Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тянь-шань кыргыздары XVIII жана XIX кылымдарда

Ойроттор Енисейден алып кеткен кыргыздардын кийин кайда жашашканы жөнүндө так маалыматтар жок. 1746-ж. Усть-Каменогорскиге келишкен «кыргыз-калмактардын» айтканы боюнча аларды «Ургага көчүрүшкөн» жана ал жерде жүргүзүп турган хун-тайчжи Галдан-Цэрэнге (1727— 1745) салык төлөп турушкан. «Урга» дегени хун-тайчжинин Илеге жакын жерге жайгашкан ордосун билдирген. Ошентип, Енисейден алынып кеткен кыргыздар өздөрүнүн Тянь-Шандагы туугандарына жапжакын келишкен, бирок алардын бири-биринен кабар алышканы жана дегеле бирде-жарым кыргыздын ошол кезде Енисейден Тянь-Шанга келгени тууралуу эч маалымат жок.

Капитан Унковскийдин 1722—1724-жылдарда ойроттордо болгон элчилиги тууралуу аңгемесинде жана ушул аңгемени басып чыгарган профессор Н. И. Веселовскийдин эскертүүлөрүндө, тиркемелеринде (ЗИРГО по отд. этногр., т. X, вып. 2, 1887) жана ошондой эле басып чыгаруучу китепке тиркеген профессор Позднеевдин катында Ойрот державасы жана анын кыргыздар менен мамилеси жөнүндө көп маалыматтар бар. Ушул жана дагы башка материалдарды пайдалануу XVIII кылымда башталган терминологиялык башаламандыктан улам татаалданат; бул аталыш акыйкатта тиешелүү эл кыргыздардан тышкары, казактарды да кыргыз деп атай баш- ташкан. Миллердин билдиргенине караганда орус адабиятында бул ката 1734- жылдагы «С.-Петербургские ведомости» газетасында биринчи ирет кетирилген, бирок ойрот элчиси Борокургандын канцлер граф Головкин менен 1721-ж. сентябрдагы сүйлөшүүлөрү жөнүндөгү билдирүүдө жана элчинин жоопторунун котормосунда «кыргыз-казактар» деген термин учурайт. Унковскийдин элчилик кызматы жөнүндөгү баянында «кыргыз» деген сөз кошулбастан эле бир нече ирет «казактар» жана «казак ордосу» жөнүндө айтылат; бирок ошол эле учурда казактар кээде кыргыздар деп аталат; мисалы, орустар менен ойроттордун ортосунда 1716-ж. Иртышта болгон согуш жөнүндөгү аңгемеде «кыргыздар менен теленгуттарды өзүнөн кетип калбасын деп контайша (хун-тайчжи) алып кеткени» айтылат. Хун-тайчжи Цэван-Рабтан 1723-ж. августта Унковский менен сүйлөшүүлөрүндө «Обь дарыясында жашаган биздин кыргыздар кузнецкиликтер менен красноярскиликтер тарабынан ал жерден сүрүлүп калышты жана кубаланышты» деп даттанган.

Эгерде, сөз мында чыныгы казактар жөнүндө болгон болсо, анда Тянь- Шань жана Енисей кыргыздарынын ортосундагы мейкиндикти казактардын конуштары ээлегендиктен, балким а дегенде ойроттор, андан соң орустар казактарды кыргыздар (же ойроттордо «буруттар») деп жаңылыш аташкан.

Тянь-Шандагы нукура кыргыздарды Унковский ойроттор сыяктуу эле буруттар деп атайт. Ага буруттар «Тузкөл көлүнүн жанында көчүп жүрүшөт» деп айтышкан: Унковскийдин журналында жана журналга тиркелген картада Ысык-Көл ушундай аталган. Унковскийдин тушундагы хун-тайчжи Цэван-Рабтан (XVII кылымдын акыркы жылдарында бийликке келген) «казак ордосу менен чектеш Тузкөл айланасында көчүп жүрүшкөн бурут деп аталган элди басып алды» деп жазылган. Буруттар 5000 түтүндөй жана алар үч миңге жакын «жоо жарактуу кол чыгара алышат»[2]. Буруттардын жайгашкан жери картада Ысык-Көлдүн батыш тарабы деп көрсөтүлгөн; Унковский өзү көлдүн чыгыш жагындагы Түп, Жыргалаң суулары ченде гана болгон жана сөз козгобогонуна караганда ал жерден буруттарды көргөн эмес. Ренат картасы (чынында 1733-ж. Ренат алып кеткен калмак картасы) деп аталган картада буруттар Ферганада, Сыр-Дарыянын түштүк жагында[3] белгиленгенине караганда мүмкүн кыргыздарды Тянь-Шандан ойроттор сүрүп чыгарган жана 1758-ж. кытайлар ойрот державасын талкалагандан кийин гана кайра келишкен. Сыягы, Фергананы[4] өз мекени деп эсептеген жана мурдагы жер которуулары жөнүндө эч нерсе билбей калган кыргыз элинин эсинде ушул жер которуу, Ферганадан Тянь-Шанга кайра кайтуу гана сакталып калган.

XVIII кылымда ойрот державасы кулаганга чейин эле Кашкарияда кыргыздар көбөйгөн; кыргыздардын кыпчак уруусунун бир бөлүгү Куча аркылуу (кыязы, Тянь-Шандан) Хотанга келет[5]. Ойроттордун акыркы бийлик ээлеринин бири, Амурсананын бир тууганы жана атаандашы Даваци[6] (1750- жылдарда) кыргыздардын берилишин талап кылган. Талап орундалган эмес жана кыргыздар кашкар кожолорунун бири Садыктын Хотандан Жаркентке жасаган жортуулуна катышкан. Ак тоолук жана кара тоолук деп аталышкан кожолордун ич ара чыр-чатактарына жергиликтүү жана башында Кубат мырза[7] турган «анжиян» же фергана кыргыздары да катышкан.

