Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ТОЛУБАЙ СЫНЧЫ

Экинчи варианты
“Толубайдай сынчы, Токтогулдай ырчы бол” (элден)
Замана кандай кары кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең…
Ошондой унутулган бир күндөрдө, –
Кыргыздан Толубай сынчы өткөн экен.

Толубай деп, Толубай атын салт
кылган бар,
Не билсин ал жөнүндө жаш уландар.
Суусаган таттуу жомок ширесине–
Сөз кылат тамшанышып, карыялар.

Жай бүтүп, күз аяктап, кыш жакындап,
Келгин куш, отор кетип, ордун таптап…
Кете албай мында калган карт куштардай,
Карылар көктү карайт, талган канат…

Заманды жакшы көрөт баркын билет,
Жаштарды алдына алып эркелетет.
Төмөнкү Толубай аттуу кыска дастан
Эски аван эски ырлардай эске келет…

Бул чындык, бир болгон иш алда качан
Эл түгөл, азая элек Чынгыш Хандан,
Алтайдан Алай четин тегиз кымтып.
Ал кезде падыша хандык кылган.

Азиз хан жер көтөргүс күчкө толгон,
Кол жыйнап нечен миң сан, оңдон-солдон,
Кытайдан доо алам деп кыргыз үчүн,
Чабуулга аттанууга ой ойлонгон.

Ой ойлоп чексиз ойго көңлү тынбай,
Ааламдын кучагына батпай, сыйбай.
Сайратып салтанаттуу ырчыларды,
Калкына жар чакырткан мына мындай:

“Көл кечип, ашуу ашып, жол жүрүүгө,
Кабландай кайра тартпай, жоо сүрүүгө.
Сынчылар сындан тайбай тулпар тапсын,
Намыска кан сапарга мен минүүгө.

Урмат чоң тунук туяк тулпар тапса,
Сынчылык сынга толгом ушундайда.
Шерт ушул: эки көзүн оюп алам.
Эгерде бир жеринен жазып калса”…

Уккан соң бул жардыкты албан дубан,
Калдайган көз алдына кара туман.
Аптыгып Азизхандын амиринен
Сынчылар башын чайкап, көзүн жумган.

Ушундан бир аз кийин көп күн ообой,
Жашыл кыр, төрдөн түшүп, талаа бойлой,
Чарчаган бектер менен келе жатса
Азизхан уучулуктан жолу болбой.

Чөк түшүп, тизе бүгүп, кыбла карап,
Качанкы куурап калган башты кармап,
Күбүрөп, күңгүрөнүп бирдеме айтып,
Алыста бир укмуштуу чал олтурат.

“Баргын–дейт–жанындагы жан
жөкөрүн,
Ким экен, жакын барып байкап көргүн”.
Ал келип салам айтса алик албай
Чал сүйлөйт эки жакка бурбай көңлүн:

“Аттиңай Толубайлыгым сен билсеңчи,
Тушуңда тулпардыгың мен билсемчи,
Туйгундай колду жарып кайкып учуп,
Туйлатып, туу кармаган эр минсечи”…

Келген жаш Толубай чалга минтип
сүйлөйт:
“Сен кимсиң? Билбей кайтсам көңлүм
кирдейт,
Бул эмнең?” деп сураса, чал энтигип,
“Бул куу баш. Алпамыштын чаар аты”
дейт…

Ушинтип Толубай сынчы сүйлөр менен…
Жаш мырза шаңдуу топко белги берген.
Күтүрөп көпкөн жаштар ортого алып,
Азиздин ордосуна алып келген.

Эртеси Азиз падыша, Толубай чалды–
Вазирден тез чакыртып жанына алды.
Астынан эсеп жеткис жылкы айдатып,
Ичинен тулпар тап деп кыйноо салды.

Куп дебей, жарайт дебей, же жок дебей,
Түнөрүп күзгү узун түн түнөргөндөй.
Көрөөгөч алп каракуш сыяктанып
Толубай бир туякты кур жибербей.

Алдыртан ичтен сынап карап турат,
Нечен бир жибек жал ат, камыш кулак,
Көрктөнүп көккө атылып көйрөңдөнөт,
Сынчы аке кумурскадай кунсуз беле,
Ушунча жер жайнаган жаныбарлар?

Ошентип күн чак түштөн бешимге ооду
Макталуу сан учкулдар өтүп болду,
Азиз хан бул көрккө мас, бул көрккө таң,
Бирок чал жерден башын албай койду.

Аңгыча ай-жылдыздай асмандагы,
Асемдүү алтын тубар жабуулары.
Бир-бирден шаани менен өткөрүлдү,
Азиздин тулпар деген тулпарлары…

Эрке өскөн байдын жалгыз баласы окшойт,
Тулпарлар жибек килем үстүндө ойнойт.
Хан тиктейт эми сынчым эмне дейт, деп,
Бирок ал, каадасынча карап койбойт.

Азиз хан, ызаланат, жини кайнап,
Баркылдап, кулдарына минтип айтат:
“Шаардан ат бүткөндүн бирин койбой,
Кесирлүү сынчы алдынан өткөр айдап!”

Буйрук бир… кулдар маакул, ошентишет,
Мейли антсин, баары бекер, пайдасыз тек.
Сынчы ата, бейит окшоп, үнсүз, сөзсүз,
Былк этпейт, дабыш бербейт, көз ирмебей.

Улуу хан бул жорукка айран калды,
“Канакей, өткөргүлө дагы барбы!”
Дегенде жооп беришти чур этишип,
“Бир гана Кармыш кулдун бозу калды!”

