Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Жаңыдан ырдап жүргөн кезим. Айылыбызда Айдаралы, Аттокур деген ырчылары бар болучу. Алар эски ырчылар болгону менен атагы чыккан эмес. Ширгелинин уулу Муса деген киши бир күнү мага жолугуп: «Алымкулум, Таласта сен үйрөнүп, үлгү алучу ырчылар жок. Кетмен-Төбөдө Токтогул, Эшмамбет деген ырчылар бар. Токтогул деген акын Сибирге айдалып барып, кайра келди. Токтогулду көрбөй сен ырчы болбойсуң. Ошол Токтогул деген акын Таласка келсе сени тааныштырып коёюн» деди Муса. Жанкороз дегенге аш берет деп угуп калдык. Бир күнү Муса келди да: Жүр, балам, беренге Токтогул жакын болчу эле. Ушул ашка Токтогул келет. Жүр эми, сени ошол акынга тааныштырайын» –деп, ээрчитип алып жөнөдү. Беш-Таш деген жерге барсак эл жыйылып, берендер үй тигип жаткан экен. Айылдын четине барып, бир кишиден: «Токтогул келдиби?»–деп сурадык эле, «Келди, Жанкороздун иниси Төлөбайдын айлында жатыр». Анда Муса айтты: Азыр сен жаш баласың, күндүз Токтогулдун үстүнө алып барсам, тердеп-тепчип эч нерсе айта албассың. Түн баатыр болот дечү эле. Азыр бирөөнүкүнө конуп, түндө алып барайын». Ошентип биз башка айылга барып түштүк. Күүгүм кирип, караңгы болгондо: «Жүр, эми сени Токтогул жаткан үйгө алып барайын»–деп, алып жөнөдү.
Токтогулду көрсөм деп алып учуп ара жатам. Токтогул жаткан Төлөбайдын айылына жакындаганда бизге Токтогулдун үнү угулду. Мурун көрсөм деп жүрөгүм толкундап бара жаткан мен анын үнүн уккандан кийин тер чыга баштады. Көрбөсөм экен деп калдым. Көрө электе минтип калдым. Кантип мен анын астына барып бир нерсе айтам дегенсип ойлондум.
Ойлоп көрбөй эле кетем деп калдым. Бирок Муса болбой койду. Барып түшсөк, айылдын жанына ат батпайт. Төлөбайдын чоң ак үйү бар экен. Үйдүн ичи да эл, сырты да эл. Биз барган кезде Токтогул Сибирден келгенде, Кетмен төбөнүн бери жагында, Бууракандын белинде Эшмамбет ырчы менен учурашканын ырдап жаткан. Муса атын мага карматып, Токтогулдун үстүнө кирип кетти. “Ассалоомалейким, Токо, аман эсен жүрөсүңбү, урушчаак бөдөнөдөй чурчуйган жарыктык, Таласка кээде келет экенсиң, кээде келбейт экенсиң. Сөзүңдү сагынат экенбиз. Өзүңдү сагынат экенбиз. Биздин айылда Алымкул деген жаш бала бар, ал ырчы болом деп жүрөт. Ошол балаңды ээрчитип келдим. Ырыңан, күүңөн үйрөтүп кет, Токо! Сизди саганганда ошол балага ырдатып жүрөлү”–деди Муса. Током Сибирден кайра келсе жалгыз баласы өлүп калган, аялы эрге тийип кеткен эле. Өзүнүн жалгыз энеси калган, кайгыга кайгы кошулуп, боорун көтөрө албай Токомдун боздоп жүргөн кези экен. Током жанагы сөздү уккандан кийин, айтып жаткан ырын токтотуп мени чакырып үндөп ырдады. Колуна комуз алып коңгуроодой үнү менен мени чакырып ырдап турган жери:

Токтогул:
Аргымак кечет как жарып,
Аралдын кирген дайрасын.
Азамат чыкса элиңден,
Айылы көрөт пайдасын.
Ажалдан башка иш болсо,
Акылдуу табат айласын.
Атайы көрөм деп келген,
Алымкул балам, кайдасың.
Кадырлуу жылкы кечпейби,
Калкыган көлдүн дайрасын.
Кайраттуу чыкса элиңден
Калкы көрөт пайдасын.
Кабарым угуп келипсиң,
Каргадай балам, кайдасың.