Чыгыш Түркстанды кытайлар ээлегенден кийин Тянь-Шань жана Памир кыргыздары кытай бийлигин таанышкан. Алар Ахун Зия ад-диндин 1816-ж. кытайларга каршы Тамашлыктагы же Ташбалыктагы көтөрүлүшүнө колдоо көрсөтүшкөн, кийин ал жерде тору айгыр-кыпчак уруусуна таандык кашкар кыргыздарынын борбору түзүлгөн. Ташбалык Кашкардан түштүк-батыш жакта, Жаманжар же Гез суусу тоодон агып чыккан жерде. 1858—1859-жылдары Кашкарияда болгон Ч. Валиханов Кашкардын түндүк-батышындагы тоолордо жашаган кыргыздардын башкы урууларынын бири чоңбагыш уруусу жөнүндө айтканы менен ушул ташбалыктык тору айгыр-кыпчактардан башка кытай бийлигин тааныган кыргыздарды билген эмес. Корниловдун 1900-жылга таандык маалыматтарында <кыргыздар> Кашкарияда көп жерлерде, түндүк-чыгышта Кучадан түштүк-батышта Санжу дайрасынын жогорку агымына чейин жайгашышкан, саны 43 000ге жеткен; бул кыргыздардын бир бөлүгү «Кокон хандыгына (1876-ж. талкаланган) көз карандылыктан кутулгандан кийинки жакынкы жылдарда эле Ферганадан көчүп келишкен»[8]. Кашкар уездиндеги кыргыздардын басымдуу бөлүгү 2 000 ден ашык түтүн чоңбагыш уруусуна таандык болгон. Радловдун билдирүүсүнө караганда Кашкардын батыш жагында жашашканы менен алар мурда Кокон хандыгынын букаралыгында болушчу (Валиханов боюнча да ушундай). Корниловдо тору айгыр-кыпчак уруусу тууралуу айтылбайт. Покровский менен Стоговдун маргалаң Алайы жөнүндөгү «Статистический обзор Ферганской области за 1911 год» басылмасына тиркелген макаласында тору айгыр уругу XVIII кылымдын аягында же XIX кылымдын баш- талышында кокондук Алим-хандын бийлигине «Кокон вилайетинин Кара-Булагынан көчүп келип, Кесектердин ары жагына, Кызыл-Суу өрөөнүнүн жогору жагына жайгашкан» кыпчак уруусуна кирери айтышат. Мурда (XVII кылымда) уламыш боюнча, маргалаң Алайында жалаң чоңбагыш уруусу гана жашаган.

1897-ж. орустар тарабынан жүргүзүлгөн эл каттоодо кыргыздар же ал кезде аталгандай кара кыргыздар Ферганада гана жашайт делинген, 201 579 кыргыз каттоодон өткөн (ал эми башка аймактардагы кара кыргыздар же XIX кылымда аларды атагандай «жапайы таш кыргыздары» казактарга кошулуп, кыргыздар деген жалпы ат менен айтылган). Фергана аймагынын 1911-жылдагы статистикалык баяндамасында кыргыздардын саны кыйла аз, 81 миң 669 болгон, анын 60 835и Наманган, 18 379у Анжиян уездинде жашаган.

Кыргыздар Жети-Суу аймагында баарынан көп болгон. Ойрот державасы кулагандан кийин кыргыздардын кыйла көп бөлүгү Нарын, Чүй жана Ысык- Көлгө[9] куйган дарыялардын жогорку агымындагы тоолуу жерлерди, орус бийлиги учурунда Пишпек (Бишкек) жана Пржевальск (Каракол) уезддеринин курамына кирген аймактарды кайрадан ээлеген. Анчалык көп эмес кыргыздар (50 000 чамалуу) Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинде[10] жашаган. XVIII кылымдын экинчи жарымында[11] казактардын Орто ордосунун[12] ханы Абылай (1787-ж. өлгөн) кыргыздарга кол салган; Абылай «кара кыргыздарды айыгышкан согушта жеңип, өлкөсүн талап-тоногон». Ферганадагы жана анын түндүк-чыгыш тарабындагы тоолук кыргыздар XIX кылымда Кокон хандарынын букаралары деп эсептелинген; Россия карамагына өтүү менен орус кербендерин Кашкарияга узатып баруу милдетин алуу алардын айрымдары үчүн пайдалуудай туюлган. Кыргыз урууларынын ичинен орустар менен алаканы алгач[13] Ысык-Көлдүн чыгыш жээги менен Текестин ортосунда жашаган бугу уруусу түздү. Шералы бийдин уулу Койчубек 1814-ж. Сибирь генерал-губернатору Глазенапка жолугуп (Сибирь, кийин Батыш Сибирь башкармалыгы ал кезде Тобольскиде жайгашкан), «кербендерди узатууга кошкон салымы үчүн капитан чинин, алтын медаль жана кылыч»[14] алган; «сибирь кыргыздары жөнүндө устав» чыккандан эки жылдан кийин Семей көпөсү С. Поповдун приказчиги, казан татары Файзулла Сейфуллин, Семипалатинскиде жашаган ишимдик мещан Б. А. Пиленков жана казак султаны Галий Адилевдин төлөнгүтү Уйсунбай Шүкүров бугулардын үч уругунун бийлерин (желдең, арык тукуму жана белек) орус букаралыгын таанууга жана бул максат үчүн өкүлдөрүн жиберүүгө көндүрүшкөн. Өкүлдөр улуу урматтуунун ак сарайына жөнөөгө макулдук сурашкан. Бирок Семипалатинск менен Омскиде гана кабыл алынган. Омскиде алар 1825-жылдын 5-январынан 25-майына чейин турушкан жана кайра кайтканда аларды Караталга чейин подполковник Шубин жетектеген казак-орус отряды, андан Ысык-Көлгө чейин 60 казак-орус менен хорунжий Нюхалов узатып келишкен. Кийинки узатуучулардын арасындагы дарыгер Зибберштейн, «жапайы таш кыргыздары жөнүндөгү сүрөттөмөлөрдүн» эң алгачкы автору болгон; бул жазуулар жарыяланганбы, эгер жарыяланбаса кол жазмасы сакталганбы же жокпу, мага белгисиз[15]. Кербендерге кол салып турушкан каракчыларды ооздуктоо үчүн орус отрядын жиберүүнү өтүнгөн белек уруусу падыша бийлигине баш ийгенин билдирүүдө баарынан ашты. Ал кездеги белектердин уруу башчысы Койчубек мурда Россияга барган; ал эми өкүлдөрдүн арасында анын иниси Алгазы да болгон. Бирок Омскиде эмнегедир желдең уруусуна көңүл көбүрөөк бөлүнүп, анын өкүлү Алымбек жогорку сыйлык— андреев тасмасына тагылган алтын медаль жана өзүнүн аты жазылган кылыч алган. Алымбектин атасы Жапалак Кутлин Александров тасмасына тагылган алтын медаль алат. Башка уруулардын өкүлдөрү Алгазы жана Акымбек да ушундай эле сыйлык алышкан. Бир тууганы Алгазыга башка өкүлдөр менен катар«белек тартууланганына» нааразылыгын Койчубек генерал-губернаторго жазган катында билдирген; жооп катында генерал-губернатор Алгазыга да «эң мыкты белек»[16] берилерин убада кылган. Кийин белгилүү болгондой убада аткарылган эмес; өздөрүнө алтын медаль (Койчубекке кылыч) суранышкан Апгазынын бир туугандары Жунус менен Ажыбайдын өтүнүчтөрү да канааттандырылган эмес. Арык тукумунун өкүлү Акимбектин атасы Олжобай Түлөөбердин да сыйлык албай калган.

