Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КАРАЧА БАЙДЫ ЖОЛБОРС АЛГАНДА (Токтогул менен Жеңижок)

«Карача байдын байге бербес күлүгүн жолборс алыптыр» деген кабар айыл-айылга шамалдан тарады. Ат кайтарган жылкычылар бул кабарды Карача бийге кантип угузуунун амалын таба алышпады. Жайдын таңы атып, тоо-тоонун башына күндүн нуру чачырады.
Карача бай желбегей салынып, жалан кепиччен суу жакты көздөй басып келе жатып, жон ылдый бастырып келе жаткан жылкычысын көрүп, токтоп турду. Жылкычы жакын келгенде: «Ит-куштан мал аманбы? – деп кыйкырды. «Карышкырдан аман» деди да жылкычы мукактана түштү. Жылкычы атынан түшүп, байга салам берди, каргылданган үнү менен сөзүн баштады:
Кирпик какпай эле кайтарып чыктык эле, деп жер тиктеди.
Деги айтчы, эмне болду?  деп Карача бай жылкычыны жекире сүйлөдү.
Карышкыр болсо алдырбайт элек, күлүктү жолборс алды деп жылкычы кетенчиктей түштү. «Жолборс алды» дегенге Карача бир жагы таң калып, бир жагы атына ичи ачышып, бир далайга чейин үнсүз турду да:
Жолборстун кеткен жагын байкап калдыңарбы?  деп сурап калды. Жолборс айдын жарыгында оттоп турган күлүктү чапчып ыргытып жиберип, жалпак арча жакты
көздөй кеткендигин айтты жылкычы. Карача бай күн шашке болгон кезде айылдагыларды топтоп алып, жолборсту издеп чыкты. Жылкычы айткандай арча арасындагы таштын үстүндө жолборс комдонуп жаткан экен. Жолборсту көрүп, Карача бай мылтыгын алгыча жолборс Карача байды таштан алыс ыргытып жиберди да арчаны аралап кирип кетти. «Карача байды жолборс алыптыр» деген кабар Анжыян, Аксы, Аркага таралды. Токтогулдар ашка келгенде чоң боз үйдүн ичине толгон элге Айдыраалы ырдап отурган:
…Айылда болсо кой жакшы,
Аш курусун, той жакшы.
Өрүштө болсо кой жакшы,
Өлүм курусун той жакшы.
«Айдыраалы Таластын Күркүрөө деген жеринен болот»  деп жазат белгилүү акын Жоомарт Бекөмбаев өзүнүн «Токтогул» деген чыгармасында. Мында, Токтогулдар Карача байдын ашына келип атыры. Токтогул менен Жеңижок батага андан бир канча жыл мурун келип, ушул кошокту жаратышкан экен. Жсргиликтүү элдин айтуусуна караганда, окуя мындай болуптур: Кеңирсиген, атактуу Көк-Башат жайлоосунда Сере деген чакан жайлоолор бар. Карача байдын байге бербеген күлүгү үйүрү менен Серенин кыр жонунда түндө жайылып жүргөн кезинде жолборс кол салат. Айгыр жолборс менен кадимкидей кармашат экен, бирок жолборс деген жолборс да! Ыңгайы келгенде айгырдын жалынан тиштеп, сайды көздөй ыргытып кете берген экен. Карача бай өзү аңчылыкка шыгы болгондуктан жолборско Көк-Башаттын көк торпусуна капкан салат. Эртеси караса
капкан ордунда жок, көрсө жолборс түшүп, капканды сүйрөп, маңдайкы Карагайлууга кирип кеткенин баамдайт. Карача бай мылтыгын октоп, эки кишини жанына алып, Карагайлууга жөнөп калат. Көк-Торпуга келгенде жолборстун капкан сүйрөп кеткен изин көрүп, Карача бай: «Силер ушул жерден карап тургула, мен барайын» деп жөнөп кетет да Карагайлууга өтүп, кара мылтыктын милтесине чок коюп, жанынан чакчасын алып,
наспайын атат да беркилерден: «Мен мине кылып атырым?» деп сурайт. Беркилер:
«Сен наспай атып атырысың!» дешет. Карача бай: Көрүп турушкан экен!  деп жөнөп кетет. Бир кезде мылтыктын «тарс!» деп атылган үнү чыгат. Берки экөө кыйкырышып, «Карача бай жолборс атты!» деп, Карачага чуркап келишсе, Карача байды жолборс алып, өлүп жаткан болот. Көрсө, капкандын чынжырын алдына жыйып, комдонуп, Карача байды аңдып турган экен.
Карача бай капыстан чыга калып, жакындан кездешкенде атууга үлгүрө албай калган экен. Жолборс бир секирип, Карача байдын башын жара чайнап, бутундагы капканын силкип таштап кете бериптир. Кара мылтыктын милтесиндеги чок күйүп барып жеткенде мылтык
атылып, анан менин абаларым «Карача бай жолборс атты!» деп жар салып чуркап келишкен окшобойбу! Ал жолборсту көп өтпөй Асан деген адам Баёонун токоюнан
атып алыптыр.  Ошол мезгилде Токтогул Жеңижоктун үйүндө жүргөн убагы экен, эл менен бирге батага келип, экөөнүн Карачаны кошуп турган жери: ЖЕҢИЖОК:
Кызыл чаар ак жолборс,
Кыялай чапса тосо албайт.
ТОКТОГУЛ:
Кыямат кеткен Карача,
Сенин кыздарың биздей кошо албайт!

