Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын чыгармачылыгы

Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова. 1961- жылы 8 – апрелде Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Токтогул айылында төрөлгөн. 1978 – жылы Д. Шопоков атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, 1985 – жылы Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин кыргыз –тил жана адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындыгы башкаруу Академиясын бутуруп магистир даражасына ээ болгон. Учурда «Акыйкат Жолу» коомдук бирикмесинин төрайымы болуп тышкы жана ички мигранттардын укугун коргоп узурлүү эмгектенүүдө.
Бүбайша Арстанбекованын көркөм сөз өнөрүнө кызыгуусу мектеп жашында эле башталып, ырлары мезгилдүү басмаларда жарык көрүп турган.
Акындын алгачкы ырлар жыйнагы “Сага” – деп аталып 1999 – жылы, Кыргызстан басмасы тарабынан жарык көргөн. Бул китептин баш сөзүн Кыргыз Республикасынын эл акыны, таланттуу акын Сүйөркул Тургунбаев жазып: “Жан-дүйнөнүн шыбырын аздектей билип, аны ырга айландырып,ушул керемет дүйнөнү көрө билүү, көркөм ойлонуу шыбагасын жараткан Бүбайшага да бергендигине ынандым” – деп акын кызга ийгилик каалагандыгы да жөн эмес. Ошол эле жылы акын, жазуучу, сынчылар Бүбайшанын “Сага”- деген ырлар жыйнагын жогору баалап, жазуучулар союузуна мүчөлүкө кабыл алышкан. Бүбайша Арстанбекова Улуттук жазуучулар союузунун мүчөсү.
2008 –жылы “Карегимде Ата- Журт” аттуу китеби “Бийиктик” басмасынан жарык көрүп, анын баш сөзүн Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиев жазып ак бата жолдогон. “Карегимде Ата- Журт” ырлар жыйнагынын жарык көрүшү айрыкча чыгармачыл чөйрөдө кызуу талкууга алынып, жаштарды ата-журтту аздектеп сүйүп, барктап, мекенчил болууга үндөө менен бирге ата- журтту жандуу “Адам” ата-журтка айландырып жазгандыгы жөнүндө филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү жазуучу Бейшебай Усубалиевдин сын пикири “Жаңы –Ордо” гезитине сандан – санга жарыяланган.
Айрыкча акындын “Курманжан Датка” поэмасын Кыргыз телевидениеси, Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артистеринин аткаруусунда телеинценировка кылып көрсөтүүсү окурмандардын арасында кызыгууну жаратып, Курманжан Датканын коомдук ишмер эле эмес тарыхта кайталангыс кайраттуу, мээримдүү жана армандуу эне катары сүрөттөп бергендиги менен келечек муунга таасирдүүлүгү артып өз окурмандарынын жүрөгүнөн орун алды. Бүбайша Арстанбекованын “Куттуу- Кыргыз” аттуу үчүнчү китеби жарык көрүү алдында турат. Эмесе акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын ырларынан сиздерге сунуш кылабыз.

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АРМАНЫ:

Ооба балам, боор этимден бүткөнсүң,
Сени өлүмгө турсам дагы кыялбай.
«Тик карагын – өлүмгө» – деп айтканда.
Канап турду эт жүрөгүм чыдабай.

Аял болуп кош канаттуу бүркүттөй,
Аяр сактап элин баккан үркүтпөй.
Айрылсам да канатымдан кыйылып.
Датка болдум элин коргоп чүнчүтпөй.

Даткалыктын милдетине багынып,
Көздөгөнүм элдин тынчтык бүтүмү.
Боз ингендей ботосунан ажырап
Күйдүм ичтен сыртка чыкпай түтүнү.

Мүмкүн болбой кайгы тартып ыйламак,
Куран окуп, калың элди жыйнамак.
Душман анда пайдаланып учурдан,
Оңой олжо, жеңиш менен жыргамак.

Кансырады, катты боорум таш болуп,
Көз ыйлабай жүрөк ыйлайт жаш толуп.
Кайраттанып эл башында турсам да,
Маңдайымда кайгы турду октолуп.

Моюун сунуп кайгы огуна жыгылбай,
Ханышасы болдум кыргыз элимдин.
Канча жолу жараланды жүрөгүм,
Садагасы болуп туулган жеримдин.

Мен Курманжан датка болсом элиме,
Балдарыма элжиреген энемин.
Элим үчүн тик карадым шейитке,
Бирок элим, таш боор экен дебегин.

Эне элем го, толгоо тартып төрөгөн,
Ооруп жаным, омурткам бүт сыздаган.
Сен ажалга башың сунуп турганда,
Көзүм эмес жаным күйүп ыйлаган.

Мен энемин түн уйкусу миң качкан.
Бешик ырын ырдап бала уктаткан,
Боорун тытып, садага чаап элине
Өз баласын тынчтык үчүн алмашкан.