Бул аңгемеде («Памятная книжка Семипалатинской области» басылмасынын 1900-ж. 4-чыгышында берилген) кыргыздарга гана тиешелүү (казактардан айырмаланып) “манап” деген сөз учурабайт. Зибберштейндин жазууларында ушул сөз болгон, болбогонун билүү кызык болор эле[17]. Мага белгилүү материалдардын арасында манап деген сөз орустарга каршы чыккан казак султаны, хан деген даражасы бар Кенесары Касымовдун 1847-ж. кыргыздар менен болгон урушта өлтүрүлгөнүн баяндаган аңгемеде гана алгач ирет кездешет[18]. Бул окуя жөнүндө ага катышкан бугу уруусунун батыштагы коңшусу сарыбагыш уруусунун манаптары Жантай Карабеков менен Ормон Ниязбек уулу орустарга жазышкан. Жантай сыйлыкка алтын медаль жана мактоо баракчасын, экинчиси (Ормон) андан тышкары алтын менен саймаланган чепкен алган. Орустар менен кыргыздардын ортосундагы ортомчулукту татар молдо Галин Якубов жана кыргыздар менен уруш учурунда Кенесарыны таштап кыргыздарга өтүп кеткен казак султаны Рүстөм Абулфаизов аткарышкан (Кенесарынын уулу Ахмед бир тууганы Сыдыктын айтуусу боюнча жазгандарында Рүстөм султан жөнүндө «кара кыргыздар менен болгон согушта алар тарапта болгон, бирок мунун анык экендиги белгисиз» деп баяндайт). Ормон уулу Үмөтаалыга да сыйлык (алтын медаль жана мүмкүн болсо алтын кылыч) сураган, бирок албай калса керек. Ага карабастан Ормон Кокон хандыгынан кыпчактар кыргыздардын баш ийүүсүн талап этип, Олуя-Атага келгенин жана бул талапка баш ийбей тургандыгын, ал үчүн керек болсо Иленин түндүк жагына (орустарга) өтүүгө туура келсе, ага да даяр экенин билдирген. Ошондой эле кытайларга каршы чыгышкан кашкарлык кожолордун жардам сурап кыргыздарга кайрылышканын да эскерткен (ал учурда Кашкарияда «жети кожонун козголоңу» деп аталган окуя болуп жаткан). Орус чек ара начальниги Ормонго берген жообунда кыпчактар менен күрөштө ага ийгилик каалап, Россия менен Кытайдын достук мамилесинен улам кытайдагы иштерге кийлигишпөөнү өтүнгөн. Казактын Чоң ордосунун[19] приставы, барон Врангель 1848-жылдын аягында Рүстөмдүн уулу Мамыр султанды кыргыз элчиси Сатайга кошуп, татар Галиндин жана бир казак-орустун узатуусунда Омскиге жиберген.

Кыргызда манаптар XVIII кылымда пайда болгонун 1860-жылдарда Радловго маалымдашкан. Сарыбагыш уруусунун бир бийинин ысымы манап[20] болгонун, ал өз уруусунун башчылыгына жеткендигин, ошондуктан ал каза тапкандан кийин бардык бийлер манап деп аталып калышканын айтышкан. Бул аңгеме Радловду ынандырган эмес.

Пишпек уезд начальниги А Талызиндин 1897-ж. жазган макаласында да манап деген сөз калган кыргыздарга сарыбагыштардан өткөнү айтылат; ошол кезде манаптар кыйла эле көп болгон. 1231 түтүндо 3955 эркек эсептелип, ага албетте, манаптардын бардык туугандары кошо кирген. Ал эми манаптарга баш ийген, букара деген жалпы ат менен бириккен карапайым эл бул эсепке кирген эмес (арабча фукара, түркчө айтылышы пукара, факйр — ‘жакыр’, ‘кедей’[21] дегендин көптүк санды билгизген мааниси). Букаралар өз манаптарынын уруусуна таандык болушкан. Чыңгыз-хандын тукумдары деп эсептелинген казактардын «султандары» же «ак сөөктөрүнөн» башка «кара таман» калкы да кыргыздар сыяктуу эле пукара деп аталышкан. Мындан кыргызда «ак сөөк», «кара таман» деген айырмалоо болбогону менен, манаптар да казак султандарындай эле кыргыздын аристократиялык катмарына айланганы байкалат.

Губернатор Гродековдун тапшырмасы менен 1886-ж. Олуя-Ата уездинин талааларына барган А. Н. Вышнегорский[22] манаптардын пайда болушу жөнүндөгү айрым маалыматтарды чогулткан. Кыязы, Вышнегорский кыргыздардан бухара же пухара жөнүндө да, манаптын сарыбагыштардан чыкканы тууралуу да эч нерсе укпаган; ага манаптар— «бийлерден чыккан мыкты адамдар»[23] деп айтышкан, манаптардын бири дагы Чыңгыз-хандын тукумунан болгон эмес (кебетеси, кыргыздарда мындайлар болбосо керек). «Эрдиги жана акылмандыгы» менен айырмалангандар манап болушкан; алар кыйчалышта эл башында турушкан; тышкы душман келгенде манаптардын ичинен кыйындары гана элге башчы боло алышкан: «аларды шайлашкан эмес, а бирок тандоого туура келсе аларды шайлашмак»[24]. Олуя-Ата уездинде ошол кезде тууган-туушканы менен 8 гана манап эсептелинген.

