Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Күзгү жалбырактар

Акындын бул ырлары анын кийинки учурларда жараткан жаңы чыгармаларынан иргелип алынды. Ырларга шарттуу түрдө “Күзгү жалбырактар” деген ат берилип, окурмандардын назарына сунушталууда. Ал эми “Кавказ кайрыктары” акындын 2009-2010-жылдары Ереван шаарында болуп өткөн “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн котормочуларынын III жана IV Форумуна” кыргыз өкүлү катары барып катышып келгенден кийинки алган таасиринен улам жаралган. Ыр армян элинин келечектеги чыгаан акын кыздарынын бири Анаит Татевосянга арналат.

***
Келет-кетет, өчөт-жанат сезимдер,
Сүйөт-сүйбөйт акындарды селкилер.
Кызыл-тазыл көйнөк кийген кыздар аа,
Кырчын жашты кайда уурдап кеттиңер.

Сүйдүм аны, тигини да мунусун,
Сүйдүм кыздын гүлдөй жайнап турушун.
Көптү үйрөндүм, көптү тапты сүйүүдөн,
Сен көшүлүп жатканда уктап уйкучум.

Көз тийбесин, дале кетет титиреп
Дене боюм, кызды көрсөм үлбүрөк.
Ала качып сезим туйлап баратса,
Келинчегим калат укуп, түрткүлөп.

Ооба ырас, мен балдардын атасы,
Жүгөн башка катылганын карачы.
Сыра ичип, суусун жутуп келейин,
Коё берчи бүгүн түнү, апасы?

Келет-кетет, өчөт-жанат сезимдер,
Сүйөт-сүйбөйт акындарды селкилер.
Кызыл-тазыл көйнөк кийген кыздар аа,
Кырчын жашты кайда уурдап кеттиңер.

Бейтааныш кызга

Ээрчишип, эзилишип баратабыз,
Сыр катып, өңчөй сырлар жаратабыз.
Бир басуу бактысынан тартынчыктап,
Бутуңдан бутум барат кадам алыс.

Ошентип амал куруп, айла кетет,
О бул күч кыз алдында кайда кетет.
Бута атым алыстаймын бир кылчайсаң,
Кызарып бетим дуулдап, бутум сенек.

Кыз бурак, кагылайын кызгалдагым,
Агаңдын абалы – ушул, кызга жакын.
Эс кирип, картайганда эм болсун деп,
Элесиң уурдап алып, ырга салдым.

Кыз бурак, кайда жүрбө аман жүргүн,
Эсиңе келер мүмкүн, келбес бул күн.
Кыз бурак аман эсен жүрсө экен деп,
Токудум жебесинен ырды күндүн.

Туулган жер

Таң да атып, жерге жарык таралат,
Табышмагы кайра уланат тирликтин,
Эске түшөт анан кайтып тууган жер.
Каны тамган качандыр бир киндиктин.

Эске түшөт адырлары, коктусу,
Энем жапкан орус мешке ысык нан.
Кыз-келини шыңкылдаган көл бойлоп,
Жел тегирмен, жел силккенде жыгылган.

Анан дагы боз баш балдар кечээки,
Бойго жетип, кыз талашып чабышкан.
Кара келин махабаттан мөгдөгөн,
Карагер ат тийип өлгөн чагылган.

Таң да атып, жерге жарык таралат,
Табышмагы кайра уланат тирликтин,
Эске түшөт анан кайтып тууган жер.
Каны тамган качандыр бир киндиктин.

***

Таң да атты. Кыйкыргыла короздор.
Каңтарылган кечээ аңкыйт бороздо.
Иним минген түнү менен кайдадыр,
Ат үргүлөйт тер жыттанган короодо.

Ал аңгыча айыл кызуу кыймылда,
Каршы-терши каалгып самоор түтүнү.
Каяктандыр үн угулат сыбызгып,
Жатты бекен ырдап деңиз үлүлү.

Же болбосо, ыры бекен перинин
Таң азандан каршы сүзгөн толкунга.
Кысты экен кечээ түнү кимди ал,
Шайтан алгыр, ууз жыттуу бооруна.

