Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. КИМ БОЛДУ ЭКЕН?

Жери асыл, ар жыл сайын түшүмдүү жыл,
Түз ою текши буудай, баары бир кыл,
Тагдырдын кырсыгынан сактап калчуу
Суусу бар, тынбай аккан шылдыр-шылдыр…
Кечке жуук май жыттанган тамдар менен
Орногон тоо алдына биздин айыл.

Айылда бир жаш кыз бар гүлдөй болгон.
Сыналып бойго жетип, сынга толгон.
Жакшы өңдүү, күлүк аттуу далайларга
Кашкайып өйдө карап күлбөй койгон.
Аялдар, Сонун атын, кери тергеп–
Аталган Күлбөс делип ошол бойдон.

Жана да Бактыбек деп ардакталган,
Момун бар, кой оозунан чөп албаган,
Көп жерден көңлү калган жеңелери:
“И байкуш барк албас”… деп шылдыңдаган
Балдар да, карылар да ушуну айтат,
Бирок ал анын баарын барк албаган.

Жаман көп, асыл да көп эл билбеген…
Барк албас, Күлбөс кызды сүйгөн белем?
Сөз айтпай, кызды алдыртан тиктей берип,
Үшкүрүп улам кайра кире берген.
“Сен эмес, сельсоветке1 жок деп койдум!…
Деген соң катуу басып чыгып кеткен.

Ошондон бир жумача мезгил өтпөй,
Дүр эткен, зор ата журт күйгөн өрттөй,
Толкуган жер көтөргүч ыза менен
Кеч күздө долуланган Ысык-Көлдөй.
Бириндей–көп уулунун, кең замандын
Аттанган Барк албас да жоону көздөй.

Ага-ини, дос-тууганы, жолдоштору–
Мындагы “Көк-Бел” аттуу колхоздогу,
“Э оён, кыйратарсың”… деп күлүшүп,
“Аман бол, кайран Бакем” дешкен болду.
Турмуштун арзан баалуу бир затындай
Эч кимге билинген жок анын жогу…

Билбесин… бирок муңдуу, дарттуу асман,
Заман да сабыры суз, өңдөн азган.
Ажалдын айбаалы окшоп танкелери
Калдаңдап улам бери, жакын баскан,
Маскөөнү дүрбү менен даана көрүп,
Немецтер санын сабап ха… халашкан.

Тынч уйку, таттуу тамак келбей эске,
Тирешип, күч салышып, таңдан кечке.
Атанын намыска бек шер балдары
Эл үчүн курман болуп эрегиште:
Өлүмдүн кылдан ничке таразасы
Кылтылдап орто ченде турган кезде:

Адашпай кара туман, жаман түндөн,
Жигиттер улуу жолдо, шаңдуу жүргөн.
Фашисттин ажыдаарын белден кесип,
Жоо колун кыргынга алып кайра сүргөн.
Айнегин оңдоп кийип басып кеткен
Төрөлөр, “не болот”… деп кулак түргөн.

Таанылып мына ошондо ата журтка,
Жазылып эң ардактуу сыймыгына.
Такшалып, катуу багыт, кандуу жолдо,
Урматтуу жаңы аталган “Гвардия”…
Атагы дүйнө жарып, ааламды экчеп–
Дүңк эткен сегизинчи дивизия!

Өлкөнүн бир кенже уулу Кыргызстан
Мактанып, күлүмсүрөп күн чыгыштан,
Андагы баатырларга рахмат айтып,
Кары-жаш кат жазышып, ар бир туштан.
Жүктөлүп катары узун вагондорго
Эң кымбат, тартуу, белек кетип жаткан.

Ал элден Күлбөс кыз да четте калбай,
Жаш кездин көкүрөктөгү оту кандай,
Белгисиз көп эрлердин бирине арнап.
Жиберди: сүрсүгөн эт, бал, сары май,
Жана да, сонун жибек жоолук салды
Эт жүрөк мас болорлук, карай-карай…

Жоолуктун жазуусу бар, саймасы алтын,
Кармаса колго кубат, бетке салкын:
“Суранам: менин ушул сыйлыгымды
Баатырдын чын азамат баатыры алсын,
Эгерде жүрөгүнө лайык келсе,
Болочок өмүр оту бирге жансын”…

…Штабда бир зарыл иш талкууланып,
Ал бүтүп, эр генерал ээн калып,
Көзүнөн жаш чыкканча жыргап күлгөн,
Панфилов жоолукту улам эстеп алып…
Чакырткан Осмонбеков тез келсин деп,
Ошого кыз жоолугу лайыкталып.

