Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ысык-көлдөгү көтөрүлүш

Ысык-көлдөгү көтөрүлүш

Көл айланасындагы бугу-саяктын боз балдары көбүнчө орто чарба кедейлери солдаттыкка барбайбыз, жиберебиз деген болуш-бийлерди өлтүрөбүз, Николайга каршы уруш чыгарабыз деген имиш сез угулуп калып, Караколдун уезди кол алдындагы кызматчы кишилерди, болуштарды 1-августта чакырып алып:- «кызматкер бересиңерби» деп жооп сураганда, баары бир ооздон «беребиз» деген. Өздө-рүнчө жашырын сүйлөшуп, көтөрүлүш жасоого сөздөрүн токтоткон.

Башка Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал жана Чүй боюндагы кыргыздар менен кабарлашып, пикир алышып турмакчы болгон. Тескейдеги кыргыздан Ысагалы — Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгалдагы эл менен кабарлашып турмак. Күңгөйдөгү турган саяк кыргызынан Талканбай, Чуй боюндагы кыргыз менен Шабдандын балдары аркылуу кабарлашып турмак. Талканбайдын аларга.берген убадасы мындай болгон: «Эгерде Чуй боюндагы кыргыздан көтөрүлүш болсо, күңгөйдөгү орус кыштактарына өрт коймок. Бул өрттү көрүп, тескей кыргызы бүт-күл көтөрүлмөк. Эгерде көтөрүлүш тоо арасындагы элден чыккан болсо, Ысагалы башчы кыргыздар тескейдеги орус .кыштактарына өр! коймок. Өрттү көрүп күңгөйдөгү жана Көл башындагы эл көтөрүлмөк. 1-августта Караколдогу аскердин бардыгы 20 казак-орус болгон.

7-августта бапа кыргыздары Беделдин белин тосуп, пост болуп турган он солдатты “өлтүрүп, жабдыгын алган. 8-августта Гоңдогу оаяктар жер ченегич эки орусту өлтүргөн. Ушул 8-авусттун тунүндө Карой-Саройдогу саяктар көтөрүлүп, тегерегиндеги орус кыштактарына өрт койгон. Колго түшкөн орустун көбүн өлтүргөн.

9-августта эртең менен күңгөй-тескей кел айл; насындагы бугу, саяк жапырт көтөрүлүп, оруска чабуул кылган. Өлтүргөн, талаган, өрт коюп, жыгачка аскан. Ушул күнү бугу, саяктан Такабай Байсоорунду камап, орустар казыналык бакка камалган. 11-авгуетта Кыдырбай Сары уулу урушка катышпа-стан, Көл башындагы бир болуш эл менен Кытайга көчүп кеткен.

8-августга Караколдон 20 казак-орус түн катып жүрүп Байсоорунга келгенде, анын айланасындагы , бүткүл мужук качып келип, Байсоорунга тыгылган экен. Келген казак-орустар аларды бүткүл катын-баласы менен Караколго адып кетишкен. 12-августта Түп калаасында бугу, саяк биригип уруш кылып, кызык уруш чагында бугудан Ырыскелди Берик уулу өлгөндө, эл кайта качкан. Күңгөйдөгү кыштактарды талкалап жүргөндө бакаш саягынан Бокош орусту качырып кирип, ок тийип өлгөн. 17-18-августтарда Чоктал, Чолпоната, Аксуу кыргыздары көлдүн башын көздөп көчүп бара жатканда алдьь нан Кара Баткактан жарактанган 300 орус чыгып, катын-бала болуп 600 киши өлгөн. Эң соңунда жалгыз атышып, бугу кыргызынан токой уулу уругунан Султанбек орусту токтоткон. Тескейде 9-11-августта жете Кальңовка, Гоголевка (Барскоон), Тарткан кыштактарын жеңип алып, бүлөсүн колго түшүргөн, көбүн өлтүргөн.

11-августтан баштап, 3 миң киши Кызыл Сууну каптаган. Кызыл Суу менен Караколдуд ортосундагы орустар каяып Караколго келген. 13-августтун түнүндө Караколдон Кысан деген ногой 40 аскер менен келип, камалган кыргызды чиркөөнүн төбөсүнө» атып турган. Кыргыздар Кызыл Сууну каптаганда орустун тосуп койгон тосмосунак өтө албай көп кыргыз өлгөн. Ушул түнү Кысан мужуктарды Караколго көчүрүп кеткен. . 15-августта кыдык, саяк, бапа, желдең, жети өгүз кыргыздан куралган 5000 киши. Караколго бет алып келип Ырдыкта туруп, саяк Батыркан Ырайымбек уулун кан шайлаган. Мылтыксыз кыргызды Кысан Ибраимов, Касым Ниязов жана дагы бир топ ногойлор 60 солдат менен келип, кыргызды качырып Кызыл Суунун белине жете кубалаган. Кыргыздан 50 чамалуу киши өлүп, аскери тараган.

17-августта бапа, желдең кыргыздарынан түзүлгөн 300 киши Орто Жаргылчакта 60 аскерге кабы

лып, Аскерден 12 киши өлүп качканда аларды Караколго чейин кубалап барган. Өлүктөрүн таштабастан ала кеткен. Мында абдан кайратты көрсөткөн желден, уругунан Берйкбай болгон.

20-августта бапа, желден,. кыдыктан 1000 жигит Ак Терек деген жерде ичтен келген 300 аскерге учурады, үч күн атышып, орус аскеринен төрт киши өлгөн, кыргыздар аман калган, 25-августта солдаттар тоо жагынан курчаганда, кыргыз качкан, катын-бала, малы менен көчүп, Барскоонду үч миң түтүн өрдөгөн. Артынан 300 солдат кубалап, 100 солдат бузук салганда Болпоң Шадыкан башчы үч киши, үч бардеңке менен көчтүн артында солдаттарды тоскон, Күң батарда Болпондун бутуна ок тийип, жолдошу кайтадан атка мингизип жүрүп, ашууну ашалбай жаткан элге жеткен. Көл кыргызынын беттешип, урушуунун эң соңу ушул. Мындан кийин Кытайды аша башташкан. 27-августта тескейде Кырчын деген жерде качып көчүп бара жатканда саяк, чиркей уругунан 40-50 чамалуу түтүндө катын-баласы менен 300 аскер кырып таштаган.

Ысык-көлдөгү көтөрүлүш, bizdin.kg


Кыргыз