Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ. ЧҮЙ БАЯНЫ

Мен айтамын санатты.
Казалдарды көп жаздым,
Канча такта кагазды.
Мыз Токмок калааны.
Келип орус жай кылды
Жылгын-Башы талааны.

Каршы-терши көп тилди
Карагайга арааны.
Ойду-тоону коруду,
Орус деген калкыңдын
Кыйын экен буйругу,
Малай кылды кыргызды.
Тил билгендин баарысын
Кеңсаларга тургузду,
Күнөкөрдү коркутуп,
Набактыга киргизди.
Болуш коюп, бий шайлап,
Элге борум билгизди.
Жылгын-Башы талаасы
Жылгындары көп экен
Айыл конуп илгери,
Жылкы саачу жер экен.
Эми калаа орноду.
Баш-аягы базардын
Ат чабымдай болжолу.
Тиккен багы, тереги
Тиктеп турса адамдын
Эсеп жетээр болбоду.
Токмокко шаар толуптур,
Ар уруктан көбөйүп,
Толгон базар болуптур.
Дунганынын баарысы
Маңдайына чыгыптыр.
Кара-Коңуз кербени
Калың шаар кылыптыр.
Абайласаң, Токмогуң
Эки жерде соорусу.
Каколу да, мужугу
Баарынын бир болушу.
Кызыл-Сууну, Шамшыны
Эгин жайы кылганы.
Отор барган жылкыдай
Орустардын уйлары.
Өгүздерү дөбөдөй,
Кудай бетин көргөзбө,
Баары жуда байыптыр,
Каколдору төрөдөй.
Кудай урган капырдын
Колго баккан малындай,
Чочколорун карачы —
Эрчип жүрөт чубуруп,

Он экиден баласы.
(Энесинин артынан.)
Ушинетип ыраңлар
Өз дининен жаңылды
Ит чочкону мал кылды.
Токмоктун калың орусу
Топтогон чочко доңузу.
Базарга барып карачы,
Бастырып жүрсө, жол бербейт,
Араба менен чанасы.
Дүкөнгө кирип караса,
Дүнүйөлөр — сонундар
Аңкайып карап турасың,
Адамдын жетпейт санаасы.
Жакалуу десең чапан бар,
Жыйып койгон жүгүндөй,
Кездеме менен мата бар.
Булгаары десең жыйылуу,
Дүнүйөлөр сонундар,
Дүкөндө турат үйүлүү.
Көрсөң мына Токмокту
Күндө базар бакылдап,
Уста деген бир тарап,
Узанып жатыр шакылдап.
Думаналар, календер:
“Оомийин” — деп, кол жайып,
Көчөдө жүрөт какылдап.
Дунганы жүрөт чакырып,
Чырпыктан челек асынып.
Төрт бөлүкке тоёсуң
(Төбөсүнө кеп алып,
Чекесин күнгө катырып,
Жүрө берген эркинче)
Өз тилинче бакырып.
Абайласаң, Токмоктун
Ак сарайлуу тамы бар,
Салакалуу жасалган
Сарт-ногойдон байы бар.
Самоорчуга карасаң
Ак чайнекте салуулу
Демдеп койгон чайы бар.
Дүнүйөсү дапдаяр,
Базар деген жаныбар.
Жер үстүндө ажайып,
Аты дилде дагы бар,
Айтылгандьн баары бар.
Мал базарга барсаңыз,
Наркы чакан болуптур.
Кой базарга кыжылдап,
Казак, кыргыз толуптур.
Чыр-жаңжалды тыюуга
Дагы болсо орустан
Керенечти коюптур.
Алып сатар, жалдаптар
Алып байда кылбайбы?
Он тыйындан беш тыйын,
Куйрук, жалын түйдүрүп,
Жаш балдарга миндирип,
Ат бүткөндү чубатаар.
Акча деген бачагар
Кандай асыл малдарды
Арзан баага суратаар.
Тандамалдан аласың
Салып берсең колуна
Жыйырма теңге акчаны.
Базар барсаң, мал арзан,
Тандап жүрүп алаарсың.
Баратке менен тартипке,
Айран-азыр калаарсың.
Бачайы менен шайыны
Байкасаңыз, жигиттер,
Бейкасамдар жайылуу.
Төрүңүзгө жарашаар
Турат асыл килемдер.
Кыйгач түрүп киерге
Кытай калпак, бөркү бар.
Кылыч, мылтык, бардеңке –
Ар жабдыктын баары бар.
Баары белен турбайбы
Базар деген жаныбар.
Кең Чүй ата өзөнү
Кенен болот турбайбы.
Калкы-журтун карасаң
Калың айдайт экен го
Кара таруу, буудайды,
Буурчак менен жүгөрү
Бул кылууга баарысын.
Жарды дебей, бай дебей
Көп айдаптыр бедени,
Ар немеден уругу,

