Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ

УЛУТТУК ОЮНДАР КЫРГЫЗ ОЮНДАРЫ

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮНДАР

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮНДАР

Ар бир эл өзүнүн салты,  үрп-адаты менен гана эмес өздүрүнө тиешелүү болгон (салттык) улуттук оюндары менен да айырмаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттук оюндары болуп ордо, тогуз коргоол, оромпой, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, аңгилдек, уюм тууду, селкинчек, упай жана башка ат оюндарынын түрлөрү эсептелет.

Ак чөлмөк. Айлуу түндө балдар эки тарап болуп бир жерди белгилеп, бир нерсе коёт: таш, чапан жана башка; андан бир тарап бир карыштай жыгачты (ак чөлмөк) алып, ыргытып жиберет. Аны издеп таап алып кайсы тарап болсо да, колунан тарттырбай алып келип таштаса, бир упай алган болуп эсеп­телет. Ошентип ойной берет. Ким паттеге (белгиленген жерге) алыс таштаса, ошол тарапты көп таштаганы эшек кылып минет. Ак чөлмөктөп ыргытып, ошого жеткиче айдай берет (минип барат).

Жоолук таштамай. Балдар канча болсо тегерете отурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы ме­нен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап коёт. Анын таштаганын билбей калса, дагы айланып басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат. Эгерде артына жоолук таштаганын байкап калса, ал (бала, же кыз) тура калып, таштап кеткенди (бала, же кызды) кууп жөнөйт. Качкан бала ордуна отурганча кууп жетсе, жоолук менен чабат. Жетпей калса, тегерете айланып жоолукту таштап оюнду улантат.

Ак терек, көк терек -балдардын оюну. Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн менен:

- Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек, – дешет.

Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бир тобун өз тарабына кошуп алат.

Ушундай эле аракетти экинчи тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот.

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ОЮУНУ Аркан тартыш- эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй тартышкан мелдеш оюну. Калыс адам белги берери менен аркан тартыш башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап утат. Мындай оюн күрөш, бука тартыш, оодарыш сыяктуу чоң жыйындарда, тойлордо, аштарда өткөрүлгөн. Азыр деле өткөрүлүүдө. Кээ бирде арканды жекеме-жеке да тартышат.

Беш таш, же топ таш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго экиден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын бир тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогуу бир жолу алып утат. Эгер макулдашуу узак ойноо болсо, беш ташты көкөлөтө акырын ыргытып, анын бирөөсүн колунун сыртына то­суп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы менен тосуп алат. Жерге түшкөн таштар­ды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилтейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнун улап экиден, үчтөн, акыры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса, оюнду атаандашынын кезектегисине бе­рет.

Жашынбак дагы жаш балдардын, кыздардын оюну болот. Эки бөлүнүп ойнойт. Жашынмак деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат, чөптү таап алса, берки жагы жашырууга камынат. Анда жашынбаган тарап бир жерге топтолуп эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучулар эң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынат.

Мисалы, жыйнаган отундун, чөптүн араларына далдаланып кирип калышат. Же болбосо жардын түбү, терек, тал, карагайдын бутактарынын арасына чыгып барып далдаланып отуруп калышат. Же чыгдандын ичине, тактанын алдына, жүктүн бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Анан эң бир кыраакы балдар аялдын, кыздын кийимин кийе коюп, элдин катарынан орун алып отуруп же жумуш кылып казан-аяк жакта кызмат кылган болуп жүрө берет. Аларды өтө кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт.

Ошентип жашынган балдарды балдар таап алса, кайра жашынтат. Эгер таап ала албай калса, берки балдар атынан айтып чакырганда бир тай, бир тай деп туруп келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса, бир тай деген балдар уткан болот. Эгер таап ала албаса, алар дагы бир тай, бир тай деп келип эч кимиси утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып таптырбай койгону гана кыйын кыраакы, эстүү бала экен делип калат.

Качма топ – балдар оюну. Балдар эки топко бөлүнүшүп таяк кармашып, кайсы топтун өкүлү анын эң учун кармаса, оюнду баштап, топту чабуу укугун алат. Топ тоскон тараптагылардын бирөө оюнчуларга топ салып берип турат. Калгандары топту  тосуп, белгиленген чеке (30-50м) чуркап бара жаткан балдарды топ менен урушат. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бара жаткан балдарды урганда тийгизсе, алар тарап оюнду жеңген болот.Эгер өнөктөштөрдүн бары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калган бала топту үч жолу удаа чапканга чейин аркы чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот. Оюнчулардын кезеги алмашылып, экинчи тарап топ чабууга келет.

