Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылык өмүр жолу

Т. Сыдыкбековдун  чыгармачылык өмүр жолу

Кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон чебер жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912- жылы жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн чыгармачылык аракетин адегенде ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү «Ленинчил жаш» газетасына анын «Булар кимдер?» деген ыры жарыяланган. Андан бир аз өтпөй «Чал комузчу» аттуу поэманы жазып, «Чабуул» журналына бастырган. Алгачкы «Күрөш» аттуу ырлар жыйнагы 1933-жылы жарык көрүп, «Баатырлар» (1936-ж) «Акын-булбул» (1938-ж) аттуу ырлар, поэмалар жыйнактары жарыяланган кезде эле автор проза жанрында жигердүү иштей баштаган.

Поэтикалык чыгармаларында Т.Сыдыкбеков өзүнүн калемдештери сыяктуу эле ошол учурдагы кыргыз жергесине, элдин турмушуна кирип жаткан жаңылыктарды, социалисттик коомдун артыкчылыгын, жаңы түзүчүүлүк эмгегин, адамдардын жаңы түшүнүктөрүн, жаңы мамилелерди чагылдырууга аракеттенди. Муну жаш автордун ошол кезде жазган ырларына койгон аттарынын өзү эле далилдейт. Мисалы: «Кедейлер артель болушту», «Радио жаңы айылда», «Кетмен күүсү», «Микрофон ырдады», «Басмакана», «Маданият өзгөрдү», «Кечээки чыйыр – бүгүн даңгыр Памир» ж.б.

Т.Сыдыкбеков алгачкы поэмаларынын айрымдарын элдик оозеки чыгармачылыктын материалдарынын негизинде жана Октябрь революциясына чейинки кыргыз элинин турмушунан алып жазган. «Капкакбай» поэмасында автор жомоктордо айтылган Капкакбай аттуу сараң байдын образын түзүүгө аракеттенген. Байдын сараңдыгы ушунчалык – ал өзү да жебейт, элге да эч нерсени ыраа көрбөйт, а түгүл балалуу болгондо ага той берүүдөн да кызганат. Жек көрүмчү шүмшүккө айланган Капкакбайды өлгөндө сөөгүн жер да, көр да, көл да кабыл албайт, акыры сууга агызып жиберүүгө аргасыз болушат. Автор бул чыгармасын жыйырманчы жылдардын аягында жазып, бирок жарыкка чыга электе кол жазмасы жоголуп кеткендиктен, кийин анын экинчи вариантын түзгөн. Адам өмүрүнүн түпкү маңызын ушул жарыкчылыкта ак эмгегинин үзүрүн көрүү түзөт. Ал эми байлыкты күтүп сараң, зыкым болуудан өткөн ыплас эч нерсе бул дүйнөдө жок. «Капкакбай» поэмасында мына ушул элдик идея берилген.


Кыргыз