ЖЕҢИЖОК:
Кара чаар көк жолборс,
Капталдай чапса тосо албайт.

ТОКТОГУЛ:
Капилет көчкөн Карача,
Сенин катының биздей кошо албайт!..

ЖЕҢИЖОК:
Алтын жаак жез капкан,
Айланасы мис капкан.

ТОКГОГУЛ:
Аңдып барып атаарда,
Асылды ак жолборс деген ит капкан!

ЖЕҢИЖОК: Күмүш жаак жез капкан,
Күчтүү жаагы мис капкан.

ТОКТОГУЛ:
Көксөп жетип атаарда,
Көк жалды  көк жолборс деген ит капкан.

ЖЕҢИЖОК: Жакага малын айдаптыр,

ТОКТОГУЛ: Жанына барып атарда,
Жаагын жара чайнаптыр!

ЖЕҢИЖОК: Белеске малын айдаптыр,

ТОКТОГУЛ:
Бейлебей барып атарда,
Беренди каап жайлаптыр!

ЖЕҢИЖОК: Саадагың турат сабы жок,
Санааң бир турат өзүң жок.
ТОКТОГУЛ: Кылычың турат кыны жок,
О, кылыгың турат өзүң жок.

ЖЕҢИЖОК:
Салкының сайга тийчү эле,
Салкыныңдын астында,
Сан бечера жүрчү эле.
ТОКТОГУЛ:
Көлөкөң чөлгө тийчү эле,
Көлөкөңдүн алдында,
Көп бечера жүрчү эле.
ЖЕҢИЖОК:
Булуңдан бугу атчу элең,
Бүт айылды бакчу элең.
ТОКТОГУЛ:
Тектирден теке атчу элең,
Тегиз журтту бакчу элең!
ЖЕҢИЖОК:
Аскадан кийик терчү элең,
Астыңан чыккан кишиге,
Шыйрагын кеспей берчү элең!
ТОКТОГУЛ:
Асмандан, ак жибек боолуу куш келет,
Ажалы жеткен пендеге,
Ушундай, армандуу өлүм туш келет.
ЖЕҢИЖОК:
Көктөн, көк жибек боолуу куш келет,
Көк жал эрдин башына,
Ушундай, күйүттүү өлүм туш келет!
ТОКТОГУЛ:
Ак ала булут арасы,
Арманда ке1кен Карача,
Азамат эрдин баласы!
ЖЕҢИЖОК:
Көк ала булут аласы,
Күйүттүү кеткен Карача,
Көк жал эрдин баласы!
ТОКТОГУЛ:
Ак боз ат Минип таптаган,
Алышкан жоосун каптаган.
ЖЕҢИЖОК:
Көк тулпар минип таптаган,
Күрөшкөн жоосун каптаган.
ТОКТОГУЛ:
Эшилген сууну кечпедим,
Эсиң барда жетпедим.
ЖЕҢИЖОК:
Жайылган сууну кечпедим,
Жаның барда жетпедим!
ТОКТОГУЛ:
Кызыл чырай жүзүңдүн,
Кубулганын карачы!
ЖЕҢИЖОК:
Карагаттай көзүңдүн,
Жумулганын карачы!..
ТОКТОГУЛ:
Бир пияла суу бербей,
Башыңда туруп чуу бербей,
Карегим сенден айрылдым.
ЖЕҢИЖОК:
Жамандыкта күйүшкөн,
Жанашып бирге жүрүшкөн,
Канатым сенден айрылдым!
ТОКТОГУЛ:
Сары гүл эле баары,
Сары май эле наары.
ЖЕҢИЖОК:
Кызыл гүл эле баары,
Кымыз бир эле наары.
ТОКТОГУЛ:
Санооруң алтын жыш элең,
Сайдан өрдөк учурбас,
Сарала туйгун куш элең!
ЖЕҢИЖОК:
Көркөмүң күмүш жыш элең,
Көлдөн өрдөк учурбас,
Көк ала туйгун куш элең!
ТОКТОГУЛ:
Жашылдан менин жең учум,
Жаш алганым  теңтушум!
ЖЕҢИЖОК:
Кызылдан менин жең учум,
Кыйылганым  теңтушум!
ТОКТОГУЛ:
Бугу саптуу камчымды,
Буурул ат басып сындырды.
ЖЕҢИЖОК:
Бурулуп алым сурарды,
Бу кудай алып тындырды!
ТОКТОГУЛ:
Долоно саптуу камчымды,
Тору атым басып сындырды.
ЖЕҢИЖОК:
Толгонуп алым сурарды,
Теңирим алып тындырды!
ТОКТОГУЛ:
Алтындап топчу бурарым,
Абалымды сурарым!
ЖЕҢИЖОК:
Күмүштөн топту бурарым,
Күйүтүмдү сурарым!..
ТОКТОГУЛ:
Саадагын сайга жөлөгөн,
Санатың  Сан жигитке теңеген,
Саадагың сарбаз баасы
Санатың сан жигиттин жаасы!
ЖЕҢИЖОК:
Кылычын кырга жөлөгөн,
Кылыгын кырк жигитке теңеген.
Кылычыңкырбаз баасы,
Кылыгың  кырк жигиттин жаасы!.
ТОКТОГУЛ:
Бурулушта отурсам,
Бурулуп алым сураарым,
ЖЕҢИЖОК:
Кайрылышта отурсам,
Кайрылып алым сурарым!
ТОКТОГУЛ:
Кара кулак шер элең,
Карышкыр көздүү, бир сөздүү,
Кайраттуу туулган эр элең!
ЖЕҢИЖОК:
Бөрү кулак, шер элең,
Бөрү көздүү, бир сөздүү,
Бөтөнчө туулган эр элең!
ТОКТОГУЛ:
Кызыл чепкен мүрүсү,
Кыргызда сендей кимиси?!..
ЖЕҢИЖОК: Кара чепкен мүрүсү,
Казакта сендей кимиси?!..
ТОКТОГУЛ:
Кызыл чаар жолборстун,
Кычыраган тиши элең,
Кыргызда жок киши элең!
ЖЕҢИЖОК:
Кара чаар жолборстун,
Качыраган тиши элең,
Казакта жок киши элең!
ТОКТОГУЛ:
Көк болот элең мизиң курч,
Көк жолборс элең тишиң курч!
ЖЕҢИЖОК:
Ак болот  элең мизиң курч,
Ак жолборс элең  тишиң курч!
ТОКТОГУЛ:
Бешөөбү элең жылдыздын,
Берени элең кыргыздын.
ЖЕҢИЖОК:
Алтообу элең жылдыздын,
Арстаны элең кыргыздын.
ТОКТОГУЛ: Анжыян ээр, жез камчы,
Аргымак аттын дөөлөтү.
ЖЕҢИЖОК:
Амандашып катташкан,
Аманат жандын сөөлөт!
ТОКТОГУЛ: Алтындан сандык кыноолоп,
Салып коёр болсочу.
Сагынганда асылды,
Алып көрөр болсочу!
ЖЕҢИЖОК:
Күмүштөн сандык кыноолоп,
Катып коёр болсочу.
Көксөгөндө кургурду,
Көрүп жүрөөр болсочу!
ТОКТОГУЛ:
Кар үстүнө от жаккан,
Карыптарды көп баккан.
ЖЕҢИЖОК:
Муз үстүнө от жаккан,
Мусапырды көп баккан.
ТОКТОГУЛ: Сарыны кийсем эскирбейт,
Санатың айтсам кеч кирбейт.
ЖЕҢИЖОК:
Караны кийсем эскирбейт,
Кайгыңды айтсам кеч кирбейт!
ТОКТ0ГУЛ:
Карайган тоонун шамалы,
Какшатат өлүм амалы.

