Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Уйгур кагандыгы

Уйгур кагандыгы 744-840-ж. Борбордук Азиядагы уйгурлардын мамлекети болгон. Борбору Орхон суусунун боюндагы Ордо Балык шаары эле. Бул каганат Чыгыш Түрк кагандыгы кулагандан кийин пайда болгон. Уйгурлардын алгачкы каганы Байанчор (Моюнчар) 750ж. чиктерди, 750-ж. кытаңдарды (кидан), 758-ж. уйгурлар кыргыздардын 400 миң аскерин талкалап Энесай кыргыздарын караткан. Кыргыз ажолору 20 жыл бою уйгурлардан өч алууга даярданышкан. Уйгурлар Ыртышты кечип өтүп карлуу бирикмесин талкалаган.

Карлуулардын бир бөлүгү гана баш ийип, калгандары батышка (Жети Сууга) журт которуп кетишкен. 8-кылымдын акырына чейин Уйгур кагандыгы Чыгыш Түркстанды басып алуу үчүн тибеттерге, карлууларга каршы согушкан.  Согуштан, ички ыйкы тыйкы чатактардан  начарлаган.  Уйгур  кагандыгы  ойрондолуп,  уйгурлар түндүк-чыгышка (Эзин Голго) түштүккө (Ганьчжоу аймагы), түштүк батышка (Чыгыш Түркстан) аргасыз журт которушкан, калган бир аз бөлүгү  кыргыздарга аралашкан. 200 миң жаа аткычы бар кыргыздар 790-792-ж. Тибеттиктер менен тымызын келишип уйгур каганатына каршы көтөрүлүп жеңилген.

Бирок, кайра дагы 795-ж. кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып жеңилип калышкан. 820-ж. Кыргыз карлуулардан колдоо алып уйгур кагандыгына көз каранды эместигин жарыялайт. Кыргыз ажосу башка түштүк Сибир урууларынын эсебинен мамлекеттин аймагын кеңейткен. Кыргыз каганы 100 миң аскер менен 840-ж. уйгурдун ордо шаары Ордо Балыкты басып алган. Кытайлыктар жиберген каныша Тай Хэни (Тай не) туткундап, уйгур каганынын өлтүрүшкөн. Айрым кыргыз уруулары уйгурлардын артынан сая түшүп 9-кылымдын ортосунда чыгыш Теңир Тоого, Жети Сууга чейин келип, ошерде туруп калышкан (Б.У. Урстөнбеков, Т.К. Чороев «Кыргыз тарыхы», 1996). Булак: literatura.kg


Кыргыз