Арбын экен жаныбар
Кара куурай, зыгыры,
Салып туруп зоотко
Сыгып алаар майы бар.
Кытай конок, кунжуттун
Урукгары дагы бар.
Дуңгана да, орус да
Адам жечү тамактан
Ар уруктун баары бар.
Картөшкөдөн, шалгамы,
Араласаң жол бербес,
Алча менен алманы.
Арбын экен көбүнчө
Бышыкчылык маалында
Өрүк менен шабдаалы.
Чиеси бар, тыты бар,
Алмуруттай бир жемиш
Жаңы чыкты, ушу бар,
Мисте менен бадамы,
Капта турат жайылуу,
Топтоголок жаңгагы.
Дуңганада бар экен
Капуста дейт бир жемиш.
Сабиз, пияз чөбү бар,
Күрүч кылып жесеңиз.
Калемпир да, мурчу бар,
Ачуу болоор түгөнгүр
Ашка салса, курчу бар.
Кызыл алма багында.
Барып көрсөң базардан
Дүнүйөсү жанында.
Күз убакты болгондо
Ар жемиштин баарысы
Казан болуп толгондо.
Жүзүм менен анары,
Бышыкчылык маалында
Бир пул жыңы, кадагы.
Коон менен дарбызы
Арзанчылык маалында
Бир тыйынга жалгызы.
Ашкабагы, бадыраң
Арбын болоор баарысы.
Бир тыйынга экиден
Алмалардын сарысы.
Арабада коону.
Алты тыйын, беш тыйын
Дарбызынын жоону.
Күзгө маал болгондо,
Кыйын экен мына бул
Чүй элинин доору.
Талаадагы жемиши:
Карагаты, бүлдүркөн,
Кожогаты, чиеси —
Дүнүйөсү тегизи.
Дан куурай дейт бир жемиш,
Татканым жок жаныбар
Жерге чыккан мөмөсү.
Көктөмдөгү жемиши,
Тизе бою текейи,
Мандалактын семизи.
Ышкын менен сарымсак.
Абайласаң, жаныбар
Айдагандай тегизи.
Балтырканы билектей,
Балжууранын карасаң,
Жалбырагы этектей.
Козу кулак, кымыздык,
Бул өңдөнгөн жемиштер
Жерде жатат тезектей.
Абайласаң Чүйдөгү
Жер-суусунун кенени.
Ою менен тоосунда
Калың арча, карагай
Жыгачынын кенени.
Издеп жүрсөң, табасың
Бул адамдын өзүнө
Буюм кылчу кереги.
Ар кайсының табылгы
Издесеңиз табасыз
Жер чөбүнөн дарыны.
Жады куурай, карындыз,
Катыраңкы, дулдана.
Ар салаада сары жыгач.
Кайың менен четинди
Кашаа кылаар короого.
Абайласаң жаныбар
Дүнүйөсү түгөлү.
Мал аралап жүргүсүз
Чыккан чөбү мүрөлү.
Жалбырагы билектей