Фериде

Айыл кечи. Жай түнүнүн биринде,
Ай караңгы. Иттер үрүп тигиле
Деңиз жакты, ал тараптан үн чыгат,
Анда жашайт суу периси, Фериде.

Ага далай жигиттер сөз айтышчу,
Абышкалар “аттиң!” дешип калышчу.
Эрге тийип анан бир күн Фериде,
Дале эсимде келтиргени ачуумду.

Суусуз өмүр — өмүр бекен периге,
Кайтты бир күн баштагыдай кериле.
Ыр ырдады анан түнү мукамдуу
Ый аралаш, олдо, курган Фериде!

Айыл кечи. Жай түнүнүн биринде,
Ай караңгы. Иттер үрүп тигиле
Деңиз жакты, үнүң коштоп баратам,
Тос, тосуп ал, тун сүйүүңдү, Фериде!

Эне тили

Энемдин бар мага берген белеги,
Ал — эне тил, тийген дайым кереги.
О, энеке, эне тилим — байлыгым,
Улутумдун уңгусу да, тиреги.

Ушул тилде:— Апа!-дедим, — аа!-дедим,
Корккондо – ой! Коркутканда — баа!-дедим.
Түрмөктөшкөн булуттарды утурлап,
Жаай көр жамгыр, аянбастан жаа!-дедим.

Ушул тилде узунду күн ыр жаздым,
Эчен ашуу, белес, кокту, кырды аштым.
Үпүп, торгой, үкү, булбул гана эмес,
Дөбөт, кандек, бука менен сырдаштым.

Тилге анан кантип кылам акаарат!?
Тилсиз калуу—алуу бүтпөс жаракат.
Ким окуса, ким сүйлөсө бу тилде,
Элди сүйгөн, жерди сүйгөн азамат!

***

Кетти сиңип ташка элесим,
Алдым катып, тоонун мүнөзүн.
Көл боюнда калды бала кез,
Мээге тартып, бүтпөс сүрөтүн.

Уктум үнүн тоодо улардын,
Кеп эшитип, сөзгө кубандым.
Алгач ирет татып сүйүүнү,
Арманына анын ынандым!

Турмуш —деген тарттым араба,
Уул, кыз күттүм асыл жана да,
Калем сабым келдим камчылап,
Поэзия — аттуу марага!

Касты күттүм, капа болбодум.
Достун көрдүм душман болгонун.
Турмуштун жеп эчен тепкисин,
Түштүм азыр туура жолдомун!

Цивилизация

1
Мен – үлүл, боортоктоп жылган,
Боржоктоп жаткан кылымга темир.
Асмандан төгөт азалуу жамгыр,
Айлап да, жылдап, басылбай эч бир.
Ыйсанын сөөгү ашталган жыгач,
Көзүмдө калды көк деңиз,
Кудайдын ыйы, чуулдайт кулак,
Көөдөндө жашайт душманым жеңгис!
Жолдор бар, жолдор каршы да, терши.
Көзүмдүн алды көп бырыш.
Эскирген ойлор эзилет мээде,
Элжирейт көктө сан жылдыз.
Энеке, мени колуңа алып,
Ымыркай кездей сооротчу.
Эшикте жамгыр, чарчадым такыр,
Сагындым сендик жомокту…

2
Көп ойлойм сени, дүйнөсү – аруу,
Күн баштуу бабам жылаңач.
Эшикте билсең кайнаган турмуш,
Эшикте кыздар жылаңач!
“Жеңишиң” менен жете албай келген
Кылымдар боюу адамзат.
Кабыл ал менин, кайрылуум сага,
Кайрылуум ушул –аманат.

3
Түшүмдө сени, көрөмүн Улуу
Дөөлөтү Кыргыз ашынган.
Анан да күндү, көз жашын төгүп,
Булутка темгил жашынган.
Анан да сени, ажырым тартып,
Айланып учкан, ыр –дүйнө!
Сеземин сендик касиет менде.
А демек, менден түңүлбө!-
Деп баштап келткан
Ойлорум – ойрон.
Эшикте мотор дүрүлдөп.
Кошунам –каман,
А мүмкүн жолборс
Мас кезде калчу күрүлдөп.
Чуулгандуу дүйнө,
Чурулдайт заман,
Чурулдайт көздөр, кулактар.
Авазга салып,
Айылда ырдайт,
Ай конгон түнкү булактар.

