Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ысык көлдөгү бугу, саяк кыргызынын оруска караганы

XIX кылымдын башында бугу кыргыздары орустун Кашкарга бара жаткан кербенине жардам көрсөтүп, жакшылап узаткан. Жана биз Коконго карабастан, Россияга баш ийсек экен деген. Ысык Көл менен Текес арасында туруучу бугулардан Шераалы бийдин Койчубек деген баласы (Шапак уулунан Качыбек барган) Сибирь генерал губернатору Тобол шаарында туруучу Глазенапага 1814-жылы барып, Кашкарга бара жаткан кербенге жардам көрсөткөндүгү учун капитандык чен, алтын медаль жана бир кылыч алган, 1824-жылында семейлик көпөс С. Поповдун приказчиги казандык ногой Пайзулла Сайдулла уулу, семейлик орус Пленков жана казак султаны Галий Адил уулунун Уйсунбай Шукүр уулу деген түлөнгүтү бугулардын белек, арык тукуму жана желдең уруктарынын уч бийине сүйлөшүп, оруска карагыла дегенде бугулар ак падышага жибергиле деп айтканда, буларды Семейге алып келип, 5-январдан 25-майга чейин 1825-жылы Омбуда күтүп турган дагы анан кайта жөнөткөн. Караталга жете Шубин узатып келген. Андан Ысык Көлгө 60 казак-орус алып келип, Ысык Көлгө жете хорунжий Нюхалов узатышып келген. Ошону менен Зберштейн доктур кошо келип, кыргыз жөнүндө (биринчи кабарды) ушул жазган. Өткөн кербенди карактоодой сактамак үчүн орус жибериңиз, сизге карайбыз деп белек уругу суранган. Белектин башчысы мурун Россияга барган Койчубек (Качыбек) болсо керек.
Депутаттын ичинде Качыбектин Алгазы туушканы болгон. Омбуда турганда желдеңден барган Алымбек Андрей боолуу алтын медаль жана анын аты жазылган кылыч алган. Алымбектин Жапалак Кутлу деген атасы Андрей боолуу алтын медаль алган. Ошондой алтын медалды арык менен белектин барган кишилери Алгазы менен Акымбек алган.. Качыбек генерал-губернаторго менин кишилериме Алымбекке бергендей сый бербедиңиз деп кат жазганда, Алгазыга жакшы сый беремин деп жандыраалы кат жазган. Бирок убадасын ордуна келтирбеген. Качыбекке кылыч, Алгазынын туушкандары Ажыбайга алтын медаль бериңиз дешкенде берилбеген. Арык тукуму Акымбектин атасы Олжобай Тулөберди уулу баласына сый бериңиз дегенде, бу тилектери да инабатка алынбаган.
1847-жылында феодалдар Ормон Ниязбек уулу, Жантай Карабек уулу Кененсарыны өлтүрдүк деп кат жазып, Омбуга тынай кыргызынан Калыгулду жибер-генде Жантайга алтын медаль. жана мактоо кат берген. Ормон алтын кармаган чепкен алган. Арага жүргөн Молдогали Жакуп уулу деген ногой жана казак султаны Рустам Абылпайыз уулу болгон. Ормон Үмөтаалы деген уулуна алтын медаль, мүмкүн болсо кылыч бериңиз дегенде бербесе керек (бир кабарда чапан берген) жана Ормон катында: «Кыпчак, Кокон аскери Олуя Атага келди. Мүмкүн болсо, оруска карамак үчүн Иленин наркы жагына өтсөм деген жана Кашкар кыргызы кожолорго жардам берип, Кытайга каршы болуңуз деп жатат (жети кожо бузугу) катышсамбы?» — дегенде орустун чек арада турган кароол баштыгы: «Кыпчак менен урушсаңыз мурасыңызга жетиңиз, бирок Кытай ишине катышпаңыз», — деп жооп кайтарган. 1848-жылдын аягында улуу жүз казагынын приставы барон Врангель омбулук казакка Рустөмдун баласы Султан Мамырды кыргыздын жиберген кишиси Сатай менен бирге Галин деген бир ногой жана бир казак орус менен жөнөткөн.


Кыргыз