Иленин ары жагын (Заилийский край) орус аскерлеринин алгачкы чалгындоосу 1852-ж. болгон; 1854-ж. эле бул жер ээленип, кийин Верный шаары (азыркы Алматы) аталган Верный чыңдоосу курулган. 10 000 түтүндүү бугу уруусунун баш манабы Боромбай 1855-ж. орустардын бийлигин тааныганын билдирген. Орус өкмөтүнүн тапшырмасы менен Кашкарияга Заилийский крайы же официалдуу аталышы боюнча Ала-Тоо округу аркылуу өткөн казак Чокон Валихановдун келишине үч ай калганда, 1858-жылдын башында Боромбай каза табат; ошол эле Валихановдун дагы бир маалыматында Боромбай 1857-ж. өлгөн деп көрсөтүлгөн.

Валиханов «жапайы таш кыргыздары» тууралуу алардын урууларга бөлүнүшү, уруулардын өз ара мамилелери жөнүндө кеңири маалымат берет. Моңголдор сыяктуу эле кыргыздар да эки канатка— оң, солго бөлүнгөн; оң канаттагылар көп болушкан, ал эми сол канаты кыргыз аймагынын батыш чегин, Таластын жака-белин ээлеп турушкан. Мындан, кыргыздар дүйнөнүн төрт тарабын байыркы түрктөргө окшоп чыгышты же моңголдордой түштүктү эмес, түндүк тарапты карап аныктаган деп тыянакка келсе болот. Оң канат кыргыздар адыгене жанатагай болуп экиге бөлүнгөн, чоң бөлүгү тагай[25] «бири-бирине тууган, бирок дайыма араздашып туруучу жети уруудан» турган: бугу, сарыбагыш, солто, саяк, черик, чоңбагыш жана басыз[26]. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде айдоо жерлери жана Текес менен Кегендин жогорку жагында жайкы конуштары бар бугу уруусундагылар гана орус букаралары деп эсептелинген. Бугулардан ары батышты көздөй сарыбагыштар, алардан ары Пишпек[27] чөлкөмүндө жана андан ары кокондуктардын башкы чыңдоосу Пишпектин жакындыгынан улам (анда болгону 500 кишиси бар аскер күчү турган) кокондуктарга баш ийген солтолор жана бөлөк уруудагы кыргыздар жашаган; бирок ошол эле учурда Валиханов солтолорду эң каардуу уруу деп белгилеген. Саяктар түштүгүрөөк тарапта, Нарындын жогорку агымында жана Жумгалда, чериктер Ысык-Көлдөн түштүк тарапта, «Тянь-Шань тайпак тоолорунда», чоңбагыштар Кашкардан түндүк-батыш жакта жашашкан; акыркы эки уруу өтө жарды болушкан. Басыз[28] уругунун жашаган жери так көрсөтүлбөйт: сыягы, адыгененин айдоо жерлери бар Ферганада турушат. Радловдо оң канат алты урууга гана бөлүнгөн: бугу, сарыбагыш, солто, адыгене, чоңбагыш жана черик. Басыз жөнүндө айтылбайт, саяк адегенде адыгене уруусундагы сегиз уруктун бири катары айтылат да, кийин Радлов саякты черик сыяктуу эле өз алдынча урук деп көрсөтөт; Талызинде да өзүнчө уруу же урук катары эскерилген. Радлов боюнча адыгене менен черик дале болсо кокондуктардын бийлигинде турушкан.

Уруктардын «сарыбагыш», «чоңбагыш» деп аталышын Аристов кыргыздардын Саян кырка тоолорунан ары жашагандыгынын белгиси катары карайт. Анткени, Тянь-Шанда багыш деген жаныбар болбойт. Радловдун сөздүгүндө багыш деген аталыш жаныбар маанисинде эч эскерилбегени көңүл бурууга арзыйт. Кытайлардан алынган чоң сөзү да өз маанисинде келтирилбеген.

Орустардын басып алуулары башталганда Талызин боюнча солтонун чоң манабы Жангарачта 600, сарыбагыштын чоң манабы Жантайда 700, саяктын чоң манабында 500 түтүнгө чейин эл болгон. Жүз түтүндөн аз букарасы бар манаптарды майда манаптар деп эсептешкен. Манаптарда букаралардан тышкары кулдар да болгон. Кун төлөгөндө мал менен бирге кулдар кошо берилчү. «Чоң манап» наамы (Валихановдо «ага манап» деген да учурайт) так аныкталбагандыктан, көп учурларда бир уруунун ичинде эле бир нече манап атаандаш чыгышкан; мисалы, сарыбагыштарда Жантайдан тышкары хандык даражасы бар Ормон[29] дагы чоң бийликке умтулган; Талызиндин айтымында

Ормондун кол салуулары бугулардын орустардын букаралыгына өтүшүнүн башкы себеби болгон[30], алардын башында султан Зарнек турган имиш; кыргызда султан болгон эмес, ошондуктан буга ишенүү кыйын. Бугулардын өтүнүчү менен 1876-жылдын жазында алардын аймагына полковник Хоментовский жетектеген казак-орус отряды жиберилген; бул отрядда Чокон Валиханов жана келечектеги изилдөөчү-саякатчы П. П. Семенев (кийин Семенов- Тян-Шанский) болгон. Отряд талааны эки айда басып өтүп, Ысык-Көлгө жетет. Токмокко жакын Жылгын-Башы деген жерде сарыбагыштар менен кагылыш болот; кыргыздардын башында манап Түлөөкабыл турган. Урушта кыргыздардан 40 адам, анын ичинде беш манап өлгөн. Бир топ кыргыз колго түшүрүлгөн, алар кийин сарыбагыштын башка манабы Сооронбай Кудояровдун, атайы ошон үчүн Верныйга барган, өтүнүчү менен Ала-Тоо округунун начальниги Г. А. Колпаковский тарабынан бошотулган.

