Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Үмөтаалы ормон уулунун оруска караганы

Үмөтаалы ормон уулунун оруска караганы

Россия өкмөтү 1863-жылы сырткы Кочкор. Жумгал, Нарындык кыргызды Кокондон айырып, өзүнө каратуу чарасына киришкен. Сыртта Кокондуктун күчү Нарын боюндагы Куртка коргону болуп, Жумгалдагы коргону Имметсиз болгон. Ушул себептен Иле менен Кашкар ортосундагы жолду ачуу үчүн дайындалган капитан Проценконун отряды 1863-жылы майдын башында Каштектен аттанып чыгып, Боом менен жүрүп, Ысык-Көлгө келип, андан Кызарт аша Жумгалга түшүп, андан Соң Көлдү жандап жүрүп Курткага келгенде, Куртка менен Жумгалдагы кокондуктун аскери урушпаган караган. Аркада Пишпек шаарынан соң соода жана саясы жагынан Куртка биринчи роль ойногон коргон болгондуктан, анын тарыхынан бир аз маалумат беремин.
Мадали хан заманында Аккулу минбашы жүз уруп башта сарай болсо да, 1832-жылы (улуу жыл) Куртка коргонун салган Ошол жылы саякты, черик, басыз, моңолдорду каратып каршы чыккан. Атантай менен Тайлакты колго түшүрүп, Коконго алып барып, андан сатыкка бошоткон. Атантай, Тайлак кайта келгенде Коконго карабас үчүн Иледеги казакка өтмөккө аракет кылган. Өткөн-өтпөгөнү маалим эмес. 1858-жылында, Курткага караган элден: чоронун башчысы Осмон датка, кулжыгач баштыгы, Түлөккө баатыр башы Эраалы уулу, иман баштыгы Байтуру Жапалак уулу, черик баштыгы Ороз бий, Сары жаак Турдуке (Кытайдан таш сайынган), тынымсейит баштыгы Найман, Алжа, Табылды болгон, салыгы зекет, олпоң болуп Мыразык деген белги болгон. Анын биринчи дос кишиси Осмон Тайлак уулу эле.
1859-жылы Төрөгелдинин айылы тескейдин Жуукусунда болгон. 1863-жылында Курткада карабагыш Чолоктун атасы бек болуп турган.
Башта оруска карабаймын деп Нарынга көчүп кеткен; Үмөтаалы бул сапарда карамакчы болуп келип, Проценконун отрядына кошулган. Бул тууралу 1863-жылы май айында Ташкен жарым падышасы Черняев мындай деп кат жазган: Мен көзүндө айнеги бар төрөгө кошулдум. Ак падышага карадым, Куртка менен Жумгал алынды» деп. Аягы анын туугандары Проценконун аскери менен Соң-Көлдүн аягы Кажыртыда Эки Чат деген жерде урушуп, жүз төөгө жүктөп бара жаткан азыктарын талап алып, саяк, сарбагыштан 2 миң аша кыргыз чогулуп, Орусту баштап келген казак Кичине баатырды баш кылып, 9 орусту өлтүргөн. Ичинде Карананчы деген баштык орус болгон. Орустар төөлөрдү чөгөрүп, өркөчүнө далдаланып туруп атышкан. Кыргыздар калыңдагы бир карыш нанды таап алган. Андан мурун кара нан көрбөгөн, Карананчы төрө деп ошондон атаган. Чачылып калган кагазды өрттөп жатканда ал кагаздарды андан беш-алты жыл мурун келип, Үмөтаалыга туруп калган бир ногой «кайран акча» деп жыйып алган. Үмөтаалы ошол сапарда орустан бир кыз алып, андан туулган Жумгалбай Чолок (азыркы үчүкө элинде), бир кабарда Үмөтаалы орустан кыз албастан, Ормондун тирүү чагында Омбудан эки орус мусулман болобуз деп качып келгенде мусулман кылып, колун алалдатам дегенде бири качып кетип, бири мында калганда атын Эбак коюп, Жантай Стамбектин кызын алып берген. Андан туулган Кырбаш болуп, анын кызын Абыладоржу алган. Эркек баласы ошондо аныгы соңку болорго керек. Эбакты Ормондун урушунда бугу өлтүргөн. Орус аскери эл арты болуп көчүп бара жаткан Үмөтаалынын элинен абылай уругу Шүкүр Рай уулунун элин көп малы менен Кара Кужурдан чаап алган. Ушул окуядан корксо керек, Үмөтаалы 900-1000 түтүн эл менен үркүп, Атбашы, Арпаны баса көчүп (тарых жазуучунун ата-энелери ичинде болгон), Анжияндын тоосун кыркып Кашкар өлкөсүнө барып, Какшаал өзөнү Балгынды, Жылгынды, Чырканак, Чөпчүккө тарап, 1865-жылы кыштап туруп, Кашкардын каны Үмөтаалынын кызын сураганда, сартка