Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тяньшандык кыргыздар азыркы жердеп турган жерине качан келген?

Кыргыз эли ЭнеСай тарапта өсүпөнгөндүгү жана ал эзелтен берки улуу эл болгондугу, тарыхтарда эчактан бери маалым. Бирок кыргыздар ушул азыркы жердеп турган жерлерине качан келгендиги жана кандайча келгендиги тарыхтарда маалым эмес. Ушул жагдайда укумчу карыялар да эчтеме айта албайт. Бул маселе жөнүндө менин пикирим төмөндөгүдөй, бирок ал пикиримди өзүм да толук далилдүү деп эсептей албаймын:

Батыш Сибирде 346 жылдап хандык кылган кыргыздар, алардын акыркы кандары Жедигер хан, Бекболот хандар Көчүм хандан жеңилип, өз баштарын куткаруу үчүн Букара тарапка качканда эл ошол качкан хандарын ээрчип Анжиян, Наманган, Алай тоолоруна ооп кеттиби деп ойлоймун. Чыңгыз хандын күн батыштык чабуулунда кыргыз Мамык дегендин уулу Тайбука хан да Чыңгыз ханга багынып, өзүнүн колу менен Чынгыз хандын кун батыштык чабуулунда бирге болгон экен. Чыңгыз хан 1220жылы Букараны багынтканда Тайбука хан Иртыш, Том, Тоболдо хандык кылууну Чынгыз хандан өтүнүп сурайт. Чыңгыз хан Тайбука хандын жогоруда айтылган суроосун орундатып, хандыкка уруксат берет. Хандык Тайбука хандан кийин анын уулу Кожо ханга өтөт. Кожо хандан кийин анын уулу Маркан хандык кылат. Маркан Упак деген казак ханынын карындашына үйлөнөт. Кийин Упак Марканды өлтүрүп Абдур жана Жапалык деген балдарын туткун кылып Казанга алып кетет.
Кийин Казанда Абдурдун Мухамбет деген уулу жана Жапалактын Ангыш деген балдары Упак хандан атасынын кунун кууп, өч алып, өзүлөрүнүн аталарынын хандыгын кайра тартып алышат. Ангыштан кийин бийлик Касым ханга өтөт. Андан кийин Ангыштын Бекболот жана Жедигер деген балдары хандык кылат. Ошентип Тайбуканын балдары биринен кийин бири хандык кылып отуруп, Батыш Сибирде (Иртыш, Ишим, Тобол тарапта) 343 жылдан ашык эмес, 336 жылдан кем эмес хандык дооранын сүрүшкөн. Бардыгы болуп жети хандык бийлигин өтөт. Муну мындайча далилдөөгө болот Сибирь тууралуу жазылган тарыхтарга Караганда, батыш Сибирь хандыгы Тайбука хандын тукумунан Шибан уруусунан болгон Көчүм ханга 1563жылдарда өтөт. Андай болгондо Чынгыз хандын Букараны багынтып алган жана Тайбука хандын Чынгыз хандан батыш Сибирдин Иртиш, Ишим, Тобол тараптарына хандык кылууну сурап алган жылы 1220жыл болот. Ошентип арадан 343 жыл өтөт. Демек кыргыз уруусунан болгон Тайбука хандын укум тукуму батыш Сибирде 343 жыл хандык кылган деген сөзүбүз мына ушуга таянып айтылат.
Көчүм хан менен болгон уруш тууралуу. Тайбука уруусунан болгон Жедигер хан менен Шибан уруусунан болгон Көчүм хандын ортосунда көп жылдар согуш болот. 1563жылы Көчүм хан Жедигер хан менен Бекболот ханды жеңет, эки хандын кол алдында болгон элди өзүнө багынтат. Бекболоттун баласы Сыдык деген Букарага качып баш калкалайт. Сибирь тарыхынын мына ушундай айтылган маалыматтарына караганда, хандыгын Көчүм ханга алдырган кыргыз уруусунун бет ала кача турган, баш калкалай турган азыркы Орто Азия аймагы болуп калгандай.
Хандары Көчүм хан тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Тайбука уруусунан тарагандардын кийинкилеринин бири Бекболот хандын баласы Сыдык Букараны (Туркестанды) көздөй качканда эли да ошол тарапты көздөй качкан го. Ооп көчүп отуруп Анжиян, Наманган, Алай тоолоруна келген го деген ой туулат. Адатта ханы качкан жакка эли да качат эмеспи, качпай коё албайт.

Эгер андай болбогондо Батыш Сибирде кыргыз Тайбука уруусунан калган эл барбы, болсо кайсы жерде же ошол 400 жылдан ашык убакыттын ичинде тукум калбай жок болуп кеттиби. Же болбосо Батыш Сибирге Тайбука жалгыз кара башы келип хандык кылганбы деген суроо туулат.
Албетте, Тайбука Батыш Сибирге келгенде, келип хандык кылганда, жалгыз эле өзү келбестен жергежээги, эли, колу менен келип, хандык кылган деп ойлоого болот. Тайбуканын таянганы өз эли, өз колу болбосо, албетте батыш сибирдиктер аны көпкө чейин хан кылып кармап турбай, бат эле жыгат эле. Жыйынтыктап айтканда, Тайбука батыш Сибирге хандык кылууга көчкөндө байыркы ЭнеСайды жердеген кыргыздар да ошол тарапты көздөй ооган болууга тийиш.
Эгер мындай болбосо, илгертен ЭнеСайды жердеген, ошол жерде өсүпөнгөн кыргыз калкынан хакас наамы менен калган бир аз элден башкалары кайда кетти? Биздин оюбузча Чынгыз хан кыргыздын ханы ОросАйналды өзүнө багындыргандан кийин, кыргыздар ЭнеСайдан Батыш Сибирге хандык кылган Тайбуканы ээрчий козголо, оой кечкен болууга тийиш. Жедигер ханды Көчүм жеңгенден кийин Бекболот хандын баласы Сыдык Көчүмдүн кысымына чыдай албай Букараны көздөй качканда ал жактагы кыргыздар жогоруда айтылгандай Сыдыкты ээрчий Туркестан тарапты көздөй оодарыла көчүп Анжиян, Наманган, Алай багытындагы тоолорго топтолгон болууга тийиш.

Алар бул жерлерден барабара азыркы жердеп турган аймакка АтБашы, Нарын, ЫсыкКөл, Кочкор, Жумгал, Чүй, Таласка жайылып тургандай сезилет. Тарыхта Анжиян, Наманган, Фергана тарапта узак убакытка созулган туруктуу кыргыз хандыгы болгондугу билинбейт. Эгерде качып, бозуп бир жактан, маселен Сибирден ооп келип чогулган кыргыз эли Фергана тарапта көп мезгил байырланып жашап калган болсо эч болбогондо хандык, бийлик белгилери же журту калган болоор эле деп болжолдоого болот.
Мына ошентип, Кыргыз эли азыркы жердеп турган жерине Чыңгыз ханга багынгандан кийин батыш Сибирге карай ооп, андан кандык Көчүм ханга өткөндөн кийин Сыдыкты ээрчий XV—XVI кылымдарда Фергана тарапты көздөй качып, бозуп келген болууга тийиш деген ой туулат. Кийинчерээк АтБашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Талас, Чуй, ЫсыкКөл, Текес, Кулжага тарашы ыктымал.


Кыргыз