Ал келип, ызат кылып тура калган,
Панфилов алкыш төгүп кабагынан.
“Кечээки эрдигине урмат ушул,
Болууга мындан өткүр, чындап кыраан”
Жаш каблан күмүш көлдөн суу ичкендей
Жанына жан кошкондой жагалданган.

Кубанып, сүрдөгөнсүп, ашыккансып,
Караса бери келип, жоолукту ачып,
“Баатырдын–баатырына” деп сайылган.
Жана да адреси бар айдан ачык…
Жаштыктын күйрөң каны сапырылат
Күчүнө жерди ийилтип көктү чапчып.

Окуйт да: “Кайыңды айлы,… “Көк-Бел”
колхоз…
Шумдук ай, бул кандайча колхозу окшош?..
Айлы да… менин айлым… району да…
Бакыттын болгонубу, мага жолдош?..
Бул кайсы Асанова?… аты Сонун?..
Атыр жыт жоолугундай, аты да кооз?”…

Кыруулап тегерегин ак жибектен,
Майдалап чын сүйүүнүн шертин чеккен,
Көрүнбөс эң бир чебер касиети бар,
Алыста жигит көңлүн элжиреткен.
Бул суроо азаматка түшүнүксүз:
“Бул өзү ким болду экен?.. Ким болду экен?..

Ал эми сүйлөп турган ушул сүздү,
Эң жаккан командирге күч-мүнөзү,
Майдандын кыйын-татаал жүгүн тарткан,
Чымыр бой, жазы маңдай, сүрдүү көзү,
Күлбөс кыз, бир убактарда сүйбөй койгон
Баягы Барк албастын таамай өзү.

Ары ойлоп… мындай ойлоп, жайып, тердеп…
Ыр менен жооп жазды эптеп-септеп,
“Эң назик, сиздин жылуу сыйыңызга,
Милдетим, чоң өч алып жооп бермек.
Барамын аман болсом, күткүн секет”…
Кол койду “Осмонбеков Бактыбек” деп.

Күлбөс кыз эч нерседен кабары жок,
Бир күнү, эң кеч кайткан, кызылча отоп,
Почтобай: “бул сизге” деп бир кат сунат,
Шашылып чаап баратып, чукул токтоп,
Тык этип эсине эми түшө калды
Ан-айлап күтүп жүргөн ардактуу жооп.

Олтуруп катты окуса, дал ошондой,
Чын эле өзү самап ойлогондой.
“Мен барам, күткүн секет, деген сөздү
Кайталап он сыйра окуйт, көзү тойбой,
“Бактыбек?.. Кулагыма жакшы угулат,
Чиркин-ай, кйм болду экен?”–деген
бир ой…
Ошентип бир жарым жыл өттү арадан
Кылымдын кийген кийми дагы эле кан,
Согуштун өлүк жегич элестери
Түшө элек, таш дөңгөлөк арабадан…
Бир тарап, далай чоочун дарбаза ачып,
Варшава… Будапештке барып калган.

Согуштун согуш деген аты катуу,
Кайгалуу, коркунучтуу, жаман аттуу.
Белгилүү, эки түрлүү тагдыры бар:
Окко учуп, жер кучактап өлүп жатуу.
Же сөзсүз, алты сандын бирин берип,
Түк жанбас ачуу менен кайра кайтуу.

Бирок ал, эң адилет, ардактуу өлүм,
Эл сыйлайт, жер урматтайт жаткан көрүн,
Биз–бүтүп, жаңы эл өскөн, жаш доорлор,
Таз калат таап алып алтын сөөгүн,
Кор болбой түбөлүккө аман турат,
Чүй, Алай, зор Тянь-Шань, Ысык-Көлүм,

Баркалбас жараланып төртүнчү ирет,
Төрт жолу жыгылганын жакшы билет
Бул жолу он бир айча жатып калды,
Шонтсе да тажаал немец канын тилеп,
Бул жакка, өз айлына узатышты,
“Жок, укпайм, арзыңды кой, жөнөгүн?” деп,

Кышкы убак, аккуу түстүү жердин үстү,
Үйүнө эл жатарда келип түштү.
Жыйналып чала уйкулуу кемпир-чалдар
Чай коюп, нан бышырып, бүлүнүштү.
“Буту аксак, сол колу жок, арык дешип,
Кемпирлер жашын арчып, үшкүрүштү.