кантип кызымды берейин деп бербестен жана да жери таштак, малга жай болбогондуктан айнып кайта көчүп келип, кеч күздө Ылакол аша келе жатканда белде Ормондун кенже уулу Бакалдын жигити кедей Байтеректин атасынын боору үшүп өлгөн. Күнгөйгө келип, Чоктал, Чолпон Атага кыштап калган. Алматага Аалы деген инисин жиберип, ал аркалуу өлгөн казак менен орустардын кунун төлөгөн тууралу мал-мүлкүнөн ажырап, Үмөтаалы Күңгөйдө 1879-жылы өлгөн. Үмөтаалы кан ичер деп атыгып, кедей начарларды көп өлтүргөн. Мисалы, Кытайга качып бара жатканда Нарында Кажырты деген жерде айылында балачакасы менен жүргөн беш агайын кедей бугу кыргыздарын эч күнөөсүз өлтүргөн. Үмөтаалы айылынын дөңүндө олтурса үйдө катындары каткырышып-күлүп жаткандарын угуп оюна тескерилик түшүп, кимисинин иши кара болсо ошого тийсин деп мылтык менен атканда жакшы көргөн катынына тийип өлгөн.
1863-64-жылы Фергана менен Арка кыргызы ачарчылыкка дуушар болуп, Анжианга караган өзбек-кыпчактар кыргызга келип, айран ичип жан сактаган. Тогуз Тородогу саяктан мыкаачы болдук баары бир деген (Тогуз-Тородо «Мыкаачы бел» аталган жер бар), бир кабарда кыргыз Анжиандан кайтканда мыкаачы болуп, ошондон «Мыкаачы булак» аталган дейт. Нарындагы Уландын ичиндеги «Мыкаачы үңкүр» дагы Анжиандан кыргыз кайтканда аталган дейт. Нарындагы КуртКаны жана Жумгалдагы коргонду Кокондон аскер келип кайта колуна алган. Бул тууралу Алматыдан 5-февралда 1865-жылы Черняевке мындайча кат жазган: «Куртка коргондун кадыры Сыдарыя менен Нарындын башында жана Кочкордо турган кыргыздарга артык болуп, Кокон ханынын агенти Алымкулдун аскерине азык-түлүк жана башка керек-жарак бере алат» деген. Кокондуктун кутуртуусу боюнча Рахматулданы өлтүргөндүгү тууралу сиздерди ачыпкер кылабыз деген соң, 1864-жылы Жангарач кайтадан оруска карабас болуп баш тартып, бирок Чолпонбай деген баласын солтого «Ага манап» кылдым деп Ташкенден жарлык келгенде тынчыган. Жангарач кан соргуч феодал ушул 1864-жылы өлгөн.
Ошондо да солтолор болбостон оруска караган дулат казагынан 50 үйүн чаап, мал башын, катын-кызын олжолоп алган. Булардын баштыгы Көкүм Чойбек жана Байтиктин Сатылганы болгон. Ушул себептен Кичи Кемин, Чоң Кеминдин жолун чалганы келген 200 казак-орусу Солто, сарбагыштан Байтик ичинде бир нече баштык кишилерин Токмокко алып чакырып алып, андан жакшы сөз менен Алматыга алып барып, ыраазылык менен кайтарган соң Чүй өзөнү абдан тынчыган. 1865—66-жылы Жумгалда турган сарбагыш уруктары байтели, шамен, жаманак Кочкорго көчүп келип оруска караган. Ушул жылы Таластан Карабуурада турган Багыш кыргызынан Сарымсак датка 150 түтүн менен оруска караган. 1867-жылы Нарын калаасы салынып, Осмон Тайлак уулунан башка бүткүл арка кыргызы оруска текши караган үчүн Боомго кара жол салынып, анын бир учу Нарынга, бир учу Караколго такалып, араларына бекеттер салынган. Жумгал менен Куртка коргонун орус каратып алган соң түн жак кыргызы толук карабаса да, каратылган катарында эсептелип, Ташкен менен Алмата арасындагы жолду ачып, өзбектин коргондорун алмак үчүн 1864-жылында Алматадан Черняев жандыраалы баштык барып, 4-июнда Олуя Атаны алган. Алматыдан аскер менен бирге барган казактан чапырашты уругунан Сарыбай, Суранчы, Сүттүбай дегендер орус аскери Сайрамды аларда үч казак ат коюп кирип барып, мечитке жыйылган сарбоздоруна капталып калган. Алдына барган Суранчыны чокмор менен чаап өлтүргөн. Сарбайдын эки тизесине чоюн баш тийип, үйдүн морунан чыга. качкан. Сүттүбайды өлтүргөн. Сайрамды каратып алганда кун , деп өзбектен Сарыбай миң дилде алган. Ошол тууралу 1890-жылында Сарыбай өлгөндө кошкон:
Сайрамды буздуң басынан,
Эл бийледиң, жасыңан.
