украина!

Кечээги салгылашта,
Улуу сынак,
Душмандан мен коргошуп, мен кан төккөн,
Жараттан жан чыгарда башым сылап,
“Уулум ай, өлбөчү?” деп жыттап өпкөн
Сен элең, асыл энем Украина.
Кырк беш жыл андан бери оошулду,
Али да сенин ошол доошуңду,
Ар күнү ичим ысып эстей берем.
Биз качса алыс, жакын кеткен менен,
Махаббат бир кошулат эки арадан,
Мен жүрөм аны ырымда сездирип да,
Чернобыль–сенин жараң, менин жарам,
Андыктан,
Мен–боздогон скрипка.

Турмуштун балбан өзөк тамырлары
Аркылуу жүрөктөргө жетип ары,
Күркүрөп, канда ойногон бул драма,
Таймашкан өмүр-өлүм драмасы,
Өзүнүн бардык ички мазмун, баасы,
Теңдешсиз адаттан тыш күчү менен,
Өмүрдө биз укпаган, биз билбеген,
Бир гана элестеткен күңүрт-күүгүм,
Жашоонун башка, жаңы бийигине
Апкелип койгонсуду бизди бүгүн.
Эски ойлор, түшүнүктөр качты кийин,
Догмалар тебеленип, кулап жерге,
Атомдун куйкалоочу илеп-деми,
Биздин ой, биздин акыл, сезимдерде
Жаңырып турмак болду дайым эми…


Кыргыз