Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Узун агач согушу

Узун агач согушу

Орус Токмок, Пишкек коргондорун алып, кыргызды каратты деген кабарды уккан соң Ташкенден Канаат баштык нече миң аскер менен Олуя Ата басып келип, Парганадан адигине кыргызынан Алымбек датка баштык 12 миң киши көбүнчө кыргыз Сырт менен Куртка, Жумгалды басып келип, арка кыршзынан солто, саяк, сарбагыштан нече мин, казактан Андаш датка баштык нече жүздөгөн киши барып, 30 миңчилик болуп, Узгун Агач, Казанско-Богородинкий орус аскери менен 1860-жылы 23-октябрде согушкан. Орус-тар Узун Агачтын дөбөсүнө туу тигип, тегерегин казып, арабадан чеп кылып жаткан. Аскери 2 миңден ашпаган. Кыргыздар ат салышып урушуп турган. Атактуу Төрөгелди качырып бара жатканда атына ок тийип калып, кайта жөө качкан. Солтодон Абайылда менен Корчу тең качырып, бир казак орусту жыга сайып, ийининдеги мылтыгын Абайылда энип чыккан, бир аз-дан соң арттан жеткен. 300 чамалуу өзбектин сарбоздору казак орус менен жалаң кылыч менен беттешип, орустан 60-70 киши, өзбектен 150 чамалуу киши иле-салада кырылып, эки жакка ажырашкан. Ушул беттешкенде Рахматулда ичинде болуп, өтө кайрат көрсөткөн. Мындан соң өзбек аскери менен кыргыздар кайта тарткан. Чамасы, он чакырым жерге орустар кубалап келип токтогон. Өзбек, кыргыз, казак жеңилип кеткен соң орустар келип, Каштектин түн жаккы белине жакын Сары-Жаздагы 1859-жылы баштап салган коргонун оңдоп, караколго аскер койгон, Кыргыздар бет-бетинен жерлерине карап кетип, Канаат Кордой аша Пишкекке келип, Пишкек коргонун кайтадан жакшылап, бекемдеп салдырган деп казак Баатырбек датканы таштап кеткен. Рахматулданы баш кылып 500 аскер калтырып, бирге келген Жантайга уруксат берип. үйүнө жиберип, Шабдан деген баласын ала Ташкенге жүрүп кеткен.

1861-жылында Пишкек коргонун жакшылап салып бүткөн. Узун Агач согушунда Шабдан 21 жашта болуп, урушка кирбестен бир канча киши менен барып Кашкелеңдин аягында балык уулап жүргөн бир орусту өлтүрүп, башын кесип Келип, Канаатка тартуу кылган. Кенехандын Султансадык деген баласы Канаат менен бирге келип, аскер эмес, башка бир чене орустун башын кесип келип. Канаатка тартуу кылган. Жантай келгенден Канааттын жанына. кетпестен жана Кордой аша Пишкекке бирге баргандыктан Шабданды Ташкенге алып кеткен, Ташкенге Шабдан барганда кыпчак менен өзбек бузулуп, кыпчактар Кокон ханы Малаканды өлтүрүп келип, Ташкенди каратмакка ташкендик менен 34 күн урушуп, кыпчактар жеңилип кайткан. Мындан соң Кудаяр хан кыпчакты аёосуз кырдырган. Бооз катынды жардырган. Ушул себептен Мундуз Мамыр Кудаяр ханга карабаймын деп качып келип, Кетмен-Төбөгө кыштап кеткен.

Оруска карабагыла деп, Шабданды изат менен Кудаяр хан элине узаткан. 1862-жылы кар кетип жаткан ала шалбыртта Баяке деген жолдошу менен Шабдан кайта келе жатканда Пишкектин улугу Рахматулда: «Сенин атан. Жантайдын орус менен сөзү бар», — деп орго салып койгондо бир нече күндөн соң качып чыккан. Үйүнө келе замат; эрте көктөмдө темир (черикчи) эли менен тынайлардын арасы бузулуп, Жантайдын кызын черикчи эли өлтүрдү кабар менен Чүйдүн башы Боролдойдун мандай-тескейинде феодал Төрөгелди башында болуп, анын бир тууганынан Бектен деген баласы 40 жигити менен урушуп турганда ок атып турганына карабастан Шабдан качырып барып мылтык атын турган. Ыман уругунан (саяк) Ырыскелди деген мерген жигитин найза менен ыргыта сайганда черикчи эли кайтып кеткен. Тынайдан Данабай Телтай уулун өлтүргөн. Черикчи эли менен тынайлар бузулушуп, аларга туугандары Эсенгул кол жабуу боло турган болгондо Кызыл Суунун алкымына конгон тынайлардын жарым айылын көчүрүп келип, Кертабылгыга кондуруп, бүткүл тынайды жыйып алып Жантайдын айтканы.

«Кененсарыны өлтүргөндөн баштап орус менен арабыз жакшы эле, Сооромбай барып, оруска караймын деп убада берип, жетим-жесирди бошотуп алып келди эле, Шабдан менен Баяке Ташкенден келе жатса Рахматулда кармап алып, орго оалганда качып келиптир. Темирболот менен дагы бурулуштук, капталыбыздагы казактар жалпы оруска карады. Бугу, саяк болсо да оруска карап, жаны тынып калды. Токмоктун калаасын орустар талкалап, күнүгө Алматыдан аскер келип, Пишкекти бөдөнөдөй тооруп турат. Асылган ууру алмайынча койбойт деген. Мурдагы жылы Узун Агачта орустун аскерлеринин эрдигин көрдүк. 2 миңдей орусту 30 миң киши ала албастан бытчыт болуп качтык. Бул орустун тизгинин эч ким кага албайт. Буларга киши чак келбейт, мен көрдүм-билдим. Эл-журт, баарыңарга эп болсо, биз дагы оруска карап тынч оокат кылсак кантет», — дегенде, отурган элдин баары «карайлы, карайлы» деп макул алган. Мындан соң Жантай оруска караймын деп Алматыдагы Колпаковскийге барганда орустар Жантайды абдан изат кылып, чен-ченкен жана медаль берген. Ошону менен катар 1862-жылы эрте көктөмдө Алматыдан аскер келип Пишкекте өзбек менен согушуп ала албастан, андан ары өтүп барып 17-апрелде Меркени караткан.

Узун агач согушу, bizdin.kg


Кыргыз