1859-ж Кастек ашуусунун алдында атайын аскердик Кастек чындоосун негиздөө менен орустар кыргыз жерин басып алуунун кийинки кадамын жасашты. Ошол жылдын күзүндө чыңдоого кыргыздар менен кокондуктар кол салышкан, кол салуу 1860-ж. кайра башталган. Орустар кол салуунун мизин кайтарып, каршылаштарын артынан кубалай барып, аларды Жаман-Айгыр жанында жеңилишке учураткан, андан кийин Чүйгө жортуул жасашып, Токмок менен Пишпекти талкалашкан. Кокондуктардын жаңы жортуулунун ийгиликсиз бүткөндүгүнө жана алардын Узун-Агачтагы[31] жеңилишине карабастан бул ийгилик чечүүчү мааниге ээ болгон эмес. Бишкек кокондуктар тарабынан 1861-жылы[32] калыбына келтирилген жана орустар аны 1862-ж. гана биротоло ээлеген, бул жолу кокондуктарга каршы согуш аракеттерине орус бийлигин тааныган кыргыздар да катышкан. Кыргыздардын Кокон бийлигине нааразылыгынын себеби, биринчиден, Ферганадан сарттардын көчүп келиши (орустар Кокон чептерин биротоло талкалагандан кийин кыргыздар «сарттардын айылдарын жер менен жексен кылып, ал жерлерди жайытка айландырышты, азыр алар отурукташкан жерлердин изин да таппайсың»), экинчиден Кокон бийлигинин чектен ашкан оор алык-салыгы себеп болду. Радловдун маалыматы боюнча кокондуктар үч түрлүү салык алышкан: 1) түндүк зекет, ар бир түтүндөн бирден кой; 2) адал зекет, элүү кара малдан 1 баш (2%); 3) дыйкандардан алынуучу жер салыгы, ар бир кырмандан үчтөн кой (Кашкарда жер иштеткен кыргыздардан түшүмдүн 1/15 бөлүгүн алышкан). Мындан тышкары, кез-кезде аскер салык үчүн түтүн башынан бир алтын дилде же үч кой алынган.

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Кокондон бөлүнүп, орустар тарабына өтүшүнө 1862-жылдагы окуялар чечкиндүү мааниге ээ болгон. Ушул жылы орустарга каршы күрөштө жардам сураган кыргыздардын өкүлчүлүгү Ташкенге келет, анын ичинде кийин Россияга берилүү менен кызмат кылган, сарыбагыш манабы Жантайдын уулу Шабдан да бар эле. Ал кезде Ташкенде бир тууганы Малла хандын өлтүрүлүшү менен аз убак бийликке келген Кудаяр хан турган; Кудаяр Шабданды оң жооп менен жөнөткөн. Бул жөнүндө кабары жок Жантай Сарыбагыштын бөлөк уругу Темирболот менен үй-бүлөлүк жагдайда араздашып калат. Ал Верныйга келет да, өзүнүн тынай уруусу орус букаралыгына өткөнүн билдирип, тигилерге каршы жардам сурайт. Өтүнүч аткарылып, темирболоттор тынайлар менен бирге Россиянын карамагына өткөрүлөт. Атасынын орустар менен алакасын билбеген Шабдан Ташкенден Пишпекке, Кокондун жаңы өкүлү Рахматуллага (Атабек, 1860-ж. Пишпектин башчысы, кийин Ташкенде турган ) келет. Атасынын чыккынчылыгы үчүн Шабдан түрмөгө отургузулат, аерден качып чыгышы Жантайдын Россия менен болгон байланышын дагы бекемдеген.

Ошол эле мезгилде Рахматуллага каршы солтолор көтөрүлүштү. Алардын баш манабы Жангарач карыганда анын ордуна жигердүү Байтик Канай уулу келген. Анын Бишкекте акүйлүү жүргөн баласын Рахматулла бачабаздык кылат. Байтик Рахматулланы амал менен үйүнө чакырып, аны өлтүргөн соң, бир тууганын солтолорду орус букаралыгына кабыл алуу өтүнүчү менен Верныйга жиберет. Кыязы, ушул окуялар Колпаковскийдин ошол эле жылы жортуулга чыгып, натыйжада Бишкекти экинчи жана биротоло, ошондой эле бүт Чүй өрөөнүн каратууга жетишүүсүнүн негизги себеби болгондой.

Ысык-Көлдүн түштүк-батыш тарабындагы тоолуу жерлерди Кокондон бөлүү жана Россияга кошуу үчүн аракеттер 1863-ж. жасалган. Кокондуктардын бул жердеги негизги таянычы Нарындагы Куртка чеби болгон; андан тышкары Нарындын куймасы Жумгал дарыясындагы Жумгал чыңдоосу эле. Бул жакка «Иленин ары жагынан Кашкарияга кетчү жолдорду чалгындоо үчүн» «кашкар» отряды жөнөтүлгөн. Капитан Проценко баштаган отряд 1863-ж. май айынын башында Кастектен чыгып, Боом аркылуу Ысык-Көлгө, андан ары Кызартты ашып Жумгалга, Жумгалдан Соң-Көлдүн жанынан өтүп Куртка чебине жетет. Эки чыңдоо тең бир да ок атпай багынып берген. Ормондун (ал учурда жарык дүйнөдөн өтүп кеткен) уулу Үмөтаалы сарыбагыштардын бир бөлүгүн (Эсенгул уругу) ээрчитип, орустарга багынбаш үчүн Нарынга мурда эле кетип калган. Эми келип, Проценконун отрядына кошулган жана кийин отряддын ийгиликтеринде өзүнүн үлүшү көп деп көрсөткөн. 1865-ж. май айында Черняевге «көз айнек тагынган капитанга кошулдум жана аны менен бирге ак падыша үчүн Жумгал жана Куртка чептерин ээледим» деп жазган. Иш жүзүндө ал отрядга тымызын зыян келтирген; Куртканы ээлегени жөнүндө Проценконун билдирүүсүн алып бараткан почтаны анын бир тууганы Соң-Көлдө тоноп алган. Сыягы, отряд кайра келатканда көтөрүлүш чыгарган сарыбагыш жана саяк менен салгылашканы жөнүндөгү факт ушул окуяга байланыштуу болсо керек; Эки-Чат капчыгайында 3000 кыргыздын чабуулунун мизи кайтарылган. Отряд кайра Ысык-Көлгө өтүп, андан ошол эле жылы кытай чек арасында аракеттенген жана кытайлар менен, анын ичинде кыргыз жери Каркырада да куралдуу кагылыштарга катышкан келген отрядын күчтөндүрүүгө жөнөгөн, Радлов 1862-ж. эле бугуларда болгондо Каркырага келген. Ошол кезде бугулардын төрт уругу, анын ичинде 1824-жылда эле Россия менен алакалашып турган арык тукуму да Кытайга баш ийип турган. Проценконун отрядынын аракеттери анчалык мааниге ээ болгон эмес. Орустар талкалаган Куртка жана Жумгал чептерин кокондуктар кайра калыбына келтиришкен.