Бүгүн берен үй тигип,
Бүл күлдөктүн сазына.
Камакта жүрүп картайган,
Кайгырам өткөн жашыма.
Кадырлап эл чакырып,
Келип турам ашына.
Алыстан качып жүргөнчө,
Атаңдын келгин кашына.
Кайнатаңды көргөнсүп,
Качып менден жашынба.
Ала барчын айланса,
Алтайы качат бүргөнгө,
Аргымак күлүк ат жарайт,
Алыска болжоп мингенге.
Ак жолборстой эр жарайт,
Айгышкан жоого тийгенге.
Аккүрөккө тон жарайт,
Азамат эрлер кийгенге.
Ак каркыра жар жарайт,
Алышып ойноп сүйгөнгө.
Армансыз кеткен бир жан жок,
Аз күнкү жалган дүйнөдө.
Алып кал, балам, нускамды,
Айлыңа келип жүргөндө.
Атайы көрөм деп келип,
Алымкул балам, сүрдөнбө.
Карчыга көктө айланса,
Калтар качат бүргөнгө.
Каруусу бар ат жарайт,
Качыкка болжоп мингенге.
Кайраты бар эр жарайт,
Качырып жоого тийгенге.
Каркыра сындуу жар жарайт,
Кадырлап ойноп сүйгөнгө.
Кайгысыз кеткен бир жан жок,
Капилет жалган дүйнөдө.
Каргадай балам, Алымкул,
Качып менден сүрдөнбө.
Кармап кал, балам, нускамды,
Калкыңа келип жүргөндө.

Айдатты залим Сибирге,
Ак жерден башым сенделтип,
Катын-балам кайгырган,
Кармалып элден мен кетип.
Тегиз жердеи жар чыгат,
Жамгыр жаап сел кетип,
Жайлоонун башы ээндейт,
Жакалай конгон эл кетип.
Жан курбум эстеп сагынган,
Жазыксыз Сибир мен кетип.
Учурашам деп келип,
Уялып кайда жүрөсүң.
Уйча мурдуң тердетип.

Ачылар беле көңүлүм,
Алымкул көзгө көрүнсө.
Андай балдар жаш кезде,
Аргымак аттай элирсе.
Атайы көрөм деп келип,
Качып кайда жүрөсүң,
Каркыралуу келинче.
Жашык болбой жаш кезде,
Жагалмайдай теминсе,
Жабдык салган жоргодой,
Жаркылдап топто элирсе.
Жашык болбой жаш кезде,
Жакшы экен бала дедирсе.
Жашынып кайда жүрөсүң,
Балам,
Жаңы келген келинче.

Айланып учкан алты өрдөк,
Аралап консоң, көл мында.
Ат жиберип калың эл,
Ашуу ашып келдим да.
Атагы чоң Таласты,
Аралап элин көрдүм да.
Ак карагай, сыр найза,
Айкалышчу эр мында.
Атактуу Током келди деп,
Аял-эркек эл мында.
Агарып сакал калса да,
Ак үй болсо жылаңач,
Алыстан качпай кел мында.
Алымкул балам, кайдасың,
Атаң–Токоң, мен мында.
Амансыңбы, ата, деп,
Ак жүзүмдү көргүн да,
Ачылсын менин көңүлүм,
Айтып салам бергин да,
Жаркылдап учкан алты өрдөк,
Кайрылып кончу көл мында.
Кара байрак, сыр найза,
Карсылдашчу эр мында.
Каргадай болгон Алымкул,
Качып жүрбөй кел мында.
Кайда жүрсөң, Алымкул,
Кадимки Токоң мен мында.

Артымда жашта калса–деп,
Ар убак ошол тилегим.
Атайы көрөм деп келип,
Алымкул, менден жүдөдүң.
Аш тараса кетермин
Аз эле күн жүрөмүн.
Эшикте жүрбөй келсеңчи,
Эмессиң менин күйөөм.
Кылтыстап качпай кел мында,
Жубармбек, кызымды бербейм бирөөн.
Ак жерден башым айдалып,
Азапта жүрүп жүдөдүм –

деп, Токтогул ырдап айтканда, үйдө бир киши сүйлөп калды: “Бар, алып келгиле, ал кандай куутумшук бала эле. Токтогулдун кызын алат бекен, атайы көрөм деп келип эмне качат”. Эки колумдан эки киши келип сүйрөп Токтогулдун үстүнө алып кирди. Мурдумдун терин жеңим менен бир сүртүп алдым. Бет алдымды карасам, урушчаак бөдөнөдөй чукчуйган киши экен. Токтогул төрдүн алдында олтурган эле. Барып салам берип, колун алдым. Ошондо колумду кое бербей туруп ырдайт:

Кыйялым кызыл гүлдөйсүң,
Кыйкырып айтсам билбейсиң.
Кызымды алчу немедей,
Кысыласың, кирбейсиң.
Кыялыңда, Алымкул,
Бул Токоңду ким десиң?

