Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАЙДЫН ТҮНҮ

Ар башка, ар адамда, ар кыл кыял,
Бирөө куу, бирөө момун, бирөө кыяр,
Бирөө март, бирөө шайыр, дагы бирөө–
Кызганчаак, аялына жүрөгү тар.
Мына ушул көп мүнөздүн эң соңкусун
Май түнү, К. айлынан көргөнүм бар.

Жакшы кез… эл-журт түгөл, согуш
жок кез…
О, ал күн, кайра айланып кайтса экен тез!
Жактырып Баян жигит, Бүбүш кызды,
Бир болгон, гүл бакчада эртели-кеч.
Ошентип, таттуу турмуш курган менен
Негедир Бүбүшкө эри ишенчү эмес.

Эмне үчүн? Түшүнө албайм, оюм туман,
Жайдарым, шаракташып көп боз улан.
Майрамдап үйлөрүнө келип калса,
Күйөөсү, терс тиктөөчү жер алдынан.
Тек ишке, неге мынча күнүлөйт деп,
Бүбүшжан бүлк-бүлк этип күлө турган.

Жыл учту, айлар акты, жазгы суудай,
Калкылдап канат каккан ак куулардай.
Кан күйгөн ата журттун чоң күнүнө
Багжандап Баян кетти мылтык кармай…
Журт сактоо, эл коргоону сүйүү менен
Ишенбей Бүбүшүнө зарлай… зарлай…

Бүркүттөй мыкчый кармай ажалдарды,
Өлтүрүп, өпкөгө тээп, тажаалдарды,
Ал жакта, кыргыз деген атын актап,
Эр Манас бабасынча кармаша алды.
Айсыз түн, көктө жылдыз толгон маалда,
Чабуулда оң бутунан жараланды…

Козголбой үч ай жатты госпиталда,
Укмуштуу эң бир сонун чоң шаарда.
Өзүнүн бир боорундай алпештеген
Ак кыздар оң жагында, сол жагында,
Бир күнү күтүлбөгөн кабар келди,
Айлыңа жөнөйсүң деп эртең таңда.

Баяндын санаасы ырбап, тынчы кетти,
Алыста тууган элин элестетти.
Андан соң… Бүбүш жары келе түшүп,
Зырп этип жүрөк учу тыз-тыз этти.
Жан эркем кантип жүрөт болду экен деп,
Оюнун токтоор жерин минтип чечти.

“Кат алдым, мен да жаздым улам-улам,
Ыр тиздим уйкаштырып курам-курам,
Барам деп, же барбайм деп белги айтпаймын,
Себеби: майып буттан үмүт кылгам,
Күтүп ал, тосуп ал деп кабар бербей,
Түн менен аңдып барып, карап турам…

Бул кызык… кайталанбас бир гана учур,
Асылжар же кирдүүдүр, же тунуктур.
Эмесе ачыктыгын билүү үчүн
Чалмасын арам ойдун таамайлап ур!
Ичиң тар, арамзасың алтыным деп,
Жаш төгүп жалынчу эле Бүбүш кургур”…

Жел тынып, түн термелип ак таң атты,
Таң менен күн ойгонуп, нур таратты…
Баяндар машинадан түшөр замат,
Вокзалдын коңгуроосун эки какты.
Алдейлеп, жараланган баатырларды,
Күркүрөп күлүк поезд бара жатты.

Жол узак… вагон ичи бака-шака,
Чолпондой жаш өспүрүм теңтуш бала.
Көргөнүн бир бирине маек кылып,
Далайы оор жара, жеңил жара…
Туп-туура тогузунчу күн дегенде
Кеч кире келип түштү Фрунзеге.

Эртеси даңгыраган чоң кара жол,
Автобус зуу-зуу учат, тынбай оң-сол.
Бууданды тосуп туруп минген курдуу,
Бул жерде, тигил жерде, сунулган кол.
Жаңы эле Боом куйрук үзгөн кезде,
Көйкөлүп кең Ысык-Көл көрүндү ошол.

Эх, жер ай… жерин эри сагынганбы?..
Бошоңдоп анын муун тамырлары?
Кайран көл, эне жыттуу жер эмеспи,
Көзүнүн эки-үч тамчы жашы тамды.
Бах, десең… антпегенде анан кантет?
Көл чиркин анын жаны, анын багы.