Таламай деген оюн мындай болот. Бир топ бала чогулуп алып бир чүкөнү, же бир саканы кан деп коёт. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчашат. Ал чүкөнү калчаган бала эки бүгө, эки чиге, эки таа, эки алчы болсо бирин-бирине атып ала берет. Ал бала атып жатып тийгизе албай же башка чүкөлөргө тийгизип койсо жыдып калат. Жана калчаган бала дагы ошондой тартип менен ала берет. Баякы атып жаткан балдар канча чүкө атса дагы өзүмдүк кылып ала беришет. Кан атып алганы байып калгандай болуп турат. Кайсы бир бала жалгыз чүкөнү да атып ала албай тура берет. Эгерде кан алчы түшсө, алчы менен атып алат, таа түшсө таа менен, бүгө түшсө бүгө менен, чиге түшсө чиге менен атып ала берет. Канды кандай учурда атып алса да боло бе­рет. Чүкө атып олтуруп баардыгы бүткөндөн кийин ар бир бала чүкөлөрүн санап көрүп, эң аз чүкө алып калган баланын чүкөсүнө өлчөп салып калчашат. Анда канды атып алган бала канды жолдошу менен чүкөнүн санатынан баш­ка кылып салат.Калчашаарда анда такыр чүкө албай калган бала оюнга кирбей гана томсоруп олтура берет. Берки чүкө алган балдар калчашып жатканда кан таа түшүп калса, сак болуп турган балдар жалпы эле чачылып жаткан чүкөнү талап киришет. Анда кай бирлери көбүн талап алып коёт. Баякы чүкөнү көп атып алган дагы көп талап алып байып калат. Кээ бир балдар ошол кан талашмайда дагы жакшы талап ала албай куру калат.

Ошентип баякы көп чүкөнүн барын кайсы бала алса, ошол бала уткан болуп эсептелип, берки балдардан кош камчы, төө матек окшогон сайган байгесин балдардан алып көтөрүлүп калат. Кандын алчы, бүгө, чиге түшкөнү жай оюн болуп атып ойноло берет. Анда канды атып алган бала кан­ды жолдошу менен чүкөнүн сапатынан башка таа түшүп калганда гана талашакей болуп, балдарды тытыштырып са­лат. Кандын таа түшкөнү жаңылганы деп билинет.

Селкинчек – оюндун түрү. Айылдын четине, же ардактуу жерге арканды эки жанаша жыгачка же кыйгач өскөн дарактын бутагына байлоо менен курулган. Бак-дараксыз жерде селкинчектин ордуна алты бакан тебилген. Селкинчек көңүл ачуу үчүн салынган, ыр, бий, же шайыр сөздөр менен коштолгон. Селкинчек жаш өспүрүмдөрдү шамдагайлыкка, шайырдыкка көнүктүрүп, денесинин чымыр болушуна өбөлгө түзгөн.

Шакек салмай, шакек катмай, шакек жашырмай – кыргыздын элдик оюну. Көбүнчө улан-кыздар ойношот. Оюнчулар эки алаканын бириктирип, колун тизесине коюп, тегерете отурат. Оюн баштаган киши шакек салгандай түр көрсөтүп, отургандарды кыдырып чыгат (чындыгында шакекти бир оюнчуга гана берет). Оюн андан ары эки түрдө уланат;

1. Шакек салган  киши башка бир оюнчудан:

- Шакек кимде? – деп сурайт.

Эгер ал шакекти тапса катып отурган оюнчу, таппаса, өзү ырдап берет да, оюнду андан ары улантат;

2.Шакек салган киши өз ордуна отуруп:

- «Алтын шакек, атып чык» – дегенде, жашырган киши жанындагыларга карматпай тез ыргып туруп кетсе, ал кезекти алып оюнду улантат, эки жагындагынын бири кармап калса, ал «жазаланат» да, кайра ордуна отурат. Шакек салган оюнчу оюнду улантат.

Тогуз коргоол- кыргыздардын эң байыркы элдик оюндарынын бири. Кыргыз элинин көчмөн шартына жараша тогуз коргоол оюнунун тактасы көбүнчө чуңкурча казылып жерге жасалган.Кийин таш, жыгач колдонула баштаган. Коргоолчолор коргоолдон, чоподон, чөптүн уругунан, жыгачтан жана башкалардан жасалган.

Кыргыз эли байыртадан эле маданияттуу жана көңүлдүү дем алууга көңүл бөлүшкөн. Мындай көңүл ачуунун бири тогуз коргоол оюну болгон. Айылда, айылдар арасында тогуз коргоол боюнча өз ара мелдештер уюштурулган. Жеңүүчүлөргө байге берилген.