Бах, чиркин кыштын күнү айыл кандай,
Бозосу дөөнү алкымдап жыга ургандай,
Сүр, чучук, муздай кашка жал-жаясы,
Түпкүрдө дарт атасын сууругандай.
Баркалбас эки аптада тура келди
Энеден экинчи ирет туулгандай?

Тое жеп түндөгү эттин калгандарын,
Токунуп жеңил аяк тор кунанын,
Күлбөстүн үйүн карай келе жатты,
Белендеп айтар сөздүн агымдарын.
Тоотпой, чып эттире бетке чаап,
Чыкыроон, темир аяз кар бувагын.

Баркалбас дабыш берип үстүн кагат,
Күлбөс кыз жылуу-жумшак кабыл алат.
Төр жакта чылым күлүн чертип коюп,
Атайы көрбөгөнсүп кытмыр карап.
Кызыл бет сельсоветтин секретары
Чыйтайып кош жаздыкты чыканактап:

“Ээ, баатыр, жол болсун”… дейт, өйдө
турбай,
Беркинин сыпайы айткан жообун укпай:
Өзүнчө “Ким болду экен?” деп күңк этет,
Тамшанып, кыздан сурап эки-үч курдай.
Кыз аган: ”Мендеги сыр, мына ушундай,
Коюңуз, текке элирип, текке умтулбай…

Антым ак, убадам бир, күтөм… күтөм…
Айныбайм, үмүт үзбөйм, чыдайм, күтөм,
Жаштыктын салкын чалкар мухитинде
Жеткирбей чабак урам, ойнойм, сүзөм.
Эгерде: кайтпай калса… тоо гүлүндөй
Өзүмдүн сабагымда соолуп бүтөм”…

Баркалбас күтүп туруп өз кезегин:
“Күкүшжан, сенин калбайт кесирлериң,
Эми да, тынч кезде да: “жок сүйбөйм” деп,
Томсорттуң жигиттердин нечендерин.
Какканың унутулбайт, баягыда
Ошонун кегин кууп, сага келдим.

Айтайын, андай болсо муну угуп ал,
Жазмыштын мага дагы жазганы бар.
Болжолдойм, көрө элекмин, бир бото көз,
Элестейт, карагансып мени жал-жал:
Эң назик… сага окшогон орой эмес,
Жүзү ачык, сөздөрү алтын, тили кант-бал.

Жана да сага окшогон Күлбөс да эмес,
Ал күлөт… күлбөс ишке, күлө бербес…
“Кайыңды”… “Арчалынын” жайлоосундай,
Өмүргө кызык сүрөт, кымбат элес.
Ал кызга өзүң менен баруу үчүн,
Ушинтип келип турмун, салып кеңеш”…

Кандайдыр, көңлү жылып, кыз жылмаят,
“Ах, кандай Баке, сенин жүрөгүң ак,
Атайы мага ишенип келгениңе–
Милдетим, жолдоштукка кызмат кылмак,
Баралы… үйү кайда? Кыз аты ким?
Жарыңды билүү кызык: сүйлө бол бат”.

Сага окшоп билсем деген, тилек менде
Деп Бакең чай чынысын коёт жерге:
“Я, Күкүш… мен укпаган, мен көрбөгөн,
Айылда Сонун аттуу кыз бар беле?
Дал ошол акылдуу кыз тарабынан–
Командир жакшы белек берген эле”.

Күлбөс кыз жүрөгүнө бал куйгандай,
Толкундап өзүн өзү токтото албай,
“Жок, жалган, жалган! Жалган! андай
эмес,
Сөзүңдүн ырасын айт, кур мактанбай!
Сен эмне
Сен эмне… журтка атыккан баатыр белең?
Колунан командирдин байге алгандай?

Кой, Баке, мени ишентпейт, андай дешиң,
Эрдиктин урматына тең эмессиң!
Кимдендир, сурап билген амалыңа–
Ишенчүү, жеңил кыял мен эмесмин.
Үмүт үз! Азыр да айтар жообум ушул,
Мен күнү, мен бактысы Бактыбектин!”…

Барк албас: “Бактыбектин?” деп таңыркап,
“Эмне үчүн, бул мынчалык туталанат?”
Ишенбейм… жалган… бекер мактанбагын…
Аябай намыстанат, ызаланат.
Андыктан жомоктой көп окуянын–
Бир-экөөн айтпай кантип чыдай ?

