Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЖАЛАКАЙ

Байкасаңар Алапай,
Барып турган жалакай.
Күн ачуурак тийсе айтат:
– Күйүп кеттим, калакай!

Суук болсо кенедей,
Тоңуп калчу немедей,
Үйдө мештин жанында:
– Үшүп кеттим ченебей!

Тааныбасаң Алапай–
Так ушундай Жалакай.


Кыргыз