Элиң үчүн сен өлүмгө барганың
Бул тарыхта өчпөс болуп калганың.
Жүрөк сыздап, жүлүндөрүм өрттөнүп,
Куран окуп, жагам шейит шамдарын.

Өмүр бою ачык кайгы салбадым,
Ичим күйүп толуп турду арманым.
Мен ыйласам ботом кетти шейит деп,
Анда менин алсыз болуп калганым.

Эстегенде жаш албастан көзүмө,
Шейит болдуң, деп койчумун шыбырап.
Мен ыраазы болдум уулум өзүңө,
Эл – жер үчүн курман болгон тыбырап.

үн чыгарбай кошок айтып ыйладым,
Датакалыктын талабын эч кыйбадым.
Күйүп,күйүп күлгө айланды жан дүйнөм.
өмүр бою өксүп, буулуп кыйналдым,

Бул дүйнөдө жүрөк бүтүн болбоду,
Боорум канап, сыздап жаным толгоду.
Сабыр кылып бир максатты көздөдүм,
Эл тынчыгын сактап калсам болгону.

* * *
Руху тирщщ бойдон жашап келет,
Датка – эне түшкө кирип аян берет.
Табалбай шейит кеткен Камчыбегин
Ыр – дастан жаратууга болду себеп.

Кыргызга улуу жолсуң тарыхтагы
Руханий азык болгон жанып шамы,
Борбодо боорун кармап турат эне,
Миң кылым өтсө келбес Курманжаны.

Баатыр эне кайратынан баян этим,
Эненин айрылганын боор эттен.
Курманжан Рух дөөлөт кудай берген,
Кыргыз эл тагдырына буйрук эткен.

II
Кенжетайы Камчыбектен айрылган,
Муң-кайгысын арман күйүт кошогун.
Буга чейинжазган элем датканын,
Жан чыдагыс кейиш,азап-тозогун.

Карт тарыхтын барагында жазылган,
Кайгы – муңдун Ханышасы асылжан.
Мөгдөп бирок,баш ийбеген душманга,
Энекебиз эр жүрөктүү баатыржан.

Кутумчулук курмандыгы тороорун,
Башы алынып душман колдуу болоорун.
Кокон Хандык тактысына татыган,
Алымбекти бейажал шейит болоорун.
Алдын ала сезе билген акылман.

Миң сегиз жүз алтымыш эки жылында,
Жесирликтин таажысын кийди кылымга.
Алымбек Датка арстанынан айрылып.
Кайраттанды сабырдуулук кылууга.

Түш аркылуу канча сезип билсе да,
Айласыздан тагдырга башын ийсе да,
Жесирликтин таажысын башка кийсе да
Дооматы күчтүү душманга башын ийбеди.

Күйүт тартты Камчыбектен башка да,
Баатырбектей балдарынан айрылып.
Болуштуктан бошотулуп сүргүндө,
Сибирь жакта жүргөн кезде кайгырып.

Алгансып кайгы,жоготуу аны энчилеп
Камчыбектен жыл өтпөй өлүп Баатырбек.
Дагы бир уулун узатты кайтпас дүйнөгө,
Кайгы-муңга туруштук берди жан үрөп.

Эли-жерин баскынчыдан коргойм-деп,
Ооганстандан кайтпай калды Абдылдабек
Анда дагы ичитен сызып боздоду,
Сабыр кылды, белин бууп бекемдеп.

Миң сегиз жүз токсон бешинчи жылында
Уулдарынын дагы бирөө Асанбек,
Неберелери Мырзапаяс,Арстанбек.
Айдалышты Иркут губерниясына .
Чылгый тери чыдады анда азап жеп.

Кайгы ичинде бирок күлүп жайнады.
Сабырдуулук датка энени кармады,
Касиеттүү аялзаттан артыкча.
Өзгөчө бир эне болуп калганы.

Ала-Тоо Ханышасы бүтпөс дастан,
Айбаты эркек, өзү аял ал Курманжан.
Тынчтыка тирек болуп эл сактаган,
Дүйнө элин келе жатат калтырып таң

КУТТУУ КЫРГЫЗ

Аалам, адам ортосунда болуп жылдыз,
Жарык чачат жалпыга Куттуу Кыргыз.
Жаңы кадам таштады алтын доорго,
Аруулантып ааламды Куттуу Кыргыз.

Ак батадан алынган уюткубуз,
Уузкан ата баш болгон Рухубуз.
Адам ата алтын доордун күүсүн чертип,
Эли – жерин коргогон Манасыбыз.

Купулуна Кудайдын толгон кыргыз,
Кут даарыган касиетиң ойгон кыргыз.
Тарыхыңды өзүңдү таанып билип,
Ата- салтын антыңдай колдон кыргыз.