“Күн суук. Н… суусунун боюндабыз,
Жарылып дүңк-дүңк эткен сүрлүү дабыш…
Мен солдат артиллерия бөлүгүндө
Карасам көз жиберип алыс, алыс.
Душмандын көп танкасы келе жатат,
Зымырап бизди көздөй күүлөп арыш.

Командир буйрук берет, бизге мындай:
“Аткыла, орто жерин болжоп таамай,
Чачкыла, танке тобун тараткыла!”.
Биз куп деп атуудабыз ал ант кайда:
Аңгыча, буйтап чыгып алтоо, жетөө,
Ажылдап сала берди бизди карай.

Чынында бул болот деп күтүлбөгөн
Куу немец, биздин кылдат жайды көргөн!
Ушинтип, жандан артык зор замбирек,
Өлмөкпү? жерди ыргытып, дүңгүрөгөн.
Билебиз, аны тосчуу тоскоол да жок,
Кумсарып, ачуу кайнап, кеттик өңдөн.

Бул кезде жүз кадамдай чуркап келип,
Чуңкурга жата калдым беленденип,
Бир танке кулач жетер жакындыкка,
Эпкиндеп тырмак салат ойду эңшерип,
Үч-төрттөн боо-боо болгон гранатымды
Ыргыттым, как маңдайга берип… берип…

Жумшалып, аз калганда бел кылганым,
Мен көрөм, үч танканын жалындарын,
Көркоонун төртүнчүсүн тооруй жылып,
Ошондо эң соңкусун колума алдым…
Жаш жаным сени менен кошо өчсүн деп,
Бек кысып танка жолуна жата калдым.

Бирок ал, төртүнчүсү басат десем,
Көргөн жок, шарт бурулду ошол жерден,
Корккондой тиги үчөөнүн тагдырынан
Чегинип караан үзүп эрбең-эрбең,
Ага ээрчип башкасы да качып берди
Бүт бойдон үйрү менен, тобу менен.

Генерал: “Сенин мунуң эрдик деди,
Колумду катуу кысып, муну берди”…
Деп Бакең боз шинелин ачкан кезде,
Төшүндө жарк-журк этти ордендери.
Күлбөс кыз, мас болгондой туруп калып,
“Сельсовет”… оозу ачылып элеңдеди.

Баркалбас анан минтти сөзүн улап,
“Түгөнбөйт айта берсем, эң көп узак…
Эрдиктин да бирине жоолукту алдым,
Мынакей бүгүнкүдөй жыт буркурап.
Күкүшжан, ишендиңби? Жүр баралы,
Бол кийин… отурбайлы, күн бир убак”…

Күлбөс кыз: жарайт Баке… маакул…
жакшы…
Окугам, Сонун кызга келген катты.
Ал катта, жигиг аты сага окшобойт,
Андыктан бузулбасын, кыздын анты”…
“Бактыбек өз атым деп күлүмсүрөйт,
Баркалбас келиндердин койгон аты”.

Анда кыз: “Ак бозорот, кызыл оңот,
Бир гана жаштык үмүт бекем болот,
Мен Сонун! Күлбөс дешип эл аташат,
Ойнотсун! Адил заман бактыга ороп”…
Ошентип Бактыбектин кучагында
Сонун кыз, миң буралып, миң толгонот.

Ичигин чала кийип карбаластап,
Делдейген боз калпагын унут таштап,
Уялып… уятына чыдай албай
Акырын артка жылып чыга баштап…
Сельсовет көчө учунда чаап баратат
Кашка атын олбуй, солбуй сабап шак-шак…

Жат термел, бир аз эс ал, укта жаштык,
Алдыңда жибек шейшеп, жумшак жаздык,
Деп күлүп, тоюн тойлоп тиги экөөнүн,
Сыйына чын көңүлдөн ракмат айттык.
Буркурап арак, бозо, эт жыттанып,
Шаттанып, колтукташып ырдап кайттык.

Күлбөс кыз, күлгөндө да шаңк-шаңк күлөт,
Чынардай, адам жеткис, бийик бүрдөп,
Бактылуу, Бактыбектин каршы алдынан
Өтө албайт, мен-менсинген жигит сүрдөп,
Замана, жаш өлбөсүн, жаш көгөрсүн,
Таалай бер, келечегин гүлдөнт, түрлөнт.

10/I–1945 Койсары


Кыргыз