Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«ЭР ТӨШТҮК» ЭПОСУНАН Жолборс менен достошуу

Андан ары жол жүрсө,
Ат аябай мол жүрсө.
Элемандын Төштүгү,
Урунарга тоо таппай,
Өрттөй болуп көз жайнап,
Өмөлчү журттан айрылып,
Ошончо кыйын шор кайнап.
Ээрдей болгон белести,
Эңкейип Төштүк турду эле,
«Айлана кандай экен?» деп,
Ага көңүл бурду эле.
Чыр-чыр, чыр, чыр чыгат,.
Чыркырап уу бек үн чыгат.
Чыркыраган ачуу үн
Кулак-мурун жеп чыгат.
Салып барып караса,
Адамча айтып тил сүйлөп,
Ошо жолборс турганы:
«Өчкөн бир отум тамызчы, Төштүк!
Өлгөн жаным тиргизчи, Төштүк!
Суусап кеттим, суу берчи, Төштүк!
Эңкейип барам, эт берчи, Төштүк!
Жакшылыгың көп берчи, Төштүк!
Бугу куудум, баш жедим, Төштүк!
Томугум болду жарадар, Төштүк!
Жатамын боздоп санаа бер, Төштүк!
Кароол карап кайрылдым, Төштүк!
Кайран буттан айрылдым, Төштүк!

Чын бугу жебес мен өзүм,
Чымын таппай зар болдум, Төштүк!
Кабымды таап, кан берчи, Төштүк!
Жанымды зоолап жан берчи, Төштүк!
Жолборс минип турганда,
Элемандын сырттаны
Көңүлү кетип бөлүндү,
Буту жара ак жолборс
Тууганындай көрүндү.
«Элимен азган мен- арстан,
Бутунан азган бул- арстан.
Чалкуйрук оозун бурайын,
Ушул кайран арстанга
Бир жакшылык кылайын».
Деп ошентип эр Төштүк,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Чалкуйруктун үстүнөн
Чуркап түштү жүгүрүп.
Барып Төштүк караса,
Ак жолборстун бутуна
Чөңөр кирип кетиптир.
Бул чөңөрдүн киргени
Бир кыйлага жетиптир.
Жанында болот кестигин
Кындан сууруп алды эми,
Ак жолборстун таманын
Жонуп жатып калды эми.
Жонуп жатып эр Төштүк,
Чөңөрдү сууруп салды эми,
Чөңөрдү суурган жеринен,
Ириң менен кан кетти.
Ал жаралуу жолборстун
Ооруган жери басылды,
Умачтай көзү ачылды.
«Жолуккан жоого көз болсоң,
Жолдош болуп беремин,
Башыңа мүшкүл иш түшсө,
Айтканыңа көнөмүн.
Элемандын Төштүгү
Дегениңе көнөйүн,
Катуу мүшкүл иш көрсөң,
Медер болуп берейин.
Элемандын Төштүгү
Дегениңе көнөйүн,
Катуу мүшкүл иш көрсөң,
Медер болуп берейин.
Элемандын Төштүгү,
Эрге мүшкүл бир келет,
Эрге мүшкүл келгенде,
Кырсык чалып, шор кайнайт
Кыраанга кырсык тийгенде,
Азык таппайт көз жайнайт.
Мурутуң булкуп калды эми.
«Түтөтсөң даяр болом» -деп,
Төштүккө бере салды эми.
Бул мурутту түтөтсөң,
Көрүнөм, Төштүк, көзүңө,
Жолдош болом өзүңө»,-
Деп ошентип, ак жолборс
Көздөн кайым болду эле.


Кыргыз