Колпаковский 1865-жылдын февраль айында эле Верныйдан «кокондуктардын Куртка чеби Сыр-Дарыянын жогорку агымында, Нарын жана Кочкор тарапта көчүп-конуп жүргөн кыргыздардын бардык урууларына мурдагыдай эле таасир этип, бизге каршы нааразылыкты жаратуу менен Алымкул аталыктын аскерине көп материалдык каражаттарды камсыздоодо» деп жазган.

Кытай менен болгон чек ара талаштары 1864-ж. 25-сентябрда кабыл алынган Чуу-Кучак келишими менен жөнгө салынган, бирок чыгыш чек арадагы тынчтыкты мусулмандардын кытай бийлигине каршы көтөрүлүшү бузган; көтөрүлүш 1863-ж. Кашкарияда башталып, 1864-ж. Кулжага жайылган, ага кыргыздар, анын ичинде орус букаралары деп эсептелген кыргыздар да бир нече ирет кошулушкан. Колпаковскийдин 1865-ж. февралда жазылган ошол эле билдирүүсүндө «бугулар, өзгөчө, Текесте көчүп жүргөндөрү өзүлөрүнүн берилгендиктерин жана аларга мүлктөрүн да берүүгө даяр экендиктерин билгизүү үчүн ыйыктоолук кожолордун аскер менен келишин гана күтүп жатышканы» айтылат. Бирок кыргыздардын мусулман көтөрүлүшчүлөрүнө каршы чыгуу үчүн жардам сурап орустарга кайрылган учурлары да болгон. 1864-ж. күзүндө Колпаковский Ысык-Көлгө келгенде ага «жапайы таш кыргыздарынын черик уруусунун эки ардактуу адамы» «чоң манап» Турдукенин каты менен кайрылышкан. Манап козголоңчулардын аракетине, кыргыздарды салык менен кыйнаганына жана Турдукенин өзүн да күч менен «Кашкар тарапка» алып кеткенине даттанып, «Россия букаралыгындагы черик уруусун коргоону» өтүнгөн. Колпаковский күз маалы болуп, ашуулар жабылып калгандыктан «дээрлик Кашкардын жака-белинде көчүп жүргөн чериктерди коргоого аскер жиберүү» мүмкүн эместигин айткан; ошондуктан «козголоң чыккан жерден оолактап» Нарын жакка өтүүгө кеңеш берген. Ал кезде чериктердин бул кеңешти аткарууга мүмкүндүгү жок эле; аларды коргоо үчүн башка чара көрүүгө да мүмкүн болбогондуктан, алардын абалы 1865-ж. деле мурдагыдай кала берген.

Кыргыздардын тагдыры көбүнчө Кокон менен болгон согуштун натыйжасына жараша чечилмек. 1864-жылдын башында эле абал белгисиз болчу; Рахматулланын өлүмү үчүн толук кечирим берүүгө убада кылган Ташкен бийлигинин чакырыгына таасирленген солтолордун Жаңгарач, Нарында көчүп жүргөн сарыбагыштардын Үмөтаалы башында турган бөлүгү кайрадан Коконго баш ийишсе, Байтик башында турган солтолордун жана сарыбагыштардын көп бөлүгү кокондуктарга зекет төлөөдөн баш тартып, Ала-Тоо округунун начальниги менен алакасын уланта беришкен. Жаңгарач ошол эле жылы каза болгон; уулу Чолпонбай да Ташкен бийлигинен солто уруусунун чоң манабы деген жарлык алат. Россиянын букаралыгында деп эсептелинген манаптар деле анчалык ишенимдүү эмес эле. «Манаптар Жаңгарач менен Байтиктин туугандары», солтонун манабы Көкүм жана анын баласы Чойбек Россиянын карамагындагы казактарга кол салууга катышышкан; 1864-ж. февралда ушундай эле кол салууга Байтиктин бир тууганы Сатылган да катышкан; кыргыздар казактын Дулат болушундагы элүүдөй айылды талап-тоноп, «аялдар менен балдарды туткунга алышып, боз үйлөрдү өрттөшкөн». Манаптар ушунчалык ишенимсиз болушкандыктан «Чоң жана Кичи Кемин сууларынын капчыгайларын изилдөөнү коргоо шылтоосу» менен Токмокко жөнөтүлгөн эки жүздүктүн башчысы аскер старшинасы Бутаков солтонун, анын ичинде Байтикти жана сарыбагыштын таасирдүү бир нече манабын амал менен Токмокко чакырып барып, «шылтоо менен» кармаган жана өзү менен кошо Верныйга алып кеткен.

Олуя-Атага жортуулга даярданып жаткан (бул шаар Черняев тарабынан 1864-ж. 4-июнда алынганы белгилүү) орустар кыргыздарды өз тарабына тынчтык жолу менен тартууну туура деп табышат. Кармалгандар тез эле бошотулуп, көңүл жубаткан ишендирүүлөр менен туугандарына жиберилет; алардын айрымдары, мисалы Байтик, Корчу жана Үмөтаалынын тууганы Менде, же өздөрү, айрымдары балдарын, жакын туугандарын орус отряддарына кошушкан. Ал турмак Дулат болушундагы казактардын колуна түшкөн, Ташкен бийлигинин жарлыгына ээ Чолпонбай да сый чапан кийгизип бошотулган. Бул иштер үзүрүн берди; Жаңгарачтын жана Бошкой Канаевдин балдары (Бош- койго Ашпарадан Меркеге чейинки айдоо жерлер таандык эле) Черняевге баш ийерин билдиришти. Бирок Черняев Таластын жогору жагында жана Кара- Буурада касташкан манаптар менен согушууга аргасыз болот; алардын арасында куралдуу 200 кыргызды топтогон Сарымсак да эскерилет. Бул жортуул канткен менен кыргыздардын үстүнөн болгон орус бийлигинин чыңдалышына шарт түзгөн; Пишпекте эле орус отрядына «мурда орус бийлигине таптакыр келе элек» айрым бийлер келишкен. Пишпек менен Токмоктун ортосунда талаада энөөлүк менен уктап калган подпоручик Губардын «жапайы таш эгинчилер», жакын айдоодо иштеп жүргөн бешөө тарабынан өлтүрүлүшү өңдөнгөн опурталдуу окуялардын болушуна карабастан, 1864-ж. августта Черняев «Олуя-Ата менен Верныйдын ортосунда жол катнашы толук камсыз болду» деп жазган.