Кара куурай сүттүкөн.
Күзгү маал болгондо,
Күлкайыры билектей.
Камыш менен жекени
Карап турсаң, калыңы
Эгип алган теректей.
Кызыл, жашыл, сарала
Байчечекей ыраңы.
Уу коргошун дагы бар,
Малга жаман залалы.
Боз караган, жылгыны,
Алтыгана, шорону,
Карап турсаң тоосунда
Катуу кара шилбини.
Чычырканак, сөгөттү,
Ак чечектен жыгачы
Ар буюмга керектүү.
Сагыз куурай, чекенде —
Ар бир түрдүү чөптөр көп,
Атын билбейм неченди.
Ак куурайы билектей,
Кендирлерин карасаң,
Келептеген жибектей.
Топчу куурай, камгагы,
Ак тикени, уйгагы,
Алабата, шыраалжын,
Калың болоор бу дагы.
Какум-кукум, төө-тапан,
Болоор пияз, жер чайдан
Дары болчу чөптөр бар,
Издеп табаар ар кайдан.
Тегерек баш, сар куурай,
Чачыраткы, ак куурай.
Атын билбейм анчалык,
Ар бир түрлүү көп куурай.
Адырашман, акшары,
Аткулагы, чалканы,
Кызыл куурай, чогойно,
Коко тикен, чырмоогу
Айдагандай чыкканы.
Кызыл мыя, жалбызы,
Жылтырканы, шыбагы —
Чыккан-чөбү кызыл от.
Чие менен жемиши,
Түлкү куурай мизибек.

Бийикке чыгаар жаныбар
Бетегеси, ыраңы,
Ажырыгы, шибери,
Кара кыяк, буудай баш.
Айдап алган бедени.
Көдөө менен таргылы,
Көрсөң чирче, жөргөмүш
Көтүбоштун арбыны.
Айта берсе батпаган,
Адам атын таппаган
Эчтеме жок дегеле
Чүй ичине чыкпаган,
Тогуз төбө, теңге чөп,
Жалбырагы дагы бар.
Доңуз сырты, ычкырык
Түрлүү чөптүн баары бар,
Чекилдеги, чырашы,
Сасык таана, тулаңы,
Куу кылуучу куурайы,
Тоого чыккан шимүүрү.
Мал жегенге кереги,
Кызгалдагы кызарып,
Ар бир түрлүү чечекей,
Көрөр болсоң кырмески.
Көктөмүндө жашарып,
Түрлүү, түрлүү гүлдөрү,
Кызыл, жашыл, сарала,
Байчечекей буралаар.
Көбүргөнүн көрсөңүз,
Айдагандай атайы.
Жайлоосунда чемирчек
Жер буурчагы жапайы.
Чыккан чөбү дарысы,
Меңдумана, чечендер,
Сууга чыккан жанузак,
Дары болоор баарысы.
Калың болоор эрмени,
Карга тырмак, терскен
Кыйын болоор чыгышы.
Кызыл гүлү, серени,
Көкөмерен, эрбазын
Бар жаныбар биледи,
Тамырынын дарысын.
Байда кылды кудайым
Чүй ичине байкасаң

Ушулардын баарысын.
Жери кенен талаасы
Тиккен багы мөмөлүү,
Терек, кара жыгачы.
Айдап алса эгинди
Бышпай калаар дебейсиң,
Жаздымы жок бышканы.
Күрүчүнүн күрмөгү,
Даны кадим буурчактай.
Маш уругу, урааны,
Кызыл конок, арпасы.
Кыйын бышаар тамеки.
Ысык болоор жаныбар
Чүй боюнун жакасы.
Көрсөң буурчак сотосу.
Калың болоор оруста
Күнгө багаар уругу.
Айдап алып көк нарды,
Апийимден көп алды.
Капуста айдап бышырып,
Боёк казып чыгарды.
Кең Чүй ата жаныбар,
Келиштирип сүйлөсө,
Керегиңдин баары бар.
Эки таштан өзү бар:
Бор бышыраар ташы бар,
Кен орногон тоосу бар,
Керек десең, жошо бар.
Көктөмүндө көгөрөөр,
Күзгө маал болгондо,
Берекеси көбөйөөр.
Бышыкчылык бышканда,
Жер жемиштин баарысы
Жер үстүнө чыкканда;
Саратаны чакырып
Саратан боз учканда,
Саралалуу аарылар,
Сары балды тартканда;
Зыркыраган сайгагы
Үйгө толуп алганы.
Бөгөнөгү, бүргөсү
Мийзам болуп учканы.
Бетиңизге урулаар
Жөргөмүштүн желеси.
Кең Чүй ата жакасы

