Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Зарыпбектин убагында бугу, сарбагыш арасы

Зарыпбектин убагында бугу, сарбагыш арасы

Оруска бугулар карагандан соң, алар башка солто, саяк, саргбагыштан кадырлуу болуп инабаты артылып кеткен. Ормон үчүн канчалык чабуулга учурап, далай азаматтардын өлгөндүгү эс билги карыяларынан калса да, жаштардын арасынан унутулбаган. Ормонду өлтүргөн кезде Надырбектен айтылуу Калыгул бугунун ичинде болуп, Ормонду өлтүргөн соң айылы менен сарбагышка көчүп келген. Бул тууралуу бугулар кек кылып калып, Калыгулдун айылын ыйык көлдүн түн жагы эки Аксуунун ортосунда олтурганда бир тараптан күңгөйдөн сарбагышты айдап чыгуу ниети менен доңуз жылы (1863-жылында) күзүндө 25 казак-орус, бир нече бугу менен Зарыпбек келип, Калыгулду айылы менен чаап алган. 1864-жылы эл жайлоого жаңыдан серпилген чакта Ысык Көлдүн тескейинен бугунун желден уругунан Жанек 200 жигит алып, Жаны деген төкөр иниси менен аттанып чыгып, Тарагайды басып, Уландагы карагайда бекинип жатканда Зарыпбектин айылында саяк кыргызынын уман уругунан Ырыскул дегендин кызын алганы барганда сарыбагыш кыргызынан жантай уругунан Солтонкелди Албек уулу эки жолдошу менен келе жатканда, аңдып туруп кармап алып: «Олжолуу болсок, эсен-аман элине коё беребиз, кокустан мал ала албай калсак, каражолтой сарбагышты үчөөн тең өлтүрөбүз, аттонун олжолоп кетебиз», —,деп ошол карагайга оорукка 120 жигит калтырып, 80 жигит менен Жанек жүрүп кетип, экинчи күнү күндүн мурду чачырай 600 чамалуу жылкы тийип келген. Жолдо жүрбөй калган беш-алты семиз жылкыны түктүсандап алышып, оорукта калган 120 киши 600 жылкыны айдатып жиберип, артта 80 киши менен Жанек өзү калган. Үч сарбагышты чечип, кол аягын бошотуп, аттарынын көзүн берип, Солтонкелдинин Желкүрөн деген жакшы аты бар экен, аны да берип жөнөтөрдө Жанек мындай деген: «Бул жылкыны түндө эл жатарда Чеш дөбөнүн шилисинен алдык. Катуу тийип келе жатканда семизинен жүрө албай, жолдо 70ден ашык жылкы калды, Бир кичирээк кулабы, же сарыбы, бир тай түн ичинде байкай албай калдык, Уландын нары түбүндө калды. Башка жылкы бир тең, ушул тай бир тең. Бул жылкы кайсы сарбагыштыкы болсо да жолдон терип, баарысын аман-эсен айдап барып берип, ошол кула тайды эптеп алгын. Ал бекер жылкы болбойт. Сага берген соогатым ошол. Семиз-ден жүрө албай кишенеп калганда 40-50 жылкы чуркурап кайра жапырылганда найзалап айдадык. Кош, иним! Эр жакшысы кошто бар деген, ажалын жок экен. Ак жолтой сарбагыш болду. Кокустан кара жолтой болсоң, карагайдын черине каны-жиниң төгүлөт эле», — деп атына камчы уруп, шарт коюп 80 жигити менен жүрүп кеткен.

Солтонкелди үч киши менен жүрүп отуруп, жолдогу калган жылкыны терип ар кайсы жерден айдап чогултуп, Уландын оозуна келсе, айткан кула тай сенделип бир жылкы менен оттоп. турган экен, Түшө калып ыйык жалынан бир талын кыркып алып, айдап жүргөн., Ар кайсы жердеги сээлип турган жылкыны калтырбай айдап, кеч киргенде бурулуш карагайлуу жылгага конуп, түктүүсан кылып кеткен эттердин калганынан алып бышырып жеп, эртеси кечке айдап олтуруп бешим ченде Чеш дөбөнүн алдындагы токойлуу чатта Субан уулу Ыйбак бешмантсыз жалан көйнөгүн, чапанын кийип, жылкы издеп жүргөндө кез келген, Бу жылкы сарбагыш кыргызы Суван уулунуку экен. Ыйбак булардан жайын угуп. андай болсо бу жылкыдан бир жакшы бээ тандап алгыла дегенде Солтонкелди: «Жоо үстүнө жоо болуп, кантип олжо алалы», — десе; «Андай эмес, жоо дагы эл да, жылкы тийиш эки жакка тең. Ал жылкы кайда кетер дейсин. Кур калбастан тандап бир тай ал», — дегенде Солтонкелди баягы кула тайды алтан. Кийин кула тай чоюн күлүк болгон.

Колпаковский жандыраалынын буйругу боюнча 1857-жылы саякатчы Семенов Ысык Көлдөгү бугуга келип, Тянь Шань тоолорун текшерди. 1858-жылы Голубев келип Ысык Көлдүн айланасын ченеди.

Зарыпбектин убагында бугу, сарбагыш арасы, bizdin.kg


Кыргыз