Ала тоодой намысы бийик Кыргыз,
Айкөл, аруу дүйнөсү ыйык кыргыз.
Табигаты таасирдүү бейиш жери,
Тарбиялайт дүйнө элин жыйып кыргыз.

Арстанбекова Бүбайша
Талас шаары, “Манас-Ордо”
26-май, 2012ж.

ЫНТЫМАК

Жети дубан биргип ынтымакта,
Адал иштеп,асыл ой бир максатта.
Өлкөбүздүн өнүгүүсүн алга сүрөп,
Ыроолосун Ырыс алды ынтымакка.

жакшы жаман, кыйындыкта бирге болуп,
адамзаттын баалулугун бийик койуп.
Биригели түндүк – түштүк бөлүнбөстөн,
Куттуу кыргыз баласындай ыйык болуп.

Бүт жараны Кыргызстандын ынтымакта,
Баардык улут мекениңди сүйүп сакта.
Сугун арткан ичи бузук арамдардан,
“Чептен эрдин күчү бек”ушул тапта.

ЭРКЕЛЕГИМ КЕЛЕТ МЕНИН.

Багындым мен адамдык сапатыңа,
Бааланбастан баштагыдай адатыма.
Жылдыз сымал жылуулук чачып өткөн,
Мас болупмун мамилеңдин тазасына.

Эркелегим келет cага эркелегим.
Эске түшүп күлгүн кез секелегим
Эстен чыгып жаңы эле таанышканым
Эзилишип эркелегим келет менин.

Эркелегим келет сага эркелегим,
Эсептебей өткөн өмүр мүнөттөрүн
Маани бербей айрыма жашыбызга,
Эзилишип эркелегим келет менин.

17.03.07ж.

ЖАКШЫ ТҮШ.

Жакшы түш көр, түшүңө мен кирейин,
Арзып жазган ырларымды көркөм окуп.
Жөөлүп чык арзуу ырын угуп жатып,
Обон соз ырларыма түштөн чочуп.

Түшүңө эгер кирсе жашыл аалам,
Издегин дербиш болгун аралаган.
Жашыл аалам ичине жашырынып,
Айбы,күнбү, же булут болуп сага барам.

Түшүңө кирген болсо чалкыган көл,
Тереңинен мени издебе суучул болуп.
Жазда келген ак куулардай учуп келип,
Кубуламын ойготомун сага конуп.

Түшүңө кирген болсо көк мелжиген,
Ала-Тоо мөлтүрөгөн муздар тоңуп.
Бүркүтөй учуп жетем деп эңсебе,
Эриймин мен агып түшөм тамчы болуп.

Жакшы түш көр түшүңө мен кирейин,
Моюунуңа асылып эркелейин.
Мөлтүрөп тамчы болуп агып келип,
Суулайын суусап турган ээриндериң
Күндө түш көр түшүңө мен кирейин

17.03.07ж.

ТУУЛГАН ЖЕР.

Туулган жер уча турган канатымсың,
Ырымда ырдап бүткүс санатымсың.
Кокустан сенин көңүлүң ооруп калса,
Жүрөктө дабаа таппас жаратымсың.

Туулган жер менин ыйык мекенимсиң,
Түгөнбөс байлыгымсың, берекемсиң.
Койунуңда термелип тынч уктачуу,
Жомоктогу алтын бешик энекемсиң.

Туулган жер жүрөктөгү тумарымсың,
Сагынычым таркабас кумарымсың.
Ааламды алты айланып чыксам дагы,
Алмашкыс касиеттүү чырагымсың.

17.03.07ж.

СҮЙГӨН ЖАР

Мен сүйбөсөм сен мени сүй сүйгөн жар,
Сүйүүлөргө баш ийбеген кимдер бар.
Аракет кыл, адаштыргын ойлонтуп,
Алың жетсе ак сүйүүңө арбап кал.

Аргасыздан сүйүүгө баш ийдиргин,
Жалооруган көздөрүңө жаш алып.
Мас болоюн сүйүүңдүн Бер шарабын,
Сүрдөнөйүн наристедей такалып.

Касиетин билдиргиниң сүйүүнүн.
Кумар козгоп жан дүйнөнү жыргатып,
Кош булбулдай жарчы болуп сүйүүгө.
Жар салалы “Ак сүйүү” деп ырдашып

БИР ЖАРАЛЫП,
БИР КЕЛЕБИЗ ӨМҮРГӨ

Өмүр кыска көз ирмемдей тез өтөт,
Капа кылып көңүлдөрдү оорутпа.
Колдон келсе өмүр улап күлүп өт,
Көз ирмемдей өмүр гүлүн соолутпа.

Өмүрлөрдү улап турган сыйлашып,
Тирүүлүктүн шаан-шөкөтүн суз кылба.
Эртең эле калган сындуу күн батып,
Өмүр өтсө аттиң дейбиз ыйлашып.

