Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тил илиминин жалпы маселелери

ТИЛ ДЕГЕН ЭМНЕ?

«Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат». В. И. Ленин.
«Тил дегенибиз – ойдун тикеден-тике чындыгы». К. Маркс. «Тил да эс сыяктуу байыркы нерсе». Ф. Энгельс.

ТИЛ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Адамдардын бири-бири менен пикир алышуучу эн негизги куралы – тил. Ошондуктан ал коом менен бирге пайда болгон. Тилсиз коомдун да болушу мүмкүн эмес. Тил коомдук зарылдыктан келип чыккан, ошондуктан ал – коомдук көрүнүш.

ТИЛДИН ЧЫГЫШЫ.

Тилдин чыгышы жөнүндө ар кандай теориялар бар. Алар төмөнкүлөр: үн тууроо теориясы, сырдык сөз теориясы, маркстик теория.

ҮН ТУУРОО ТЕОРИЯСЫ

Бул теория боюнча адамдардын тили жаратылыштагы ар кандай кубулуштардын үнүн тууроодон келип чыккан. Мисалы: тарс, карс, шак, чыйп, бак, күп.

СЫРДЫК СӨЗ ТЕОРИЯСЫ

Алгачкы адамдар корккондон, капалангандан, сүйүнгондөн ж.б. ар кандай дабыштарды, добуштарды чыгарышкан. Адамдардын тили ушундан келип чыккан: ох, ах, ой, бах.

МАРКСТИК ТЕОРИЯ

Тилдин чыгышын маркстик теория гана туура түшүндүрдү.
Эмгек адамды түздү, эмгексиз жашоо жок. Эмгек адамдардын биргелешип иштөөсүн талап кылды. Биргелешип иштөө адамдардын бири-бирине бир нерсе айтуу зарылдыгын талал кылды;
тил бара-бара муунактуу бир тыбыштын артынан экинчи тыбышты айтууга жараган тил катары пайда болду. Эмгектин өнүгүшү менен акыл-ой өсүп отурду;
тилдин чыгышына биологиялык жана социалдык өбөлгөлөр да таасир этти.

ТИЛ ЖАНА ОЙЛОО

Тил менен ойлоо ажырагыс байланышта, буларды бири-биринен ажыратып кароого болбойт. Ар кандай ойлор тилдин материалдык базасының негизинде түзүлөт. Адамдын тили да ой, аң-сезим менен бир мезгилде жаралган.

ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ МАТЕРИАЛИСТТИК ТҮШҮНҮК

Тилди эч кандай башка сыйкырдуу күч (кудай) жараткан эмес, ал коом менен кошо эмгектин негизинде жаралган.

ТИЛ ЖӨНҮНДӨГҮ ИДЕАЛИСТТИК ТҮШҮНҮК

Тил жаратылыштан тышкары турган кандайдыр бир күчтүн (кудайдын) жардамы менен гана жаралган. Адегенде адамды жаратып, андан кийин тил киргизилген деген түшүнүк.

ДИАЛЕКТ

Жалпы элдик тилдин жергиликтүү өзгөчөлүгүнө ылайык өзүнүн кээ бир фонетикалык, лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен адабий тилден айырмаланган бөлүгү диалект деп аталат. Кыргыз тилинин түндүк жана түштүк (түштүк-батыш, түштүк-чыгыш) диалектилери бар. Түндүк диалектиге Чүй, Талас, Токтогул өрөөнүндө жана Ысык-Көл, Нарын областтарында жашаган кыргыздардын тили кирет. Түштүк диалектини Ош, Жалал-Абад областтарында жана Өзбекстанда, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили түзөт.

ГОВОР

Диалектинин ичиндеги тилдик өзгөчөлүктөр говор деп аталат. Кыргыз тилинде Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, ичкилик ж.б. говорлору бар.

ДИАЛЕКТОЛОГИЯ

Адабий тилдеги диалектилерди изилдеген илим диалектология деп аталат. Диалектология гректин   сүйлөшүү жана  илим, окуу деген сөздөрүнөн куралган.

ДИАЛЕКТОЛОГРАФИЯ

Айрым тилдин жергиликтүү диалектилеринин фонетикалык системасы, грамматикалык түзүлүшү жана лексикалык составы жөнүндө системалуу кабар берүү.

ТАРЫХЫЙ ДИАЛЕКТОЛОГИЯ

Ар бир говордун, диалектинин пайда болуш тарыхын, озгөрүш себептерин, ар бир тилдин калыптаныш процессии, алардын башка диалектилер жана тилдер менен болгон мамилелерин изилдейт.

СИНЕРЕЗИС

Дифтонгдордун, үнсүздөрдүн алсырап, созулмаларга айланып кетиши. Мисалы, таг, тау, тов, – тоо; сув – суу; сагат – саат; бейжай – бээ жай; жап + ып = жаап; сага -саа; чыбыр – чаар.

АДАБИЙ ТИЛ

Жалпы элдик (улуттук) тилдин негизинде калыптанып, белгилүү бир нормага салынган, айтылышы, жазылышы, колдонулушу такталган, айтылуучу ойду даана бере ала турган, коомдун бардык өкүлдөрүнө тиешелүү болгон тилди адабий тил деп айтабыз.

Адабий тил – улуттук тилдин эң жогорку формасы, ал бүткүл элдин бардык өкүлдөрү тарабынан колдонулат.
Кыргыз адабий тили түндүк жана түштүк (түштүк-батыш, түштүк-чыгыш) диалектилердин базасында Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин гана түзүлдү.

АГГЛЮТИНАТИВДИК ТИЛДЕР

Сөздүн уңгусунан кийин мүчөлөрдүн тизмектелип жалгануусу менен өзгөрүлүүчү тилдер.
Мисалы, жардам+даш+уу+чу+лар+ды, китеп+и+нин, киши+лер+дин, эмгек+чи+лер+дин. Бул тилдерге түрк (казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, алтай, якут, татар, башкыр, кара кал-пак, хакас, азербайжан ж.б.) жана монгол тилдери кирет.

ФЛЕКТИВДҮҮ ТИЛДЕР

Уңгу менен мүчөнүн айкалышынан уңгунун алгачкы түрү жана курамы өзгөрүп, уңгу менен мүчөнүн чеги өзгөрүлүп кеткен тилдер.
Мисалы, сон – сна, писать – пишу, дай – даватъ, брал -бери, Москва – московский, тащи – таскай ж.б. Буга орус, украин, немис, француз, латын, араб, еврей ж.б. тилдер кирет.

АМОРФТУК ТИЛДЕР

Сөздүн уңгусуна мүчөлөр уланбай турган тилдер. Буга вьетнам, кытай, япон ж.б. тилдери кирет.