Ошентип тогуз коргоол оюну байыртадан кыргыздын эл­дик, улуттук оюну болуп, кыргыз эли менен бирге кылымдар бою жашап келе жатат. Тогуз коргоол оюнун кыргыз эли сыяктуу казак эли да ойнойт. Алар «тогуз кумалак» деп аташат. Тогуз коргоол оюну, аны ойноп жаткан адамдардын эсептөө, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт.Оюнду эки оюнчу ойнойт. Оюнга катышуучулардын жашы чектелбейт. Тогуз коргоол оюнунун максаты – ар бир оюнчу же жаат мүмкүн болушунча көп коргоол алууга аракет жасайт. Оюндун акырында кайсы оюнчунун же жааттын упайлары көп болсо, ошол оюнчу, же жаат утат.

Ат чабыш - кыргыз элинин эң маанилүү жана кызыктуу оюндарынан. «Манас» эпосунда да ат чабыш жөнүндө көп маалыматтар бар. Күлүк аттарды саяпкерлер таптайт. Чабылуучу аттын кандай күлүк экендигин алдын- ала көрө билген сынчылар, чабышка түшкөн аттардын сүрөөчүлөрү болот. Ат азыр көбүнчө айлампада, кээде түз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.

Күлүктү минип чапкан бала чабандес деп аталат. Мелдешке 8-14 жаштагы уландар, үч жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бирөөнүн атын камчы менен чабууга, жолун тороого болбойт. Күлүктөрдүн алдыга чыгып келгендерине жараша жеңүүчүлөр аныкталып, байге ыйгарылат.

Эгер аттар бир нече кезекке бөлүнүп чабылса, анда байге убакыт боюнча (ээлеген орду) аныкталат. Ат чабышта күлүктүн алдыга чыгып келиши анын саяпкерине жана саяпкердин айтканын так аткарган чабендеске жараша болот.

Кыз куумай – ат оюндарынын түрү. Белгилүү чектен кыз менен жигит кубалаша ат салышат. Адатта кыз мурдараак ат чаап, жигит анын артынан кубалап жөнөйт. Кыз куумайдын максаты кыз жигитке жеткирбеш керек, жигит болсо кызды кууп жетиши керек. Бул оюн тойлордо өткөрүлүп, тамашалуу көрүнүшкө айланган. Кыз куумай оюнунун тарыхы никелик мамилелерге такалат. Кызды кууп жеткен жигит ага үйлөнүүгө тийиш болгон. Кийинки тарыхый баскычтарда түпкү мааниси өзгөрүлгөн.

Оодарыш – ат оюндарынын бир түрү. Эки жаат тараптан бирден киши атчан чыгышат да, бирин-бири аттан оодара тартып түшүрөт. Оодарышка күчтүү, эптүү, шамдагай жана чабандес киши түшкөн. Анын аты омоктуу, күчтүү, кабелтең болушу зарыл. Оюнга катышкан адам бышык өтүк, таар же булгары шым кийип, белине кездеме кур байланат. Оода­рышка катуу күч келери эске алынып, кош басмайыл, бышык куюшкан, бекем көмөлдүрүк тагылып, чоңураак жана катуураак бөктөрүнчөк ээрдин артына байланат.

Оодарышчылар белден жогору кийим кийбейт. Алар курдан, колдон, буттан алууга, кучактай кармоого, тизесин же бутун атаандашынын атына такап, балбанды өзү жакка тартууга же ары түртүп жыгууга, сүйрөп кетүүгө укуктуу. Бири-бирин же атын чабууга, тебүүгө, муштоого, ат жабдыктарын кармоого, манжаларды кайрууга, үзөңгү боолукка салууга, тизгинди же чылбырды атаандашынын колуна, бутуна орой коюуга укугу жок. Булардын кармашын атчан бокобул (калыс) тейлейт.

Улак тартыш, көкбөрү – кыргыздын улуттук ат оюну. Улак тартыш илгертен бери чоң салтанаттарда, майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлгөн. Татаал, коркунучтуу, кокустуктары көп оюн болгондуктан аттандаштардын ортосунда кадыр-барктуу, тажрыйбалуу кишилерден бокобулдарды (калыстарды) дайындашып, ошолордун чечими боюнча оюн өткөрүлгөн.

Улак, же серкени мууздап, баш, шыйрагын кесип салып, ичинин кичине жерин жиреп, ичеги-карынын да алып салып, кесилген жер менен мууздоосун бекем тигет. Атаандаштар эки тарапка (айыл, аймак бо­юнча) бөлүнүшүп, жакшы аттарга минишет. Бөлүнгөн жааттар бирдей санда (3,5,7) оюнчуларды чыгарышат. Оюндун негизги максаты жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип таштоо. Айрым учурда кичирээк торпок да тартылып, аны торпок тартуу деп аташат.

«Эл таануу» китебинен


Кыргыз