Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тыныбек

Бугу ичинде тынымсейит уругунан болуп, Арстанбектен соң түн жак кыргызында манасчы, семетейчини алдыңкы катарынан саналат. Мунун качан тууланы, качан өлгөнү мага караңгы. Бирок мен 1896-аылы июль айында Каракол, Пишпек, Нарын, Токмокко караган бүткүл кыргыздары 15 күн Көтмалдыда съезд кылып, ошондо Тыныбектин «Манас», «Семетейди» айтканын үч күн чамасында уктум. «Манас», Семетейди» үч күн айтып, аягына чыгууга болобу деп эл сураганда — эки айда бүткөнгө мүмкүн деди. Мен Акылбек, Сагынбайдын «Манасты» айткандарың нечен мертем эшиттим, менин билүумчек. «Манастын» ууздай ынак тунугун Тыныбек айтса керек эле. Жана эл дагы ушул пикирде болгон. Бүткүл манасчы да Тыныбектин үнүндөй жоон жана уккулуктуу болбогон. Ошондо болжолу 45—48 чайасында болуп, семиз, толук денелүү, өңү кызыл чийкил, бети толук, сакал муруту кичирээк, күрөң болгон. Өзү бий экен. Сиазга олтурду. «Манас», «Семетейди» айттырууга манап, болуштар ооздон сурап алып, “сиаздга жибербей айттырып турду. Эл сиаздга көп карабастан, күндүр-түндүр анын үстүндө болду. Күн баткандан таң атканга айтканда 200—300 кийиш уктабастан, үйдө тышта ун чукпастан тегеректеп карап олтурганын көрдүм. Мен Сагымбайдын айтканын ошол кезде нечен уктум. Баарынын мазмуну бир эле. Бирок соңку заманда Сагым-байдын апырткан жерлери болгон. Кыргызда атактуу ырчылар: Арстанбек, Тыныбек, Сагымбай, Кылыч тарыхы жана башкалар тууралуу бир сөз.
Кыргыз миңдеп жылдар окуш билбеген үчүн бүткүл адабияты ырчылар, комузчу, кыякчынын оозунда дүмүрдөй болуп, макал катары мурункусунан соңкуларына сактала келип, не курдуу таза, тунук сөз болгондуктан, анын таасири эл арасынан эзелден жоюлбай келе жатат. Ошону менен катар ал адабият кандай бүлгүнчүлүк заманга кириптер болсо да унутулбастан, кээ бир темелери калган. »Кана өздөрүнүн ким экендиги эл арасында жүдөп жылдар сактала келген. Маселен, анык кабарга караганда 1740-жылдарда солто кыргызынан Нооруз ырчы, саяк кыргызынан Музооке ырчы болгон. Бул “Музбоке ырчынын «Абылайдын кан жутуш, кара кийип, тулкалган катындардын бет тытыш» деген ыры бар экен.
Аны кыргыздын баягы залим феодалдары бири намыс көрүп, айтууга уруксат бербеген. 1840-жыл чамасында асык кыргызынан Келдибек ырчы, анан соң, ак падыша колонизаторлору чыгарда карыган чактары болгон — Балык ырчы менен Айтике ырдаган. Булардын качан туулуп, качан” өлгөнү, анык тарыхын табууга мүмкүндүк болбоду. 1855-жылы коен жылында өлгөн Калыгул Бай уулу ырчы эмес, философ болгондуктан, анын өмүр баягы өз тизмесинде жогоруда жазылды.

Тыныбек, bizdin.kg


Кыргыз