Көңлү шат Баян бүгүн кеме ичинде,
Толкун жок… жумшак жылжып,
илке, илке.
Ой-ойлойт, көзүн жумат, өмүр учат,
Кээде чоң, кээде болуп кип-кичине.
Мына эми туулуп өскөн айлын көрдү
Май түнү айдын туура он бешинде.

Пароход кайра жылды кош! деп эми,
Жаш келгин ылдам түшүп кала берди.
Жаңылбайм, үч чакырымдан алыс эмес,
Жер карап, дүкүйгөн бак тээ-тетиги.
Кантсе да киндик кесип кирин жууган
Баяндын маркабаттуу бир боор жери.

Урматтап жарга урунуп, көл шырпылдайт,
Ак чабак, алга атылып, түн жаркылдайт.
Кайдадыр, көз жетпеген тереңдикте,
Канатын көлгө ургулап, каз каркылдайт.
Табият көк менен көл ортосунда
Өзүнчө селкинчек тээп, күлөт… ырдайт.

Ах, кандай, рахатка бай майдын түнү,
Ак, кызыл, жашыл, сары түркүн гүлү.
Акынды өз көркүнө ашык кылып,
Сайраган сан кубулткан булбул үнү.
Баян дос үйү алдына келип турду
Ушундай эң бактылуу жакшы күнү.

Айыл тынч, эч былк этпейт, кыймылдабайт,
Эй ач! деп, дабыштоого оозу барбайт.
Өз үйү, өз короосу, өз чарбагы,
Бирок ал, буларды анча көзүнө албайт.
Энтигип, терезеге кол калкалап,
Үй ичин, Бүбүш жарын шектүү карайт.

…Караса, созулуңку жары жатат,
Ай тииип, ак жүзүнө болуп аппак,
О, шумдук, Баян азыр муну көрөт:
Оң колун Бүбүшжанга арта таштап,
Мемирейт, ашыклыктын илебине
Кер мурут, кең далылуу бир азамат…

Өңү өчүп, көтөрө албай бул укмушту,
Калтырап, каны кайнап, жүрөгү учту
Кийикке тырмак салган жолборс курдуу,
Тез жетип, жез тутканы катуу булкту!
Ачылып, тааныш начар каалгасы
Көзүнөн от чачырап тиктеп турду.

Не кылат мындай кезде кандай айла?
Кол барбайт Отеллочо, муунтууга,
Эрки бош Тегерандын бозою эмес,
Сүйүүнүн намысы үчүн уу жутууга.
Бул жигит күнөөнү түк кечпей турган
Сабырлуу, бирок кекчил кыргыз бала.

“Заман март, же десең бар, бер деп
кол сун,
Азаттык мансабынан, күндөн чоңсуң…
Андыктан бир-биринин көңлүн сыйлап,
Жаш-кары жыргалчылык балын сорсун…
Ак күнүн эрте булгап, кара кылган
Эси жок, Бүбүштөрдүн жолу болсун”.

Деп ойлоп, Баян жигит демин алды,
Калп сүйүү, калп күлкүгө кол булгады.
Бирок ал, кан ичинде чарчоо билбей,
Үйүндө чарчаганга ызаланды.
Май түнүн жары ордуна эркелетип,
Акырын, коңур жумшак ыр ырдады:

“Сен элең, жандан кымбат ай жамалым,
Жаңылбай, жакшы тандап сүйгөн жарым.
Сен элең бай колхоздун бакчасынан
Өлбөстүн суусун берген махабатым.
Алыстан азып келген жолоочуга
Бир ууртам суу берүүгө жарабадың”…

Ырды угуп, ыргып турду сулуу Бүбүш,
Чүрөктөй сымбаты артык бою күмүш,
Бер жакта Баян турат күлүмсүрөп,
Ишенбейт… уйкулуу көз, көргөндөй түш.
Тааныды, күйөөсү экен өбөт, ыйлайт…
Бирок ал боюн тартат, анткор күлүш.

Түшүнбөйт, Бүбүш буга, таң калгандай,
Жалынат жароокерсип жаны калбай.
Кучактайт, сүйөт кысат жыттайт,
ыйлайт,
Эң таттуу сөздөрдү айтып жаш баладай.
Унчукпайт Баян көзү канга толот,
Кер мурут азаматты карай, карай.