Уяты болот жаштын да,
Уялып менден качтың, да.
Уялгандан пайда жок,
Узатпай ордум баскын да.
Урматтуу Током сөзү деп,
Урулуу элге чачкын да.

Ырчы болсоң ылдам бол,
Кашаңдан чыкпайт эчтеме.
Камчы берип теминген
Кайран атаң жаш кезде.
Карагер элем элирген,
Суурула чыгып байгеден,
Суулугун чайнап кемирген,
Канча күн ырдап турсам да,
Калк жадабай кебимден.
Качып тышта жүргөнчө,
Кармап кал нуска кебимден.
Каларсың таппай атаңды,
Кайрылып кетсем элиңден.
Капкандуу ажал бир жүрөт,
Катуу корком өлүмдөн.
Бир кезекте, Алымкул,
Тулпарды тандап миндикпи?
Тукаба тандап кийдикпи?
Турна моюн, кара көз,
Кыз-келинди сүйдүкпү?
Туугандын жүрүп ичинде,
Түрмөнүн жөнүн билдикпи?
Душман болуп бай манап,
Дубанга керек кайран баш,
Бир күнү дубанадай сүрдүктү?

Бир кезекте, Алымкул,
Карагер тандап миндикпи?
Карып жан тынчта турганда,
Камактын жөнүн билдикпи?
Каркыра моюн, кара көз,
Каалаганды сүйдүкпү?
Кармап берип бай-манап,
Калкка керек кайран баш,
Кайырчыдай сүрдүктү?
Күн-түн талбай сайраган,
Күкүгү болдум элимдин.
Күлпөтүн көрбөй картайдым,
Гүлдөгөн жаштык өмүрдүн.
Күчтүү экен бай залим,
Күнөөсүз элден бөлүндүм.
Эскирип картаң болсом да,
Экинчи элге көрүндүм.
Каргадай Топчум кайгысы,
Кайратын алды көңүлдүн.
Каптасын селге кармалып,
Камакта жүргөн кезимде.
Кара тоодой бел көрүп,
Каралдым жүргөн эсимде.
Кармалыптыр Топчубай,
Каардуу ажал кесирге.
Баладан бактым жок экен,
Байкап турсам өзүмдө.
Арка болор иним жок,
Ак жерден башым кармалган,
Аманын сурап жалгыздын,
Айдоодо жүрүп зарлангам.
Айдалып келсем балам жок,
Адашыптыр жалгандан.

Каргадай жалгыз бар болсо,
Калбайт белем кубанып.
Камакта көргөн кайгыны,
Калтырбай ичтен чыгарып.
Кайтып келсем элде жок,
Калыптыр турпак чым алып.
Бейитин бекем кучактап,
Беш күн жаттым суналып.
Бекитип койгон кара жер,
Персентимди
Көрсөтпөдү чыгарып.
Жүдөп турган кезегим,
Балам,
Жүрөктү кайгы-муң алып.
Келип, балам, таанып ал
Кеткенче мендей атаңды.
Кенедей болгон Алымкул,
Кетиргин ичтен капамды.
Келинче качпай таанып ал,
Керектүү булбул атаңды.
Алдымдан чыкпай бир жүрүп,
Алып кал, менин нускамды.

Колтук жагың томтоет,
Комузуң болсо алып көр,
Кулагын бурап тегиздеп,
Кол ойнотуп чалып көр.
Кайгырган жүрөк кубансын,
Кой жоргону салып көр.