Орустардын 1864-жылдагы ийгиликтерине карабастан Алымкул 1865-ж. деле Курткадагы кыргыздардан колдоо алган жана дегеле кокондуктардын кыргыздардан жардам алышы мүмкүн экендиги менен бирге кокондуктардын чабуулу, өзгөчө, түштүктөн кайра башталышы мүмкүн экендигин да эстен чыгарбоо зарыл эле. Токмок чыңдоосунун начальниги 1865-жылдын январь айында көп сандагы кокондуктар Ысык-Ата дарыясынын жогорку агымын көздөй «кыргыздардын айылдарын талап-тоноп, аттарын алып» келатышканын билдирген. Март айында Шамшы ашуусу аркылуу Чүй өрөөнүнө Алымкулдун кол салышынан чочулашкан. Орустардын сол тарабында (түштүк жагы) «кара кыргыздар, өтө жапайы уруулар жашагандыктан жана алар менен уруулаш болгондуктан, Алымкул Чоң ордонун кыргыздарына (казактар) караганда алардан жардам алышы мүмкүн» деп Черняев январда жазган. Бирок күткөндөй коркунуч болгон жок; Алымкулдун жеңилишине жана урушта шейит болушуна (9-май) жана Ташкендин алынышына чейин эле (15-июнь) Россиянын бийлигин кыргыздардын көбү тааныганын билдирди; март айында саяк манабы Осмон Рыскулбек «өзүнө баш ийген он миң түтүн кыргыз менен» орус букаралыгына кабыл алууну өтүнгөн; улуу урматтуудан макулдук берилгенине тышкы иштер министрлиги кандайдыр бир деңгээлде нааразы болгон; Оренбург генерал-губернаторуна вице-канцлердин 5-июнда жазылган катында төмөнкүдөй ой камтылган «бул урууну букаралыкка алуу менен биз Орто Азиядагы чек ара жана мындан аркы аракеттерибиз боюнча жетекчиликке алган башталыштардан баш тартабыз, ал эми баш тартуу эң зыяндуу натыйжаларды бериши мүмкүн». Июнда, Ташкенди ээлегенге чейин (автор бул басып алууга каршы болгону менен ошол эле учурда орус ээликтеринин чек арасы Сыр-Дарыя боюнча өтүүгө тийиш экендигин айтат) түзүлгөн жашырын билдирүүдө «азыр бардык түндүк кара-кыргыздар (б.а. Фергана менен Кашкардагьшардан бөлөгү), кокондуктар тоодон бизге дале кол салуу мүмкүндүгү бар Чырчыктын жогорку агымындагылар менен Жумгал дарыясынын Орток-Тоодон чыга беришиндегилерден башкасы орус букаралыгында» экени жазылган. Ошол эле жылы, Ташкен алынгандан кийин бул коркунуч да жоюлду. Вице-канцлердин катында чагылдырылган жогорку бийликтегилердин маанайына байланыштуу Оренбург генерал-губернатору (Крыжановский) Черняев өз бийлигинен пайдаланып орус букаралыгына кабыл алууну суранган манаптарга: Жумгалды жердеген «жапайы таш кыргыздарынын Турукту, Шамен[33], Кодан, Байтөлө жана Жаманак урууларынын» манаптарына, миң түтүнү менен Кара-Бууранын ары жагында көчүп- конуп жүргөн «Багыш уруусунун манабы Сарымсакка» 150 түтүнү менен орус чегине көчүшүнө уруксат бергенине ал түгүл нааразы да болду. Жумгалда көчүп-конуп жүргөн манаптар эч ким жашабаган Кочкорго көчүүгө Черняевдин макулдугун алышкан. Андан кийин өтүнүчтөр менен сарыбагыштардын борукчу же эсенгул уруусунун мурда Үмөтаалы менен чогуу болушкан манаптары да кайрылышкан; алардын суроосу 1866-ж. канааттандырылган. 1866-ж. октябрда Какшаалдан черик кыргыздарынын манаптары келишкен; кашкардык Жакыпбек жана Кашкар букаралыгына өткөн Үмөтаалынын кысымынан кыйналганынан «Таранчы дарыясынан же Нарындын баш жагынан орун сурашкан». Нарынга аскердик чыңдоо салынышы менен 1867-ж. ушул аймак Россия карамагына биротоло өтүп бүткөн. Ошол кезде Россиянын чегине «итке минип калган» Үмөтаалы да кайтып келип, Пржевальск (ал кезде Ысык-Көл) уездине отурукташкан.

Борукчу уруусу орус чегине келген 1865-жылы Талызин кыргыздарды багындыруунун толугу менен бүткөн учуру деп эсептейт. Сыягы, ошол эле жылы кыргыздар менен орустар ортосундагы эң акыркы болбосо да акыркы салгылаштардын бири (Талызин айткан полковник Полторацкий менен Үмөтаалынын Ат-Башыдагы урушу качан болгондугу жөнүндө так маалымат жок) болгон. Айрым кыргыздардын жазында Кашкардагы мусулман көтөрүлүшчүлөрүнө кошулуу ниети бар деген маалыматтан улам Колпаковский «таасирдүү манаптарды Ак-Суу дарыясындагы отрядга жеткирип жана ал жерде» 1864-жылдагыдай эле «шылтоо менен» кармап турууга буйрук берген. Ага карабастан Сары-Жаз өрөөнүндө көчүп-конуп жүргөн Субанбек бий май айында Кашкарга көчүп кетүүгө аракеттенген; артынан жөнөтүлгөн чакан отряд аларды Сары-Жаздын жогорку агымында кууп жетип, орус чегине кайтууну сунуш кылган, бирок Субанбек «колунун көптүгүнөн пайдаланып» аларды кармап, «курал-жарактары менен жабдыктарын тартып алган жана уруп-согуп байлап алып, көчүн уланта берген». Бул жөнүндө билген текес отрядынын начальниги Субанбектин артынан бир кыйла көп күч жөнөткөн, алар туткундарды бошотушкан жана Субанбектин өзүн колго түшүрүшкөн. Ушул эле жылы кыргыздардын мурдагы жоокерчилик мүнөзү эми башка жагдайда көрүндү; сарыбагыштар жабыла ат коюп, Төрөгелди манаптын уулун туткундап алган саяктарга каршы жөнөшөт. Бирок орус бийлигинин талабы менен туткун бошотулгандыктан кан төгүшүү болбой калган.

