Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

Кыргыздын туңгуч жазма акыны Молдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулат. Кылычтын атасы –Шамыркан Төрөгелди уулу тың жигит чыгып, атасынын ордун баскыдай даражага жетип калганда дүйнөдөн кайтат. Ал убакта Кылыч 5 жаш чамасында болгон. Молдо Кылычтын чыгармачылык жолун иликтегендердин пикирине караганда, ал да атасындай жаш кезинен чыйрак, зейрек бала болуп чоңоет. Кылыч арабча кат тааныганды адегенде жумгалдык чала молдо Баян дегенден үйрөнөт. Кийинчерээк акын Чүйдөгү Мамбетаалы менен Ак Молдодон жана Токмоктогу Закир Халфадан сабак алып, казак, татар тилдеринде чыккан айрым газет-журналдарды окуйт. Баса, Молдо Кылычтын ырларынын кыйласы диний темада экенинин себеби да ушундан улам болуу керек. Албетте, кыргыз коомунда үстөмдүк кылган патриархалдык –уруучулук мамиле, ислам дининин үстөмдүгү XIX кылымдын аягында –XX кылымдын башында жергебизде болуп өткөн тарыхый окуяларга туура түшүнүүгө тоскоолдук кылган. Ушунун негизинде акын аларды адегенде “акыр замандын” белгилери катары жериген, өткөн мезгилдин салт –санаасын мактап ырдаган.
Молдо Кылыч өзү мактап насилинен болсо да элди бийлеп, башкаруу ишине катышкан эмес. Ал түгүл ошол кездеги айрым кыргыз акын –ырчылардай аш –тойлордо комузун күүлөп ырдаган да эмес. Акын реалист адам катары өз учурундагы турмушту туура баамдап, кыргыз жеринин сулуулугуна суктанып, аны даңазалап ырдаса, экинчи жагынан коомдук көрүнүштөр боюнча эски, диний жана патриархалдык –уруулук көз караштын туткунунда калып, аларды мактоодон алыс боло алган эмес.
Молдо Кылычтын эң көлөмдүү чыгармасы –“Зар заман”. Ал санат түрүндө жазылган. Акындын мына ушул чыгармасында далай талаш –тартыштарды пайда кылган карама –каршылыктар, ошондой эле жаштарга арналган акыл –насааттар, гуманисттик мамилени жактаган идеялар арбын. Белгилүү адабиятчы жана илимпоз Ш Үмөталиев көрсөткөндөй, Кылычты далай жылдарга унутта калтырууга шылтоо болгон маселе –“орус” темасы да ушул чыгармада жана башка ырларында кезигет.
Молдо Кылычтын орустарга болгон мамилесин, көз карашын шарттуу түрдө эки мезгилге: алгачкы жана кийинки мезгилге бөлүүгө болот. Эгерде алгачкы мезгилде акынга толгонуу, чоочуркоо, шектенүү жана ушулардын негизинде жерүү, жек көрүү мүнөздүү болсо, кийинчерээк Кылычтын көз карашында белгилүү оң өзгөрүүлөр пайда болот. Эгерде алгачкы мезгилде акын ислам динин орустар булгап коетко деп коркуп, патриархалдык–феодалдык мамилелердин акырындык менен ыдырай башташын орустардан деп аларды жек көрсө, кийинчерээк Чүй боорундагы жаңы өзгөрүүлөрдү, чарбадагы жаңылыктарды орустар алып келгенин ачык эле айтат. Буга анын “Чүй баяны” аттуу поэмасы айкын далил. Бирок Кылыч канчалык байкагыч, баамчыл адам болсо да, ал орус төбөлдөрүн орус элинен, кыргыз төбөлдөрүн кыргыз элинен таптык көз караштан ажырата алган эмес. Бул оюбузду акындын: оруска бердик алымды, кыргыздан көрдүк залымды, –деген саптары айкындап турат. Ал эми акындын төбөлдөрдүн жорук–жосундарын ашкерелеп ырдаганы анын өз көзү менен көргөндөн, кулагы менен уккандан аша албаган.
Айтарыбыз, Молдо Кылычтын чыгармачылыгына баа бергенде, анын кайсы мезгилде, кандай коомдук–тарыхый шарттарда жашаганын, анын көз карашы кайсы социалдык чөйрөнүн таасиринде калыптанганын эске алуу зарыл.
Кылычтын чыгармаларын изилдеген илимпоздор акындын ырларында уйкаштык азыраак экендигин белгилешет. Бул туура, себеби М.Кылычтын чыгармалары, айрыкча “Зар заман” бир мезгилде, бир темада жазылган эмес.
Жыйнакка акындын төмөнкү чыгармалары кирди: “Зар заман”, “Чүй баяны”, “Зилзала”, “Кол казалы”, “Керме тоо”, “Жинди суу”, “Алдамчы”, “Кыз жигит”, “Буудайык”, “Бүркүт тою” жана “Канаттуулар”.


Кыргыз