Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Токтогул Сатылганов

Токтогул Сатылганов

Элибиздин улуу демократ-акыны жана композитору Токтогул Сатылганов 1864-жылы 25-октябрда Наманган уездинин Суусамыр болушунда – азыркы Ош областынын Токтогул районунда кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Токтогулдун балалык чагы малайлык менен өткөн. Ал 15 жашка чыккандан тартып, айыл аралап ырдай баштайт. Анын бул мезгилдеги чыгармаларында лирикалык ырлары басымдуу орун ээлейт. Бул оюбузду акындын алгачкы ырларынан болгон «Эмне кызык», «Гүлдөп ал», «Алымкан» сыяктуу жана башка ырлары ырастайт. 1882-жылы Токтогул дыйканбай манаптын ырчысы Арзымат менен беттешип аны жеңет. Ошондон тартып акын элге таанылып, атагы чыга баштайт. Бул жылдары Токтогулдун ырларында алдыңкы демократиялык идеялар өнүгө баштайт.

Бай-манаптар акынды ырчы кылууга да аракет жасашат. Бирок, алардын оюна көнбөгөндөн кийин Бактияр баш болгон бий-болуштар «Токтогул Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан» деген жалаа менен 1898-жылы акынды каматышат. Убактылуу согуштук сот Токтогулду адегенде өлүм жазасына буюрат. Кийинчерээк ал жети жылдык сүргүн жумушу менен алмаштырылат.                 Токтогул түрмөдөн качууга жасаган аракети иш жүзүнө ашпай калгандан кийин, анын түрмөлүк мөөнөтү жети жылдан он эки жылга узартылат. Акын экинчи жолу орус революционерлеринин жардамы менен 1910-жылы түрмөдөн качып чыгат.

Токтогулдун чыгармаларынын хронологиялык тартиби ушул убакка чейин толук тактала элек. Бирок ырларындагы эскерүүлөрдү тыкандап кароонун негизинде, Токтогулдун дүйнөгө көз караштарын  белгилүү даражада чындыкка жакындаштырууга болот. Эгерде Токтогул сүргүнгө чейин бизге демократ-акын катарында белгилүү болсо, сүргүн мезгилинде  анын саясий көз карашы өсүп, жаңы алдыңкыү идеяларды камтыганын көрөбүз. Мисалы, Токтогулдун алгачкы «Беш каман», «Эшен калпа» деген жана башка чыгармаларында эзүүчү таптын айрым гана өкүлдөрүн сынга алат. Бул акындын таптык саясий көз карашынын чектелгендигин жана чыгармачылыгынын ашкерелөөчү мүнөздө экендигин айкындаса, сүргүндөн кийинки ырларынын мазмуну тереңдеп, байыганын көрүүгө болот.


Кыргыз