Кой Бүбүш, жалган ыйлап, жалган күлбө,
Бар болсо, кылдай чындык жүрөгүңдө.
Дүйнөгө бир келүү бар, ак жашоо бар,
Экөө эмес, таза сүйүү жалгыз бирөө!
Уят жок, сенде бет жок, жарың экөө,
Бирөө мен, бирөө менин төшөгүмдө!

Жаш Бүбүш байкоо бербей, күлөт
ха… ха…
“Таарынба, койчу алтыным, жок
кепти айтпа!”
Ачуулу Баян анда ого бетер,
“Таарынба!” Бу кандайча таарынбаска?!
Бүбүшжан: “Баян келди амандаш”
дейт,
Баягы уктап жаткан азаматка.

Ал жигит, калдаң-кулдаң тура калып,
“Я… я” … лап, бүтүк көзүн жумуп, ачып
Аманбы, кагылайын абаке деп,
Умтулат, алп көкүрөк койнун жазып,
“Тарт ары, менин сендей иним жок!” деп,
Чегинет Баян боюн ала качып.

Кер мурут чоң каккы жеп, абдап сынып,
Баяндын кыялынан эси чыгып,
“Абаке, иниңмин деп айткан ким бар?
Деги айтор жакыныңмын иши кылып,
Кандайча тааныбайсың”… деген кезде,
Бүбүшжан кыт-кыт күлөт бетин чымчып:

“А… кокуй, катаны эми билбедимби,
Карачы күзгүдөн өз иреңиңди,
Сен Баян, жан урматым, менин бактым,
Байкабай эркекпи деп ишендиңби?
Көңүлүңдү ач… Бул бир жаш кыз,
сага тааныш,
Сеники үстүндөгү кийген кийми”.

“Менде айып, байкабаган, абакежан,
Колхоздо чоң той болуп, эң кеч кайткам.
Чарчоодон жана катуу иш кылуудан
Жуунбай ошол бойдон жатып калгам…
Кел аба, кайра баштап көрүшөм” дейт,
Караса тракторист чоң Батмажан.

Бул кезде жаш Баянды шаттык басат,
Ааламга сыйбоочудай, толкуйт, ташат.
Жоготкон жогун тапкан бактылуудай,
Жалжалын кубанычтуу өбөт, шашат.
Сүйүүдөй таза, таттуу, май түнүндө
Бул үчөө алмак-салмак кучакташат.

Сагыныч бир азыраак тараган соң,
Батмадан Баян сурайт, мунусу оң,
–“Эмне үчүн сен эркекче кийиндиң?”
дейт.
Батма айтат: “сага арнашып оюн койгон,
Оюнда жигит ролу кемчил болуп,
Анан мен арга жоктон эркек болгом”…

Кандайча мага арналган? дейт
жаш Баян,
Батма анда: “Кабар келди Москвадан,
“Ата журт орденинин биринчиси,
Бозоев Баянга деп так жазылган”
Кубаныч кайра басып бул үчөөнү
Өбүшөт, кучакташат, улам-улам.

Май түнү көзүн жумат, уяң карап,
Атар таң коңгуроосун шыңгыр кагат.
“Коём деп ишенбестик адатымды”…
Жаш Баян каталыгын мойнуна алат,
Ушинтип, нечен түрлүү сындоо алдында
Кымбаттуу кызык күндөр өтүп жатат.

Ошентсин, өтсүн күндөр чебер, кылдат,
Заманга адамдык парс, эмгек кылмак.
Жөн гана биздин күндүн бир адамы
Каарман Баянга даңк, Баянга урмат!
Себеби Ата журтун сүйө билди,
Ата журт бардыгынан таттуу-кымбат!

Урматтап, жарга урунуп көл шарпылдайт,
Ак чабак айга атылып түн жаркылдайт,
Кайдадыр көз жетпеген тереңдикте
Канатын көлгө ургулап, каз каркылдайт…
Табият көк менен көл ортосунда
Өзүнчө селкинчек тээп, күлөт, ырдайт…

2/I–1945 Койсары


Кыргыз