Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ. МАМИЛЕ Сонеттер алкагы

1
Адам деген адам менен адам да,
Акыл, иши бир-бирине айкалат.
Адам пейли да бир башка адамга
Ал жагынан мамиледен байкалат.

А мамиле–өнөрлөрдүн татаалы,
Ар бир адам алалбаган үйрөнүп.
Мамиленин болот пайда, азабы,
Шартка карай турат улам түрдөнүп.

Аргымактай алкынса да намысы,
Максатынан мүмкүн өксүп калышы
Мамиленин маңыз, баркын билбеген.

Кээ бирөөлөр окчун ою, санаасы
Кала берет алыс бойдон арасы
Дидарлашып, сүйлөшсө да тил менен.

2
Дидарлашып, сүйлөшсө да тил менен,
Эки адамдын сыры толук айтылбайт.
Адам менен пейлин талдап-иргеген
Адам гана сырдашуудан тартынбайт.

Мейлиң күндө он жолугуп, кол алыш–
Андан такыр адам билбейт бир-бирин.
Бир жол тартсаң, болсо ошондо жол алыс,
Жол айкындайт анык кимдин кимдигин.

Адам жолдо ар кыл шартка кезигет,
Мамилеси кандайлыгы сезилет
Ак, карага, арам менен адалга.

Сөз гана эмес, ишине да жараша
Көңүлдөрү болуп кылдат тараза,
Бир-бирине сынап берет адам баа.

3
Бир-бирине сынап берет адам баа,
Ага карап жакындап же алыстайт.
Сындан өтсө, кадам кошуп кадамга
Бир жол менен келечекке арыштайт.

Көргөн ишке, уккан сөзгө ынанып
Мамиле да мүмкүн кескин өзгөрүү.
Ал өзгөргөн мамилеге ылайык
Кошо өзгөрөт адамдардын сөздөрү.

Жүрөгүндө берчке айлаиып из калат,
Өтө кымбат өмүрлөрү кыскарат
Көп адамдар көңүлдөрү кирдеген.

Көңүлдөрү ачык күндөй жайдагы
Жаркын мүнөз жакшы адамдар жайдары
Бир-бирине жагат ынак дил менен.

4
Бир-бирине жагат ынак дил менен
Сүйүшкөндөр жүрөктөрү дүкүлдөп.
Сезим жанып ким сүйүшсө ким менен
Бир-биринин ыйык сырын түшүнмөк.

Таза сүйүү турат сонун жарашып
Таалайы мол татынакай жаштарга,
Таң аткандан көңүл бугун таратып,
Адам жанын алып чыгат асманга.

Жалаң жарык, шаттык дебе сүйүүнү,
Чырмалышса татаалданып түйүнү,
Андай сүйүү башка салат кайгыны.

Адамдар бар сүйүү баркын сезбеген,
Аны кордоп, аны жерге тепсеген –
Бирдей эмес адамдардын бардыгы.

5
Бирдей эмес адамдардын бардыгы –
Ар биринин ою, жолу ар башка.
Ар биринин башкача өтөт ай, жылы,
Бири дуулайт, бири эптеп жан бакса.

Мамиленин толуп жаткан бар түрү
Башка-башка: койго, кушка, жолборско.
Жасалышы зарыл анын ар түрү
Кары, жашка, каска, доско, жолдошко.

Жигит сүйүп, бирок, даабай айбыгат –
Кээ бир сулуу тикенегин сайдырат
Болуп туруп кызыл роза гүл өзү.

Жупуну эле, бирок, жыттуу гүл болот,
Ыгын тапсаң, ал нур чачкан күн болот –
Ар биринин башка-башка мүнөзү.

6
Ар биринин башка-башка мүнөзү –
Ошондуктан кызык адам дүйнөсү.
Кандай сонун дилдин дилди сүрөшү,
Жүрөктөрдүн бирин-бири үндөшү.

Антпегенде адам дени салкындап,
Сезим кургап не сонундар кур калат.
Адам кылган мамиледен жаркылдап
Адам жайнап сургулт жүзү нурданат.

Бирөөлөрдүн зээнин узак кейитет,
Бирөөлөрдүн ырыскысын кемитет
Кээ адамдын пейилинин тардыгы.

Кай бир адам мактагын же мактаба,
Өз бактысын бөлүп берет башкага –
Ар кыл, ар кыл ар адамдын тагдыры.

7
Ар кыл, ар кыл ар адамдын тагдыры –
Бири чынчыл, бири айлакер купшуңдап.
Дүйнөкору көктөн карайт жардыны,
Момун–баео, бузук турат чукчуңдап.

Ар жерде бар досу, касы, таанышы
Ар бир адам өзүнчө бир мамлекет.
Мамилесин андан үзсө баарысы,
Арга түгөп, андан кубат ал кетет.

Мамлекетче ал жүргүзөт саясат,
Такаандашып, өз укугун талашат
Жолукса адам-мамлекеттин күрөзү.

Ким кемсинтсе, чыдай албай арданат,
Касты доско айлантууга арналат
Өмүрдөгү ой, максаты, күрөшү.

8
Өмүрдөгү ой, максаты, күрөшү
Ар кимдики жеке арналбайт өзү үчүн,
Болгондуктан бир Мекендин бүлөсү,
Ойлошу эп анын гүлдөп өсүшүн.