Айылың Талас болсо да,
Атаң башка дебейин.
Топчудай болгон Алымкул,
Топчубайдай көрөйүн.
Токтогул атаң токтолуп,
Балам,
Сага кезек берейин –

деп, Токтогул колумду кое берди. Ошондо маңдайына олтура калып, эки көзүмдү чылк жумуп, ылдый карап олтуруп, комузумду күүгө келтирип алып, салам берип турган жерим:

Айылда жүрүп ар убак,
Арзыдым эле өзүңдү.
Айттырып уксам дечү элем,
Аселден ширин сөзүңдү.
Атакемден кем көрбөйм,
Азыр көрдүм көзүңдү.
Элимде жүргөн кезимде,
Эстедим эле өзүңдү.
Эңсеп жүргөн бала элем,
Эшиттим ширин сөзүңдү.
Ээрчитип жүрүп жөн көрсөт,
Эсей элек өзүмдү.
Ак бариктүү токойго,
Конгон Током, эсенби.
Алты сан кыргыз эрмеги
Болгон Током, эсенби.
Алдына данкан салбаган,
Жоргом Током, эсенби.
Ак кагаз көрбөй окуган,
Молдом Током, эсенби?
Көп бариктүү токойго
Конгон Током, эсенби.
Кыргыз элдин күкүгү
Болгон Током, эсенби.
Күнүгө чыгып байге алган,
Жоргом Током, эсенби?
Көрбөй кагаз, сөз айткан,
Молдом Током, эсенби?

Тула боюн карасам,
Өкчөгөн алтын сакадай.
Көзүмө Током көрүндүң,
Көтөрүп баккан атамдай.
Мен деле сизге Топчубай,
Көңүлдөн кетир кайгыңды.
Мен дагы сиздин балаңмын,
Берип кет, Током, нускаңды.
Ак комузга кыл таккан,
Акындарга сын таккан.
Ала салып койнуна,
Анда-санда бир чапкан,
Тепкенин жогор жагына
Тегерек күмүш ак колду
Тегирмендей чуркаткан.
Ниетиң адал киши экен,
Тегеренип журт тапкан.
Чертмегине кыл таккан,
Чечендерге сын таккан.
Черткенде колун чертмекке,
Чеберлик менен чуркаткан.
Өлкөңдөн залим кууса да,
Өнөрү менен журт тапкан.
Кедейди сүйгөн киши экен,
Кесирлүү залим сырттаткан.
Комуз алсаң колуңа,
Куу сонуну сенде экен,
Коңгуроодой шаңкылдап,
Үн сонуну сенде экен.
Айткан сайын жаңырган,
Түр сонуну сенде экен.
Чарчабаган, талбаган,
Тил сонуну сенде экен.
Сайраган тоту, бир булбул,
Таласка кайдан келди экен.
Каркыралуу келинче
Качып жүргөн мен бекен.
Кадимки Током келди деп,
Кадырың кыргыз элде экен.
Ар бир сөзүң унуткус,
Айтылчу тарих белги экен.
Атагы кеткен алыска,
Айтылуу Талас жерибиз.
Арзып элим эңсеген,
Акын Токо келиңиз.
Ак үй болсо жылаңач,
Ардактап күтөт элибиз.
Уккандын черин тараткан,
Ушундай ширин кебиңиз.
Керме тоо Талас жерибиз,
Келиңиз Токо, келиңиз.
Келин-кесек, кыз-кыркын,
Келсеңиз күтөт элибиз.
Кенедей болгон балаңа
Кешигиң, Токо, бериңиз.

Эби жок жерден Сибирге
Айдап кетти дечү эле.
Эки көзүң чачырап,
Жайнап кетти дечү эле.
Эсендешип кыргызга
Сайрап кетти дечү эле.
Эки колун артына
Байлап кетти дечу эле.
Ээрин алган жоргодой,
Жайдак кетти дечү эле.
Каптасын селге карматып,
Айдап кетти дечү эле.
Кара көзү чолпондой,
Жайнап кетти дечү эле.
Кайыр кош айтып кыргызга,
Сайрап кетти дечү эле.
Каңтарып койгон жоргодой,
Жайдак кетти дечү эле.

Элибиз акпай бабырдан,
Эңсеп сизди сагынгам.
Такалаган жоргодой,
Током,
Далай топко чабылган.
Кыйын киши турбайбы,
Током,
Кыргыз элге табылган.
Элиңе кайра кеткенче,
Токо,
Ээрчип калбайм жаныңдан.

Келинче качып жүргөнүм,
Мени келтирбеген жашчылык.
Жашчылыктын торуна,
Койдум белем бастырып.
Же болбосо мен сизден,
Токо,
Жүргөн жокмун нас кылып.

Аман эсен келипсиз,
Айдалып барган тунелден.
Куткарыпсың бутуңду,
Салынган кишен чидерден.
Арытыпсың башыңды,
Ак кежим нокто жүгөндөн.
Акыры тузуң бар экен,
Ак калпак кыргыз бул элден.
Бузуктун кылган иши экен,
Булбулду Сибирге жиберген.