Өмүр кыска, өмүр кыска адамзат,
А, адамзат бары бирдей жаралат.
Аны билбей жакшысың, сен жаман деп,
Урушабыз жүрөктөрдү жаралап.

Ошол кыска көз ирмемдей өмүрдө,
Ойно, күлгүн кир калтырба көңүлгө.
Сый көрсөттүп, сый көргүнүң адамзат,
Бир жаралып, бир келебиз өмүргө.

АК ТАҢДАГЫ ЖОЛУГУШУУ

Жолугушуп тун сүйүүнүн ак таңында,
Жан жыргатып жаз күнүндөй аптабына.
Салкын тартып калбастан ара жолдо,
Калгым келет махаббаттын жаш шаарында.

Эргүү тартып сүйүүнүн шооласындай,
Ээрип, ээрип жибектин шоонасындай.
Эркелешип өтсөм дейм өзүң менен,
Эрте жазда гүлдөгөн жоогазындай.

Кезигишип махаббатын кечтеринде,
Нур тамылжып өзүң өпкөн беттериме.
Көкөлөтүп үнүмдү көк асманга,
Жан дүйнөмдү жалындай өрттөдүң ээ.

Жолугушуп тун сүйүүнүн ак таңында,
Жан жыргатып жаз күнүндөй аптабына.
Салкын тартып калбастан ара жолдо,
Калгым келет махаббаттын жаш шаарында.

СҮРӨТТӨГҮ СУЛУУ КЫЗ АПАМ БЕЛЕҢ?

Сүрөттөгү сулуу кыз апам белең?..
Тал-тал чачың өрүлгөн маңдайыңа.
Жүрөк сыздап ыйлагым келет менин,
Ак чач басып картайып калганыңа.

Апам кеткен кош айтып арабыздан,
Сүрөтүндө кандай жаш көркөм болгон.
Элестетип караймын күндөн күнгө,
Апам турат күлмүңдөп тирүү бойдон.

Айчүрөктөй сулуусуң сүрөттөгү,
Тал чачтарың жер чийип чимирилет.
Аттиъ апа картайып кеттиң беле,
Бизди төрөп, багам деп убайым жеп.

Сүрөттөгү сулуу кыз апам белең,
Тал-тал чачың өрүлгөн маңдайыңа.
Жүрөк сыздап ыйлагым келет менин,
Ак чач басып картайып калганыңа.

Июль. 1992- жыл.

МЕНИН АПАМ

Адамга жашоо берип толгоо тарткан,
Ай, күндөй уул-кызды төрөп баккан.
Балдарым болсо экен бактылуу деп
Күн-түнү уйку көрбөй түйшүк тарткан

Аруузат, ааламдагы асылзаада,
Ай жүздүү кайталангыс менин апам.

Өмүрүн бүтүн арнап уул- кызына
Өчүрбөй өмүр шамын бизге жаккан,
Узак жол сапарларда жүргөнүмдө
Аман жол, ак жол тилеп санаа тарткан.

Аруузат, ааламдагы асылзаада,
Ай жүздүү кайталангыс менин апам.

23/08/2013/

СЫРДУУ СҮЙҮҮ

Издедим аруулукту, тазалыкты,
Канча кыш, жазга айланып саргайды күз.
Дүйнөгө бир жаралчу асылдардай,
Билинбей бирге басып жүрүптүрбүз.

Жанашып бирге басып жүрүптүрбүз,
Жан ээрип тамаша айтып күлүптүрбүз.
Тагдырдын табышмагын таппай туруп,
Тамылжып кош чырактай күйүптүрбүз.

Жарашып жашыл кымкап кийиптирбиз,
Жаштыктын алтын доорун сүрүптүрбүз.
Катылган жүрөктөгү сырга айланып,
Мен сизди, сиз да мени сүйүптүрсүз.

МЕН ЖАЗМЫН

Мен жазмын бүрдөп турган март айында,
Мен жазмын жол бербеймин картаюуга.
Жүдөткөн суук кышты айдап салып,
Жылуулук бере баштайм март айында.

Мен жазмын бүчүр байлап мөмө берчү,
Ак жаандай ак сүйүүсүн төгө келчү.
Мен кызмын кызгалдактуу кызыл талаа,
Жигиттер сүйгөнгө арнап гүлүн терчү.

Мен гүлмүн бүт ааламга жыпар чачкан,
Мен мартмын дүйнө эли майрамдашкан.
Алоолоп сезимдерге от жандырган,
Махаббатмын эркек-аял сайрандашкан.

Ой,..мен жазмын, кызмын, гүлмүн дедим,
Эске албай ата-эненин бар экенин.
Энеси болсом ошол жыргал жаздын,
Жыргаткан жаз «Атасы» сен экенсиң.

04.03.2013 ж.


Кыргыз