ЖЕҢИЖОК:
Бозоргон тоонун шамалы,
Боздотот өлүм амалы!..
ТОКТОГУЛ:
Кашка-Суу деген биздин жер,
Кайрылып чыкпайт сендей эр.
Кайрылып чыкса сендей эр,
Минтип катып бир алат кара жер!..
ЖЕҢИЖОК:
Бел-Башат деген биздин жер,
Белсенип чыкпайт сендей эр.
Белсенип чыкса сендей эр,
Минтип бекитип коёт кара жер!..
ТОКТОГУЛ: Тууруңду талашса,
Туйгунга жемин бербеген.
ЖЕҢИЖОК:
Ат салыша келгенде,
Акимге жемин бербеген!
ТОКТОГУЛ:
Күмүштөн ээр каш калды,
Күйүттүү кызың жаш калды!
ЖЕҢИЖОК: Алтындан ээр каш калды,
Армандуу балаң жаш калды!
ТОКТОГУЛ:
Кыяны, кыялай чапкан көк жолборс,
Кыялай чапса тоскон жок.
ЖЕҢИЖОК:
Кыямат кеткен Карача,
Сенин кыздарың биздей кошкон жок!..
ТОКТОГУЛ:
Капталды, капталдай чапкан ак жолборс,
Капталдай чапса тоскон жок!
ЖЕҢИЖОК:
Капилет көчкөн Карача,
Сенин, катының биздей кошкон жок!..
ТОКТОГУЛ:
Байыркыңды мен айтсам,
Мактагандай көрүнөт.
ЖЕҢИЖОК:
Эмикиңди мен айтсам,
Эстегендей көрүнөт!
ТОКТОГУЛ:
Көктөн бир тийген Ай болсун,
Кыямат кеткен Карача,
Сенин жаткан бир жериң жай болсун!..
ЖЕҢИЖОК:
Асмандан тийген Ай болсун,
Акырет кеткен Карача,
Сага бейиштен туура жай болсун!.


Кыргыз