Улуктар кетпей касыңан,
Адилет мен журт сурап,
Акымбек уулу Суранчы,
Жолдосун эди жас күннөн.
1864-жылы 2-октябрде Ташкенди орус алганда, Алматы аскерине кошулуп Ташкенден Сарыбай элине кайткан. Ташкенге орустар 2-октябрь 1864-жылдан баштап согуш салып, 15-июнь 1865-жылында алган. Подполковник Василий Васильевич Обух жана эки поручик баштык, 64 солдат өлгөн. Мурунку жылы Ташкендин өкмөтү ферганалык кыргыз Алымкулдун колунда болуп ал согушта өлгөн соң, онун ордуна Кенехандын Султансадык деген баласы өтүп, Ташкенди орус аларда өзүнүн жигиттери катын-баласы менен Жызак тарабына өткөн. 1867-жылында Жантай Карабек уулу өлгөндө баласы Шабдан чындап орус кызматына киришкен. 1865-жылы саяк кыргызы чоро уругунан Осмон Тайлак уулу 10 миң түтүн менен караймын деп, март айында тиленгенде Россия падышасы кабыл алган. Осмондон башка бүткүл арка кыргызы 1867-жылында старчин, бий, болуш шайлап, элин тизмеге алса да, аныгында оруска карагандыгы 1865-жылдан эсептелет (Ысык Көлдөгү бугу, саяк мындан тышкары). Андан 1867-жылга жете элге старчын, бий, болуш шайланбастан, урук баштыктары. бийлеп турган. Бирок үстүнөн оёз карап, алар помешик кыргыз болгон, Маселен, Байтик Канаев, Соронбай Кудаяров 1867-жылында Ташкенге Туркестан. жарым падышалыгы курулуп, эл-журт эсеби алынган.; Жарым падышалыкка Гаухман бекилип, ошол жылдан баштап облус, ооз дайындалып, Чүй бою менен сырткы кыргыздар Токмок уездине карады. Оёз Загражский болду. Ошол жылдан баштап Никелейдин темир чынжырына кыргыз эли чырмалып, эсеп дептерине жазылды. Кыргыздын көбү коркконунан бүткүл эсебин көрсөтпөстөн түтүндөрүн көп жашырды. Катка түштүк, чокко түштүк деп, катталгандан качышты. Ушундан баштап эркин жүргөн кыргыз мурункудай аламандык кесипке кире албады, Сенин болушуңдун жери ушул деген чектен башка жакка өтө, албаган соң аны байлоо катарында көрдү. Капаска камалгандай, кара көргө киргендей болуп, учпас тоок, көчпөс там деп, коркуп – үркө келген мурунтан жектеген шаардык турмуш колонизатордук мыйзамына моюн ийди. Ошондон баштап кыргыз баласы төрт аяктуу жыгач ат деп, арабага жабыша баштады. Бай-манап, феодалдардан эркинде эзилип келе жаткан бечара кедей кыргыз, анын үстүнө оторчулук өкмөттүн эзгенине шайланып, алардын алганы бир башка болду, чөп ооз төлөй баштады. Түтүнгө төрт сомдон пул айтылды, (бир козу 50 тыйын болгон) кийин 1882-жылчан баштап түтүнгө 1 сом 50 тыйын земский алды. Кокондуктун Кокон деген жыйырма тыйындык күмүш акчасы орус акчасы менен бирге жүрүп турду. Семиз баш козу 40—50 тыйын, семиз чоң кой 1 сом 50 тыйын. Жакшы ат 12—15 сомдон өтпөгөн, музоолуу уй 7—8 сом.
Ысык Көлдүн түн жагында турган эл сарбагышка 1767-жылында Түлкү Ниязбек уулу болуш болуп, Ошондо он башы он үйдүн акчасын эсеп билбегендиктен он башка кылып куруна түйүп, 50 башы 50 башка түйүп келип старшиндерине төгүп берип турган.

Үмөтаалы ормон уулунун оруска караганы, bizdin.kg


Кыргыз