Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КАКЕН АЛМАЗБЕКОВ. АЙСАРЫ

Анда Кокон хандыгы. Турпандан чыккан кырк кербен Анжиян тараптан соода кылып, кайра өтүп баратканда Чүй боорунан алтын баштаган асыл буюмдарын уурдатышат. Ошол кезде каардуу Байтик солто элин солк дедирбей билип турган. Кербендер даттанып ага келишет. Байтик элдеги атанган ууруларды түгөл жыйнап, акыры алтындын изин табат. Бирок аны өзү сиңирип калыш үчүн: “Ууру табылбады, бирок уурдатканыңарды төлөп берели”,–дейт. Алтындын баасы толук эсептелип, ал чыгым элге чачылат. Айыпсыз элден калың мал алынат, ага кошумча айып үчүн
кыркына кырк чаар ат, Турпандын ханына бир кыз тартуу кылынат. Ал кыз ашкан сулуу, кошокчу, ырчы Айсары аттуу, түндүкчү Тойчук дегендин жалгыз кызы болот. Доо бүтүп, кербендер кетээр алдында айыпка бараткан Айсары кыз минтип арманын боздойт.

Асмандап бүркүт желде ойнойт,
Айыпсыз калтар жерде ойнойт.
Ачылган гүлдөй жадырап,
Армансыз киши элде ойнойт.
Ак чөлмөк кылып адамды
Айткыла кандай пенде ойнойт?!

Ач бөрү шимшип жемди ойлойт,
Ак марал оттуу белди ойлойт.
Айланып издеп кызыгын,
Адашкан күлүк жерди ойлойт?!
Азапка түшкөн мен шордуу
Армандан башка эмне ойлойт?!

Алыста калчу жерди ойлойт,
Агаин тууган, элди ойлойт.
Алышып бирге ойногон
Асылкеч теңтуш теңди ойлойт.
Ажыдар соргон бөжөгүн
Атакем байкуш эмне ойлойт?!

Акимдин күчү зор беле,
Алсыздар ага кор беле.
Ак кептер элем кайыган,
Алдымда каткан шор беле.
Алдырган колдон күкүгүн,
Апакем кандай шордуу эле?!
Айлана жылан ордолоп,
Агаин элим корголоп.
Азап, муң, кайгы, ызы-чуу,
Аккан жаш көздөн шорголоп
Ак жерден айып тартышып,
Айтчы эмне мынча кор болот?!

Арман бар жерде санаа бар,
Армандуу мен бир жарадар.
Айыпка адам карматкан,
Абийирсиз жүзү каралар.
Каңгырап элден адашып,
Какшасын мендей балаңар.

Жаңыдан гүлүм ачты элем,
Жалп этип өччү жаш белем.
Жазыксыз муңга чөмүлүп,
Жамгырдай жааган жаш менен.
Тырмагы тийип дөбөттүн,
Тытылмай болду жаш денем.

Ак чоку тоонун ар жагы,
Аралаш кытай, калмагы.
Өз элден алыс ажырап,
Өткөн күн курсун андагы.
Бирөөгө кантип күң болот, I
Бирөөнүн эрке ардагы?!

Албырган жүзүм кубарар,
Арманга арман уланар.
Ачылган жашыл гүл элем,
Апсыйган бирөө будалар.
Жазыксыз, мындай кордукка
Жан болбос чыдап туралар.

Ач бөрү чыгып жолуман,
Алдырып алым жогунан.
Ардагым ага, тууганым,
Адашмай болдум тобуңан.
Айыпка келген шүмшүк деп,
Арылбас таяк жонуман.

Жалгызы элем бирөөнүн,
Жанчылып барат жүрөгүм.
Кагылам, кантем, апаке ай,
Капаска түштү чүрөгүң.
Кайрылып элди бир көрбөй
Канткенде чыдап жүрөмүн.

Арманын боздойт кырчының,
Атаке ай, кандай кылчумун.
Кулпуруп өсүп калганда,
Куурайбы жашыл чырпыгың.
Жат элде кантип күн көрөт
Жалгызың, алсыз чымчыгың?!

Баткан ай кайра толсочу,
Байтикти ажал сорсочу.
Ата-энем боздоп турганда
Ак куусу кайра консочу.
Улутпай эки шордууну
Уялаш бирөө болсочу?

Көргөндө көөнүм бир жибип,
Көөдөндө сырым бир билип
Асылкеч болуп алууга,
Айлыман жакпай бир жигит.
Жок тура мендей кесирлүү,
Жоруга турган илдирип.

Ак билек сунсам алчу ким?
Ак жибек боосун чалчу ким?!
Ажыдар соруп баратат
Арача кылып калчу ким?!
Айсары байкуш кантти деп
Аркаман издеп барчу ким?!

Калкынын мончок селкиси,
Канкордун болсо энчиси.
Айлымда жокпу бел байлап,
Ажалга тике келчүсү.
Качан бир чыгат Шалтадан,
Каманга кайрат берчүсү.

Акак таш элем кири жок,
Азапка байлап жиби жок.
Ач жылан соруп жатканда,
Арага түшөр бири жок.
Арка-бел болчу мындайда
Ага жок менде, ини жок.

Мага бир көркоо көз болор,
Манаттай өңүм жез болор.
Жадырап жүрчү Айсары,
Жалдырап турма нес болор.
Андайда көңүл көтөрүп,
Адам ким акыл-эс болор.

Канчалык болсо көрөр күн,
Ошончо жашым төгөрмүн.
Ажалга моюн сунгуча,
Азапты далай көрөрмүн.
Заманга айтып дартымды,
Зар какшап жүрүп өлөрмүн.

Тоо гүлү элем буралган
Тоту куш элем сыланган.
Азыр мен болдум бир байкуш,
Арманга күчүн чыгарган.
Кузгундар турат тарп аңдып,
Кутулам кантип булардан?!

Алты өрүм чачым чубалган,
Ак көйнөк кийип тубардан.
Адырда жүрсөм гүл терип,
Ак марал элем суналган.
Алмашып ал күн кайгыга,
Адашат башым тумандан.

Ким билет кандай эл көрөм,
Ким билет кандай жер көрөм?!
Жайнаган гүлдүү Ала-Тоом,
Жанымдан кантип кем көрөм.
Кадимки бейиш болсо да
Канткенде сага тең көрөм.

Ата журт, конуш Арчалым,
Арманым айтып чарчадым.
Кор болгон күнүн билсеңчи,
Койнуңа бышкан алчанын.
Сорсоңчу Байтик зулумду
Соолуткан жашын канчанын.

Тулпары туйлап кермеден,
Туурунан туйгун жем жеген.
Адыры гүлгө чулганып,
Атыр жел арча термеген.
Балкыган бейиш Ала-Арча
Бактыма сыйбас жер белең?!

Ардагым, ага-тууганым,
Аппак гүл элем куурадым.
Ачканда бүчүр жаңыдан,
Ач мите чачып ууладың.
Алсырап калды Айсары,
Азуусу тийип бууранын!

Азабы бүтпөс жол мына,
Айсары тартчу шор мына.
Кучагын жайып тең өскөн,
Курбулар эсен болгула!
Кулаалы алган жөжөсүн,
Кургурлар эсен болгула.

Алчактап өткөн бала чак
Айылым жүрөк канатат.
Айыпсыз азап тарттырып,
Адамды неге жаратат?
Ардагым элим кош эми,
Айсарың кетип баратат.


Кыргыз