Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЗ БОЁГУ

Дарак жашыл, жер жашыл,
Гүлдөр жайнап ачылган.
Байкап көрсөм, баарына
Жаз боегу чачылган.

Жаратылыш көркөмү
Жазда башка артыптыр.
Мекенимди сулуулап,
Мезгил сүрөт тартыптыр…


Кыргыз