Толкуган элди эриткен,
Торгойдой ширин кебиңиз.
Өткөн иш кайта келчү эмес,
Өксүбөсүн көөнүңүз.
Алдыңда турган Алымкул,
Өз балаңдай көрүңүз.
Акындык нуска жолуңду,
Алымкулга бериңиз.

Кенедей жап-жаш болсом да,
Келди деп уктум кабарды.
Бир көрсөм деп жүрчү элем,
Токтогул сиздей абамды.
Азыр бала, башым жаш,
Көңүлүм туюк караңгы.
Эзрчитип жүрүп жөнгө сал,
Эсей элек балаңды.
Тула боюм тер басып,
Турумун айтып саламды.
Кымбатым, Током, булбул куш,
Кыргыз үчүн жаралды.

Кайрылып талга кономбу,
Калк ырчысы боломбу?
Кашаң аттай кылчактап,
Же, калкымдан чыкпай соломбу?
Каргадай болгон бул балаң,
Канткенде жүрүп оңолду?
Айтып кет, Токо, сонунду,
Акындык нуска жолуңду.
Азда болсо көптөй көр,
Айтканым тамам болунду.
Мен деле сиздин балаңыз,
Берип кой, Токо, колуңду–

деп, барып Токтогулдун колун алдым. Током колумду коё бербей туруп ырдайт:

Жабагыңда көргөнмүн,
Жакшы эле деп келгенмин.
Жаш да болсоң жакшы экен,
Жабышып салам бергениң.
Тай күнүңдө көргөнмүн.
Талашар деп келгенмин.
Таласка сөзүң ырдаса,
Жарашар деп келгенмин.
Далай жаман сапалак,
Адашар деп келгенмин.
Алдыңкыдан калышпай,
Жанашар деп келгенмин.
Айлыңдан атаң кеткенче,
Алып кал нуска өрнөгүн.

Кебин уктум кунандын,
Көңүлүм толкуп кубандым.
Топчубайдын кайгысын,
Көңүлүмдөн чыгардым,
Эрмеги, балам, болорсуң,
Эл чогулган дубандын.
Айылың Тадас болсо да,
Бир балам деп турармын.
Кармап кал, балам, нускамды,
Картайдым бир күн сынармын.

Алымкул, сен да баламсың,
Атандан үлгү аларсың,
Эскерип атаң ойлосоң,
Элге сөзүм жаярсың.
Ылдам болсо талантың,
Ырчылык жолун табарсың.
Алмадай башың соо болсун
Ажалдуу өлүм кесирден.
Эки кун ырдап турсаң да,
Эл танбасын сөзүңдөн.
Балам,
Атаңдан нуска алып кал,
Чыгарба мени эсиңден.
Таалайга жазган иш экен,
Далайды көрдү бул башым.
Алымкул ырчы келди деп,
Эркек-аял курдасын.
Аркаңдан эч ким куубасын,
Алдыңдан эч ким буубасын.
Эсиңе ал, балам, атаңды,
Эсен болсун бир башың.
Эскирип кеткен бул атаң,
Эстелик айтып жатыры.
Эсен жүрүп эр жетсең,
Балам,
Сен эркиндик элдин акыны.
Эсиңде болсун, унутпа,
Атаңдын айткан акылы.
Эскирип кетти өмүрүм,
Көрөмбү, балам, көрбөймбү,
Көргөндүн ушул акыры.

Калмырза, ырчы Найманбай,
Сарбагыш, солто элдеги.
Сартпай, Чоңду, Жеңижок,
Эсенаман, Конокбай,
Кадимки Талас жердеги.
Анжияндын ырчысы,

Курман ырчы, Нурмолдо,
Булар да чыккан элдеги.
Эшмамбет менен Токтогул,
Арыттык кыргыз жергени.
Айдаралы, Аттокур,
Акындын жөнүн булгаган,
Эчтеме билбес келбеги.
Жеңижокто бар эле,
Түгөнбөс сөздүн кен жери.
Бардык эл көрүп отурсуң,
Баламдын ырын сынасам,
Багалаң козу этиндей,
Балам,
Балдай ширин сендеги.
Айылыңдан кайра кеткенче,
Алып кал, балам, нускамды,
Адашсам бир күн жалгандан,
Артымдан издеп таппайсың,
Балам,
Аккуунун өтү мендеги.


Кыргыз