Кавказ кайрыктары

Ереван. Көрүштүк экөөбүз,
Карагат көздөрүң бир башка.
Каяктан келдиң?— деп сурадың,
Жашайсың, жазасың каякта?

Мен айттым: — Сүйүүнүн Кудайын,
Көргөнмүн илгери түшүмдө.
О, үмүт дегдеткен, көксөткөн,
Үзүлбө, үзүлбө, үзүлбө!

Билемин байыркы тегиң бар,
Тамырың сүңгүгөн тереңге.
Элденмин мен дагы байыркы,
Эзелки кан ойнойт денемде.

Ереван түшүмө киресиң,
Аруу кыз көчөңдө баратат.
Ыр окуйт Сүйүүнүн Кудайы,
Таң атат, таң атат, таң атат…

***

Кыйын минтип акындарды түшүнүү,
Сүйүп калуу – тозоктордун тозогу.
Акынсың сен, улуу элдин кызысың,
Чындыкка окшош, чындап айтса жомогу.

Карт Ереван сени менен жашарып,
Сен аркылуу Улуулукка кол сунат.
Ырларың бар бүлүк салар сезимге,
Түбөлүктөн турган минтип жол сурап.

Сага бүгүн багыштаймын дубамды,
Мезгил сызат – туйлап тулпар туягы.
Мен өлүмдөн калдым окшойт бүгүн да,
Өлбөй турган болуп калдым сыягы.

Карт Ереван көчөсүндө баратам,
Карт дарактар мээримине бөлөнүп.
Күн баратат уясына батканы,
Улуу ачылыш, Улуу ойлорду өңөрүп.

***

Жалгызмын — дейсиң, жаныма батты кусалык,
Жазында куштар каяктан учуп келишет?
Өмүргө – шыпаа, өмүргө – дабаа бул ырлар,
Эртели-кечтир эшигим турат черткилеп.

Билемин секет, ой басып жүрөм мен дагы,
Бийкечин көрүп, эзелки армян элинин.
Ортодо узак, ортодо бүтпөс аралык,
Мен бүгүн – Ата, аялдын кыргыз эримин.

Биз билген дагы, билбеген күндөр алдыда,
Сагыныч артат дилиме менин кусалык.
Сары оору болуп көңүлүм зилдейт, армян кыз,
Шарапка шондо койгон жок белең уу салып?

***

Гректерге окшош экен элиңер,
А сен болсо Афродита кадимки.
Көчө бойлоп чуркап жүрөт Аполлон,
Чаңга кулайт башындагы бариги.

Жебе тартат чагылгандуу Нимфалар,
Зевс анда кашын серпип, түйшөлөт.
Араратка токтойт Нойдун кемеси,
Ак булутка алтын түстүү Күн чөгөт.

Чиркөөлөрдө нечен кылым карыткан,
Коңгуроолор кезектешип кагылат.
Матенадаран ыйык китеп жайында,
Кыпчактардын кол жазмасы табылат.

Маштоц анда арип чийип, ойлонуп,
Хачатурян симфония жаратат.
Давид турат дале мекен чегинде,
Арменияда Улуулуктун таңы атат!

***

Ереван, мен келдим, ашыкмын
Сендеги татына бир кызга.
Кабыл ал, тосуп чык, эшик ач!
Арзуусу күч алган кыргызга.

Билемин бүгүн ал ыр жазат,
Сүйүүсүн багыштайт бөлөккө.
Чакырып жатканын билет ал,
Акындар дүйнөлүк эрөөлгө.

Анан да Аннага кайрылат,
Силвага сыр айтат дилинде.
Кыргыздын акынын ыр жазган,
Эскерет күндөрдүн биринде.

Ошентип, күн өтөт, түн өтөт,
Мезгилдер кылчайбайт артына.
– Аман бол, ардагым! – деп жазам
Акыркы… акыркы катыма.

© Чакиев Т.Т., 2010 literatura.kg


Кыргыз