Талызинде орустарга баш ийгенден кийин кыргыздардын жайгашуусу жөнүндөгү маалыматтар да келтирилген. Жалпысынан ар бир уруу мурдагы жерлерин сактап калышкан. Эң батыш тарабында манаптар Байтик жана Корчу башында турган солто уруусу жашаган; Байтикке Кара-Балтадан Пишпекке, Корчуга Пишпектен Ысык-Атага чейинки жерлер таандык болгон. Саяк уруусу (манабынын ысымы аталбайт) мурдагыдай эле Александров кырка тоосунан (Кыргыз кыркатоосу) Нарынга чейинки чөлкөмдү ээлеген. Ысык- Көлдүн жээктери жана Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабы мурункудай эле сарыбагыштарга тиешелүү бойдон калган; айтмакчы, бардыгынан ишенимдүү деп саналган Жантай тогуз жолдун тоому катары мааниси зор Көтмалды менен Боом капчыгайынан Кара-Коңуз, андан Шамшы ашуусуна чейинки жерлерди алды. Анчалык ишенимге ээ болбогон Төрөгелди манап Кегети дарыясында калтырылган; кийин бул кыргыздар «Александров кырка тоосунун түштүк-чыгыш тарабына жана Каракол, Кочкор өрөөндөрүнө» көчүрүлгөн. Анткени алардын «Чүйдөгү жерлери орустарды отурукташтырууга керек болгон». Калган кыргыздар 90-жылдардын акырында деле 60-жылдары жашаган жерлеринде эле кала беришкен. Талызин жалаң Пишпек уездинин кыргыздары жөнүндө гана айтат; Радлов чогулткан маалыматтарда бугулар баягыдай эле Ысык-Көлдүн чыгышынан Текеске чейин жашаганы, алардын бир бөлүгү ал жерден мусулман султандыгы орногон Кулжа тарапка өткөнү көрүнөт, ал султандыкты орустар 1871-ж. гана ээлеген.

Сарыбагыштар менен солтолордун баш ийгенине «беш жылдан ашык эмес өткөндөн кийин» 1869-ж. келген Радлов ал жерден бейпилдикти байкаган; эки жакка эч кандай коштоочу, коргоочусу жок эле бара алган жана душмандык мамилени туйган эмес. Түндүк тараптагы коңшуларына (казактарга) караганда кыргыздар орус башкаруучулугуна тез көнгөн. Кыргыздар казактарга окшоп майда-майда айыл болуп жашабастан, бүт уруусу менен чогуу болгондуктан, кээде алардын боз үйлөрү дарыя жээгинде жыйырма чакырым же андан да көп аралыкты ээлеп жаткан. Ар биринин эшигинин алдында найза турган, казактарда мындай болгон эмес. Элдин бир бөлүгү дыйканчылык менен алпурушкан; айдоолор казактардан да көбүрөөк тыкандык менен иштетилген.

Радлов жазып алган кыргыз тексттери, өзгөчө эпикалык чыгармалары анын «Түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» деген эмгегинин биринчи бөлүмүнө киргизилгени маалым. Кыргыз эпосунда ногойлор көп учурайт: ал түгүл баш каарман Манастын чыгыш теги да ногойлорго (сары ногой)[34] байланыштырылат, бул ногой эпосунун кыргыз дастанына таасири тууралуу божомолго мажбурлайт. Бирок ал таасирдин кандайча болгону алиге тактала элек[35]. Талызиндин сөзүнө караганда орус бийлиги менен кат жазышып турганына карабастан кыргыздарда сабаттуулук күтүлгөндөй эле, анча кеңири тараган эмес: «бүтүндөй Чүй өрөөнүндө кат тааныган бир сарт болгон». Ал эми мунун тескерисинче Вышнегорскийдин 1866-ж. укканына караганда «Олуя-Ата уездиндеги кара кыргыздардын ар бир болушунда бирден төрткө чейин мектептер болуп, аларды бардар адамдар кармап турган»[36].

Орус бийлиги адегенде манаптарды тааныганын көрдүк. Талызиндин күбөлөндүргөнү боюнча кагаздар, мисалы «сарыбагыштьга улуу манабы Жантай баатырга» деп жазылып келип турган. Валиханов 1864-ж. декабрда, мурда кыргыздарда ак сөөктөр болбогонуна карабай «калпычы Зарыпбекти»[37] «ага манап» даражасына көтөргөндүгү үчүн орус бийликтерин айыптаган, ал эми Ормонго жана Боромбайга окшогон айрым адамдар гана өздөрүнүн жеке сапаттары менен эл оозуна алынып, башчылыкка жетишкен, Ормон баатырдыгы, Боромбай зирек акылы менен белгилүү болушкан. Баркы жок кишини ага манаптыкка дайындоо менен орустар «кокус нерсени туруктуу кадыр-баркка» айлантышты; муну менен башка манаптарды (бугулардан Мураталы жана Беликара аталат), өздөрүнө каршы коюп алышты, алар «бизден эмес, Зарыпбектен кетишти»[38]. Бул айтылган адам Таластын Кара-Буурасында жашаган, Черняев менен иши болгон Сарамбек же Сарымбекпи[39] же Талызинде эскерилген манап Сооронбай Кудаяровбу, мага белгисиз. Бул киши 1868-ж. уезд начальнигинин кенже жардамчысы болуп иштеген жана ал тууралуу «Тынай болушунун ардактуу аксакалы» (сарыбагыштын) катары гана айтылган, 1897-ж дале көзү тирүү эле.

Эмнеси болсо да манаптар бийлиги көп узабай жоюлду. 1867-жылдагы убактылуу жобо (кийин 1886-жылдагы жобо менен алмаштырылган) боюнча шайлануучу бийлер манаптардан да, манап эместерден да бирдей боло алышкан[40].

Кыргыз элинин тагдырын адегенде Россия империясынын, кийин СССРдин калкынын бир бөлүгү катары кароо бул очерктин[41] милдетине кирбейт.

Булак: bizdin.kg


Кыргыз