Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЧЫМЧЫКТАРДЫН КОНЦЕРТИ

Чырк-чырк этип чымчыктар,
Сүйлөшөөрүн билгиниң.
Алар да өз тилинде
Түшүнүшөт бир-бирин.

Бирөө белги бергенде,
Дароо учуп келишет.
Чоң даракты пааналап,
Чогуу концерт беришет.

Чымчыктардын ырына,
Дароо учуп келишет.
Топ бала ырдап жаткандай,
Токтоп угуп турамын.

Баратканда жумушка,
Же келатсам үйүмө,
Укмуш сонун концертти
Угам жыргап сүйүнө.


Кыргыз