Чарылдаган бакасы,
Ийнелиги, көгөнү.
Кенен болот жаныбар
Кылкылдаган өзөнү.
Кара сууда кундузу,
Кашкулагы, мадылы.
Кызыл карсак, түлкүсү,
Арбын болоор карышкыр,
Аюу, жолборс, илбирси,
Шимеңдеген чөөлөрү,
Тай сүлөөсүн, суусары,
Ачкүсөнү, коёну,
Арбын болоор жүргөнү
Кашкулагы, мадылы.
Карап турсаң каңкылдап,
Соорусунун ак жону.
Кең Чүй ата жаныбар
Абайласаң, жеринде
Ар жаныбар уругу.
Тандап атып алгыдай,
Талаасында элиги,
Марал менен бугуну.
Эчки-теке жаныбар
Тайгаланбайт ташына.
Аркар менен кулжасы,
Атып алса күзүндө
Уйдукундай жамбашы.
Коёндору козудай,
Карап турсаң, жаныбар,
Коондору сокудай.
Байкап турсаң, суусунда
Балыктары манектей.
Кудай бетиң көргөзбө,
Сар жыланы билектей.
Карап турсаң Чүйдөгү
Кара курту көмүрдөй.
Чаян менен жыланы
Арбын болгон менен да,
Адамга жок зыяны.
Түктүү сары жаныбар
Музоо баштын ыраңы
Кескелдирик дагы бар.
Билерик дейт бир жанды
Узундугу бир карыш
Бу да сонун жаныбар.

Ар жаныбар уругу
Чуйдө болот турбайбы.
Айтканымдын баары чын,
Жалган кепти кылбаймын.
Молдо Кылыч бечара
Көрбөсө да сураса,
Кудуретти куп билем.
Бир жараткан кудайым
Кең Чүй ата жаныбар
Кенен эле жер экен.
Ушулардын баарысы
Айтканымдай кеп экен.
Сонун болоор көрсөңүз.
Кара кылдай кыл жылан,
Абайласаң жаныбар
Сонун эле жер экен.
Ар немени ойлонуп,
Айта берсе, кеп экен.
Канаттуудан аяктуу
Карап турсаң, акыры
Илбесини көп экен.
Абайласаң, жарандар,
Ар жаныбар толук бар:
Ышкырышып сайраган,
Чегирткенин үнү бар.
Тикенектей сайылган
Жер кирпинин түгү бар,
Шибегедей тиши бар,
Арсчычканды карасаң,
Тээгиндей тиши бар.
Карап турсаң капкара
Коңуздары муштумдай.
Сар жыландын чоңдугу
Жаш баланын бутундай.
Чегирткеси сакадай.
Көпөлөктүн чоңдугу
Көйнөгүңө салгыдай
Кадим алка жакадай.
Ташбакасы калдайып,
Көл бакасын карасаң
Жан аяктай балпайып.
Суусундагы суу жылан
Майкөт чымчык, борбашы,
Калың болоор каракаш
Эрсынардан жолдошу.
Кең Чүй ата өзөнү
Кенен болот турбайбы.
Кең Кочкордун чоң суусу
Төмөн карай салаасы.
Капчыгайдан кошулуп
Эки Кемин талаасы.
Эр Шабдандын өрөөнү
Жерге-Таштын учугу,
Текеликтин сеңири…
Күңгөй жаккы жериңи —
Карабалта, Кайыңды.
Бир түрлүү жан мына бул
Чыркылдаган чили бар,
Кызыл куйрук, сар барпы,
Ала чыйырчык жаныбар
Чегирткенин душманы.
Суучул кара көк соору
Суудан учуп чыкканы.
Көк жылкычы кучкачы
Чүйдө калың баласы.
Болду мына бу сөзүм,
Бүткөрөйүн төтөсүн.
Ката болсо оңдоп кой,
Болсо сөзүм чаласы.
Айып коюп сөкпөгүн
Дин мусулман баласы.
Мына Чүйдүн ичинде
Бөдөнөнүн кени бар.
Белгилүүдөн безбелдек,
Кара сууда кашкалдак,
Калың болоор илбесин
Бабырганы, үкүнү
Жазгы келген соорусун
Канаттуудан үлкөнү.
Кара бүркүт, жоруну,
Чакчыгайы чакылдак.
Аладуңган чыйпылдак,
Эчки маарак, бапылдак.
Карача торгой, жарганат,
Боз таркылдак, короолу,
Борма моюн дагы бар.
Тораламай, таранчы,
Адам атын таппаган
Торала тору кучкачтар.


Кыргыз