Айткан сөздөн, кылган иштен байкалат
Мамилеңдин кандайлыгы Мекенге.
Мээрин төгүп, жакшылыгын кайтарат –

Мекен менен мамилең бек экенде.
Ардак, урмат–кызмат кылуу Мекенге,
Сонун ишиң, бирок, кетет бекерге
Ал иш үчүн ооз көптүрүп мактансаң.

Өмүрүңдө сенин эрдик кылганың,
Туура бойдон, таза бойдон ыйманың
Адам болуп адам парзын аткарсаң.

9
Адам болуп адам парзын аткарсаң –
Абдан бййик максатыңа жеткениң.
Түркүн-түркүн калпыс иштен сактансаң –
Бүтүргөнүң адамдыктын мектебин.

Мамиле эмне–баары билет капкачан,
Мамиле эмес: “Сен–мага да, мен–сага!”
Ар ким менен ачык соода баштасаң,
Абийир кайда? Кантип карайт эл сага?..

Мындай ойду дилден кууп чыгарсаң,
Мамиленин асылына ынансаң,
Нөшөр төгүп, кеткен окшойт бактан чаң.

Таза мамиле күмөн ойду азайтат,
Көңүлүңдө кир калтырбай тазартат
Караңгыны сүргөн өңдүү аткан таң.

10
Караңгыны сүргөн өңдүү аткан таң
Дароо ачат кабагыңды жакшы адам.
Ичтен сызып кыйналып же шаттансаң,
Кылдат сезет абалыңды жакшы адам.

“Жок!” деген сөз аткан октой угулат
Копол адам катуу айтса кайталап.
Муздак сөздү жылуулап да, сулуулап,
Сылык адам “жокту” “бардай” айта алат.

Сылык адам улам арбын төрөлсө,
Сылыктардын улам саны көбөйсө,
Бардыгыбыз кубанычка тунабыз.

Кубанычты дарыга эп теңеген,
Дары дартты сүргөн өңдүү денеден
Кайгы-муңду сүрүп чыгат кубаныч.

11
Кайгы-муңду сүрүп чыгат кубаныч,
А кубаныч адамга өтөт адамдан.
Абалтан биз адам парзын туябыз –
Адамды адам кубантууга жаралган.

Күч жеткенче ушул парзды аткарып
Келатабыз кубантууну улантып.
Келатабыз кээде куру мактанып
Кубанттык деп алдап-соолоп жубантып.

Жубантуу эмес, басынтууга жарайбыз,
Ардантууга, шылдыңдоого даярбыз
Биз аларды уулап тилдин заарына.

Бул мамиле мамиленин начары,
Кессе дагы көкөйдү анын азабы,
Адам бекем, адам чыдайт баарына.

12
Адам бекем, адам чыдайт баарына:
Башка түшкөн азапка да, мазакка,
Табияттын кырсыгына, жаалына,
Таймашууга, уруш-талаш, чатакка.

Биз адамды ушулардан куткарбай,
Ушуларга кайра түртүп жатабыз.
Антпегенде көккө кептер учкандай
Учуп кетмек көңүлдөгү капабыз.

Мамилебиз калат тура жарабай
Биз жасасак сезбей, билбей, карабай,
Ар адамдын зээни менен баамына.

Ак болоттон көк темирге айланбайт,
Адам өжөр–максатынан тайманбайт
Алса дагы тагдыр аны каарына.

13
Алса дагы тагдыр аны каарына,
Ал түк үзбөйт келечектен үмүтүн.
Ою, иши окшоп кадим аарыга,
Жаны тынбай эмгек кылат күнү-түн.

Кантип адам максат менен коштошуп,
Кайдыгерче камырабай жай жатат.
Кыймыл менен, жумуш менен достошуп,
Кыйын күндө тагдыр менен таймашат.

Жакшы болсо мамилебиз иш менен,
Туура таап биз багытты издеген.
Өмүр жолун кенен, бекем курабыз.

Эрктүү адам кыйын кезде басынбайт,
Кайышпаса, майышпаса, жакындайт –
Максаты анын чептей бийик, урагыс.

14
Максаты анын чептей бийик, урагыс
Болгон үчүн улам алга умтулат.
Күндө таңда үмүт менен турабыз
Тийген күндөн касиеттүү нур сурап.

Ар бир адам бул дүйнөгө бир келген
Нечен татаал, кыйын шартка кезигет.
Мамилесин туура кура билгенден
Көп маселе адил, калыс чечилет.

Мамиленин түрлөрү көп экен да:
Кээси терең, солгун дагы, бекем да,
Жакшы дагы, орто дагы, жаман да.

Алымсынып туура өткөрмөк өмүрүн
Адам тапса бир-биринин көңүлүн –
Адам деген адам менен адам да.

15
Адам деген адам менен адам да,
Дидарлашып, сүйлөшсө да тил менен,
Бир-бирине сынап берет адам баа,
Бир-бирине жагат ынак дил менен.

Бирдей эмес адамдардын бардыгы,
Ар биринин башка-башка мүнөзү.
Ар кыл, ар кыл адамдардын тагдыры,
Өмүрдөгү ой, максаты, күрөшү.

Адам болуп адам парзын аткарсаң,
Караңгыны сүргөн өңдүү аткан таң,
Кайгы-муңду сүрүп чыгат кубаныч.

Адам бекем, адам чыдайт баарына,
Алса дагы тагдыр аны каарына,
Максаты анын чептен бийик, урагыс.


Кыргыз