Кырчаңгы, арык, ачка эшек кейпи,
Кыбырап сылтый басып боз да келди,
Кубанып, Толубай ыргып тура калып,
“Падышам, анык тулпар ушул” деди.

Азиз хан муну укканда калтырады,
Кабагын карыш түрүп, каарланды.
Арсыз чал шылдыңыңа жазаң бул деп,
Сынчынын эки көзүн оюп алды.

Бирок ал, бул бүтүмгө таарынган жок,
Оюлган эки көзүн эки колдоп–
Аярлап аккан канын басып туруп,
Муну айтты, хан алдына келип токтоп:

“Датымды ук, акыркы жол улуу ханым,
Жаман боз, көз куну үчүн мага калсын,
Тагдыр бир, жараткан бир калыс болсо,–
Ким-кимден жаңылганын талдап алсын”.

Азиз хан ары кетти топтон чыгып,
Сынчыга “ал” дегендей белги кылып,
Жетелеп жаман бозду жолго түштү,
“Болду” деп Толубай ата ичтен тынып.

Ошентип көп күн батты, көп таң атты…
Шылдырлап бир калыпта суулар акты.
Көрсөтпөй эч адамга, жер түбүндө–
Толубай жаман бозду багып жатты.

Чаалыкпас, арбас кылып ашуу, зоодо,
Кайыкпас, талбас кылып борошого,
Кулпунтуп тулпар кылып минип чыкты.
Сынчы ата туура кырк бир күн болгондо.

Кемпирин (жолду көрбөйт) алдына алып,
Артына кең олтуруп, өзү учкашып.
Сейилден көңүл сергип келе жаткан
Хан жолун туура тосуп тура калып:

Сынчы айтты: Амансыңбы, Азиз “ханым”,
Биз минген өзүң көргөн боз жаманың.
Кош эми жигитчилик арың болсо,–
Бул тулпар сага ылайык, жетип алгын!

Кемпири аттын оозун кое берди,
Кара жер камгак болуп тегеренди.
Азиз хан өзү баштап: “Жет, кармалап”
Ана көр көтөрүлүп кууган элди.

Аз-аздап барган сайын ызы-чуулар,
Алыстап калып жатты куугунчулар.
Аркырап учкан боздун арышына
Жер да тар, асман да тар, аалам да тар…

Шумдук ай, көзгө илешпейт эч бир нерсе,
Учат бейм, бул боз айбан чуркайт десе.
Арт жактан жалгыз дүбүрт дабыш чыкты
Толубайлар күндүк жерге жеткен кезде.

Деп сурайт, Толубай анда: “Бул
кандай ат?”
Кемпири: “Чоң күрөң боз” деп унчугат.
Сынчы анда: “билем аны, жука туяк,
Күрөңү кудай алсын таштакка тарт”.

Боз тулпар шарт бурулду, аркырады,
Тоодой таш кумдай болуп быркыранды.
Чоң күрөң жолдон тажап, бутун силкип,
Жете албай ошол бойдон калып калды.

Эртеси, экинчи күн түш мезгилде,
Угулат жер силкинткен да бир нерсе.
Кемпири “Жээрде кашка” деп жооп берет,
Сынчы ата “Бул кандай ат” дегенинче:

О билем, жээрде кашка жеңил кашка,
Карт эмес, эки жарым асый жашта,
Кемпирим күнгө салгын, эсимде бар,
Бир гана мээси жука, малдан башка.

Кемпири күнгө тартты боз тулпарды,
Ан сайын кызыгандай кош канаты,
Күн өтүп, Жээрде кашка чуркай албай,
Ыраактап, карга болуп, караандады.

Ал эми: үчүнчү күн таң алдында,
Эң сүрдүү дабыш чыгат бир башкача,
Кемпири жооп берет “Жибек көкүл–
Жээрде ат деп, өзү окшойт деп,–
Азиз падыша”.

Сынчы анда “Жибек көкүл чын тулпар ат,
Бирок да бир айбы бар мактоо жакпайт,
Азиздин өзү экени жакшы болду,
Кемпирим ханды беттеп алдына тарт!”

Кемпири ханга тартты сынчы айткандай,
Сынчы ата ачык ырай жазы маңдай,
Кашкайып күнгө карап көкүрөк тосуп,
Жээрде атка мактоо салды мына мындай:

Чиркии ай, Жибек көкүл не укмуш ат,
Чолпон көз, чүрөк моюн, алтын туяк,
Ракмат сымбатына деген кезде–
Жүрө албай туруп калды жер чапчылап.

Сынчы ата сөзүн буруп Азиз ханга,
“Жаман боз мен минген ат, таанып кара!
Падышам, сын баркына жете албадың,
Акыры ээн талаада сен маскара.

Менде жок арманды угар тууган досум,
Жана да өнөр билген жан жолдошум…
Кантейин, жаратканга айтарым бар,
Артымда, атымды айтар заман болсун”.

Деди да камчы салды боз тулпарга,
Боз тулпар жакшы кызып эми гана,
Дайынсыз сапар алып зымырады,
Эли жок, жери жоктой бул ааламда.

Жер жүзү, жер бүткөндү бүт тебелеп,
Ай менен күн ортосун жалгыз ээлеп,
Акыры бир деңизге түшүп кетип,
Ошентип Толубай сынчы өлсө керек.

Аз кеп бар хан жөнүндө эки-үч сабак,
Кытайга аттанган дейт колун санап,
Кан этсин тулпары жок, канга батып,
Жеңилип кайтыптыр деп кеп кылышат.

26/ХI–1944 Койсары


Кыргыз